~ УБАКЫТ ~

АЯТ: ( Ак-караны) ажыратуучу кун чындыгында белгиленген убакыт эле(Набаа;17).
ХАДИС: Адамдардын кобу барктабаган эки жакшылык бар.Алар - ден соолук жана бош убакыт(Бухари, Рика,3).
ОКУЯ: Убакыт келди!
Жунайд Багдади олуя элге илим уйротуу максатында дилмаек-сукбат куруп турууга бел байлайт.Жунайд Багдадинин сукбатына кыска убакыттын ичинде адамдар агылып келе баштайт.Кундордун биринде христиан , бирок сыртынан христиандарга окшобогон жаш улан Жунайд Багдадинин сукбатына келип: - Эй, устат!Азирети Пайгамбар " Момун-мусулмандын парасатынан (назарынан ) корккула!Анткени ал Аллахтын нуру менен карайт" - деп айткан.Мунун кандай тушунсок болот?
Жунайд Багдади бир саамга унчукпай туруп калат.Андан сон башын которуп : - Мусулман бол!Мусулман боло турган убактын келди, - дейт.Жаш улан Багдадинин озунун мусулман эместигин баамдаганын билип, дене- боюн калтырак басып, ошол замат мойнундагы крестин жулуп жерге таштайт да , ошол жерден мусулман болот.
Ошентип, Жунайд Багдади олуя Жараткандын уруксаты менен жаш уландын христиан болгондугун жана анын ыйман келтирууго убактысы келгендигин билип, эки кереметти бирдей корсотот.
📕 "Бир кунго бир аят, бир хадис, бир окуя" китебинен.

Комментарии

Комментариев нет.