Куз айлары болуп, мээримдуу алтын нурун жер бетине тегиз чачкан кез.

Бул убакта таттуу уйкусунан ойгонгусу келбей, Айжаркын козун аран ачып, саатты карады. Саат жебеси 7-45мунотту корсотуп турган. Сабак башталарына 15 гана мунот калган эле. Окуусуна кеч калганына кейиген Айжаркын, шаша-буша жылуу тошогунон туруп, окууга камынып калды.издеген нерсесин таба албай, болмосун чачып салды. Шашканынан бутуна эки башка отук кийип алганын эшикти бекитип жатып байкады. Шашкан иши шайтандын иши болуп, эшигин кайра ачам деп жатып, ачкычын колунан тушуруп жиберди.
Адатта,мындай конул ооруткан корунуштор болуп турат. Бирок, бугункусу башкача, кутулбогон. Балким, кимдир бироо бул окуяларды атайын уюштурган сыятуу,же жараткандын кезектеги сыноосу.
Айжаркын окуу жайдан алыс эмес жерде жашагандыктан, сабакка жоо барат. Жолго чыгып чуркап баратып, бейтааныш бир аялды кокусунан сусуп алды эле, баштыгындагы алмалары жерге чачылып кетти.
Айжаркын: Кечиресиз эже, байкабай калдым, сабакка шашып баратат элем.
Аял: Эч нерсе эмес кызым,сабагына шашып жаткан болсон бара бер, мен озум эле жыйнап алам.
Урушат го деп ойлогон Айжаркын, эженин созуно тан калып,
Айжаркын: Жок эже,жардам берем – деп, заматта алмаларды терип баштыгына сала коюшту.
Айжаркын: Рахмат эже, тушунуктуу адам экенсиз.
Аял: Бара кой эми, кеч каласын.
Айжаркын окуган Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма тетрына да жетип келди. Тетрдын эшигин ачып, кирип баратып шашканынан чалынып кулап тушту. Эки жагын карап, ордунан тура калды. Тилекке жараша залда эч ким жок,жым-жырт.
Чуркап бартып, жагымдуу музыканы угуп токтой калды. Буга чейин озуно жакан коптогон музыкаларды угуп,озу да пианинодо ойногон. Бирок, пианинонун коштоосундагы мындай жагымдуу музыканы биринчи жолу угушу эле.
Айжаркын токтой калды да, музыка ойнолуп жаткан аудиторияга карай басты. Акырын баш бакты. Кара шым, ак койнок, кара коз айнек тагынган, орто бойлуу жигит пианинодо ойноп жаткан. Бул жигитти чоочутуп албайын дедиби айтор, бутунун учу менен акырын басып кирип, орундукка отурду да, жигитти суктануу менен карап, жагымдуу музыканы берилуу менен угуп турду. Жигит музыканы ойноп бутургон сон, Айжаркын ордунан туруп, жигитти коштоп кол чаап ийди.
Айжаркын: Соонун ойнойт экенсиз!
Давлет: Сиз кимсиз? - деди мукактана жигит, жузун Айжаркынга буруп.
Айжаркын: Мен ушул жерде 4-курста окуймун. Бирок, сизди биринчи жолу коруп турам. Сиз ойногон бул жагымдуу музыканы да биринчи ирет угушум.
Давлет: Ырас, мен бул жерге биринчи жолу келип турам. Бирок, сиз бул музыканы буга чейин укпаганыныз тан калычтуу…
Ушул учурда сырттан узун бойлуу, ак жуздуу бир жигит кирип келип, экоосунун созун болду.
Марат: Давлет, журу кеттик, сени кутуп калышты – деп жигитти жетелеп алып чыгып кетти.
Айжаркын каккан казыктай, турган жеринен жылбай, «кантип эле таланттуу, келишкен жигит ушундай болсун…
Копко ойлонуп, бир убакта озуно келип, саатын караса биринчи сабагы бутуп, экинчиси башталган экен. Сабакка ойлуу кирип, достору, курбулары менен да суз учурашып, ордуна отуруп калды. Жанындагы курбуларынын:
Айнура: Айжаркынга эмне болгон?
Зарина: Чын эле эмне болгон?
Айнура: Бугун башкача ойлуу го – деген шыбыр содорун Айжаркын угуп да койгон жок.
XXX
Давлетти жетелеп чыккан жигит анын айдоочусу, ошондой эле атасы Капар Акимовичтин ишенген адамы Марат эле. Театрдан чыгып баратып, Маратка Давлет:
-Билесин, бугун маркум чон-энемдин туулган куну. Азыр ойногон музыканы чон-энем аябай жакшы коруп, угат эле. Ошондуктан, бугун ушул музыканы ойногум келди, чон-энем менен откоргон бала кезимди эстегим келди.
Марат: Мм тушунуктуу, чон-эненди аябай сагынган окшойсун?
Сыртта Давлеттин ата-энеси, бир тууган карындашы кутуп турушкан. Алар менен чогуу чон-энесинин арбагына багыштап, Куран окууну пландашкан эле.
Чон бейитти аралап коздогон мурзого келишти. Арбагына багыштап куран окулуп жаткан учурда, Давлет чон-энеси менен откоргон бала кезиндеги таттуу, бактылуу кундорун,эстеп козунон жашы куюлат. Куран окулуп буткондон кийин баары алакан жайып дуба кылышты.
Айжаркындын сабагы бутуп, курбу кыздары чурулдап калышты.
Айнура: Кыздар, кыздар, бугун сабак эрте бутподубу, эс алуу багына барып, бир аз
эс алып, конул ачып анан кетпейлиби? Эмне дейсинер? – деди, орто бойлуу, кыска юбка, бутуна шиш така кийган Айнура.
Зарина: Ооба чын эле коптон бери чогуу эс ала элекпиз. – Зарина Айнураны колдоп суйлоду.
Айжаркын: Кыздар, мени кечиргиле. Бугун уйго эрте барышым керек. Башка куну созсуз барам.- деп курбу кыздары менен коштошуп,сыртка чыгып кетти.
Ангыча, залда суйлошуп турган кыздарга Эмил чуркап келип,
Эмил: Кыздар Айжаркын кана корбодунорбу?
Зарина: Уйго эртерээк барышым керек деп азыр эле сыртка чыгып кетти.
Эмил: Рахмат!
Айнура: Эмил! – шашып бара жаткан Эмилди Айнура токтотту.
Эмил: Эмне болду?
Айнура: Силердин жакын дос экенинерди билебиз. Айжаркын бугун башкача. Ага эмне болгонун билесинби, сага айтса керек? – Айнура тынчсыздана сурады.
Эмил: Жок, аны мындай абалда мен да биринчи жолу коруп турам.
Айнура: Тынчылык бекен?
Эмил: Кыздар мен Айжаркынга барайын.
Кыздар: Макул, корушкончо.
Эмил сыртка чуркап чыкты. Айжаркын коп узап кете элек экен.
Эмил: Айжаркын! Айжаркын! Коё тур, куто турсан!
Айжаркын: Эмне болду Эмил? –деди. Кундун нуру Айжаркынга туз чагылып тургандыктан, Эмилге туз карай албай колун тосуп.
Эмил: Коштошпой кайда жонодун?
Айжаркын: Кечирчи.
Эмил: Тынчылыкпы, бугун сага эмне болгон, башкачасын?
Айжаркын: Эч нерсе болгон жок, сага ошондой сезилип жатса керек.
Эмил: Бир нерсени жашырып жатасын, сезип турам... Мен сенин жакын досун эмесминби, мага айтпасан кимге айтасын?
Айжаркын бир азга ойлонуп, анан ун катты.
Айжаркын: Мен... мен суйуп калдым окшойт.
Эмил: Ээ, ошол элеби, ошого ушунчабы? – деди суйунгонун же капаланганын озу да билбей. Анткени, Эмил Айжаркынды башынан эле жактырып, бирок суйуусун билдирууго ынгайлуу убакыт таба албай жургон
Эмил: Кимди суйуп калдын? – токтоо сурады.
Айжаркын: Аны бугун биринчи жолу кордум. Кайра дагы коро аламба, коро албаймынбы билбейм.
Эмил:Эч нерсеге тушунбой жатам, кимдм, каерден кордун?
-Театрдан.
-Андай болсо кундо эле эле коросун, озубуздо окуйт турбайбы.
Айжаркын: Жок Эмил, андай эмес. Ал театрга биринчи жолу келиши экен. Кайра дагы келеби жокпу билбейм.
Эмил: Ошондойбу...
Айжаркын:Эн окунучтуусу, мен аны ойлогондой, ал мени ойлобосо да керек... анын козу корбойт экен.
Эмил: Эмне?!
Айжаркын: Ооба Эмил, жок дегенде унумду эстесе экен.
Экоосу бири-бирин ойлуу карады.
Айжаркын: Мен эми барайын, сени да кыйнап койдум окшойт .
Эмил: Макул жакшы бар , коп ойлоно бербе баары жакшы болот буюрса.
Айжаркын: Айтканын келсин,рахмат сага! Экоосу коштошуп, эки тарапка басып кетишти.
XXX
Бейиттен кайтып баратып,
Капар Акимович: Марат, мен бугундон баштап бир-эки кун жумушка чыкпайм, озун коз салып тур – деди, машинанын алдынкы орундугунда отурган Капар Акимович.
Марат: Эмне болду тынчылыкпы, же сыркоолоп жатасызбы?
Капар Акимович: Ой баары жакшы. Болгону женен айылга барып келели деп болбой жатат.
Марат: Ошондой эле болсун.
Капар Акимович: Жумушту, уулум Давлетти, кызым Замираны сага ишенип таштап кетем,
Марат: Сары-санаа болбой барып келиниздер, мага ишениниз баары жайында болот.
Бул учурда Давлет машинанын айнегинен сыртка телмирип, ою кайсыл бир тарапка алып учкан сыяктуу ойлуу баратты. Давлеттин бул абалын кузгунон карап, байкап турган атасы:
Кпар Акимович: Уулум сага эмне болгон?
Давлет: Эч нерсе болгон жок, мен жакшы элемин – деп жооп берди чоочугондай турдо.
Марат машинаны зуулдата айдап, заматта уйго жетип келишти. Капар Акимовичтин жубайы Айгул айылга барабыз деп жакшы эле даярданган корунот. Кийим кечеси салынган сумканы, азык-тулукторду Марат кок тустогу машинанын багажына салып жатты.
Бир убакта уулунун абалына кабатырланган Капар Акимович:
-Давлет, абалын кандай? Эгер бир нерсе болгон болсо жашырбай айт. Биз айылга барбай эле коёлу.
Давлет: Жок ата эч нерсе болгон жок., сиздер ойлонобой бара бериниздер. Тайэнеме, тайакеме, тайженеме, кичинекей Адилетке менден салам айта барыныздар.
Замира: Атаке, апаке байкемден эч кам санабаныздар. Байкемдин жанында мен болом го, аябай жакшы карайм байкеме –деп замира эта-энесинин ортосуна туруп алып, эркелей суйлоду.
Капар Акимович: Макул анда биз жоной берели.
Давлет: Ак жол!
Замира: Жакшы барыныздар!
Машинанын алдынкы эшигин жубайына ачып, озу рулга отурду да машинаны айдап уйдон узай берди.
Айжаркын менен чогуу жашаган кыздар айылга практика отогону кетишкендиктен, Айжаркын уйдо жалгыз жашачу.
Сумкасын жерге таштап, уктоочу диванына отура кетти. Давлет менен кол кармашып бирге журсок кана. Анын коздору корбосо да, мен анын коздоруно нур, очпогон шам болуп бермекмин. Бул жалган дуйнодо бирге болсок, коп пезенттуу болуп бактылуу омур сурот элек. Ушуларды ойлоп, кыялдана копко чейин отурду.
“эмнени эле ойлоп кыялданып жатам” деп озуно озу кубуроп суйлоп, эрте менен озу чачып кеткен болмону жыйнай баштады.
Давлет менен Замира кечки тамакка Маратты да чакырышты. Замира уйдун эркеси болсо да, колунан коп нерсе келет. Уй жумуштарына тын жана тамактын турун жасайт. Замира дастарконду турлоп жатып:
Замира: Ата-энебиздин жоктугу баары бир сезилет экен. Аларды тез эле сагына баштадым.
Марат: Ии, десе эки кун кандай чыдайсын анда? Марат байке, ата-энеме Таласка барбасам болбойт деп, Давлетти таштап жоноп калбасан эле болду – деп Марат ырайын бузуп, кыздарча суйлоду.
Учоосу каткырып кулушту. Коптон бери маанайы суз, ойлуу отурган Давлеттин да маанайы которуло тушту...
Замира: Давлет байке, байкоо, турунуз, кун которулуп калды. Мен сабакка
кечигип жатам. Марат байкени да чакырып койдум, азыр келип калат.
Давлет: Макул сен бара бер, мен анан турам.
Замира кеткенден кийин коп отпой Марат да келип калды. Машинага отуруп жатып,
Давлет: Марат, сага бир нерсе айтышым керек. Кимге айтарымды билбей кыйналып журом. Ойлосом сенден башка эч ким жардам бере алчуудай эмес.
Марат: Угуп жатам сени, тынчылыкпы деги?
Давлет: Тынчылык эмес... кечээ пианинодо ойнободум беле? Ал жерден бир кызды жолуктурдум. Аны сен да кордун эле го?
Марат: Ооба кордум.
Давлет: Ал кызды мага суроттоп берчи?
Марат: Чынын айтсам, маани деле бербепмин.
Давлет: Мен ал кызды суйуп калдым, оюмдан такыр кетпей койду. Суйлогон создору кулагымда жанырат. Буга чейин мындай сезимге кабылган эмес элем.
Марат: Кечээтен бери эмне эле ойлуу десе, себеби ушул турбайбы?
Давлет: Бирок ал мени... эмне деп айтаарын сезгендей Марат:
Марат: Журу анда театрга баралы,ал ошол жерде окуйт бекен?
Давлет: Ооба, ошол жерде окуйт, бирок анын атын да билбейм.
Марат: Ал маселе жаратпайт. – деп машинанын отун алдырып, театрды коздой жоноду.
Театрга келери менен Марат жолунан чыккан адамдардан сурайт:
Марат: 4-курста окуган студенттерди кайдан тапсак болот?
Жигит: Алар бул жакта, жакында фестивал болот. 4-курстун студенттери спектакль ойношот. Азыр ошого даярданып жатышат – деп бир жигит, Давлет менен Маратты тетрдын концерттик залына алып келди.
Алар келишкенде, Айжаркын озуно берилген ролду берилуу менен аткарып суйлоп жаткан. Давлет кызды унунон тааныды.
Давлет: Бул ошол кыз.
Марат: Ообо ошол.- Ээрчитип келген жигиттен сурады:
Марат: Аты ким болот, бул кыздын.
Жигит: Айжаркын.
Марат: Рахмат сага. Бара бер.
Экоосу орундукка отуруп спектакль бутушун кутушту. Бул учурда Давлет толкунданганынан:
Давлет: Суйуумду кантип билдирем? Ал учун мага тоодой журок керек.
Марат: Ал кыздын жанында алакандай журогун, тоодой журокко айланат.
Давлет: Ошондой болсун...
Айжаркын: Саламатсыздарбы? – деп башын ийип отуп бара жатканда,
Марат: Айжаркын токтой турсан, бул жигиттин сенде созу бар экен.
Марат: Давлет, силер суйлошуп алгыла, мен сыртта кутом...
Айжаркын Давлеттин жанындагы орундукка келип отурду. Давлет бир саамга ойлонуп:
Давлет: Ден соолугун, окууларын кандай?
Айжаркын: Кудайга шугур жакшы, озунуз кандайсыз?
Давлет: Мен... кандай экенимди озум да билбейм.
Айжаркын: Эмнеге?
Давлет: Себеби, оюмду, кыялымды жада калса журогумду уурдаттым. Аны сен уурдадын. Айжаркын, мен сени жактырып калдым, менин суйуумду кандай кабыл аласын билбейм. Ушул учурда оюндан эмнелер отуп жатканын да сезбейм. Балким, сени суйууго менин акым жоктур. Анткени, абалымды озун коруп, билип турасын. Коздорум корбосо да, сени журогум суйду, журогум тандады.
Айжаркын жигиттин желкесине башын жолоду. Муну менен ал “ мен да сизди суйом” деген жообун билдиргиси келди корунот.
XXX
Айылдын кооздугуна суктанып, таза абасынан кере-кере жутуп Капар Акимович терезеден сыртка коз жугуртуп карап турду. Ушул учурда, жаш кезинде кетирген каталарын ойлоп,козунонон жашы сызылат. Анткени уулу Давлеттин козун убугында даарылытканда мынчалык кыйналып, чет олколордон доктор издебейт эле.
1991-жыл. Давлет торолгондо врачтар, баланын козу кор болуп торолгонун, бирок, алдын алып даарылатса козу короорун айтышкан. Уулунун абалына кайдыгер мамиле жасаган Капар Акимовичке, жубайы:
Айгул: Баланы даарылаталы, жакшы болуп кетерине умут бар деди го врач.
Капар: Жок, бизге мындай козу кор баланын кереги жок! ДОС-душмандын козуно кантип карайбыз. Биз али жашпыз, дагы соп-соо уулдуу болобуз!
Айгул: Кантип эле оз балана куйбойсун? Оз канындан жаралган балан го! Эмнеси болсо да мен булл баланы таштабаймын! – деп эне байкуш коз жашын колдотуп кала берет.
Ушундан улам Давлет наристе кезинен чон-энесинин колунда чоноёт.
Кундор бир-бирин кубалап ото берди. Айлар, жылдар отуп 1993-жылы Капар Акимович менен Айгул кыздуу болушат. Кудайдын акыркы берген перзенти ушул болду. Капардын «Биз соп-соо уулдуу болобуз» деген тилегин таш каптады. Канча мезгил отсо да перзенттуу боло алышкан жок. Балалуу боло албаганы, эки жыл мурун оз апасынын олуму Капар Акимовичке сабак болду. Оз уулу Давлетти кучагына алып, даарылатууну чечет. Чет олколордон интернет аркылуу доктор издей баштайт. Учурда анын жыйынтыгын кутуп журот.
Мына ушуларды ойлоп, козунон жашы куюлуп турган кезде, Адилет чуркап келип,
Адилет: Жезде, сизди кутуп жатышат, тамакка барат экенсиз.
Бул бала Айгулдун бир тууган инисинин уулу Адилет эле. Капар Акимовичтин ыйлаганын коргон бала:
Адилет: жезде чон кишилер ыйлашпайт.мага окшош кичине балдар, атасы, апасы урушканда таарынып ыйлашат. Сиз чон кишисиз да, ыйласаныз уят болот. Атам айткан.- деп Капардын жашын кичинекей колдору менен аарчыды. Жездеси баланы кыса кучактап, анан, жайылган дастарконго келишти.
Бул уйдун ырысы, берекеси, каарысы Калипа апа, кенже уулу Тилек жубайы Жамал жана Айгул болуп, чынында эле Капар Акимовичти кутуп жатышкан эле.
Калипа: Эмне болду балам,копко ойлондун го? –
Капар: Айылга келбегенизбиге коп болуптур, аябай сагыныпмын.
Калипа: Неберелерим Давлет менен Замираны да ала келсенер болмок. Бир жумадай эс алып кетет эленер.
Айгул: Апа, кийинки келээрибизде созсуз ала келебиз – деп Айгул созго аралаша кетти.
Тилек менен Жамалдын уулу Адилет жаш болсо да, ото зирек экен, чуркап келип,
Адилет: Жезде ыйлаганынызды айтайынбы-ы? – деп жездесинин кулагына шыбырады.
Капар: Жок, айтпа – деди Капар да Адилетке жакын келип.
Жанындагылар бары тан калып карап турган.
Тилек: Эмне эле шыбырашып жатасыздар? Бизге да айтсаныздар боло?.
Адилет жездесинин ыйлаганын айтмакчы болуп:
Адилет: Жездем терезенин жанында…
Айтып салбасын деп, Капар шашканынан баланын оозун колу менен баса калды.
Капар: Акча берейинби сага, дуконго барып момпосуй алып жейсин. – деп Капар чонтогуноно 100сомду алып берди.
Адилет акчаны алып, жездесинин бетинен ооп, сыртка чыгып кетти.
Жамал: Алыс кетпе! –деди ак жоолугун салынган Жамал.
Капар: Тентек бала десе – бдеп каткырып кулуп калышты.
XXX
Шаар ичи шанга толо. Жолдо ары-бери отком машиналар, туркун-тусто кийинген адамдар оз жумуштары менен алек.давлет менен Айжаркын болсо, бак ичинде эски тааныштардай суйлошуп олтурушат. Бири-бирине создору тугончуудой эмес. Бир убакта жамгыр себелей баштады.
Давлет: азыр эле кун жаркырап тийип турган, аба-ырайына ишенич жок деген ушул экен да – Давлет жамгырга бетин тосуп.
Айжаркын: Бул жерден эртерээк кетели. Жамгыр кучоп того электе.
Айжаркын Давлеттин колунан кармап, экоонун карааны олтурушкан отугучтан алыстай берди…
Айылда да жамгыр тогуп турган. Тунку саат экиде, Капар Акимовичтин телефонуна конгуроо келди, караса Марат экен.
Капар: Алло, Марат эмне болду тун бир оокумда чалып?
Марат: Уйкунузду бузган болсом кечириниз, сизге суйунучтуу кабарым бар.
Капар: Кандай, кандай кабар. Балким Давлетке доктор табылып журбосун?
Марат: Ооба Капар Акимович! Дал ошондой!
Капар: Анда биз азыр эле жолго чыгабыз.
Марат: Жок, сиз кам санабай уктай бериниз. Эртен саат 12ге белет буюруп коём, Давлетке да озум кабар берем. Сиздер эртен, эрте менен жолго чыксаныздар да болот. Аэропорттон корушобуз.
Капар: Рахмат сага Марат, рахмат.- кубанганынан телефонун очуруп, булл кубанычтуу кабарды жубайына айтпаса жарылчуудай болуп, Айгулго караса уктап жаткан. Ширин уйкусун бузгусу келбей, жакшысы эрте менен айтам деп ойлоду. Капар уктоого канча аракет кылса да, уктай албайт. ; уулум булл дуйнону коздору менен корсо, бакытын таап, бакылуу келечегин курса, мени да кечирет беле» ушуларды ойлоп,танды атырды.тан атканда жубайына, - капар: Сага эки кабарым бар, кимисин биринчи айтайын?
Айгул: Жакшысын айтчы?
Капар: Уулубузга доктор табылды!
Айгул: Чын элеби – деди козуно жашы тегерене.
Капар: Ообо, жаман кабарым болсо, уулундан кыска убакытка айрыласын.
Айгул: Макул кыска убакыттагы айрылууга чыдай алам, балам айыгып келсе болгону.
Капар: Албетте! – деп Айгулдун жашын аарчып, кучагына кысты.
Айгул: Буюрса, уулубуздун коздору корот.
Бары аэропорттон кезигишти.коштошуп жатып, Давлет Маратка:
Давлет: Муну Айжаркынга берип коё аласынбы?
Марат: Албетте.кучак жайып, кучакташып коштошушту.
Айгул уулунун жузун эки колу менен сылап, - Уулум, жолунар ачык болсун. Кудайым колдоп, сакайып кел – деп мандайынан суйду
Замира: Жакшы барып келиниздер, женемден кам санабаныз, озум коз салып турам – деп шыбырады.
Капар: Бол эми Давлет, кечикпей каттодон отолу.
Давлет: Макул ата…
Марат Айгул менен Замираны уйго узатып, андан сон, Давлеттин катын Айжаркынга жеткируу учун театрды коздой жоноду. Театрдын жанынан Айжаркынга жолугуп,
Марат: Бул каты Давлет сага берип коюумду отунду эле.
Айжаркын: Озу кана келбедиби?
Марат: Силер эми бир аз убакытка корушпой турасынар – деди да машинага олтуруп, айдап кете берди.
Айжаркын: Эмнеге – деген суроосу жоопсуз калды. Каты ачып окуса « суйуктуум Айжаркын, бир аз убакыт жолуга албайбыз. Анткени, мен алыс жакка кетип жатам. Ал жактан келсем, экообуз алгач ирет жолуккан жерден корушолу. А эгер келбей калсам, мени башка кутпо, издебе, сагынба. Озунду абайла! . Ушул создор жазылган эле.
Ойлуу кагаз кармап турган Айжаркынды коруп, эмил чуркап келип колундагы кагазды жулуп алды. Каты окуп, эмнеге мындай деп жазды экен деп озунчо кубуронуп суйлоду. Айжаркындын ойлуу жузуно карап,
Эмил: Экообуз дайыма барчуу жерибизге барбайлыбы? Балмуздак жегени, коптон бери бара элекпиз.
Айжаркын: Жок Эмил барбайм.
Эмил: Эмнеге барбайсын, барасын – деп, колунан тартып, барбайм дегенине карабай жетелеп жоноду.
Беш-алты стол отургучтары менен коюлган. Балмуздак жеп, эс алууга ынгайлашкан жер. Булл жерге Эмил менен Айжаркын, кайгысын да, к, кубанычын да тен болушуп, сырдашып олтурганы тез-тез келип турушаар эле.
Эмил отургучту тартып, Айжаркын олтурган сон, анын мандайына Озу олтурду.
Эмил: Бул жерге коптон бери келбей, аябай сагыныпмын.
Айжаркын: Ооба, чын айтасын менда аябай сагыныпмын.
«Ээх Айжаркын, сени коптон бери жактырып жургонумду айтсам, эмне деп жооп берээр элен? Эн негизгиси сен бактылуу болсон болгон» Ушул учурда балмуздак которуп – Кош келипсиздер – деген кыздын созу Эмилдин оюн санга болду.
Бул кыска убакытка Давлетен айрылуу Айжаркын учун кыйын болду. Анткени, Давлеттин кулкусун, унун укпай, жузун корбой журуу Айжаркын учун оор эле. Кыска убакыт кылымга айланып, ар бир кунун аны кутуу менен откорот. Айжаркындын кыйналып жургонун сезген Эмил, Маратка жолугуп Давлетке эмне болгонун, катка эмнеге андай деп жазганын, азыр кайда экенин сурап билет.
Сабак башталар алдында, Эмил Айжаркындын жанына келип олтуруп:
Эмил: Давлет Германияда экен.
Тан калычтуу коздору менен Эмилге карап:
Айжаркын: Койчу тамашанды, мени кыйналбасын деп жалган суйлоп жатасын, сен аны кайдан билмек элен.
Эмил: Эмнеге ишенбей жатасын, чын айтам. Давлеттин коздорн дарылатуу учун, атасы алып кетиптир.
Айжаркын: Чын элеби, демек анын коздору коркот – деди да кайра отко суу куйгандай сумсая тушту.
Эмил: Эмне болду сага?
Айжаркын: Мени коруп жактырбай калсачы?
Эмил: Андай болушу мумкун эмес. Негизи анын коздору корот, силер бактылуу болосунар.
Айжаркын: Сага кандай рахмат айтарымды да билбейм. Мага бир тууганымдай мээримдуусун.
Эмил: Эч кандай рахматтын кереги жок, сен кулуп жрсон болгону.
XXX
Сентябрь айынын аягында конушу мамлекеттердин арасында фестивал боло трган. Ал фестивал Борбордон алыс Баткен областында болуп отот. Ага Академиялык драма театрынын студенттери да катышмак. Алардын катарында, Эмил, Айжаркын, Айнура, Зарина сыяктуу студенттер да бар. Коптон-коп куткон ошол кун келип, мамлекеттик бир автобус менен Баткенге сапар тартышты. Жол бою ырдап, бири-бирин кулдуруп, автобустун ичи шанга болонуп, жолдун алыстыгы да жаштарга сезилген жок. Баткенге тун ичинде жетип келишип, алыстан келген коноктор учун даярдалган мейманканадан орун алышты.
Эртеси куну фестивалга келген коноктор театрдан орун алышып, ал эми актёр, актрисалар кийимдерин ырастап даярданып жатышты. Кезек Аскат агай жетектеп келген, Академиялык драма театрдын студенттерине да жетип келди. Ар бири озуно берилген ролду майын чыгара аткарып жатышты. Эл дуркуротуп кол чаап, ар жерден угулган ышкырыктар коштоду.
XXX
Давлет менен жолуга турганына аз калганын билген Айжаркын кузгу алдынан жылбайт. «Давлет мени корот аны менен жолукканда кандай кийим кийсем экен» деп ойлонот. Сагынычтан журогундогу создору ырга айланып:
Сагындым мени карап жылмайганын,
Саамайымдан эркелеп сылаганын.
Колдо сузгон аккуулардай бирге болсок,
Айтаар элен ошол менин самаганым.
Сагындым кулуп турган коздорунду,
Суйом деп шыбыр айткан создорунду,
Жолукканда кетким келбейт жанындан,
Кандай куч бар байлап турган журогумду. – ич-ичинен айтып жатты.

Комментарии

  • 14 мар 2017 19:07
    Уландысын кутобуз
    Сонун экен
  • 24 мая 2017 01:41
    Базар жок мындай узун нерсени көп окубай өтүп кетчү элем буну окуп түшүндүм биртке жакшы окуя экен уландысы барбы