22 мая 2017

Бишкек-Чалдовар жолунда жүргүнчү ташуучу унаа оодарылып кетти.

"Айдоочу түшкү намазга шашып бараткан"
Бүгүн, 22-май күнү саат 13:00 чамасында Бишкек-Чалдовар унаа жолунун Сокулук районуна караштуу Александровка айылында жүргүнчү ташуучу унаа кырсыкка кабылып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Группага Чүй облустук Патрулдук милициясынын маалымат катчысы Тилек Исаев билдирди.“Оодарылган унаанын айдоочусу өзү Бишкек-Ак-Суу (Беловодск) каттамында жүргүнчү ташып иштейт. Бирок бүгүн ал жумушка чыккан эмес экен. Ал өзү унаада жалгыз эле чыгыштан батышты көздөй баратып, алдындагы жүк ташуучу унааны сүзүп, андан өтүп барып оодарылып кеткен. Айдоочуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, жаракаты анча оор эмес болгондуктан ооруканага жаткырылган эмес. Айтымында, түшкү намазга шашып баратып, катуу ылдамдыкта рулду башкара албай калган”, - деди Исаев.

Бишкек-Чалдовар жолунда жүргүнчү ташуучу унаа оодарылып кетти. - 855171292476
Бишкек-Чалдовар жолунда жүргүнчү ташуучу унаа оодарылып кетти. - 855171292220

Комментарии

  • 22 мая 2017 15:01
    Ар дайым фстречка  менен айдашат анан ушундай болот
  • 22 мая 2017 17:11
    Намазга шашпай эле ажалга шашып баратканго,омурдонда намаз артык бекен.
  • 23 мая 2017 13:46
    Сиздергеда тан калам бир нерсе болсо эле намазды кошобересинер жазды туура жазсанар болотко
  • 23 мая 2017 15:06
    "Намазга шашпай баруу суннот болот"деген.
    Чындап эле намазга баратты бекен эле ошончо шашып.
    Андай болсоо Аллах ыраазы болсун!
    Ото эле шашкандан коро жолдун четине машинени токтотуп,дарактын артына окуп албаптыр.
    Менин оюм.(бирок ал дагы билбеди да)