Комментарии
- Предыдущие комментарии
- В начало
- 24 окт 2019 10:16Эн туура айтылган создор, аял заты сиздерге терен башым ийип таазим этем алтышкалар
- Комментарий удалён.
- 24 окт 2019 14:17Оова аялдар учун айтылган эн туура соз,анан аялдар деле ашып кетпей эркекти оз ордуна коюп жакшы созунорду арнап сыйлап турсанар ошондо тугонбос чон БАКЫТ силердин уйунордо туболук жашайт
- 24 окт 2019 19:33Сонун создор айтылыптыр, оз убагында бардык нерсенин кадырына жетели ,Ата эне ,бала Чака ,жубай жолдоштун,достун ,бир туугандын,деги эле баарын кадырына жетели, алар биз учун биз алар учун жаралганбыз .
- 24 окт 2019 22:29Эн туура айтылган ,Аман болунуздар айымдар сиздер бар дуйно Жана Уй шандуу
- Комментарий удалён.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
_________Аялыңызды абайлаңыз______
Бул тууралуу көп эле айтылып жүргөнүнө карабастан күйөөсүнөн запкы жеп жүргөн аялдар арбын. Алардын муңу ичинде. Айтса тили күйүп, айтпаса дили күйүп жүрөгүнү кемирген курт менен жашап жүрүшөт. Өзүнүн өмүрүн, жаштыгын арнаганы аздай, күйөөнүн көңүл сындырган жоруктарын көтөрүп жүрүү оңой деп ойлойсузбу?
Кыргызымдын баатырлары, Мырзалары сиздин урпагыңызды улап, балаңызды тарбиялап, тамагыңызды жасап, кириңизди жууп, үйүңүздү кутка толтуруп турган аялыңызды абайлаңыз.
Сиздин ар бир жылуу сөзүңүз аны канчалык бактылуу кылаарын билесизби ? Сиздин көңүл коштук менен маамиле кылганыңыз аны канчалык сындыраарын билесизби? Сизге сөйөнүп, жөлөнүп, ишенип, менин коргоочум деп жүргөн аялыңызга жамандыкты кантип ыраа көрөсүз? Кол көтөрүүгө кантип дидиңиз барат? Кантип анын көзүнчө башка кыздарга суктанып анын көңүлүн талкалайсыз? Бир убакыттарда аялыңыз дагы ошол кыздардай эле көз жылоологон, суйкайган сулуу кыз болгон. Ал сулуулугу сиздин балаңызды , кызыңызды төрөп, аларды чоңойтуп, сиздин ата-энеңизге кызмат кылып, бирде ач, бирде ток жүрүп кетпеди беле. Сиз жактырбаган "оорудум" деген сөзү ушул эле сиздин айыңыздан экенин билер бекенсиз. Көзө да толоор күн бар. Толгон көзөнү бошотуп турбаса, толуп жарылып кетиши анык. Ушунча түйшүк тартып жүрүп сабырга толгон жүрөгүнөн чыккан бир эки ооз сөзүнө чыдай албайсызбы. Жылмайып угуп, туура түшүнүп коюуңузга арзыбайбы? Аз гана убактыңызды бөлүп ой жүгүртүп көрүңүзчү. Сиз суктанган сулуулар ооруганыңызда жаныңызда болдубу, деги эле болобу?
Сиз үй-бүлөнүн башчысы, калканысыз. Сизде жоопкерчилик чоң. Сиздин бүгүнкү кадамыңыз эртеңки келечегиңиз. Балдарыңыз да жубайыңыз да сизге тиешелүү эмес. Алар Аллахтын сизге берген аманаты, жакшылыгы. Аллах бул аманаты кез келген маалда кайтарып алышы мүмкүн. Кеч боло электе барктап калыңыз.