Жума намазынын парз болгондугу Куран, Сүннөт жана Ижма далилдери менен тастыкталган. Жума намазы Ислам дининде өзгөчө мааниге ээ болуп, Азирети Пайгамбарыбыздын заманынан бери мусулмандар тарабынан окулуп келет. Абу Хурайрадан (разияллоху анху) риваят кылынган бир хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) мындай деген🌹 «Ар дайым күн чыгып жана батып турган күндөрдүн арасындагы эң жакшысы Жума күнү бойдон кала берет. Себеби, бул күндө Адам (алейхиссалам) жаратылды, ушул күндө ал Бейишке киргизилди жана ушул күндө андан чыгарылды. Кыямат дагы дал ушул күндө болот». (Сахиху Муслим: 854) Жума намазынын парзы эки ирекеттен турат. Жуманын парзынан мурун, кутпага чейин төрт ирекет сүннөт окулат. Кутпадан кийин эки ирекет парз, андан соң дагы төрт ирекет сүннөт окулат. ЖУМА НАМАЗЫНЫН ПАРЗ ЭКЕНДИГИНЕ ДАЛИЛДЕР🌹 1) Курандан🌹 «Эй ыймандуулар! Жума күнү жума намазга азан айтылган кезде, Алланы эскерүүгө шашылгыла. Бардык соода-сатык ишиңерди токтоткула! Эгер билген болсоңор бул силер үчүн эң жакшы!» (Жума сүрөсү 9-аят). Аятта айтылган «зикир» деген сөз – бул намаз жана хутба. Экөө тең жума намазынын парз экенин билдирет. 2) Сүннөттөн🌹 Жума намазынын парз болуусу тууралуу көптөгөн хадистер бар. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) да өзү жума намазын окутчу. Бир хадисинде мындай деп айтылат🌹 «Жума намазын жамаат менен окуу, (бул төртөөнөн — кул, аял, балагатка жете элек бала жана оорулуу адамдан сырткары) ар бир мусулманга парз». «Кээ бир адамдар, жума намаздарына көңүл буруп, аткарышат, же Аллах алардын жүрөктөрүнө мөөр басат, андан кийин алар капилетке киришет». «Үзүрсүз жана себепсиз эле жума намазын таштаган адам, өчүрүлбөгөн жана алмаштырылбаган китепте мунафык (эки жүздүү) болуп жазылат». А. ЖУМА НАМАЗЫ КИМДЕРГЕ ПАРЗ? Мусулман адамга жума намазы парз болушу үчүн, төмөнкү шарттар болушу керек: 1 — Эркек болушу керек. Аялдарга жума намазы парз эмес. 2 — Эркин болушу керек. Кулдарга жума парз эмес. 3 — Ден соолугу болушу керек. Намазга барууга күчү жетпегидей даражада оорулууларга (Буту чолокторго жана шалдарга парз эмес. Эки көзү тең сокур болгондорго парз эмес) жана баса албаган кары-картаңдарга парз эмес. 4 — Жолоочу жана конок болбошу керек. 5 — Намазга барууга тоскоол боло турган үзүрү болбошу керек. Өтө катуу жааган жамгыр, кар, мөндүр, душмандан коркуу сыяктуу коркунучтуу абалдарда гана жума намазы парз болбойт. Эгерде жума намазы парз болбогон бир адам мечитке барып, жамаат менен жума намазын окуса, бешим намазын окуган болот. Кайра бешим намазын окуусуна кажет жок. Б. ЖУМА НАМАЗЫНЫН САХИХ БОЛУШУНУН (толук орундалышы үчүн) ЗАРЫЛ ШАРТТАРЫ 1. Убакыт: Жума намазы жума күнү бешим намазынын убагында окулат. 2. Жамаат: Имам Азам менен Имам Мухаммеддин пикиринде, жума намазы үчүн имамдан сырткары эң азынан үч киши болушу керек. Имам Абу Юсуфтун пикиринде, имамдан сырткары эки киши болушу зарыл. 3. Жума окулган жер эл отурукташкан жер болушу керек. 4. Мүмкүн болсо, жума намазынын бир мечитте окулушу. Эгер жамаат бир мечитке батпаса, ар кайсы мечиттерде окууга уруксат берилет. 5. Имам Азам (Ханафи) аалымдарынын пикиринде, саясий терс кырдаалга себеп болбоо үчүн, мусулмандардын биримдигин, ынтымагын ыдыратпоо үчүн жума намазы окулган жерге мамлекет тарабынан уруксат берилиши керек. Имам Азам агымынан сырткаркы үч агым бул шартты кошпойт. Асыресе, жума намазы окулган жер элге ар дайым ачык болушу керек. Жума намазы мусулмандардын биримдигинин жышааны болгондугу үчүн кичи жамааттарга бөлүнүп, жеке үйлөрдө окулушу туура эмес. 6. Кутпа: Жума намазынын сахих болушу үчүн кутпа окуу шарт. В. КУТПА 1. Кутпанын шарттары Кутпанын толук болушу үчүн да өзүнчө шарттар бар. Алар төмөнкүлөр: а. Кутпа өз учурунда, б. Жума намазынын парзынан мурун, в. Кутпа ниети менен, г. Жамааттын алдында окулушу кажет. Кутпаны эң азынан бир киши угушу керек. д. Кутпа учурунда, же кутпа менен намаздын ортосунда намазга ылайык келбеген иштерден оола болуу керек. Маселен, тамактануу сыяктуу. 2. Кутпанын сүннөттөрү Кутпанын сүннөттөрү Азирети Пайгамбарыбыздын кутпа окушунан алынган. Андыктан буларга көңүл бөлүү керек. а. Кутпа окуй турган адамдын (хатиб) минбарга жакын жерде болушу жана жуманын алгачкы төрт ирекет сүннөтүн ушул жерде окушу б. Хатиб ички (экинчи) азанды минбарга чыгып, жамаатка бет алган калыбында угушу в. Азанды хатибдин маңдайында айтуу г. Кутпаны өйдө туруп окуу д. Кутпаны ичтен «аузу-бисмилланы» айтып, Алла Таалага хамд (шүгүр) айтуу менен баштоо. Кутпа учурунда шахадат келмесин келтирүү жана Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга салават айтуу, эң азынан бир аят окуу. ж. Элге дин Исламдын асыл дөөлөттөрү жөнүндө кеп салуу. з. Кутпаны эки бөлүккө бөлүү жана ортолорунда бираз отуруу. и. Кутпанын экинчи бөлүгүн да Аллага хамд (шүгүр) жана Пайгамбарыбызга салават айтуу менен баштоо. к. Кутпанын экинчи бөлүгүндө мусулмандар үчүн Жараткан Алладан кечирим тилөө, аларга дуба кылуу л. Кутпаны эл уга тургандай үн менен окуу. Экинчи кутпаны биринчиден бир аз төмөн үн менен окуу м. Хатибдин даараттуу болушу н. Жума намазында кутпаны окуган адамдын имамдыкка өтүшү 3. Кутпа угуунун адеп-тартиби Кутпа окулуп жатканда жамаат хатибге кулак төшөөсү керек. Бул учурда сүйлөө тахриман макирөө болуп эсептелет. Салам берүү, алик алуу, намаз окуу дагы дурус эмес. Кутпаны жамааттын тынч отуруп угушуна тоскоол болгон аракеттерди кылуу туура эмес, күнөө. Г. ЖУМА НАМАЗЫНА БАЙЛАНЫШКАН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕР Имам Азам агымы боюнча, жума намазында имам салам бергенге чейин ага уюган адам жума намазына жетишкен болуп эсептелет. Жума намазынан жооптуу болбогон адамдар (мисалы, аялдар) жума намазын окуган болсо, алар үчүн да жума намазы бешим намазынын ордуна өткөн болот. Жума намазы Пайгамбарыбыздын учурунда бир мечитте окулгандыгы үчүн, аалымдар эл отурукташкан жерде жума намазын бир мечитте окуу зарылдыгын айтышкан. Тарыхта да, бүгүнкү күнү да бул шартка кошкөңүл мамиле жасалгандыктан жума намазынын толук (сахих) болуп-болбоо ыктымалына байланыштуу «зухри ахир» деген ат менен бешим намазынын парзын окуу керектигине карата фатвалар чыгарылган. Бирок, ошону менен катар бүгүнкү күнү шаар жергесинде жума намазын бир мечитте окуу мүмкүн болбогондуктан бирден көп мечитте окуу зарылчылыгы бар. Мына ушундай зарылчылыктан улам жума намазын бирден көп мечитте окууга уруксат берилет. Жума намазынан жооптуу болбогон адамдардын жума күнү жума намазы окулган жерде бешим намазын жамаат менен окуулары макирөө болуп эсептелет. Жума намазына азан чакырылып жатканда же бүткөндө соода-сатык менен алектенүү тахриман макирөө, күнөө
🌱КМДБ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ
:جَزَاكََ اللہُُ خَیْرًا
ЖУМА НАМАЗЫ
Жума намазынын парз болгондугу Куран, Сүннөт жана Ижма далилдери менен тастыкталган.
Жума намазы Ислам дининде өзгөчө мааниге ээ болуп, Азирети Пайгамбарыбыздын заманынан бери мусулмандар тарабынан окулуп келет.
Абу Хурайрадан (разияллоху анху) риваят кылынган бир хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) мындай деген🌹
«Ар дайым күн чыгып жана батып турган күндөрдүн арасындагы эң жакшысы Жума күнү бойдон кала берет. Себеби, бул күндө Адам (алейхиссалам) жаратылды, ушул күндө ал Бейишке киргизилди жана ушул күндө андан чыгарылды. Кыямат дагы дал ушул күндө болот». (Сахиху Муслим: 854)
Жума намазынын парзы эки ирекеттен турат. Жуманын парзынан мурун, кутпага чейин төрт ирекет сүннөт окулат. Кутпадан кийин эки ирекет парз, андан соң дагы төрт ирекет сүннөт окулат.
ЖУМА НАМАЗЫНЫН ПАРЗ ЭКЕНДИГИНЕ ДАЛИЛДЕР🌹
1) Курандан🌹
«Эй ыймандуулар! Жума күнү жума намазга азан айтылган кезде, Алланы эскерүүгө шашылгыла. Бардык соода-сатык ишиңерди токтоткула! Эгер билген болсоңор бул силер үчүн эң жакшы!» (Жума сүрөсү 9-аят).
Аятта айтылган «зикир» деген сөз – бул намаз жана хутба. Экөө тең жума намазынын парз экенин билдирет.
2) Сүннөттөн🌹
Жума намазынын парз болуусу тууралуу көптөгөн хадистер бар. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) да өзү жума намазын окутчу. Бир хадисинде мындай деп айтылат🌹
«Жума намазын жамаат менен окуу, (бул төртөөнөн — кул, аял, балагатка жете элек бала жана оорулуу адамдан сырткары) ар бир мусулманга парз».
«Кээ бир адамдар, жума намаздарына көңүл буруп, аткарышат, же Аллах алардын жүрөктөрүнө мөөр басат, андан кийин алар капилетке киришет».
«Үзүрсүз жана себепсиз эле жума намазын таштаган адам, өчүрүлбөгөн жана алмаштырылбаган китепте мунафык (эки жүздүү) болуп жазылат».
А. ЖУМА НАМАЗЫ КИМДЕРГЕ ПАРЗ?
Мусулман адамга жума намазы парз болушу үчүн, төмөнкү шарттар болушу керек:
1 — Эркек болушу керек. Аялдарга жума намазы парз эмес.
2 — Эркин болушу керек. Кулдарга жума парз эмес.
3 — Ден соолугу болушу керек. Намазга барууга күчү жетпегидей даражада оорулууларга (Буту чолокторго жана шалдарга парз эмес. Эки көзү тең сокур болгондорго парз эмес) жана баса албаган кары-картаңдарга парз эмес.
4 — Жолоочу жана конок болбошу керек.
5 — Намазга барууга тоскоол боло турган үзүрү болбошу керек. Өтө катуу жааган жамгыр, кар, мөндүр, душмандан коркуу сыяктуу коркунучтуу абалдарда гана жума намазы парз болбойт.
Эгерде жума намазы парз болбогон бир адам мечитке барып, жамаат менен жума намазын окуса, бешим намазын окуган болот. Кайра бешим намазын окуусуна кажет жок.
Б. ЖУМА НАМАЗЫНЫН САХИХ БОЛУШУНУН (толук орундалышы үчүн) ЗАРЫЛ ШАРТТАРЫ
1. Убакыт:
Жума намазы жума күнү бешим намазынын убагында окулат.
2. Жамаат:
Имам Азам менен Имам Мухаммеддин пикиринде, жума намазы үчүн имамдан сырткары эң азынан үч киши болушу керек. Имам Абу Юсуфтун пикиринде, имамдан сырткары эки киши болушу зарыл.
3. Жума окулган жер эл отурукташкан жер болушу керек.
4. Мүмкүн болсо, жума намазынын бир мечитте окулушу. Эгер жамаат бир мечитке батпаса, ар кайсы мечиттерде окууга уруксат берилет.
5. Имам Азам (Ханафи) аалымдарынын пикиринде, саясий терс кырдаалга себеп болбоо үчүн, мусулмандардын биримдигин, ынтымагын ыдыратпоо үчүн жума намазы окулган жерге мамлекет тарабынан уруксат берилиши керек. Имам Азам агымынан сырткаркы үч агым бул шартты кошпойт. Асыресе, жума намазы окулган жер элге ар дайым ачык болушу керек. Жума намазы мусулмандардын биримдигинин жышааны болгондугу үчүн кичи жамааттарга бөлүнүп, жеке үйлөрдө окулушу туура эмес.
6. Кутпа:
Жума намазынын сахих болушу үчүн кутпа окуу шарт.
В. КУТПА
1. Кутпанын шарттары
Кутпанын толук болушу үчүн да өзүнчө шарттар бар. Алар төмөнкүлөр:
а. Кутпа өз учурунда,
б. Жума намазынын парзынан мурун,
в. Кутпа ниети менен,
г. Жамааттын алдында окулушу кажет. Кутпаны эң азынан бир киши угушу керек.
д. Кутпа учурунда, же кутпа менен намаздын ортосунда намазга ылайык келбеген иштерден оола болуу керек. Маселен, тамактануу сыяктуу.
2. Кутпанын сүннөттөрү
Кутпанын сүннөттөрү Азирети Пайгамбарыбыздын кутпа окушунан алынган. Андыктан буларга көңүл бөлүү керек.
а. Кутпа окуй турган адамдын (хатиб) минбарга жакын жерде болушу жана жуманын алгачкы төрт ирекет сүннөтүн ушул жерде окушу
б. Хатиб ички (экинчи) азанды минбарга чыгып, жамаатка бет алган калыбында угушу
в. Азанды хатибдин маңдайында айтуу
г. Кутпаны өйдө туруп окуу
д. Кутпаны ичтен «аузу-бисмилланы» айтып, Алла Таалага хамд (шүгүр) айтуу менен баштоо. Кутпа учурунда шахадат келмесин келтирүү жана Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга салават айтуу, эң азынан бир аят окуу.
ж. Элге дин Исламдын асыл дөөлөттөрү жөнүндө кеп салуу.
з. Кутпаны эки бөлүккө бөлүү жана ортолорунда бираз отуруу.
и. Кутпанын экинчи бөлүгүн да Аллага хамд (шүгүр) жана Пайгамбарыбызга салават айтуу менен баштоо.
к. Кутпанын экинчи бөлүгүндө мусулмандар үчүн Жараткан Алладан кечирим тилөө, аларга дуба кылуу
л. Кутпаны эл уга тургандай үн менен окуу. Экинчи кутпаны биринчиден бир аз төмөн үн менен окуу
м. Хатибдин даараттуу болушу
н. Жума намазында кутпаны окуган адамдын имамдыкка өтүшү
3. Кутпа угуунун адеп-тартиби
Кутпа окулуп жатканда жамаат хатибге кулак төшөөсү керек. Бул учурда сүйлөө тахриман макирөө болуп эсептелет. Салам берүү, алик алуу, намаз окуу дагы дурус эмес. Кутпаны жамааттын тынч отуруп угушуна тоскоол болгон аракеттерди кылуу туура эмес, күнөө.
Г. ЖУМА НАМАЗЫНА БАЙЛАНЫШКАН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕР
Имам Азам агымы боюнча, жума намазында имам салам бергенге чейин ага уюган адам жума намазына жетишкен болуп эсептелет.
Жума намазынан жооптуу болбогон адамдар (мисалы, аялдар) жума намазын окуган болсо, алар үчүн да жума намазы бешим намазынын ордуна өткөн болот.
Жума намазы Пайгамбарыбыздын учурунда бир мечитте окулгандыгы үчүн, аалымдар эл отурукташкан жерде жума намазын бир мечитте окуу зарылдыгын айтышкан. Тарыхта да, бүгүнкү күнү да бул шартка кошкөңүл мамиле жасалгандыктан жума намазынын толук (сахих) болуп-болбоо ыктымалына байланыштуу «зухри ахир» деген ат менен бешим намазынын парзын окуу керектигине карата фатвалар чыгарылган. Бирок, ошону менен катар бүгүнкү күнү шаар жергесинде жума намазын бир мечитте окуу мүмкүн болбогондуктан бирден көп мечитте окуу зарылчылыгы бар. Мына ушундай зарылчылыктан улам жума намазын бирден көп мечитте окууга уруксат берилет.
Жума намазынан жооптуу болбогон адамдардын жума күнү жума намазы окулган жерде бешим намазын жамаат менен окуулары макирөө болуп эсептелет.
Жума намазына азан чакырылып жатканда же бүткөндө соода-сатык менен алектенүү тахриман макирөө, күнөө