11 - БӨЛҮМ.

Тергөөчү экөөнү тынчтандыра албай кыйла убара тартты, качан гана сержант кирип Айжананы бөлмөдөн алып чыгып кеткенде Эркин кыйкырыгын токтотуп отуруп калды да ыйлай баштады.
-Байкуш копологум. Ал наристе гана эмес беле, кантип колу барды ага. Жексур!
-Тынчтанып алыңыз Эркин Макеевич, биз аны кармап келбедикпи, эгер чындап кызынызды уурдаган ушул болсо айтып берет, табабыз. А бирок андай болбосочу.
-эмне? Таппай калсакчы демекчисинби?
-жок андай дегим келген жок, кызыныз табылат. Эгер бул кыз жасабаган болсочу.
-Мен айтып жатпаймынбы ушул. Үйүмө ташталган видео жазууну корсотподумбу, андагы сөздөр ушул кызга гана тиешелүү. Кийин айдоочу жигит да айтып жатпайбы, көргөнүн, мен тууралуу да суйлошкодорун.
-Ооба сиз айткандай болсун. Бирок жазуудагы сөздөр ага тиешелүү экенин кантип түшүндүрүп бересиз? Айдоочу так аты жөнүн айткан жок да, бул кыз эмес болуп калуусу да мүмкүн. Эң башкысы "мотив". Анда кандай мотив болуусу мүмкүн?
Ушул жерине келгенде Эркин ундобой эрдин тиштеп отуруп калды. Өткөн ишти айтсабы же айтпасабы.
-Муну билип териштириш силердин милдет, деди акыры столду чаба ачуусун баса албай.
-Албетте ошондой. Ошондуктан биз өзүбүз билген гана ыкмада жургузобуз тергөөну. Азыр бизде туздон түз күбө да, далил да жок, бир гана сиздин көрсөтмөнуздун негизинде кармап келип отурабыз. Эми ошол берген корсотмонузго аныктама берүүнүз керек. Мен өз ишимди гана аткарып жатам, чектен чыгып сиздин жашоонузга аралашайын деген ниетим да жок.
Бул ирет тергөөчү да өзүнүн ким экенин коргозгусу келген сыңары, катуу сөздөрдү жумшак сүйлөп түшүндүрүп өттү. Жогорку "Кеңеште иштесе эле келип алып мага док кылганы эмнеси" деп ичинде аябай жинденип жаткан.
Эркин бир азга жоошуй түштү, чындап эле азыр анын жумушу түшүп келип отурбайбы бул жерге. Ушул иш бүтүп, кызы табылып калса, тергөөчү менен башка жерде башкача сүйлөшүп алат.
-Макул, силер өз жумушунарды аткара бергиле. Күбөлөрдү табуу да силердин ишиңер, эң негизгиси кызымды кордогон адам ким экенин айтып келдим, эми аны жазалагыла. Антпесе… созунун андан аркысын ичине катып койду.
-Бирок ал аял да, зордуктоонун субъекти боло албайт. Видеодогу адам сөзсүз түрдө эркек, а Айжана жөн гана шериктеш болушу мүмкүн, ошондо да биринчи түздөн-түз кылмыш жасаган адам көрсөтмө берсе ал далилденет. Биз албетте ар кандай ыкмага салып жасаган ишин мойнуна алдырып баарын ачыкка чгарабыз, а бирок баары сиз ойлогондой болбой калышы да мүмкүн.
-билем силерди, эгер кааласанар күнөөсүз адам да күнөөлүү болот, кааласанар кылмышкерди да сүттөн ак кылып коесунар. Бирок мен билем, жүз пайыз ишенем бул ишке Айжананын колу барды, кызым анда.
Тергоочу жашы боюнча Эркинден чоңураак, жашоо тажрыйбасы да андан жогорураак эле. Ал азыр Эркинди кызынын тагдырынан да көбүрөөк өзүнүн намысы өлтүрүп жатканын жана кекчил мүнөзүн байкап койду.
-макул азыр бара берсеңиз болот. Калганын тергөө көргөзөт, деп Эркинди узатып кала берди.
Каалга жабылып бөлмөдө жалгыз калганда, кайрадан колуна тийген видео жазууну коюп башынан көрө баштады.
Капкара кийимчен караан бети башы көрүнбөйт, керебетте кичине кыз чалкасынан жатат кыймылсыз, караан керебеттен кыздын жанынан туруп шымынын курчоосун курчанып жатып,
-Бул оюнду эч кимге айтпа ээ, кыз балдарга уят болот муну айтса, кийин эч ким сени албай коёт, атандар да элге уят болот. Сен муну каалабайсын да туурабы? А мен сен чоңойгондо өзүм алып кетем, бактылуу кылам, ошону менен баары бүтөт, деп сүйлөнүп өттү.
Видео жазуу катуу мантаждалып үн аябай жоонортулганы үчүн үн эркек аялга таандык экени билинбейт. Бирок тетиги караан азыркы көргөн, улпулдок көйнөкчон назик арык кызга дегеле окшобойт. Эркиндин сөздөрүн эстеп кайрадан видеону турдуруп айтылган сөздөрдү угуп көрдү. "Бул эмне болгон сөздөр эле, эмне үчүн бул сөздөр кызга тийиштүү болушу керек, Макеевич менден эмнени жашырып жатат?" деген суроолорду өзүнө берип отура берди, оюнун түбүндө эчаак ага жооп таап койсо да сыртка чыгарбай.
-Сержант! Кызды алып келчи!
Ал менен официалдуу эмес сүйлөшүп көрүүнү чечкен, өз ойлорун бышыктап алуу үчүн. Көзү жашылданып, колу кишенделген Айжана кирип келгенде тергоочунун боору ачый түштү. "Байкуш эми кантээр экен, тиги жеп жутаарларга туруштук бере алабы? Чындап эле ойлонбой кадам таштап алган болсо" деп ойлоп койду. Бирок бир да ирет күнөөсүз деген ой акылына келген жок, анткени көп жылдык тажрыйбада көрүп жүрөт, эч күмөн санабаган адамдар эң чоң кылмыш жасагандарын.
-Кел отур.
Өзүнөн ылдыйда турган орундукту коргозуп койду көзү менен.
-суу? деп суроолуу карады ал кайра кызга.
Айжана башын ийкеп койду ооба деп ишаарат кылып. Ооздо буйрук күтүп турган сержант алып келген сууну жутуп демин тартып отуруп калганда, тергөөчү сөзүн баштады.
-Кана эми сүйлөй бер. Жанагы адамды кайдан тааныйсын? Ортонордо эмне өткөн?
-Эркинби?
-Ооба ошол.
-Ал менин классташым, бир класстан бүткөнбуз окууну, деп токтоп калды.
-Ошондойбу? Ал сага эмне жамандык кылды эле? Тергөөчүго алардын классташ болгону маалым болсо да биринчи ирет угуп тургандай тур көрсөтүп таңданып койду.
-Эгер болгон болсо да ал унутта калган, деди Айжана демин ичине тартып.
-А балким азыр эстей турган учур келгендир.
Айжана анын сөзүн укпай калгандай, үнсүз олтура берди. Бул ыкма өтпөй турганын түшүнгөн тергөөчү түз суроолорду берүүгө өттү.
-Атасынын кегин кызынан алуу туурабы? Ал болгону наристе да, андан сырткары толтура жолдору бар эле го Эркинден кас алуу үчүн. Мисалы анын турмушун бузуу, жумушунан бут тосуу.
Айжана али да үнсүз олтурат.
-Мен сенден сурап жатам. Каалга сыртындагы жазууну окудунбу кирип келе жатып, кандай жайга кирип баратканынды. Бул жайда тергөө жүрөт, мен суроо берем сен жооп бересиң, түшүнүктүүбу? деди тергөөчү үнүн бийик көтөрүп.
-Түшүнүксүз. Балким азыр тергөө ушундай жүрүп калгандыр, мен билгенден биринчи аты жонумду тактап, келтирген себебинерди айтып, укугумду түшүндүрүп, кийин жактоочунун катышуусунда суралчуу эле. Эгер мындай болбосо өзгөрүү тууралуу да айтып кетсе ашыкча болмок эмес.
Тергөөчү күлүп жиберди.
-Акылдуу кызга окшойсун. Анда эмнеге бул жолго бардын? Эркин азыр сен билген жөнөкөй парталашын эмес, укуругу узун инсанга айланганын билбейсинби? Андан көрө көкүрөгүнду өйүгөн маселенди айт ортого ташта кеч боло электе, колдон келген жардамымды берейин.
-Чын эле мага жардам бергиңиз келип жатабы?
Айжана тергөөчүго жалооруй тиктеп калды.
Уландысы бар.

11 - БӨЛҮМ. - 893111066195

Комментарии