17 мая 2017

Сокулук районунда айдоочу унаасы менен аялды сүзүп, жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болду

Сокулуктун Күн-Туу-Бишкек жолунда Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 30-35 жаштагы аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул туурасында группага Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Исаев билдирди."Окуя 17-майга караган түнү болгон. Сокулук РИИБинин ыкча тергөө тобу азиат түспөлүндөгү, жашы 30-35 чамасындагы аялдын жансыз денесин Күн-Туу-Бишкек жолунун чыгыш тарабынан табышкан. Азыркы тапта аялды унаасы менен сүзүп качып кеткен айдоочунун өздүгү такталды. Ал 1993-жылы туулган Исламов Исламжан Махбуржанович. Күн-Туу айылынын жашоочусу. Айдоочу унаасын үйүнө токтотуп, өзү белгисиз тарапка качып кеткен. Анын атасы унааны милицияга өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Учурда жол кырсыгына шектелген адам изделүүдө", - деди Исаев.

Сокулук районунда айдоочу унаасы менен аялды сүзүп, жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болду     - 855025541180
Сокулук районунда айдоочу унаасы менен аялды сүзүп, жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болду     - 855025540924
Сокулук районунда айдоочу унаасы менен аялды сүзүп, жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болду     - 855025540668

Комментарии

Комментариев нет.