СиЗдИ СүЙөМ

44 жана 44
Макс жумушуна кирип суйлошуп тез эле чыкты. Башымда ар кандай ойлор айланып, баарынан да женем эми эмне болот? деп ойлогуча байкем:
-Азырынча женене ун катпа, баарын убакыт корсотот. Шаарга барып бешинчи микрорайондо жашайт. Машинаны да сага берем, менчик тороткананын козомолундо Чынар. Убагы менен жеткирип, кайра алып келип тур. Акча тыйынды мен карточкасына которуп турам. Эки ай козомол кылсан тороорго жакын озум барып калам.
Ундобой келе бердим. Эртеси шаарга жонодук. Апам урушпай, бири бирибизди тушунуп жашообузду улантуубузду эскертип узатышты.
Байкемдин машинасы менен таксист болуп иштеп журдум. Сайкал бала менен уйдо. Маанайы которулуп, жайдары болуп калды. Анча мынча тапкан акчам кунумдуктон артпса да уй булондо тынчтык болсо бактылуулук ошол экен. Бир ай отуп Макс айткан Чынарга баруума туура келди. Коп кабаттуу уйлордун биринде батирде жашайт экен. Жашы жыйырмадан ашып калган, сулуучумак келген кыз экен. Макс эскерткендей ашыкча суйлободум. Ал да унчукпады. Коп отпой уул тороду байкем толгоо башталганда эле эч кимге карабай шаарга келип калыптыр. Кубанычынан козуно жаш ала бир ордунда тура албайт. Жашоонун манызы ушул экен го. Байкашымча Макс экообуз ото баласаак окшойбуз.
Чынаранын жанында айланчыктап бир жумадан ашык журду. Акыры торотканадан чыгарып батирине жайланыштырып айылга кеткен. Ошол куну эртен менен женем кийим кечесин жыйнап эч кимге айтпай кетип калганын апамдан уктук. Женемдин торкунуно да барбаганы белгилуу болду. Байкем издеп шаарга келгени менен уулуна алаксып кетти окшойт. Чынаранын жанынан чыга албай калды. Апам озгочо чыркыраганыга карабай женем экоо ажырашып кетишти. Чынараны коп узатпай женемдин ордуна уулу менен киргизип алды. Ошол окуядан сон Макска ичим муздай тушту. Женемдин иштеген жерине барып жолугуп, суйлошуп отуруп кетчумун. Кээде Сайкал менен таарыгыша тушкондо женем менен барып суйлошуп анан кетчумун. Аялым экообуздун урушубуз экинчи балалуу болууну каалаганым эле. Улам бир шылтоону айтып убакытты созуп журо берди. Озгочо кыжырымды келтиргени анча мынча чогулткан акчага салонго барып, ай сайын кирпик коштуруп, ашыкча кийим алып алганы. Ушундай майда барат маселелеримди женем менен тен болушуп отурганда женем ар дайым:
-Уй було оной эмес. Аял дегенди алдынбы, демек жоопкерчили ошончо. Аялды тарбиялап, ийге келтирип алуу озундон. Эч качан аялынды жамандаба, ал сенин тандоон. Алсыз болбо бырындап, ар нерсенин жолу болот. Сайкал ушунчалык кооздонуп жургонду жакшы корсо, баланды садике берип, сулуулочу кылып окутуп кой. Салондордо иштеп алат. Озун да жон эле журбой окуп ал. Адам болуп чыгасын...ж.б. коптогон кенештери менен мени окууга тапшыртты. Кыскасы менин уй буломду сактап калууга комогу чон. Бир жолу байкем тууралуу сураганда экинчи ал жонундо соз кылбашымды отунгон ошол боюнча ал тема жабылды. Баарынан кызыгы Макс Чынара менен менден бетер ызы чуусу бутподу. Кыскасы менин уй булом эми бир толкунга тушуп, бири бирибизге конуп тынчтанганда Макстыкы башталды. Чынара келип кеткен адат тапты. Экини тороп койгон.
Кундор ото берди. 6 жыл отту. Мен окуумду аяктадым. Жумушка орноштум. Байкем уч балалуу болду. Атам менен апам неберелери менен алек. Сайкалдын кыз тороп берген. Сайкал бара бара токтолуп, терен ойлоно суйлоп, иш кылып калды. Кээде "Эх, Адик айылдын жашоосуна не жетсин? Таза, тынч, берекелуу экенин мындай кой, эч кимге баш ийбесин, озун менен озундун чарбанды кыласын. Эч кандай жетекчиге отчет берип, ага баш ийип анысы аз келгенсип ар кандай правила, буйрук деген жок." деп калат. А мен ага жооп кыла: "Кудай доолотту сынап берет экен, баркын билбесен артка жол жок."
Женем Германияга иштегени кеткен. Озум узаткам аэропорттон. Ошол бойдон дайыны жок болчу. Макс райондо ишинен бир топ эле которулуп калган. Чынара жоош, унчукпаган байкеме ылайык аял болду. Бирок апам, атам, мен Азиза женемдин ордун жоктойбуз.
Макс менен Чынарага угузбай апам Азиза женем тууралуу сурап калышат. Биз менен жашаган аз убакыттын ичинде кандай жакшы элестерди калтырды.
Бир куну уйго отурганбыз. Дем алыш болсо керек. Байкем келди. Маанайы суз. Бир аз ичип да алыптыр. Бащын мыкчый отурган жерди карап. Байкасам ыйлап атат. Чочуп кеттим. Жанына барып себебин сурасам онгуроп чыкса болобу. Оюма дароо атам менен апам кетти. Макстын ыйлаганын омуру корбогом. Отурган жеринен жерди муштагылап жаш балача ыйлады. Жанаша отурган мени мээримге зар болгон жетим баладай, ушуп калган немедейкучатай:
-Ади Азизаны сагындым. Ал жок жашоом мумкун эмесин эми тушундум. Жашай албай калдым. Чыдабайм. Мен андан башка эч кимди суйо албайт экенмин. Ал меники болчу. Тушун тируулой олуп баратам. Мындан артык кыйноо мумкун эмес. Болбойт.
Ооба, тушунуп жаттым. Мендей эч ким тушунбойт. Макс токтобой копко ыйлады. Сайкал балдарын айтып сооротумуш болгону жардам берген жок. Кен далылуу, чымыр денелуу, козунон ишенимдин нуру чачыраган Макс кер сары тартып жудоп, арыктап ооруп баратты. Анын себеби Азиза женем Кыргызстанга келип турмушка чыкканында болчу. Макстын дартын эч нерсе айыктыра алмак эмес. Олбогон жандын куну отот экен. Балдарыга алаксып атам менен апамды карап журот.
Эки тоо корушпойт, эки адам корушот дегендей женемди кордум. Албетте случайно эмес. Сураштырып дарегин таап алгам. Бирок кокустан жолугуп калгандай тур корсоттум. Мени коруп бир тууганын коргондой суйунду. Коп нерсени сурашып суйлошконубуз менен байкемди сурабады.Байкаганым бакыттан коздору балкып тургандай сезилди. Мен да айтпадым. Болгону ичимден сызып койдум.
Арадан жарым жылдай отту го дейм. Мурунку иштеген жерине эле жумушка кириптир. Биздин уйдон анча алыс эмес жер болчу.Сыртынан акмалап коз салып коюп жургон менин оозумду бир куну Азиза женемдин томпойгон курсагы ачырды. Боюнда бар экен. Жайдын куну болчу. Жука когуш койногунон курсагы чыгып калыптыр. Менимче 7-8 ай го.Кубанганыман жанына жетип бардым. Мени коро дал мурункусундай кабыл алды. Чын дилимден суйундум. Женем коптогон дарылоолордун натыйжасында акыры эне болуу бактысына арзыды. Негедир женемди суротко тартып алууну сурансам ал макул болду. Билди кимге жиберээримди. Болгону колунун манжаларын журокчо кылып тушту. Эстеп кеттим. Дал ушинтип жумушка кетип бараткан Макска алыстан корсотчу. Мен сени суйом деген белгиси. Суротко тартып алган сон Неге? деген коз карашыма "Мен эч качан озгорбойм. Менин Макска болгон суйуум да озгорбойт, балким балама отуп кетээр" деп жооп берген жерди карай.
Коштошуп уйго келдим. Телефонумдагы суротту билбейм жиним келдиби, ызааландымбы иши кылып ватсаптан Макска жиберип салдым. Ал орттонуп жатса керек.
Убактым ото аз. Анын устуно чектоо бар экен. Бул эч кандай чыгарма эмес. Силерди окутуп же талкуулатайын дегеним жок. Жуз пайыз болгон окуя.Кененирээк жазайын десем мумкун болбочудай. Ал ортодо Азизаженемдин Макс таштап кеткенде кандай кыйналгагын жаза албадым.Аябай кыскартууга туура келди. Балким кээ бирооно сабак болор. Ажырашпагыла, чыдагыла. Заман онуккон учурда ар шылтоону айтпай дарыланып, акыркы мумкунчулуко чейин изденгиле. Уй булого кадам таштадынарбы, балалуу болдунарбы демек кыйынчылыка чыдагыла. Уй булону, суйууну сактагыла, аягыла. Женем айткандай " Бир аялдын тилин таап башкара албасан, кайсыга эркексин? Аял кулагы менен суйот, эркелет, камкор бол. Бир уй булонду коргой албасан башка колундан эмне келет?" деп мени урушканын эстесем жылмаям. Азыр мен жашоомду Сайкалсыз, балдарымсыз элестете албайм. Уй було эн ыйык экен. Тируулуктогу жалгыз бакыт.Азыр женемди торогон деп угам. Макс журот. Болгону баягыдай эмес. Кээде боорум ооруса кээде жиним келет. Ойлоп коем, кудайдын чыныгы суйууго берген сыноосун которо албадыбы деп. Балким женем окуп калаар. Женоу, сиз менин уй буломду далай ирээт сактап калдыныз, канча ирээт терс бурулуп кетээрде эсиме келтире Сайкалга жетелеп барчусуз. Сайкалга апам терс мамиле кылса да сиз мени жайгарчусуз. Корком ойлосом эгер сиз болбосонуз уулум атасыз осот белеСиз бар учун азыр бактылуумун. Мен сизди жон гана акылдуу айым, мээримдуу жан, боорукер аял катары сыйлайм. Сиздей женени ар бир инсанга тилейм.Ото жакшы кором. Бактылуу болунуз.
Соңу

Комментарии

  • 3 июн 2018 06:45
    Аябай сонун жазылыптыр
  • 3 июн 2018 06:59
    Азиза балалуу болгонуна суйунуп жатам.
  • 3 июн 2018 07:00
    Женениз мээримдуу ,акылдуу экен.Бактылуу болсун!
  • 3 июн 2018 07:38
    Эн мыкты жазылыптыр
  • 3 июн 2018 07:49
    Кайниси болсон да эжендей коруп сезиминди жазыпсын сендей кайинилер коп болсун
  • 3 июн 2018 08:35
    дагы жазылавы
  • 3 июн 2018 09:04
    Соонун жазылган автор рахмаат.
  • 3 июн 2018 09:27
    Маанилуу тарбия алчу окуя экен.
  • 3 июн 2018 11:10
    Ии  жакшы болуптур журогум ооруп кечке Азизаны ойлоп аттым эле . Ыраас эле Азизанын кыйналганын жазбаганына рахмат эч болбосо кудайым бала бериптир да  бакыт каалайм!!!
  • 3 июн 2018 11:49
    Аябай соонун экен
  • 3 июн 2018 12:14
    aiabai okunuchtuu ekoo birge bolup balaluu boluwsa soonun bolmok, ech kachan Allah aial zatyn balaga muktaj kylyp, bakyt jaratpasyn.
  • 3 июн 2018 12:31
    :'(:'(:'(
  • 3 июн 2018 13:28
    эн сонун чыгарма экен!!! Авторго терен ыраазычылык! Жашоодо коптогон адамдарга пайдасы тиет деп ойлойм. Азиза женеси балалуу болуп, Эне болгонуна абдан суйундум. Аял кишинин бактысы- бул Эне болуу деп эсептейм. Балдар биздин жашоо, келечек. Аллахым ыйман берсин, бакыт берсин Ин шаа Аллах баарыбызга
  • 3 июн 2018 13:55
    Мааниси зор, эн абзелдуу
  • 3 июн 2018 14:54
    бутуп калганы окунучтуу.кыскартпай кооп жазсан жакшы болмок.аябай жакшы жазылган.ырахмат
  • 3 июн 2018 17:14
    Окуп буткучо шашылдым эле аягы соонун бутуптур
  • 3 июн 2018 19:50
    Рахмаат сонун жазылган акырын чейин чыканга ашыктым
  • 5 июн 2018 19:05
    Салам , Глобус компаниясы 2013- жылдан бери иштеген Украиналык проект. Глобус реклама индустриасын жана тармактык бизнести айкалыштырган азыркы убактагы эн популярдуу жана жападан жалгыз компания. Мисалга Lalafoну алайлык. Канчалаган адамдар реклама беришет. Бирок биз анын ичине кирип кормойунчо кандай рекламалар бар экенин билбейбиз. Глобуска катталган сон реклама туздон туз биздин телефонго уведомления болуп келе берет. Глобуска катталуу менен сиз телефонунуздун бетин "рекламная площадка" катары арендага берип, акча иштейсиз дегенди билдирет. Катталуу учун мен жиберген ссылка менен жазыласыз. Ар баскан рекламага белгилуу бир доллар цент толонот.
    Реклама 15,20 мунот сайын келет. Реклама кунуно 25,30 жолу келет.
    Баары бесплатно, алдап кете турган 1 сомда Акча албайбыз!.
    100% толонот Акча, команда топтоп кунуно 5-6 доллар алып калды мени кошкон эжелер 2-3 айдан кийин.
    2-3 ай учун 5-6 доллар Жакшы Акча.
    350-400 сом кунуно.
    Башында просто сабырдуу болуп аракет кылып команда топтоп койгула, кийин Акча озу келе берет
    Акча тез топтогунар келсе аракет кылып команда топтогула, реклама кылгыла! .
    Кунуно 1 ден активный адам кошкула хотябы!
    Кошкон адамынарга да толук тушундургуло аларда улап кетсин адам кошуп! Кызыккандар ватсапка жазгыла. 0500916767
  • 6 июн 2018 13:43
    Кандай сонун жазылган
  • 8 июн 2018 17:19
    Эн жакшы