29 ноя 2019
Көзү азиз кардарды жеткирүүдөн баш тарткан «Яндекс.Такси» кызматынын айдоочусу эми буйрутма кабыл албайт. - 887179539004

Көзү азиз кардарды жеткирүүдөн баш тарткан «Яндекс.

Такси» кызматынын айдоочусу эми буйрутма кабыл албайт.

Маалыматтар боюнча ага, сервиске кошулууга мүмкүнчүлү берилген жок.

” Бизде өзүбүздүн айдоочулар жок, биз таксопарк-өнөктөштөр менен иштешебиз. Биздин кызмат дароо ал адамга карата чара көрүп, анын мындай жүрүм-турумуна биз жол бербешибиз керек болчу. Эми ал мындан ары «Яндекс.Такси» аркылуу буйрутма ала албайт” ,-деп билдирет фирмадан.

Эске салск, Бишкекте «Яндекс.Таксинин» өнөктөшүнүн айдоочусу көзү азиз жүргүнчүнү жеткирүүдөн баш тарткан. Ал чакыруу болгон жерге келип, жүргүнчү көзү азиз экенин көргөндөн кийин унаадан чыгарып салган. Себебин кол таягы унаасын чийип салат деп түшүндүргөн айдоочу.

Комментарии