Кларанын оорупкалганын коруп туруп кетип калсак болбойт го… -деген Таабалдынын созуно Капар: -Силер кызык немесинер го… бул деген Клараэкообуздун уйубуз.

Ал силерге эч ким эмес! Клара менин катыным! Рахмандын катыныэмес! Рахман башка катын алып, Клараны таштап кеткен. Бул уйдон кеткиле! Оз жашоонордукоргуло! -Макул биз уйдон кетели дейли. А бул экикичинекей балага эмне болот? -Таабалды аксакал, эгерде эки неберенизгебоорунуз оруп атса анда аларды шаарга озунор менен кошо ала кеткиле, - депКапар аларды бул уйдон кетууго ашыкты. -Сен эмне бизди оз уйубуздон куупатасын! Сен бизге акыл уйротпо! Качан кетебиз, же кетпейбиз озубуздун ишибиз. Булуй биздин уй! – деген Рахмандын Капардын созуно кыжыры келе анны шатыраты согупкирди. Экоо урушуп кетпесин деген кыязда Таабалды карыя менен Зейнеп экооортолоруна тушуп, Рахманды тыйып калышты. -Буга тенелбей эле койчу, мейли,суйлой берсин – деп Зейнеп Рахманды аркы болмого алып кетти. Ал эми Капар даызаланып онурандап, согунуп, силердин тубунорго жетем деп сыртка чыгып кетти. Эртеси Рахман райборборго Кларанынден- соолугун билип коеюун деп калды. Ал жерде Кларанын эжеси, агасы, женеси барэкен. Рахманды коруп ыраазы болуп калышты. Учурашып, ал – жайды сурашканданкийин, Рахман Кларанын жакшы болуп калганын укту. -Кам санабай эле кой, Клара жакшыболуп калды. Доктурлар инсульттун женил стадиясы деп атышат. Жакшылап дарылансаэле жакшы болуп калат дешти. Азыр реанимациядан жаны эле палатага чыкты, – дедиКларанын эжеси. Анан: -Клара экоонор ажырашып кеткенинер жаманболбодубу… Ортодо балдар да эзилип кетишти… Клара да куйутуно чыдабай минтип… Рахман унчукпай отурду да анан: -Клараны эмне кылайын деп атасынар? –деп сурады. -Ооруканадан чыкса озубуздун уйубузгоалып барып, тыныгыча карайбыз го –Анда мен эки баламды
алып кете берейин… - деди Рахман. Кларанын торкундору ага ынанышты.
Ошентип Рахман айылга келип, эртеси
куну уйду бекитип, ачкычын Кларанын торкунуно берип, баары чогуу шаарга
кетишти.
Капар алардын автобуска тушуп, шаарга
кеткенин коруп, уйуно барса эшик бек эле. Кыжыры келип, эшикти тарсылдатып,
буту менен тепкилеп кирди. Анан мал короого кирип, колуна илинээрлик бир нерсе
издеди. Ангыча ары жакта жаткан казыкты алып, анны алып кулпуку талкалап,
ургулап атыт, эшикти ачты. Анан уйго кирди да, болмолорду бир сыйра карап
чыкты. Зейнеп уйду жыйнап ирэтке келтирип койгон эле. Таптаза уйду коруп, мыйыгынан
жылмайып торку болмодо уктоочу керебетке жатты.
Кларанын кундон-кунго ден-соолугу
оноло баштады. Анча-мынча суйлоп, кыймылдап калган менен он жак бети, козу,
оозу кыйшайып калды. Доктурлар анны бара-бара кетет дешти. Ал эми Капар болсо
уйго ОЗУ кожоюун болуп, кочодогу ботолколош досторун ээрчитип келип, каалашынча
улпот куруп, конул ачып, анча-мынча оокаттарды арзан баага сатып атты. Кларага
бир да жолу басып барган жок. Кларанын торкундору да уйдун ачкычы бизде ага
Капар Кире албайт деп ойлоп, тынч жата беришти. Бир жолу, уйду бир сыйра карап
келели деп келишип, Капардын ботолколош достору, айылдын бойдок келиндери менен
конул ачып отурганынын устунон чыгышты. Алар да Капардын бул кылыгына кыжыры
келип, анны достору менен уйдон кууп чыгалы дешти. Бирок, Капар эч кимдин созун
укпай бул уй меники, эч киминердин акынар жок деп аларды уйунон согуп, сагып
сабайм деп таяк ала чуркап чыкты. Эмне кылаарын билишпей, Кларанын торкундору
айылдын участкалый милийцасына барып арыз жазышты. Бирок, ал Капар менен Клара экоо
эрди-катын болуп жашап журушконун айтып, ортолоруна кийлигише албайм деп
алардын арызынан баш тартып коюушту.
Кларанын торкундору Капардын мындай кылыгына
кыжылары келип эмне кылаар айлаларын билбей калышты. Айылдын участкалык
милициясынан пайда жок экенин билгенден кийин Кларага айткандан чочулашты. Капардын
бул кылыгын укса, Клара кайрадан ооруп калат
го дешти. Анын устуно
доктурлар да Кларанын конулун орута тургандай эч нерсе айтпагыла, эгерде дагы
экинчи жолу инсульт болсо кыйын болуп калат деп эскертишкен эле. Ошондуктан Капарды
ал уйдон кетируу учун шаардагы Рахманды чакыртуу керек эле. Ал эми Капар болсо Клара
менин мыйзамдуу, ак никелуу аялым, мен бул жерден эч жакка кетпейм деп туруп
алды. Рахманды чакыртуу Кларанын торкундору учун уят сыяктуу сезилди. Ары ойлонуп,
бери ойлонуп, акыры мейли, Кларанын башы Аман болсунчу, Капар уйду кошо сатып
жибермек беле деген тыянакка келишти.
***
Убакыт учкан куштай зымырап учу берди.
Кларанын ден-соолугу онолуп, торкундору ооруканадан чыгарып келишти. Дагы жакшылап
тынып алып, айыкканча карап туралы деп, эжеси озунун уйуно чыгарып алып, ага
жаш шорподон берип, доктурлар айткан дары менен дарылап жатты. Ооруканадан
чыгып келгенден кийин кадимкидей онолуп калган Клара:
-Кой эми мен озумдун уйумо барайын,
шаардан балдарымды алдыртып, оз оокатыбызды кылалы, - деди бир куну эжесине.
-Сен эми тигил аракеч эр соройун
менен дагы жашайсынбы же анны кетиресинби? – деп сурады дароо эле эжеси.
-Билбейм, кетирип жиберейин десем, уйго
да бир эркек болгон жакшы экен. Анын устуно мен минтип оорулуу болуп калдым. Мага
арка-жолок боло турган Адам керек. Рахмандан болсо биротоло кол жуудум, ал мага
келбейт, келсе да атасын ээрчите келет. Ал эми кайнатам экообуз батышпайбыз. Кайнатамдын
мага кылбаганы калган жок. Акыры каргап отуруп, мени ушинтип оорулуу кылды, -
деди оор ушкуруно. Эжеси да Кларанын созун коштоп, бир сыйра кайнатасын
каргап-шилеп алды.
-Ошол кайнатан Гана силердин
убалынарга калбадыбы. Эгерде кайнатан жок болсо Рахман экоонор бактылуу эле
жашамак экенсинер. Озунун эле керт башын ойлойт экен. Силерди ойлобосо да эки
небересин ойлоп койсо болмок, мейли ал какбаш каргыш тийген кайнатанды да кудай
бир куну жазалайт, - деди эжеси Клараны карап. Анан: –Капар арак ичкени
болбосо эле аябай ак конул, ичинде кымындай да арамы жок. Анын ушул сапаттары
арак ичкенин жууп кетет. Мага жардам берип, арак ичсе да караан болуп турат, -
деген Кларанын созун уккан эжесинин Жаны кашайып кетти:
-Кочуй, ошол аракечинди таштачы! Ал
аракеч жок деле жашоон ото берет. Эгерде ал сага караан болуп, чындап эле
арка-жолок боло турган болсо, анда эмне учун сага бир жолу ооруканага басып
барын ден-соолугунду сурап койгон жок. Кереги жок, андан коро биздин созубузду
угуп, дагы кеч боло электе анынды ташта – деди. Бирок Клара анны актап, Капар
менен жашайм деп туруп алды.
-Бул менин жашоом, менин жашоомо эч
киминер кийлигишпегиле. Мен силердин жашоонорго кийлигишип жатамбы? Же силерден
нан сурап жатамбы, Ким менен жашайм, анны менен эч киминердин ишинер болбосун,-
деди. Анын мындай кок бет, эч кимдин созун укпаган, озум билимчилигин жакшы
билген, торкундору айла жок бир эки сыйрадан Капарды жамандашып болуп токтоп
калышты. Кларага Капардын кылыктарын конулун оорутуп албайлы деп айтышкан жок.
Арадан эки-уч кун откондон кийин Клараны
уйуно эжеси менен женеси жеткирип келишти. Бул учурда Капар уйундо жок эле. Эшикти
зым менен бурап жаап койгон экен. Уйго кирип келгенде эле жагымсыз жыт мурунга
бурр эте тушту. Уйдун ичи ирээтсиз, чачык кир. Ар кайсы жерде арактын бош
ботолколору тоголонуп уктоочу болмодогу тошоктор уйпаланып жатканын коргон
Кларанын женеси менен эжеси мурдуларын чуйрушту. Клара эч нерсе эмес дегендей
сыр бербей уйлорун жыйнап кирди.
-Эми аракеч эрине кошулуп алып, баягыдай
арак ичпе, - деп женеси менен эжеси Кларанын кулагына куюп кетишти.
-Мен эмне келесоо болуптурмунбу,
арак ичпейм, мага ден-соолук керек, - деген Клара тигилердин айткан созуно так
секире жооп берди.
Кларанын оорукандан чыгып келгенин
коргон кошуналары анын ден-соолугун сурап кирищти. Алар аркы-беркини суйлошуп
отурушуп, Капарды да бир сыйра жамандашып, арактан козу ачылган жок деп
айтышты.
Арадан анча-мынча убакыт отпой эле,
кечке жуук Капар кызуу болуп уйго келди. Кларанын келгенин коруп,
кубанычы койнуна
батпаган адамдай тур коргозду. Клара жок жашоонун кызыгы да жок экенин, анны чындап
суйоорун айтып, бир сыйра козуно жаш алды. Анын созуно ишенген Клара ыраазы
болуп калды.
-Жаным, Сенин орууканадан Аман-эсен
чыгып келгенинди тиги аяштарыбыз укса келип калат го, бир нерсе даярдап коелу,
- деди бир топтон кийин Капар.
-Мага торкундорум бир кой союуп
беришти. Уйго барганда шорпо ичип, озунду жакшы кара деп. Андан тышкары
азык-тулуктон да беришкен. Менде дарыга деген анча-мынча эле акча бар. Ашыкча
акча жок. Анын устуно мага арк ичкени болбойт. Эгерде арак ичпей, жон эле келип
кетебиз дешсе анда мен кечкиге ысык тамак даярдап коем, - деген Кларага Капар:
-Жаным, карачы уйго сен келип
кадимкидей ырыскы тушкондой болду. Сен кеткенден бери мен ысык тамак эмне
экенин унутуп койгом. Уйдогу анча-мынча оокаттарды Сенин уруксатынсыз эле,
чай-чамек сатып ичип жашап аттым. Кечирип кой,- деди жалпалактай. Клара уйдогу
оокаттардын азайып калганын байкаган эмес. Клара Капардын айткан созуно тан кала:
-Уйдон кайсы буйум-туюмдарды
саттын?- деп сурады.
-Чочубай эле кой, ал бизге анча деле
керек эмес буюмдар, андан коро азыркы келе турган коноктордун камый ойлойлу. Озун
деле билесин, биздин аяштарыбыз, тели-тентуштарыбызга арак бузуп бербесен
болбойт. Бир ботолко арак алышыбыз керек го, - деди Капар.
-Аларага арак алганга акчам жок. Эгерде
арак алып Бере турган болсон мен аларды чакырбайм. Ансыз деле ооруп, Жаны эле жакшы
болдум. Мен экинчи арак ичпейм, анан сага дагы айтаарым, аракты коп иче турган болсон
экообуз ажыражабыз! – деп кесе айтты Клара.
Бирок Капар
Кларанын айтканын кулагынын сыртынан эле кетирди.
-Мен дайыма
эле арак ичип жатым беле. Анда-санда ичкеним Гана болбосо, кунуго деле ичпейм го
– деп актанып кирди. Бирок, арак ичип конуп калган неме, азыр да ачуудан баш тартпайт
болчу.
Капар айткандай
эле Кларанын оорукандан чыгып келгенин уккан аяштары, тентуштары бир ботолко арактарын,
анча-мынча таттуу-тамегин которуп, аны коруп, ден-соолугун сураганы
шагырап келип калышты. Адегенде Клара аларды анча суйбой, жактырбай отурду. Атугул
ысык тамак да аскан жок. Ден-соолугун сурап келишкендер Кларанын ооруканадан чыкканын
урматына ар кимиси ар кандай таттуу создорду, тостторун айтып, улам арактан ичип
отурушту. Ичтерине анча-мынча арактын градусу киргенден кийин алар кызып алышып,
оздору алып келген арактын тубуно чыгып коюушуп дагы ичкилери келип турушту. Клара
да унчукпай мисирейип арак алган жок. Акырында Капар Клараны сыртка чыгарып ары
айтып, бери айтып атып акыры бир ботолко арак алганы кондурду. Уйдогулор эми оздору
кызуу болгондон кийин Клараны да аракка кыйнай башташты. Клара башында ичпейм деп
так секирип атып акыры:
-Кичине эле ооз тийип берейин, - деп стаканды оозуна
алганда анны аягына чейин кантип ичип алганын билбей калды. Бир стаканды ичип алгандан
кийин ичи ысып, конулу кадимкидей жайланып которуло тушту. Кабагы ачылып экинчи-учунчу
стаканды да алды… ошентип отуруп алар менен тан атканча арак ичип чыкты. Анын минтип
арак ичкени Капарга майдай жагып турду. Уйдогулор тан атканча куулдоп шапар тээп,
ырдап, бийлеп чыгышты.
***
Рахман балдарын
алып шаарга келгенден бери Кларанын абалын ойлоп эч кимге билгизбей сарсанаа болуп
жатты. Канчалык конулу калып, жек корсо да балдарынын энеси эмеспи. Жамандыр-жакшыдыр
эки балалуу болгуча чогу жашашпады беле. Зейнеп деле Рахмандын Клараны ойлоп
жургонун журогу менен сезип жатты. Мейли, эгерде Клараны суйсо анда анны менен
эле жашасынчы, менин да журогуп ооруп бутту деп ойлоду. Бир куну Зейнеп
ичиндеги букту Рахманга айтууну эп корду.
Бир жолу Рахман эшиктин алдында ойноп жаткан эки
уулун карап кабагы салынкы отурганын коруп, Зейнеп жанына басып келди.
-Эмне болду сага? Мен сени менен
суйлошойун дедим эле… - деди акырын ун чыгарып Зейнеп.
-Эмне жонундо?
-Экообуз жонундо да…
–Айта бер кулагым
сенде, - депо оор ушкурунду Рахман.
-Рахман Сенин мындан ары мени менен
жашаганга конулун барбы?
-Бул эмне дегенин?
-Мен чарчадым… Коп ойлондум, Клара
экоонордун ортонорду мен бузгандай болуп, озумду куноолочу болдум. Анын устундо
Клара экоонордун ортонордо эки баланар бар. А экообуздо бала жок. Бала жок
болсо да уй-було куру кыйын экен. Сени куноолобойм, бирок, айылга барып
келгенден бери сен башкача болуп кеттин. Мумкун, Клара менен кайра жарашып,
кайра жашасамбы деген оюун барбы? – деген Зейнептин акыркы созу каргылдап чыкты.
Тамагы муунуп, козуно жаш тегерене тушту.
-Сен эмнени айтып атасын Зейнеп? Менин
Клара менен жашайын деген оюум да жок. Болгону, ортодогу балдарды Гана аяйм. Эгерде
баладарым жок болсо Клара менен бир дагы жолу жолукпайт болчумун. Сен экообуздун
ажырашуубузга эч кандай негиз жок – деди Рахман.
-Рахман чынын айтсам, мен сени, мобу
эки кичинекей балдарынды, атанды бактылуу кылайын деп болгон куч-аракетимди
жумшайм. Мен деле бир турмушту коргом. Эми сени менен бактылуу, тынч омур
сургум келет, - деп ыйлап жиберди. Рахман Зейнептин саамайынан сылап:
-Мен сени суйом Зейнеп. Сен акылдуу,
оор басырыктуу аялсын. Сени эч качан таштабайм, сени менен олуп калып эле
ажырашпасам, ажырашайын деген оюум жок – деп бетинен суйду. Анын мындай
мамилесинен Зейнеп ого бетер эркелеп ыйлап жиберди…
***
Клара тан атканча тен туштары менен
арак ичип танга жуук тошогуно жатты. Капар экоо туш оогончо укташты. Ойгонушса туш
ооп калган эле. Ордуларынан туруп ооруган баштарын, тундогудон калган арак
менен жазып алышты.
-Болду, мен экинчи арак ичпешим
керек. Откондо ооруп, жаным козумо корунуп жатканда эч качан арак ичпейм деп
озумо-озум соз бердим эле, эми минтип арак ичип алдым. Болбойт экинчи мени арак
ич деп кыйнаба, - деди Клара.
–Туура айтасын жаным, арак эч жакшылыкка алып
барбайт. Эч нерсеси жок, кочодо тентип калган аракечтерди деле коруп
журбойбузбу. Ким эле арактан жыргап кетиптир, жыргаган эч Ким жок, - деген
Капардын созуно Клара мыйыгынан жылмайып:
-Сен деле аракты аз ичпейсин. Анан башкаларга
сынтагып койгонун карасан.
-Мен Антип кочодо, арак сурап калганча ичпейм
го. Антип айтпа, эл укса эмне дейт. Чын эле мени аракеч экен деп ойлоп
калышпайбы.
-Эл Сенин аракеч экенинди ансыз деле билишет.
Кларанын бул созу Капарга каттуу тийди.
-Эненди!.. Сен мени аракеч дейсин ээ! Шуркуя! А
озун Ким болуп калдын эле! Жон койсо ти эле мени аракеч кылгысы бар!
-Болду, менин устумо куч куйо болуп кирип алып,
мага бир нерсен отуп кеткенсип суйлобо! Азыр торкундорумду чакыртчу болсом, бул
жерде чачындын бир талы да калбай калат байкушум!
Чакыртчу торкунунду чакырт! Аларды мен
откондо оозун ошту каратып согуп уйдон кууп чыккам! Сен мага рахматынды айтып
жашашын керек. Антпесе, сен ар кайсы эркектин астынды тарп болуп калбадын беле?
-Чыгып кет эшике! – деп Клара Капарга
кыжыры келип уйдон кууп чыкмакчы болуп анны жулкулдатып кирди. Бирок,
ооруканага жатып чыккандан бери Кларада мурдагыдай ал куч жок эле. Анын жулкулдатканын
Капар чымын чаккандай да коргон жок. Тескерисинче Кларанын колун кайрын ары
жакка туртуп жиберип, уктоочу болмого кирип диванга чалкалай жатып « колундан
эмне келет» дегендей шылдындап турду. Капардын мындай мамилесине Кларанын
куйбогон жери куп болуп, торкундорунун ушул аракеч куйоонду кетирбейсинби деген
создорун эстеп, ээрдин кесе тиштеп, окунуп алды.
***
Рахман акыркы кундору Зейнепке анча
конул болбой, мамилеси салкындай тушконун ОЗУ да сезди. Мурдагыдай анны эркелетип,
тамашалап ойногонун, анны менен аркы-берки жанылыктардын суйлошконун да
токтотуптур эстесе. Баягы, Кларага барып жолугуп келгенден кийин, кичинекей эки
уулун аяп, озунон-озу бук болуп атугул атасы менен да тузугуроок суйлошпой
калган. Анан минтип
Зейнептин ыйлаганын коруп, озунун ага жасаган мамилесине кыжыры келди.
Таабалды карыя копту башынан
откоргон коксо абышка эмеспи. Зейнептин акыркы кундору Суз тартып калганын
байкап, уулун куноолоду. Анан ал да Зейнеп жумушта жургон кезде Рахман менен
суйлошууну чечти. Кудай жалгап Рахман бир куну Зейнептен эртерээк келиптир.
Буга чейин Зейнептин козунчо анны менен ачык суйлошо албай жургон. Дасторкон
устундо экоо чай ичип отуруп, Таабалды карыя созун бащтады:
-Зейнеп жакшы келин. Сага ушундай
мандайы жарык, кичи пейил, адамгерчиликтуу аял туш келгенине кубансан балам.
Мына, Зейнептин азыр бул жерде козу жок, ал укпай эле койсун. Кларадан экообуз
кандай Гана кордуктарды корбодук, Клара колунан келсе мени олтургондон да
тартчу эмес. Атугул анын мени олтуром деп тамагыма да уу кошуп берип, оз энесин
жутуп алганын сага айтсам ишенбей, кайдагыны айтпачы деп койдун эле. Кайсы аял
сени карыган атан менен кичинекей эки уулун менен батырып, багып, тамагын жасап,
кир-когун жасап Зейнептей карайт. Анын конулун оорутпа балам. Кудайдын сага Берген
ырыскысын теппе. Менин торумон корум жакын. Ары карап кетсем да, Сенин Зейнеп
менен бактылуу жашап жатканынды коруп, тынч олойун. Сен мындай жакшы аялды
таппайсын. Дайыма жаркылдап кулуп турат, кабагын салбайт. Карыган кезде мага
ушундай, тынч жашоо керек. Эми акылын болсо, ушул Жаны курган уй-булонду андан
ары улап жашап кетээрсин. Акылын жок болсо, тиги Кларага кайра бараарсын, мени
жаман корбо, - деди Рахманды карап.
Зейнеп жумуштан кеч келди. Уйго келсе
Рахман тамак жасап, анны кутуп, ичпей отурушуптур. Рахмандын конулу ачык, мурдагыдай
Зейнепти иштен келгенде бетинен ооп тосуп алды. Таабалды карыя да:
-Сен келгенче тамак ичпей отурдук балам- деди
Зейнеп чын журогунон ыраазы болду. Анан:
-Мен сага жакшы суйунчу айтайын деп
келдим- деди Рахманга эркелей, мойнуна колун арта – сен жакында дагы бир балага
ата болосун. Кубанганынан Зейнепти так которуп анны айлантып эркелете:
-Сен мага кыз тороп берчи, озуно
окшогон супсулуу, акылдуу, жайдары муноз… Дагы,дагы... айта бер сенин заказынды угуп атам,-деп кулду Зейнеп.
Ушул убакта экоонон бактылуу адам жоктой сезилди.Анан Рахман Зейнептин эч кимге айтпа деген созун укпай,сыртка чыгып атасына суйунчуломой болду.
***
Клара Капар менен урушуп кеткенден кийин ага кыжыры келип,ызасын басмакка кошунасынын уйунон бир ботолко самогон сатып келип ичти.Капарга очошуп самогон ичип алган Кларанын бир заматта башы денгирей тушту.Мындан бир аз мурунураак эле Капар менен урушуп,ыйлаганын унутуп,конулу жайдары болуп калды.Уктоочу болмодо краватта чалкасынан жаткан Кларанын ыйлабай эле,кынылдап ырдаган унун угуп,сырттан кирген Капар:
-Сага эмне болду?Тагдырына ыраазы болуп ырдап калыпсын го,-"какшыктады Клараны карап"
-Мен тагдырыма дайыма эле ыраазымын.
-Капырай де,качантан бери ыраазы болуп калгансын,ыйлап эле журчу элен го!
-Эми ыйлабайм! Эркек болсон уйдон чыгып кет,катын болсон менин уйумо жугунду сураган иттей болуп келбе!-деди мисирейе.Анын айтаканына Капардын кыжыры келип,чалкалап жаткан Клараны жаактан ары уруп,адам оозуна алгыс уят создор менен ашата согуп,уйдон чыгып кетти.Клара Капардын артынан каргап-шилеп, анын аракеч экенин айтып,унулдап ыйлаган боюнча калды.
Кларанын созуно намыстанып калган Капар озунун туугандарына баруудан майнап чыкпасын билди.Анын устуно алардыкына барса эле кулак-мээсинин кужурун алып,арагынды токтотсон боло деп акыл айткандарын уккусу келчу эмес.Андан коро ботолколош досторунун уйуно барса,бир айласын таап,алар ооруп жаткан Капардын башын жазып бергенге жарашат.Капар туз эле ботолколош досторунун бири Максаттын уйуно барды.Анын да башы ооруп турган экен.Капарды коро салып,ээсин коргон иттей жойпуланып, суйуно чыга калды.Максаттын аялы Дилбар уч айлык баласы менен уйдо отурган.Эринин Капар менен кочодо турнанын коруп,экоо чогулса арак ичишээрин билип,кыжыры келе сыртка чыкты:
-Эй Максат!Уйго кирчи!-деди буюра.
-Эмне болду?
-Суйлошо турган соз бар.
-Анан суйлошобуз.
-Жок,азыр суйлошушубуз керек!-деген Дилбардын эмне себептен уйго чакырып жатканын билген Максат баргысы келбей,Капар менен суйлошуп туруп алды.Дилбардын ого бетер кыжыры келе:
-Мен билип турам,алдагы алкаш досун менен кете албай турасынбы?Кечинде эле экинчи арак ичсем,мобу балдарымдын жакшылыгын корбой,канын ичип,боор этин жеп калайын деп карганганын эсиндеби?-деди ажылдап
-Эмне ажылдайсын? Мен сага арак ичем деп атамбы?
-Эгер арак ичсен кудай сени жазалайт! Кечинде ата-энен менен карган деп урушсам,балдарыбыз менен оозанып туруп алдын.Эсинде болсун эгер арак ичсен,мобу балдарын менен карганганынды унутпа!-деди Дилбар.Анан эмне болсон ошо бол дегендей кол шилтеп,уйго кирип кетти.Максаттын кун алыс арак ичип,уйуно чан салып,оокат- кечелерин,идиштерин талкалаганы, Дилбардын кокойуно кок талкандай тийген эле.Соо кезинде Максаттан жоош,момун киши жок.Ичип алса болду,эч кимди козго илбей "баатырга" айланат да турат.Тун ортосунда мас болуп келип,балдарынын тамагын ботолколош досторуна берип,ысык тамак жаса деп Дилбарды кыйнап,ал каяша айтса когала койдой сабап,тепкилеген кундору далай болгон.
Дилбар уч баласы менен торкунуно канча жолу ажырашам деп барбады дейсин.Бирок оздору аран жетпеген жашоодо жашап атышкан торкундору Дилбарды уч баласы менен батыра алышпады.Артынан кечирим сурап,"ит болдум,куш болдум,куноо менде,кечирип кой"деп келген куйоосунун колуна торкундору Дилбарды уч баласы менен кайра эле салып берип коюшчу.Максат Дилбардын уч баласы менен торкунуно батпасын билип,баары бир менден кете албайт дегендей мамиле кылчу.Мурунку куну эле арак ичип келип,Дилбар балдары менен ыйлап,ачка отурганын коруп,Максат экинчи ичпейм деп соз берген.Эми Капарды коргондо ал создору эсинен чыгып кетти.Аялынын кашайып арак ичип албаса экен деп эскерткени да ошондон

Комментарии

  • 30 мар 2017 07:57
    сигпейт белен даагы жазчы