УЙКУ БЕЗ ООРУСУ

Дарыгерлердин айтымында, учурда панкреатит, ашказан ооруларынан жапа чеккен бейтаптар өтө көп, бирок медицинада таза сакайтуу мүмкүнчүлүктөрү да жетиштүү. Бул оорулардын пайда болуш себептери, белгилери тууралуу Улуттук госпиталдагы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы терапевт-дарыгер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Болот Турусбеков кеңири айтып берди.
- Көп адамды азапка салган панкреатит оорусу тууралуу кененирээк айта кетсеңиз?
- Панкреатит - уйку безинин сезгенүүсү. Уйку безине суук тийгендегиси. Панкреатит эки түргө бөлүнөт: курч мүнөздө кармаганы жана өнөкөт панкреатит. Курч мүнөздөгү панкреатит - оор түрү. Ага көбүнчө спирт ичимдиктерин көп ичкен адамдар чалдыгат. Аракты көп ичип, анан майлуу тамакты, айрыкча малдын майын жеген адамдарды бул дарт эртеби-кечпи тооруйт. Анткени, уйку безинин көлөмү чоңоюп, иштөөсү бузулат.
- Панкреатиттин курч түрүнө чалдыккандардын өлүмгө учураганын да угуп калабыз?
- Оор түрдөгү панкреатит өз бас­кычтарына жараша да ар кандай түргө бөлүнүп кетет. Мында уйку бези шишийт. Ашказан туштан тартып белге чейин оорутат. Дене табы көтөрүлүп, адам кара терге түшүп кусат. Ичи дыңкыйып көбөт. Өпкө, жүрөк жана башка органдарга да терс таасирин берет. Дарт нерв талчаларына жеткенде өнөкөт түрүнө өтөт. Медицина тилинде бул "омертвения" же "некроз" делет. Кыргызча айтканда, уйку безинин ткандары өлүп, жөн эле картка айланат. Керектүү ферментти бөлүп чыгарбай калат. Убагында жардам албаса, өнөкөт панкреатит акыры уйку безинде залалдуу шишикти (ракты) пайда кылат.
- Өнөкөт панкреатитти ичкиликтен башка дагы эмне пайда кылат?
- Дагы бир себеби - ар түрдүү инфекция. Алар дагы уйку безинин сезгенишине алып келет. Ичтеги же башка органдардагы инфекция уйку безине жетсе, панкреатитке алып келиши мүмкүн. Өтүндө ташы бар адамдар да панкреатитке чалдыгышы мүмкүн. Себеби, прис­туп болгон сайын ал уйку безинин суюктук иштеп чыгаруусуна терс таасирин тийгизет. Бул акырындап, жогоруда айткан панкреонекрозду пайда кылат. Башаламан, кургак азыктар менен тамактануу же көпкө чейин ачка жүрүп, анан өтө тоюп алуу да коркунучтуу. Мисалы, азыр көчөдө фаст-фуд деген неме пайда болду. Балдардын көбү эртең менен сабакка ачка кетет дагы, түштө гамбургер, хот-дог - ушуга окшош башка нерселерди жеп, артынан кола ичкенин көрөм. Бул азыктар ден соолукка зыян экени айтылып эле жүрөт. Андыктан ата-энелер балдарынын тамактануусуна да көз салса дегим келет.
- Уйку бези уйкуга да таасир береби?
- Эч кандай таасир бербейт. Уйку бези деп туура эмес аталып калган. Уйкусу бузулса, "уйку безим ооруп жатат" деп кайрылгандар бар. Бул туура эмес. Уйкудан калуу нервге же башка ооруларга байланыштуу.
- Панкреатитти чөп-чардын жардамы менен дарыласа болобу?
- Тилекке каршы, бул өз алдынча дарылаганга баш ийбеген оору. Панкреонекрозго өз учурунда операция жасап тазалаганда гана адам өмүрүн сактап калууга болот. Жеңил түрүн операциясыз, диета менен айыктырса болот. Бир жолу приступ болгон адам өзүнүн "дозасын" ичип бүткөнүн түшүнүп, обурун тыйышы керек.
Табигый алоэ вера Уйку безге жардамы миндин бири.
Кенен маалымат алыш учун вотсап номерге жазсаныздар болот:+7-925-223-28-27

УЙКУ БЕЗ ООРУСУ - 864727685881

Комментарии

Комментариев нет.