АТА-ЭНЕЛЕРДИН ӨЗ БАЛДАРЫНА КУРАН ОКУУНУ ҮЙРӨТКӨНҮНҮН ЖАНА КУРАН ЭРЕЖЕСИ МЕНЕН ЖАШООНУН СООПТОРУ Балдарыбызды Ислам түшүнүктөрү жана сезимдери менен жетик адам кылып тарбиялоо үчүн Куран аларга ар жактан үйрөтүүлүсү зарыл.
Балдарыбызга Куран окууну үйрөтүү менен бирге анын баалуулугун, маани-маңызын мүмкүн болушунча аларга жакшылап түшүндүрүп, жүрөгүнө ыйыктык сезим орнотуу да зарыл. Коомчулукка Курандын Ислам маданиятын куруудагы башкы ролун так түшүндүрүп, бүткүл диний илимдер менен адеп-ахлактын башаты - бул Куран экенин таанытуу керек. Илгерки атактуу ислам ойчул-окумуштуулары менен илимпоздорунун өмүрүндө Куран кандай баа жеткис рол ойногонун ылайыктуу шекилде балдарыбызга түшүндүрүп берүүгө милдеттүбүз. Табият илимдери менен философия тармагында төгөрөктүн төрт бурчуна белгилүү болгон, чыгармалары менен замандарга шоола тараткан Ибни Сина, Бейруни, Хорезми ж.б. жүздөгөн улуу илимпоздордун бала кезинен, тырмактайынан тарта Куранды жаттап чыккан соң, илим алууну баштагандарын эскертип туруу керек. Балдарга Куран окууну үйрөтүүдөн мурда эң оболу Куранды сүйдүрүү керек. Мусулман адамдын жашоосунда Курандын кандай маңыздуу да баалуу орду бар экенин мисалдар менен түшүндүрүү зарыл. Куран тарбиясын оболу Курандын беттеринен окууну үйрөтүү менен баштоо керек. Мындай Куран үйрөтө баштоодон мурда балдарыңызга Куранды сүйдүрүп, өтө баалуу, кымбат жана ыйык нерсе экендигин такай жан дүйнөсүнө орнотуңуз. Бул жөндөм үй-бүлөдөгүлөрдөн башталат. Ата-энесинин Куран окуп жатканын көргөн балдар Куран окууну бериле үйрөнүшү мүмкүн. Ар бир ата-эне өз балдарына Алла Таала тартуулаган мээрим-боорукерлик сезими менен өлөрчө күйүнөөрү белгилүү. Бирок бала тарбиясында туура эмес ыкмаларга жол бербөө, же кандайча жакшы тарбиялоо, ыймандык, адеп-ахлактык бекем ишеним негизинде элге жарамдуу урпактарды өстүрүп жетиштирүү оңой-олтоң иш эмес. Дегинкиси Жараткан Алла Тааланы, анын ыйык китеби Куранды тааныбаган, сүйбөгөн жана бул багытта тарбия ала албай калган адамдар бул өмүрдө жана акыретте далай кордукка, азапка кабылат. Жок эле дегенде мындай адамдардан урабас ишенимди, адамзатка пайдалуу иштерди, эң сонун адеп-ахлакты күтүү кыйын. Ошондуктан, балдарыбызды кичинесинен тарта Куран менен тыгыз байланышта тарбиялоонун маңызын мен мусулман деген ар бир ата-эне бекем көңүлгө түйүүбүз зарыл. Балдарына күйүнгөн ата-энелер алардын материалдык жагына эле эмес, моралдык жагына да жакшылап көңүл буруу керектигин пайгамбарыбыз (САВ) бир топ хадистеринде баса белгилейт. Айрыкча өз балдарына Куран үйрөтүүнүн ата-энелерге түбөлүк бакыт эшиктерин ачар себептердин бири экенин көрсөткөн: «Кимде-ким баласына Курандын бетинен Куран окууну үйрөтсө, өткөн жана келечектеги күнөөлөрү кечирилет. Кимде-ким баласына Куранды жаттатса, Алла Таала ал адамды кыямат күнү толгон айдай нур жүздүү кылып тирилтет. Анын баласына «оку!»деп айтылат. Баласы окуган ар бир аят аркылуу Алла Таала ата-энесинин даражасын көтөрөт да, баласы жаттаган акыркы аяттарга чейин даражалары көтөрүлө берет». Ата-энелер күнүмдүк жеңил максаттарды көздөбөстөн, өз балдарына Куран үйрөткөн болсо, акыретте бул дүйнөдөгү эч бир нерсеге өлчөгүс улуу урмат-сыйга жана соопторго жетишет. Акыретте Курандын шапаат кылаары айтылган хадистердин биринде пайгамбарыбыз (САВ) бул абалды мындай баяндайт:«Куран окуган адамдын энесине жана атасына наркы бүт дүйнө менен да өлчөнүп бүткүс эки сыйра кийим кийдирилет. Алар: «бизге булар неге кийдирилди? » деп сурашканда: « Балаңар Куранды үйрөнүп, Куранда көрсөтүлгөндөй жашагандыктан сыйландыңар» деп айтылат». Демек, Курандын арабчасын окуу эле жетиштүү эмес, аны менен бирге Куранды сүйүү, Куран акыйкаттарын коргоо жана Куранда көрсөтүлгөндөй өмүр сүрүү керек. Андыктан,Курандын арабча текстин жаттап коюу же окуп коюу менен эле чектелип калуу мусулман үчүн уят. Куран акыйкаттарын үзгүлтүксүз үйрөнүп, Куранга тыгыз байланган нурдуу жашоо үчүн күн сайын алга жылуу ар бир мусулман үчүн баш тарткыс милдет. Балдарыбызга Куран үйрөткөндө, андагы түпкү асыл эреже-мыйзамдарды үйрөтүүдөн мурда, Куранда келген пайгамбарлардын жашоо өрнөктөрүн анын түшүндүрмөлөрүнөн, котормолорунан окуп берүү керек. Ошондой эле балдарга түшүнүктүү тил менен анда келтирилген мисалдарды кайталап Куранды сүйдүрүү зарыл. Балдардын зээнин мисалдар жана аңгемелер өзүнө тартат. Андыктан бул аңгеме-мисалдар алардын эсине сакталып,жан- дүйнөсүнө аруу таасир калтырат жана алардын аң-сезим дүйнөсүн калыптандырат. Алар жакшы-жаманды пайгамбарлардын мисалы менен үйрөнөт да,Куран акыйкаттарын өз өмүрүнө сиңирүүгө даяр болот. Муну менен бирге кыска сүрөлөрдүн мазмундарын да ошол сүрөлөрдү жаттоо учурунда ылайыктуу түрдө балдарга түшүндүрө кетүү зарыл. Алар жаттаган Куран тексттеринин негизги мазмунун кошо үйрөтүү балдардын эң жакшы мусулман болуп жетилүүсүнө аябай пайдалуу. Кыскасы, арганын барынча курулай жаттатуудан сактануу зарыл. Пайгамбарыбыз(САВ) Куран кызматчыларынын ата-энелерине акыретте берилчү сыйлыктын кандай жогору болорун баяндап мындай деген: «Кимде-ким Куран окуп, ошол Курандагыдай өмүр сүрсө, кыямат күнү анын атасына кудум бир үйдүн ичинде жаркыраган күндүн жарыгынан да көркөм асыл таажы кийдирилет. Эми Куранда көрсөтүлгөндөй жашап өткөн адамдын ошондогу абалын өзүңөр ойлоп көргүлөчү! ». Бул хадисте Куран окуган жана анда көрсөтүлгөн эрежелер менен толук жашай билген чыныгы мусулман адам менен анын ата-энесине берилчү сооп жана сыйлар окшотуу шекилинде түшүндүрүлгөн. Бирок андай мусулмандын өзүнө берилчү сыйлык сүрөттөлгөн эмес да. Демейде мындай сыйлыкты ааламдагы ар кандай бир нерсеге окшотуп түшүндүрүп берүү мүмкүн эместиги туюнтулган. Куран окуу жана андагыдай жашоонун акыретте тек гана ата-энеге эмес, үй-бүлөлүк туугандарга да шапааты тийип, бейишке жол алдырат. Башкача айтканда, пайгамбарыбыз (САВ) менен кошо Куран да шапаат кылат. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай дейт: «Кимде-ким Куранды окуп, анда көрсөтүлгөндөй өмүр сүрө билсе, Алла Таала аны бейишке киргизет.Куран, Куранды окуган кишинин үй-бүлөсүндөгүлөрдөн тозокко өкүм кылынган он кишиге шапаат кылат». Психологдордун изилдөөсүнө ылайык, курсактагы кезинен баштап10 жашка чейинки аралыкта балдардын ички туюму, көмүскө аң-сезими калыптанат жана башка ар кандай тарбия-билимдер ушул негизги туюмдун үстүнө конот.Ошондуктан, баланы төрөлгөндөн тарта багыттуу, илимий тарбиялаганда демейкиден зээндүү жана жетик адам болуп өсөөрүн айтышат. Кээ бир мусулман илимпоздор ушундай тыянакка таянып, жаңы төрөлгөн баласына ай сайын бир ирет Куранды баштан-аяк угузушкан. Натыйжада беш жашка жеткенде баласы өтө кыска убакыт ичинде Курани Каримди толук жаттап алганга жетишкен. Анткени төрөлгөндөн бери ага угузулуп турган Куран баланын ички туюмуна орногон да, оңой эле жаттап бүткөн. Сүймөнчүк балдарыбызга Курандын көркөм кырааты менен баштан-аяк толук угузуп турганыбыздын пайдасы бар. Ымыркайынан тарта телевизор жарнамалары, бузукулукка чакырган фильмдер жана чакчелекей музыкалар алардын аруу сезимин, туюмун,ой-пикирин булгап, талкалабасын десек, дүйнө-акыреттик бакыттын башаты болгон Куранды бөбөктөрүбүздүн жан-дүйнөсүнө гүл бакчадай эгип, жайгаштыруубуз керек. Үй ичинде Куран окулган мезгилде, ал жерде жашагандар үчүн үй кеңейет. Периштелер пайда болуп,шайтандар качышат. Ал үй абдан берекелүү болот.
МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗДАР - ALATO.RU
:Ж Суранбайев