Табылаар деп эми бакытымды издеген, Жарты жандай жүрдүм эле мен деген. Окшоштуруп айпериге сулууну Бакытымды таптым окшойт Кербенден. Ак булутка айдай жүзүн жашырып, Ал ансайын сүйүүм күчөп албырып. Эзип барат анын көз карашы Махабатым, Кербенден мага кабылып. Сен болуп менин жазган жакшы ырым, Сулуусу сенсиң го дейм Аксынын. Өмүр суусун берип мага Ханышасы сен, бул келген бактынын. Ойлорума эми такыр тынчтык бербеген, Бакытымды таптым окшойт Кербенден. Арген Азимжанов
МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗДАР - ALATO.RU
Бакыт таптым Кербенден
Табылаар деп эми бакытымды издеген,
Жарты жандай жүрдүм эле мен деген.
Окшоштуруп айпериге сулууну
Бакытымды таптым окшойт Кербенден.
Ак булутка айдай жүзүн жашырып,
Ал ансайын сүйүүм күчөп албырып.
Эзип барат анын көз карашы
Махабатым, Кербенден мага кабылып.
Сен болуп менин жазган жакшы ырым,
Сулуусу сенсиң го дейм Аксынын.
Өмүр суусун берип мага
Ханышасы сен, бул келген бактынын.
Ойлорума эми такыр тынчтык бербеген,
Бакытымды таптым окшойт Кербенден.
Арген Азимжанов