(Романдан үзүндү) "Пресс Хата" Бир күнү Рысбек жумушуна кетип бараткан апасын колунан кармап токтотуп, маанилүү бир сөзү бардай сабырдуу карап туруп, минтти: - Апа, каршы болбосоңуз, менин жашыл спорттук шым-күрмөм бар го, анан да күрөң свитирим?.. Ошону жетим балдардын бир-экөөнө берип коюңузчу? - кантсе да бала эмеспи, баштапкы сабырдуулугун жогото, (каршы чыкпасын дегени го) шашкалактай сүйлөдү: - Апа, Мен кийгим келбейт бул кийимдерди. Меники экиден-үчтөн эмеспи... Ошолор кийсинчи, алардыкы жок да, макулбу апа? Уулунун боорукерлигине ичи жылый, көзүнө жаш имериле: - Макул балам, берип коеюн,- деп жиберген апасы шашкалактап. Өтүнүчүнүн токтоосуз аткарылганын билгизбөөгө аракетенип, каракүчкө кабагын бүркөп, эшикке атып чыгып кеткен. Ушундай кызык бала! Көктүгү ашкере. Түнт десе да болчудай аны. Антейин десең, айрым мезгилдерде маал-маалы менен ич дүйнөсүндөгү удургуган кыялдын кесепетиненби, не, тобокелчиликти сүйгөн тайманбас мүнөзүнөнбү, кээде мугалимдерди, өзү менен бирге окуган классташтарынын оозун ачтырууга чейин барган иштерди жасап, анан кайра кабагым-кашым дебей басып кеткен учурлары болгон. Бешинчи класстын окуучусу болуп туруп, өзүнөн үч жаш улуу, жогорку класстын окуучусу менен таймаша кеткеничи? Чыр эмнеден чыкты? Рысбек менен бир класста окуган, момурайган, бир жоош бала боло турган. Экөөнүн үйлөрү жакын болгондуктан, дайыма бирге кетишчү-сабак аяктагандан кийин. Ошол жоош баланын туулган күнүнө атасы сатып берген кооз кемер курун сегизинчи класста окуган- дулдуйган кара бала тартып алып коюптур. Анысы аз келгенсип, какыс-кукус кылып ыйлатыптыр. Сабак бүткөн мезгил болчу. Рысбек караса, терезенин түбүндө тигил бала ыйлап турат. - Марс, сага эмне болду?-Рысбек жакындай берип сурады. - Курумду тартып алды. Баягычы?.. Атам сатып берген... Талашсам, урду. - Ким? - Тетигине... Кетип баратпайбы- терезени нускап көрсөттү бала. Мырзабекчи? - Ыйлаба, азыр алып берем куруңду. - Сенби? - таң калгандай көзү алайды Марстын,- Ал бизден чоң да?! - Көрөбүз... Ме?.. Менин сумкемди алып келе берчи, мен тигини токтотоюн. Рысбек сыртка чуркап чыкты. Андан ары күтүлбөгөндөй иш болду. Башы тигинин ийнинен келген кичүү класстын окуучусу өзүнөн алда канча улуу, бойлуу Мырзабекти жолдон токтотуп, омуроолоп турат: - Сен алдың беле Марстын курун? - Мен алгам. Эмне болуптур? - Алсаң, бер!.. Аны атасы туулган күнүнө деп сатып берген. - Сатып берсе, демек, эми меники... Тур жолдон!.. - Сен курду кайтармайынча, мен жолуңдан кетпейм. Сыйың менен бер! - Омей, муну кара?.. Молокосос!.. Бир чети үнүнөн таң калышы билинген бала алдында колун курткасынын чөнтөгүнө салып, ишенимдүү турган кичинекей балага карады: - Бербей койсом, эмне кыласың? - Тартып алам. - Сенби? - Мен. - Ах! Молокосос!.. - кичине баланын кулагынан, мурдунан биртике чоюп, сес көрсөтүп коеюн дегичекти болбой, андан аркы окуя ал үчүн чагылгадай тездик менен өттү: бир кезде, жер көзүнө аңтарылып, астын-үстүн болуп барып, бир жак ыптасы менен жерге катуу урунгандыгын элдир-селдир билет. Көзү караңгылай түштү. Ордунан турайын дегиче майда балдардын күлкүсүн укту. Ошондо гана өзүн тигил кичинекей бала көтөрүп урганын билди. "Ах, молокосос, азыр сага көрсөтөм! Турсам эле көрөсүң!" Кайрадан жер астын-үстүн. Эртеси бул окуя мектепке дуу дей түштү. Таң калаарлык. Бир гана мектепте иштегенине бир жыл толо элек дене тарбия мугалими гана сырдуу жылмаят. Дене тарбия сабагынан бөлөк, күрөш боюнча секция ачкан. Мындан жарым жыл мурун бой, күч жагынан теңтуштарынан анчалык айырмаланбаган "Ооба", "Бар", "Жок" дегенден башканы айтпаган тестиер спорт залына, күрөш боюнча машыгууга келген. Тестиердин аты Рысбек экен. Тренер Рысбекке өзгөчө назарын бурду. Рысбектин серпилгич темирдлей ийкемдүү денеси, оң-сол реакцияны айттырбай сезе билген жөндөмдүүлүгү, жеңил басыгы тренердин назарын бурду. Балбандын колдоно турган ыкмасы "Мельница!" Кийинки кезде негедир Рысбектин машыгуу учурунда тез эле чарчап калганын тренер байкап жүргөн. - Колдоруң талып жатабы?- тыныгуу учурунан пайдаланып тренер Рысбектен сурады. Тестиер "Жок" дегендей башын чайкады. - Анда эмнеге, мурдагыга караганда тез чарчап калыбатасың? Бир жериң ооруп жүрөбү, же, үйдөн оор жумуш жасап жатасыңбы? Калп айтууну билбеген бала саамга ойлонуп туруп, чынын айтты: - Үйдөн да машыгып жатам, темирлер менен...
КӨЛДҮКТӨР
:Таалай kg
Мелис Макенбаев
(Романдан үзүндү)
"Пресс Хата"
Бир күнү Рысбек жумушуна кетип бараткан апасын колунан кармап токтотуп, маанилүү бир сөзү бардай сабырдуу карап туруп, минтти:
- Апа, каршы болбосоңуз, менин жашыл спорттук шым-күрмөм бар го, анан да күрөң свитирим?.. Ошону жетим балдардын бир-экөөнө берип коюңузчу? - кантсе да бала эмеспи, баштапкы сабырдуулугун жогото, (каршы чыкпасын дегени го) шашкалактай сүйлөдү:
- Апа, Мен кийгим келбейт бул кийимдерди. Меники экиден-үчтөн эмеспи... Ошолор кийсинчи, алардыкы жок да, макулбу апа?
Уулунун боорукерлигине ичи жылый, көзүнө жаш имериле:
- Макул балам, берип коеюн,- деп жиберген апасы шашкалактап.
Өтүнүчүнүн токтоосуз аткарылганын билгизбөөгө аракетенип, каракүчкө кабагын бүркөп, эшикке атып чыгып кеткен. Ушундай кызык бала! Көктүгү ашкере.
Түнт десе да болчудай аны. Антейин десең, айрым мезгилдерде маал-маалы менен ич дүйнөсүндөгү удургуган кыялдын кесепетиненби, не, тобокелчиликти сүйгөн тайманбас мүнөзүнөнбү, кээде мугалимдерди, өзү менен бирге окуган классташтарынын оозун ачтырууга чейин барган иштерди жасап, анан кайра кабагым-кашым дебей басып кеткен учурлары болгон. Бешинчи класстын окуучусу болуп туруп, өзүнөн үч жаш улуу, жогорку класстын окуучусу менен таймаша кеткеничи? Чыр эмнеден чыкты? Рысбек менен бир класста окуган, момурайган, бир жоош бала боло турган. Экөөнүн үйлөрү жакын болгондуктан, дайыма бирге кетишчү-сабак аяктагандан кийин. Ошол жоош баланын туулган күнүнө атасы сатып берген кооз кемер курун сегизинчи класста окуган- дулдуйган кара бала тартып алып коюптур. Анысы аз келгенсип, какыс-кукус кылып ыйлатыптыр. Сабак бүткөн мезгил болчу. Рысбек караса, терезенин түбүндө тигил бала ыйлап турат.
- Марс, сага эмне болду?-Рысбек жакындай берип сурады.
- Курумду тартып алды. Баягычы?.. Атам сатып берген... Талашсам, урду.
- Ким?
- Тетигине... Кетип баратпайбы- терезени нускап көрсөттү бала. Мырзабекчи?
- Ыйлаба, азыр алып берем куруңду.
- Сенби? - таң калгандай көзү алайды Марстын,- Ал бизден чоң да?!
- Көрөбүз... Ме?.. Менин сумкемди алып келе берчи, мен тигини токтотоюн.
Рысбек сыртка чуркап чыкты. Андан ары күтүлбөгөндөй иш болду. Башы тигинин ийнинен келген кичүү класстын окуучусу өзүнөн алда канча улуу, бойлуу Мырзабекти жолдон токтотуп, омуроолоп турат:
- Сен алдың беле Марстын курун?
- Мен алгам. Эмне болуптур?
- Алсаң, бер!.. Аны атасы туулган күнүнө деп сатып берген.
- Сатып берсе, демек, эми меники... Тур жолдон!..
- Сен курду кайтармайынча, мен жолуңдан кетпейм. Сыйың менен бер!
- Омей, муну кара?.. Молокосос!.. Бир чети үнүнөн таң калышы билинген бала алдында колун курткасынын чөнтөгүнө салып, ишенимдүү турган кичинекей балага карады:
- Бербей койсом, эмне кыласың?
- Тартып алам.
- Сенби?
- Мен.
- Ах! Молокосос!.. - кичине баланын кулагынан, мурдунан биртике чоюп, сес көрсөтүп коеюн дегичекти болбой, андан аркы окуя ал үчүн чагылгадай тездик менен өттү: бир кезде, жер көзүнө аңтарылып, астын-үстүн болуп барып, бир жак ыптасы менен жерге катуу урунгандыгын элдир-селдир билет. Көзү караңгылай түштү. Ордунан турайын дегиче майда балдардын күлкүсүн укту. Ошондо гана өзүн тигил кичинекей бала көтөрүп урганын билди. "Ах, молокосос, азыр сага көрсөтөм! Турсам эле көрөсүң!" Кайрадан жер астын-үстүн.
Эртеси бул окуя мектепке дуу дей түштү. Таң калаарлык. Бир гана мектепте иштегенине бир жыл толо элек дене тарбия мугалими гана сырдуу жылмаят. Дене тарбия сабагынан бөлөк, күрөш боюнча секция ачкан. Мындан жарым жыл мурун бой, күч жагынан теңтуштарынан анчалык айырмаланбаган "Ооба", "Бар", "Жок" дегенден башканы айтпаган тестиер спорт залына, күрөш боюнча машыгууга келген. Тестиердин аты Рысбек экен. Тренер Рысбекке өзгөчө назарын бурду. Рысбектин серпилгич темирдлей ийкемдүү денеси, оң-сол реакцияны айттырбай сезе билген жөндөмдүүлүгү, жеңил басыгы тренердин назарын бурду. Балбандын колдоно турган ыкмасы "Мельница!"
Кийинки кезде негедир Рысбектин машыгуу учурунда тез эле чарчап калганын тренер байкап жүргөн.
- Колдоруң талып жатабы?- тыныгуу учурунан пайдаланып тренер Рысбектен сурады. Тестиер "Жок" дегендей башын чайкады.
- Анда эмнеге, мурдагыга караганда тез чарчап калыбатасың? Бир жериң ооруп жүрөбү, же, үйдөн оор жумуш жасап жатасыңбы?
Калп айтууну билбеген бала саамга ойлонуп туруп, чынын айтты:
- Үйдөн да машыгып жатам, темирлер менен...