Күбөлөрдү суракка алуу башталып биринчи эле айдоочу жигит чакырылган. Айыптоочу алдын ала даярдалган суроолордун жаадырып, жигит тергөөдо айтылган жообун кайталап бүтөрү менен кезек жактоочу тарапка жетип келди. Илимбеков шашпай жигиттин жүзүнө бир карап темир тор артында турган Айжанага бир карап алып, кайрадан көздөрүн жигитке такап туруп ойлуу суроо узатты. -Сиз канча жылдан бери айдоочулук кыласыз? -төрт, деди жигит мунун эмне тиешеси бар дегендей. -төрт жылдын ичинде күнүнө бир каттам жасаганда да жылына орто эсеп менен үч жүз алтымыш каттам кыласыз, ошондо 1440 адамды ташып койгон болот экенсиз, төрт жылдын ичинде болжол менен 5760 адам. Эми айтынызчы ошолордун унаанызда олтуруп айткан ар бир сөзүн ушундай толук түрдө айтып бере аласызбы? -жок албетте, алардын баарын эмне себептен эстеп калмак элем. Болот арасынан, кээ бир адамдардын кызыктуу сөздөрү эсте калат. -Демек кызыктуусу гана. Менин жакталуучумдун айткан сөздөрү сизге эмне себептен кызык туюлду эле, ырас баарын эстеп калыпсыз. -Эркин Макеевичти кызыгуу менен сурап калганы, кайрадан шаарга жеткирип коюмду өтүнүп артка кайтып келгенибиз, көп өтпөй кичине кыз жоголду деген кабар. Мындай көрүнүш ар күн эле боло бербейт. -Туура айтасыз, менде да ар күн ушундай дал келүүчүлук боло бербейт. Мен да сиздин ар бир сөзүңүздү эстеп калат болушум керек. Себеби мага табышмак болуп жатат, бул кыз сизден өзүнүн классташы тууралуу сурап койгондон кийин эле жанагындай шумдук болуп кеткени. Сиз болсо баарын ийне жибине чейин эстеп калганыныз. Баарынан кызыгы тергөөчү сизди издебей эле сиз тергөөчүнү издеп келгениниз. Балким бул башынан ойлонушулган иш болуп жүрбөсүн. Бул кыз эмнеси менен сизге жакпай калды? Ал күтүүсүздөн эле сөзүнүн акырында ушундай суроо берип салды. Тергөөчүнүн каршы болгонуна карабай сот айым суроону туура деп таап, күбөнүн жооп берүүсүн күтүп калышты. -эмнеге? Тескерисинче аябай ачык айрым жакшы кыз экен, экөөбүз жакшы баарлашып келгенбиз. -Эркин Макеевичти сиз кайдан тааныйсын? Кайрадан суроо узатылды. -кошуна айылдан болобуз. Мамлекетке аты чыгып келе жаткан адамды айылдаштары тааныбай калса уят болбойбу. Кийин ал адам өзү жаш болуп туруп көпкө жетишти, айылдаштардан да бат баттан кабар алып турат. -түшүнүктүү, демек ал кишиге жеке "симпатияныз" бар экен. Өсө турган адамды колдогон жакшы да ээ, деп жылмайып коюп ордуна отуруп алды. Анын сөздөрүнүн түпкү маанисин сот айым да айыптоочу да жакшы түшүнбөй кала беришти. Кийинки күбө катары сот залына мейманканада кабылдамада олтурган жигит чакырылып, айыптоочу суроолорун берип бүткөндө Илимбеков өз ишин баштап ага да жанагындай эле суроолорду берип өттү. -сиз ушул кызды андыгандан башка дагы кандай жумуш кылдыңыз ал күндөрү. Жана эмне себептен көңүлүнүз Айжанага түштү, балким бул буйрук болгондур, сиздин да Макеевичке жеке "симпатияныз" барбы? Жигит какап кетти. -жок мен ал кишинин тааныбайм деле. А Айжананы байкабай кою мүмкүн эмес эле. -Демек байкабай кою мүмкүн эмес. Бүттү менин башка суроом жок, күбөлөрдүн ушуга окшогон сөздөрү эске алынса дейм, деди да ордуна отуруп алды, дагы табышмактатып. Башка күбө жок болчу. Илимбеков туруп алып кошумча сөзүн айтып өттү. -Кудай урсун мен эч нерсе түшүнбөй турам. Айжана эмне себептен азыр темир тор артында олтурат. Же азыр бирөөдөн башка тууралуу сурап кою кылмыш болуп калганбы? Же мейманканада жашап жаткан адам ар бир кадамын кабылдамага айтып турушу керекпи? Бул жигиттердин айтымында менин жакталуучумду байкабай кою мүмкүн эмес, ал бизге деле көрүнүп турат. Кызык эгер ушул кыз чындап күнөөлү болсо, кантип башка эч бир адам аны байкабай калды экен, кызды мектептен алып кеткенин, чип сатып алганын аны жабырлануучунун үйүнө алып барып таштаганын. Ал айыптоочуга андан кийин сот айымга карап, ийинин куушуруп койду. -Сиздерге кандай бирок мени аябай кызыктырып жатат, ошон үчүн сурабасам болбос. Жабырлануучуга суроом бар, мүмкүнбу? Бул жолу да сот айым жактоочунун өтүнүчүн орундуу деп таап, Эркинди ордунан тургузду. -Эркин Макеевич башкаларды түшүнө албай жатам, сиз айтынызчы, азыркы айтылган сөздөрдүн бири да Айжананын күнөөсүн далилдей албайт, ошого карабай сиз ишенимдүү түрдө аны күнөөлүү деп жатасыз, себеби эмнеде? Ал эмне себептен ушул жолго барышы керек? Же мындан алдын да ушундай сөз уктунуз беле классташыныз тууралуу? Эркин жактоочуга каардуу карап көрдү эле, ал камырап да койгон жок. Тескерисинче кытмыр жылмайган Илимбеков ичинде, "кучук бул сага биринчи сыноо, ит болом десең менин колумдан кутулуп көрчү" деп ойлоп турган. -Мен дагы бир ирет кайталайм, кызымды уурдап, кордогон так ушул адам. Сот отурумун тездет кызынды көргүн келсе деп мага буйрук келип жатпадыбы, айткандай эле отурум алдында кызым пайда болуп жатат. Ушунун өзү далил болуп жатпайбы. -Сиз экспертизанын жыйынтыгын билесизби, кызыныз зордук зомбулукка кабылбаганы тууралуу маалыматыныз барбы? Демек кордолгон эмес уурдалган гана азырынча, деп оңдоп койду да суроосун кайра кайталады. -менин Жакталуучумдун кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн, сиздин кызды урдагыдай. Акча өндүрүш үчүнбу? Айжананын эсебинде канча акча жатканын билесизби? Ал да аздык кылат, анын мурунку жолдошу такыр эле жолго таштап кеткен жок, ай сайын анын эсеби жүз миңдер менен толукталып турат. Мен ойлойм Айжана акылдуу кыз, кичине акча алуу үчүн бар байлыгынан кол жууп калаарын түшүнүп туруп мындай кадамга барбайт эле. Кийин сиздин акыркы созунуз дегеле акылга сыйбайт. Кайсы келесоо өзүнүн камалуусун тилеп сотту тездет демек. Кызыныз кайткан учурда Айжана абакта эле да, ал кантип бир убакта эки жакта болуусу мүмкүн, бул акылга сыя турган эмес. Бул жерде албетте үчүнчү жак бар. Эркиндин эми чындап ачуусу келип кетти. -Менин кызым айтып жатат, аны аял киши алып кеткенин. Анын сүрөттөөсу Айжананын келбетине дал келип жатат. -аа! Демек сүрөттөөсу. Кызыныз сүрөттөгө жарап жатса демек анчалык да жаман абалда эмес экен. А эмне үчүн аны бул жерге чакыртпай жатасыз, сүрөттөгөн адамын тирүү көрсө даана таанымак да туурабы. Баарыбызды кыйнап туйшолтпой эле ошондой кылсаныз болмок. А бирок сиз кызыныз табылганча эле менин жакталуучумду күнөөлөп жаткансыз да, ким билет балким өзүңүз ошонтип үйрөтүп койгон чыгаарсыз. Менимче Айжанадан ала албай калган кегиниз болсо керек, аны да ачыктабай жатасыз. -Бул жерде мен жабырлануучумунбу же айыпталуучумунбу? Мен сиздин суроонузга түшүнбөй турам. Менин мурунку жана кийинки жашоомду суруштуруу үчүн чоулганбызбы бул жерге? -Жок албетте, бул жерде адилеттүүлүк издеп отурабыз. Биз сизден кем эмес кызыкдарбыз күнөөкөр таблуусуна. Темир тор артында отурган бир алсыз назик кыздын тагдыры так ошондон көз каранды болуп олтурат. Мен ойлойм сиз да чыныгы күнөөкөр табылсын дейсиз, же адашамбы? Максат эптеп бул кызды абакка салуубу? Кайсы күнөөсү үчүн? Эмнеге башка адамдын азабын бул байкуш тартышы керек? деди да сот айымга бурулуп, менин суроом бүттү деп ордуна отуруп калды. Эки тараптын айтышуусуна убакыт келип жеткенде сот айым Илимбековдун сунушун четке кагып коё албады. Ал сурагандай айыптоочу тарапка далилдердин жетишсиздигин айтып, ишти кайрадан карап материалды толуктап келүүсүн буюруп, сот угууну башка күнгө калтырды. Айжананын колун кыса учурашып жылуу жылмайып коштошкон соң Илимбеков кагаздарын жыйып сыртка карай шашып жөнөдү. Артынан эле жетип келген айыптоочу аны далыдан таптай токтотуп, жылуу саламдашып катарлаш басып калды. - Мен бул отурумга кирбей туруп билгенмин жеңиш сиздики экенин. Айтынызчы эмне себептен кыздын боштондугун талап кылбадыныз? Бүгүн сиз өзүңүзгө окшобой турасыз. Илимбеков каткырып күлүп коё берди. -Мен өзүм кандай экенимди билбейт экенмин, кандай элем? Балким каарып бараткандырмын. Кызга келсек, ал кимдедир күмөн болуп калуусун каалаган жок. Бул залдан күмөну жок акталып чыгууну каалады, деди да кечирим сурап шашылыш экенин башка жайда кийинки отуруму башталып жатканын айтып бат баттан басып унаасына түшүп кетти. "Сен да карышкырга айланып бараткан экенсиң" деп ойлоп койду ал, унаасын буруп жатып, арт жакты коргозгон кузгудон өзүнөн көзүн албай карап турган айыптоочуга карай. "Сага албетте мүмкүнчүлүк берем, бирок бул ирет эмес. Бул ирет сенден да күчтүү карышкырды жолуктуруп калдым, кечиктин" деп өзүнчө сүйлөнө, ууртунан жылмайып алып жөнөй берди. Айыптоочу да кыйла эле эрегишип калгандай, Эркиндин каршы болгонуна карабай кызды сот залына күбө катары чакырууга мажбурлап жатты. -Андай кылбаска бизде башка арга жок. Болбосо айыптоодон баш тартыныз. Эки гана жол бар, башкасы каралбаган. Эркин башын мыкчый отуруп үн катты. -Макул, ырас башка жолу жок болсо ошондой болсун. Бирок кызымдын биринчи каршылыгына чейин гана, ал жаңы гана өзүнө келип жатат. -Жарайт, деди айыптоочу. Жактоочу да кызынызга суроо берет болуш керек, андан ар нерсени күтсө болот, өзү да өтө эле табышмактуу болуп жатат. Ага биз тыю сала албайбыз, сизден да суранып кетем ага каршы катуу суйлобонуз. Эсинизде болсун Илимбеков менен айтышуу сиздин эмес менин жумушум. Аны да туура түшүнүү керек, ал да өз жумушун аткаруусу кажет. Болгону кызыныз сизге айткандарын отурумда так айтып берсе болду. Биринчи угуудан экинчи отурумга чейин бир апта убакыт берилген болсо да Илимбеков Айжанага келип экөө кеңири отуруп баарлашышпады. Бул көрүнүштү айыптоочу чындап эле түшүнбөй жатты, ал болсо тергөөчүго кайрылып материалдын кем жерлерин толуктап келүүсүн буюуруп өзү да катуу даярданып жүргөн. Балким Илимбековдун өткөндогу каткырык күлкүсү анын алышуу кумарын козгоп койгон болсо керек. Анан каршылашы тигинтип кенебей жүргөнү эмнеси, чындап эле каарып баратабы же башка көздөгөнү барбы? Ушул ой жеп жатты аны. ******* Азат менен Жанара айылга келип бир үй булоо болуп жашай баштагандарына да бир аптанын жүзү болуп калган. Жанара жакшы келин болгудай түрү бар, Азаттын айтканына көнүп чоң той дебей айыл аксакалдардын батасын алуу менен эле чектелип тим болду. Келгенден бери буту бутуна тийбей кызматта жүрөт. Баарынан бактылуусу эле Азаттын апасы ондонот, жаңы келген келинин алкап эле олтурат. Баарына карабай Азат өзүн эч бактылуу сезе албай жатты, канча жубайына жакындайын десе да кандайдыр бир күч аны түртүп тургандай эч эле жакын боло албай койду. Жакындаса эле Айжананын элеси четтен карап жээрип жаткандай сезиле берет. Кантип ошол түнү жанагындай жорукка барганын али да түшүнбөй башы маң. Бирок арманын кимге айтаарын билбей ичинен сызып гана тим болот. "А баса мени түшүнгөн бир адам бар эмеспи" деп, өзүнүн тапкан акылына өзү кубана телефонун сууруп чыгып Москвадагы досу Замандын номурун тере баштады. -Жаш күйөөнүн колу эми тийген го досунан кабар алганы, деген тамаша сөзү угулду Замандын, телефондун ары жагынан, ар дайымкыдай жайдары. -Кечир досум, болгону сенин жумушуна тоскоол болбоюн деп жаттым, деп ал акыбал сурашкан соң Азат күтүүсүздөн эле, -Мен жакында барам сенин жанына, деди. -Албетте досум, келээр кунунду айтып койсоң мен батир таап даярдап турам. -А эмнеге? Эски жашаган жайыбызчы? Заман бир азга ундобой туруп калды. -мага болгон ачуусун сенден алыдыбы кожоюну, деп Азат тынчсыздана кетти. -Жок досум, бул жерди билесиң да үй булоолу адамга жарабайт. Биз сонун батир таап башка жашайбыз. Заман канчалык жайдары болууга аракет кылганы менен үнү чын көңүлдөн чыкпай жатканын сезди Азат телефондон болсо да. -Мен өзүм эле барам досум, Жанара апамдын жанында калат, деди ал да көңүлсуз. -Эмне болду досум? Жаңы гана бир апта болбодубу. Балким каражат керекдир, мен эле… деп келе жатканда Азат анын сөзүн үзүп кетти. -Жок досум, баары жакшы. Болгону… Кийин түшүндүрүп берем, деди сөзүн кыскарта. -Эмне сен бирөөр жарымдан сөз уктунбу? Эч нерсе эмес досум, эч ким аппак эмес, кийинкиси жакшы болсо болду. Замандын бул сөзүнө Азат маани бербегендей жакында барып калаарын айтып коштошуп телефонду өчүрдү. Чындап ушундай кылбаса болбойт, балким алаксып акылын бир жайга коюп келээр. Заман болсо ичи түпөйүлдоно досунан кыжаалат болуп калды. Аларды узатып келген күндөн бери батирде ага тынчтык жок болуп жаткан. Жанаранын акыркы "капчыгы" анын жанын койбой Азаттын дарегин сурап, Жанараны таап берүүсүн өтүнүп жанын койбойт. Балким ошол адамдан кабар жетип барганбы деп, досунун турмушу бузулуусун каалабай кыжалат болуп жаткан учуру. Ананчы өзү отуздан ашып үйлөнсө, анан тигиндей аял туш келгени эмнеси дейт. Аттин эмнеге алдын билген эмес экен Жанаранын кылктарын. "Балким жанагы түнкү окуяны өзү эле уюштурган болсочу? Чындап эле аялы бар эркек менен мамиледе болгон кыз кантип эле таза болмок. Азат да аргасыз эле уйлонбодубу, каап шашпай коё турса болмок экен. Баарына мен күнөөлүүмүн, кайдан да экөөнү жакындата койдум эле." деп кыжаалат. "Мейличи, кандай болсо да мындан аркы жашоосун алып кетишсе болду эмеспи." деп жүргөн да эми мынтип Азаттын келем дегени аны аябай кыжаалатка койду. Ал келгенче баарын жайгарышы керек, башка батир табуусу абзел, антпесе батирдеги киши менен чоң жаңжал чыгып досунун үй булоосу бузулуп кетүү коркунучу бар. " И баса, ал кишинин сөзүнүн чын тогунун текшерүүнүн бир жолу бар эмеспи" деп капысынан акылына келе калган ойду ишке ашыруу үчүн батирге чуркады. Өткөндө ачылган шампандын калдыгы калган болсо керек, ошону татып көрүү керек. Иштин баары ошол ичимдикте болуп жүрбөсүн, досу жөн жерден тузакка түшүп калган болуп жүрбөсүн… Уландысы бар.
Жакшы группа
14- БӨЛҮМ.
Күбөлөрдү суракка алуу башталып биринчи эле айдоочу жигит чакырылган. Айыптоочу алдын ала даярдалган суроолордун жаадырып, жигит тергөөдо айтылган жообун кайталап бүтөрү менен кезек жактоочу тарапка жетип келди. Илимбеков шашпай жигиттин жүзүнө бир карап темир тор артында турган Айжанага бир карап алып, кайрадан көздөрүн жигитке такап туруп ойлуу суроо узатты.
-Сиз канча жылдан бери айдоочулук кыласыз?
-төрт, деди жигит мунун эмне тиешеси бар дегендей.
-төрт жылдын ичинде күнүнө бир каттам жасаганда да жылына орто эсеп менен үч жүз алтымыш каттам кыласыз, ошондо 1440 адамды ташып койгон болот экенсиз, төрт жылдын ичинде болжол менен 5760 адам. Эми айтынызчы ошолордун унаанызда олтуруп айткан ар бир сөзүн ушундай толук түрдө айтып бере аласызбы?
-жок албетте, алардын баарын эмне себептен эстеп калмак элем. Болот арасынан, кээ бир адамдардын кызыктуу сөздөрү эсте калат.
-Демек кызыктуусу гана. Менин жакталуучумдун айткан сөздөрү сизге эмне себептен кызык туюлду эле, ырас баарын эстеп калыпсыз.
-Эркин Макеевичти кызыгуу менен сурап калганы, кайрадан шаарга жеткирип коюмду өтүнүп артка кайтып келгенибиз, көп өтпөй кичине кыз жоголду деген кабар. Мындай көрүнүш ар күн эле боло бербейт.
-Туура айтасыз, менде да ар күн ушундай дал келүүчүлук боло бербейт. Мен да сиздин ар бир сөзүңүздү эстеп калат болушум керек. Себеби мага табышмак болуп жатат, бул кыз сизден өзүнүн классташы тууралуу сурап койгондон кийин эле жанагындай шумдук болуп кеткени. Сиз болсо баарын ийне жибине чейин эстеп калганыныз. Баарынан кызыгы тергөөчү сизди издебей эле сиз тергөөчүнү издеп келгениниз. Балким бул башынан ойлонушулган иш болуп жүрбөсүн. Бул кыз эмнеси менен сизге жакпай калды?
Ал күтүүсүздөн эле сөзүнүн акырында ушундай суроо берип салды.
Тергөөчүнүн каршы болгонуна карабай сот айым суроону туура деп таап, күбөнүн жооп берүүсүн күтүп калышты.
-эмнеге? Тескерисинче аябай ачык айрым жакшы кыз экен, экөөбүз жакшы баарлашып келгенбиз.
-Эркин Макеевичти сиз кайдан тааныйсын?
Кайрадан суроо узатылды.
-кошуна айылдан болобуз. Мамлекетке аты чыгып келе жаткан адамды айылдаштары тааныбай калса уят болбойбу. Кийин ал адам өзү жаш болуп туруп көпкө жетишти, айылдаштардан да бат баттан кабар алып турат.
-түшүнүктүү, демек ал кишиге жеке "симпатияныз" бар экен. Өсө турган адамды колдогон жакшы да ээ, деп жылмайып коюп ордуна отуруп алды.
Анын сөздөрүнүн түпкү маанисин сот айым да айыптоочу да жакшы түшүнбөй кала беришти. Кийинки күбө катары сот залына мейманканада кабылдамада олтурган жигит чакырылып, айыптоочу суроолорун берип бүткөндө Илимбеков өз ишин баштап ага да жанагындай эле суроолорду берип өттү.
-сиз ушул кызды андыгандан башка дагы кандай жумуш кылдыңыз ал күндөрү. Жана эмне себептен көңүлүнүз Айжанага түштү, балким бул буйрук болгондур, сиздин да Макеевичке жеке "симпатияныз" барбы?
Жигит какап кетти.
-жок мен ал кишинин тааныбайм деле. А Айжананы байкабай кою мүмкүн эмес эле.
-Демек байкабай кою мүмкүн эмес. Бүттү менин башка суроом жок, күбөлөрдүн ушуга окшогон сөздөрү эске алынса дейм, деди да ордуна отуруп алды, дагы табышмактатып.
Башка күбө жок болчу.
Илимбеков туруп алып кошумча сөзүн айтып өттү.
-Кудай урсун мен эч нерсе түшүнбөй турам. Айжана эмне себептен азыр темир тор артында олтурат. Же азыр бирөөдөн башка тууралуу сурап кою кылмыш болуп калганбы? Же мейманканада жашап жаткан адам ар бир кадамын кабылдамага айтып турушу керекпи? Бул жигиттердин айтымында менин жакталуучумду байкабай кою мүмкүн эмес, ал бизге деле көрүнүп турат. Кызык эгер ушул кыз чындап күнөөлү болсо, кантип башка эч бир адам аны байкабай калды экен, кызды мектептен алып кеткенин, чип сатып алганын аны жабырлануучунун үйүнө алып барып таштаганын.
Ал айыптоочуга андан кийин сот айымга карап, ийинин куушуруп койду.
-Сиздерге кандай бирок мени аябай кызыктырып жатат, ошон үчүн сурабасам болбос. Жабырлануучуга суроом бар, мүмкүнбу?
Бул жолу да сот айым жактоочунун өтүнүчүн орундуу деп таап, Эркинди ордунан тургузду.
-Эркин Макеевич башкаларды түшүнө албай жатам, сиз айтынызчы, азыркы айтылган сөздөрдүн бири да Айжананын күнөөсүн далилдей албайт, ошого карабай сиз ишенимдүү түрдө аны күнөөлүү деп жатасыз, себеби эмнеде? Ал эмне себептен ушул жолго барышы керек? Же мындан алдын да ушундай сөз уктунуз беле классташыныз тууралуу?
Эркин жактоочуга каардуу карап көрдү эле, ал камырап да койгон жок. Тескерисинче кытмыр жылмайган Илимбеков ичинде, "кучук бул сага биринчи сыноо, ит болом десең менин колумдан кутулуп көрчү" деп ойлоп турган.
-Мен дагы бир ирет кайталайм, кызымды уурдап, кордогон так ушул адам. Сот отурумун тездет кызынды көргүн келсе деп мага буйрук келип жатпадыбы, айткандай эле отурум алдында кызым пайда болуп жатат. Ушунун өзү далил болуп жатпайбы.
-Сиз экспертизанын жыйынтыгын билесизби, кызыныз зордук зомбулукка кабылбаганы тууралуу маалыматыныз барбы? Демек кордолгон эмес уурдалган гана азырынча, деп оңдоп койду да суроосун кайра кайталады.
-менин Жакталуучумдун кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн, сиздин кызды урдагыдай. Акча өндүрүш үчүнбу? Айжананын эсебинде канча акча жатканын билесизби? Ал да аздык кылат, анын мурунку жолдошу такыр эле жолго таштап кеткен жок, ай сайын анын эсеби жүз миңдер менен толукталып турат. Мен ойлойм Айжана акылдуу кыз, кичине акча алуу үчүн бар байлыгынан кол жууп калаарын түшүнүп туруп мындай кадамга барбайт эле. Кийин сиздин акыркы созунуз дегеле акылга сыйбайт. Кайсы келесоо өзүнүн камалуусун тилеп сотту тездет демек. Кызыныз кайткан учурда Айжана абакта эле да, ал кантип бир убакта эки жакта болуусу мүмкүн, бул акылга сыя турган эмес. Бул жерде албетте үчүнчү жак бар.
Эркиндин эми чындап ачуусу келип кетти.
-Менин кызым айтып жатат, аны аял киши алып кеткенин. Анын сүрөттөөсу Айжананын келбетине дал келип жатат.
-аа! Демек сүрөттөөсу. Кызыныз сүрөттөгө жарап жатса демек анчалык да жаман абалда эмес экен. А эмне үчүн аны бул жерге чакыртпай жатасыз, сүрөттөгөн адамын тирүү көрсө даана таанымак да туурабы. Баарыбызды кыйнап туйшолтпой эле ошондой кылсаныз болмок. А бирок сиз кызыныз табылганча эле менин жакталуучумду күнөөлөп жаткансыз да, ким билет балким өзүңүз ошонтип үйрөтүп койгон чыгаарсыз. Менимче Айжанадан ала албай калган кегиниз болсо керек, аны да ачыктабай жатасыз.
-Бул жерде мен жабырлануучумунбу же айыпталуучумунбу? Мен сиздин суроонузга түшүнбөй турам. Менин мурунку жана кийинки жашоомду суруштуруу үчүн чоулганбызбы бул жерге?
-Жок албетте, бул жерде адилеттүүлүк издеп отурабыз. Биз сизден кем эмес кызыкдарбыз күнөөкөр таблуусуна. Темир тор артында отурган бир алсыз назик кыздын тагдыры так ошондон көз каранды болуп олтурат. Мен ойлойм сиз да чыныгы күнөөкөр табылсын дейсиз, же адашамбы? Максат эптеп бул кызды абакка салуубу? Кайсы күнөөсү үчүн? Эмнеге башка адамдын азабын бул байкуш тартышы керек? деди да сот айымга бурулуп, менин суроом бүттү деп ордуна отуруп калды.
Эки тараптын айтышуусуна убакыт келип жеткенде сот айым Илимбековдун сунушун четке кагып коё албады. Ал сурагандай айыптоочу тарапка далилдердин жетишсиздигин айтып, ишти кайрадан карап материалды толуктап келүүсүн буюруп, сот угууну башка күнгө калтырды.
Айжананын колун кыса учурашып жылуу жылмайып коштошкон соң Илимбеков кагаздарын жыйып сыртка карай шашып жөнөдү. Артынан эле жетип келген айыптоочу аны далыдан таптай токтотуп, жылуу саламдашып катарлаш басып калды.
- Мен бул отурумга кирбей туруп билгенмин жеңиш сиздики экенин. Айтынызчы эмне себептен кыздын боштондугун талап кылбадыныз? Бүгүн сиз өзүңүзгө окшобой турасыз.
Илимбеков каткырып күлүп коё берди.
-Мен өзүм кандай экенимди билбейт экенмин, кандай элем? Балким каарып бараткандырмын. Кызга келсек, ал кимдедир күмөн болуп калуусун каалаган жок. Бул залдан күмөну жок акталып чыгууну каалады, деди да кечирим сурап шашылыш экенин башка жайда кийинки отуруму башталып жатканын айтып бат баттан басып унаасына түшүп кетти.
"Сен да карышкырга айланып бараткан экенсиң" деп ойлоп койду ал, унаасын буруп жатып, арт жакты коргозгон кузгудон өзүнөн көзүн албай карап турган айыптоочуга карай. "Сага албетте мүмкүнчүлүк берем, бирок бул ирет эмес. Бул ирет сенден да күчтүү карышкырды жолуктуруп калдым, кечиктин" деп өзүнчө сүйлөнө, ууртунан жылмайып алып жөнөй берди.
Айыптоочу да кыйла эле эрегишип калгандай, Эркиндин каршы болгонуна карабай кызды сот залына күбө катары чакырууга мажбурлап жатты.
-Андай кылбаска бизде башка арга жок. Болбосо айыптоодон баш тартыныз. Эки гана жол бар, башкасы каралбаган.
Эркин башын мыкчый отуруп үн катты.
-Макул, ырас башка жолу жок болсо ошондой болсун. Бирок кызымдын биринчи каршылыгына чейин гана, ал жаңы гана өзүнө келип жатат.
-Жарайт, деди айыптоочу. Жактоочу да кызынызга суроо берет болуш керек, андан ар нерсени күтсө болот, өзү да өтө эле табышмактуу болуп жатат. Ага биз тыю сала албайбыз, сизден да суранып кетем ага каршы катуу суйлобонуз. Эсинизде болсун Илимбеков менен айтышуу сиздин эмес менин жумушум. Аны да туура түшүнүү керек, ал да өз жумушун аткаруусу кажет. Болгону кызыныз сизге айткандарын отурумда так айтып берсе болду.
Биринчи угуудан экинчи отурумга чейин бир апта убакыт берилген болсо да Илимбеков Айжанага келип экөө кеңири отуруп баарлашышпады. Бул көрүнүштү айыптоочу чындап эле түшүнбөй жатты, ал болсо тергөөчүго кайрылып материалдын кем жерлерин толуктап келүүсүн буюуруп өзү да катуу даярданып жүргөн. Балким Илимбековдун өткөндогу каткырык күлкүсү анын алышуу кумарын козгоп койгон болсо керек. Анан каршылашы тигинтип кенебей жүргөнү эмнеси, чындап эле каарып баратабы же башка көздөгөнү барбы? Ушул ой жеп жатты аны.
*******
Азат менен Жанара айылга келип бир үй булоо болуп жашай баштагандарына да бир аптанын жүзү болуп калган. Жанара жакшы келин болгудай түрү бар, Азаттын айтканына көнүп чоң той дебей айыл аксакалдардын батасын алуу менен эле чектелип тим болду. Келгенден бери буту бутуна тийбей кызматта жүрөт. Баарынан бактылуусу эле Азаттын апасы ондонот, жаңы келген келинин алкап эле олтурат. Баарына карабай Азат өзүн эч бактылуу сезе албай жатты, канча жубайына жакындайын десе да кандайдыр бир күч аны түртүп тургандай эч эле жакын боло албай койду. Жакындаса эле Айжананын элеси четтен карап жээрип жаткандай сезиле берет. Кантип ошол түнү жанагындай жорукка барганын али да түшүнбөй башы маң. Бирок арманын кимге айтаарын билбей ичинен сызып гана тим болот.
"А баса мени түшүнгөн бир адам бар эмеспи" деп, өзүнүн тапкан акылына өзү кубана телефонун сууруп чыгып Москвадагы досу Замандын номурун тере баштады.
-Жаш күйөөнүн колу эми тийген го досунан кабар алганы, деген тамаша сөзү угулду Замандын, телефондун ары жагынан, ар дайымкыдай жайдары.
-Кечир досум, болгону сенин жумушуна тоскоол болбоюн деп жаттым, деп ал акыбал сурашкан соң Азат күтүүсүздөн эле,
-Мен жакында барам сенин жанына, деди.
-Албетте досум, келээр кунунду айтып койсоң мен батир таап даярдап турам.
-А эмнеге? Эски жашаган жайыбызчы?
Заман бир азга ундобой туруп калды.
-мага болгон ачуусун сенден алыдыбы кожоюну, деп Азат тынчсыздана кетти.
-Жок досум, бул жерди билесиң да үй булоолу адамга жарабайт. Биз сонун батир таап башка жашайбыз.
Заман канчалык жайдары болууга аракет кылганы менен үнү чын көңүлдөн чыкпай жатканын сезди Азат телефондон болсо да.
-Мен өзүм эле барам досум, Жанара апамдын жанында калат, деди ал да көңүлсуз.
-Эмне болду досум? Жаңы гана бир апта болбодубу. Балким каражат керекдир, мен эле… деп келе жатканда Азат анын сөзүн үзүп кетти.
-Жок досум, баары жакшы. Болгону… Кийин түшүндүрүп берем, деди сөзүн кыскарта.
-Эмне сен бирөөр жарымдан сөз уктунбу? Эч нерсе эмес досум, эч ким аппак эмес, кийинкиси жакшы болсо болду.
Замандын бул сөзүнө Азат маани бербегендей жакында барып калаарын айтып коштошуп телефонду өчүрдү. Чындап ушундай кылбаса болбойт, балким алаксып акылын бир жайга коюп келээр.
Заман болсо ичи түпөйүлдоно досунан кыжаалат болуп калды. Аларды узатып келген күндөн бери батирде ага тынчтык жок болуп жаткан. Жанаранын акыркы "капчыгы" анын жанын койбой Азаттын дарегин сурап, Жанараны таап берүүсүн өтүнүп жанын койбойт. Балким ошол адамдан кабар жетип барганбы деп, досунун турмушу бузулуусун каалабай кыжалат болуп жаткан учуру. Ананчы өзү отуздан ашып үйлөнсө, анан тигиндей аял туш келгени эмнеси дейт. Аттин эмнеге алдын билген эмес экен Жанаранын кылктарын. "Балким жанагы түнкү окуяны өзү эле уюштурган болсочу? Чындап эле аялы бар эркек менен мамиледе болгон кыз кантип эле таза болмок. Азат да аргасыз эле уйлонбодубу, каап шашпай коё турса болмок экен. Баарына мен күнөөлүүмүн, кайдан да экөөнү жакындата койдум эле." деп кыжаалат. "Мейличи, кандай болсо да мындан аркы жашоосун алып кетишсе болду эмеспи." деп жүргөн да эми мынтип Азаттын келем дегени аны аябай кыжаалатка койду. Ал келгенче баарын жайгарышы керек, башка батир табуусу абзел, антпесе батирдеги киши менен чоң жаңжал чыгып досунун үй булоосу бузулуп кетүү коркунучу бар. " И баса, ал кишинин сөзүнүн чын тогунун текшерүүнүн бир жолу бар эмеспи" деп капысынан акылына келе калган ойду ишке ашыруу үчүн батирге чуркады. Өткөндө ачылган шампандын калдыгы калган болсо керек, ошону татып көрүү керек. Иштин баары ошол ичимдикте болуп жүрбөсүн, досу жөн жерден тузакка түшүп калган болуп жүрбөсүн…
Уландысы бар.