МАНАС АТА МУСУЛМАН БОЛГОН!!!

ЫЙМАН: Эпосто Манастын барган жеринде ыйман туурасында кеп кылганын, калайык-калкка туура жолду көрсөтүп, ыймандын манилүү экендигин билдиргенин төмөнкү саптардан көрүүгө болот:
Ынтымакка кел деди,Ла илаха илла Аллах,
Келме келтир сен деди,
Жаратканым бар да деп,
Акылыңа ил деди,
Келме шаадат келтирип,
Жатыксын кызыл тил деди.
Акырет жолу такылдыр,Акыры ыйман жакындыр,
Ал ыйманды билбеген,
Дин билбеген каапырдыр.
“Бысмылда” деген тилге кел,
Кудай жалгыз, Куран чын,
Байгамбар ак, диниң ак,
Чачып ийчи жыйганды,
Каалагын жалгыз ыйманды.
Чогулуп турган көпчүлүк,Ла илиха иллаллах,
Мухаммад расулуллах,
Келме шаадат жар кылып,
Ыйман айтып күңгүрөп,
Жалбарып жалгыз Аллага
Акка моюн сунушту,
Кетпейбиз деп ушундан,
Келме айтып канча жан,
Алар болду мусулман.
Эпостон ыймандын башка шарттарын да көрүүгө болот. Айрыкча акыреттеги жашоо (кыямат) кеңири айтылган. Манас согушка аттанар алдында чоролоруна дайыма акырет туурасында ибараттуу кеп айткан:
Ислам динин туткун деп,Ага ишенип уккун деп,
Кыямат күнү кызык деп,
Тозок оту бул оттон,
Алтымыш эсе ысык деп.Доор кыямат болгуча,
Кыйшайбай турган эл ошол.Ошондой эле ыймандын дагы бир шарты болгон периштелер:Микайил, Азрайил,
Анык ойлоп муну бил.
Биринин аты Жабрайил,
Көз көрбөгөн бу бир жел,
Ысырайыл бири дейт,- деп алардын аттары аталып өтөт.Манас эпосунун кээ бир саптарында Ислам ишениминин шарттарынын бири болгон пайгамбарларга ишенүү да орун алган жана алардын аттарын да көрүүгө болот. Мисалы: Адам, Сулайман, Нух (алайхумус салаам). Ал эми Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) жөнүндө да саптар жок эмес.
Эми эпостогу динибиз менен байланыштуу болгон кээ бир ибадаттарга токтолуп, алар туурасында айтылган саптарга көңүл бурсак:
Даарат: Эпосто да даарат алуу суу менен тазалануу экени төмөндөгүчө билдирилет:Колун сууга малынып,
Кол дааратын алынып,
Бутун сууга малынып,
Бут дааратын алынып.
“Бет алган жактан жол бер”- деп, Жаратканга жалынып.
НАМАЗ: Эпосто намаз туурасында да кеңири айтылып, кээ бир каармандардын намаз окуганы белгиленет:
Ошо кезде Кутубий,Чочуп намаз окунуп.
Алмамбет энеси Алтынайдын намаз окуп жатканын мындайча сүрөттөйт:
Жайнамазды жазданып,Кыбылага баштанып,
Көп кызыкка батыптыр.
Бусурманча энекем,
Намаз окуп жатыптыр.Каныкей Семетейге кайрылып:
Жайып койгон мечин бар,
Куптан окуп алгайсың,- дейт.Ал гана эмес Манас баатыр намаз окуп жатканда Коңурбай тарабынан жараланганы да бар.КУРМАНДЫК ЧАЛУУ: Ислам дининдеги курмандык чалуу ибадатын да Манас эпосунан көрүүгө болот:Алачыктай чоң бээни,
Арслан Кошой абакең,
Курмандыкка чалды эми.Байдын уулу Бакай кан,
Кучактап ооп жыгылды:
Айланайын Семетей ботом,
Төө энеси чар инген, ботом,
Кудайымдын жолунда, ботом,
Алып келип мууздайын, ботом.КУРАН: Исламдын ыйык китеби болгон Куран Манас эпосунда да кеңири айтылып, аны үйрөнүүгө чакырган саптарга кездешүүгө болот. Алманбет атасы Кара Ханды Ислам динине үгүттөп, мындай деп кайрылат:А дүйнө менен бу дүйнө,
Жакшылык жайын билелик.
Кулху валлоху ахад,
Куран тилин билелик.
Мекке менен бейиштин,
Ортосунан тилейлик.
Биз бусурман бололук.Жакып Бакайга мындайча кайрылат:
Ат башындай Куранды, Бакай!
Кой башындай китепти, Бакай!
Кыямат жолун турушуп Бакай!
Жылкы ичинде боз болчу, Бакай!
Манас менен кыяматтык дос болчу, Бакай!
Эпостун дагы башка жерлеринде төмөндөгүдөй саптар өтөт:Кудай жалгыз Куран чын,
Ислам дини ак деди.Бул саптарда бир эле Куран эмес, Ислам дининин негизги ишеними болгон АЛЛАХтын жалгыздыгы жөнүндө да кеп козголууда.

МАНАС АТА МУСУЛМАН БОЛГОН!!! - 857268596318

Комментарии

Комментариев нет.