Аскаттын айласы кетти.Эгер чындап эле боюнда болгон болсо анда аны боюнан алдыртып кое албайт.Кудай алдында күнөөгө баткысы келбейт.Мейли сүйгөнүнөн айрылсын,мейли дини башка адам болсун эмне болгон күндө да бойдон алдыруу чоң күнөө экени талашсыз.Эки күн үйдөн чыкпай ойлонду.Назиктин, Азаматтын чалууларына да жооп бербей жатты.Бир чечим чыгарыш керек болчу.Анан Назикке дем алыш күнү бети-башын түздөп алып өтүп барды. -Салам-деди Аскат суз гана. -Салам,эмне маанайың жок?-деген Назик Аскатты суроолу карады. -Назик? -Оув -Эки күн ойлондум,акыры айтууну туура көрдүм... -Эмнени?-деген Назиктин жымшыйган коздөрү чоң болуп ачылып кетти. -Сураныч,сөзүмдү бөлбөй тур-деди да Назикти өзүно тартып пешенесинен аяр өбүп койду. -Макул...-деген Назик Аскаттын айткан сөздөрүн кунт кое угуп олтурду.Бирде көзү чоң ачыла,бирде кабагын бүркөй бир башкача болуп жатты. -Мына ушундай шириним... Мени кечир...-деген Аскат жер карады. -Ооба,дем алуу күнүм жакшы башталды...-деген Назик уккан сөздөргө дагы деле ишене албагандай күбүрөнүп алды да: -Эгер чындап эле анын (Ал кыздан атын укса да анын атынан атагысы келбеди) сенден боюнда болуп калса,ал кыздын өзүнүн сенде көңулу болсо сен аны ушул акыбалда таштап койгонуң болбос Аскат... Билбейм ай,эмне дээримди билбей турам... -А бизчи? Сенчи? Биздин алдыга койгон максаттарыбыз эмне болот Назик? -Эмне болбок эле? Менин пешенеме да бирөөнү жазгандыр... Эми биз "Биз" эмеспиз.. Максаттарыбыз болсо-деп келе жатып бир аз ойлоно түштү да-Алар эми адашкан же жөн гана айтылып калган максаттарга айланат. -Назик?! Антпечи? Көрөсүң го мен бир айласын кылам... -Эмне боюнан алдырасыңбы? Мен ойлогом сени башка деп... Көрсө... көрсө-деп келатып ыйлап жиберди.Ыйын канчалык ичке катканы менен сыртка болбой эле атып чыгып кеткенсиди. -Балким эч нерсе болбогондур Назик?...Айтпадымбы эсимде жок деп... -Андай дебе Аскат? Кылаар ишти кылып койуп эми мынткениң сага такыр жарашпайт... -дегенде Аскаттын оозунан бир да сөз чыкпай калды.Туура айтат Назик.Ага коз агыткан,аны тымызын каалаган өзү эмей ким? Анын үстүнө бир төшөктө энеден туума жылаңач ойгонгон болсо.Түнү менен оюндагы ишин кылбай эшек такалады дейсиңби? Кызык,эмнеге эсиме эч нерсе келбей жатат? Мурда-кийин деле анча-мынча ичип жүрүп мынчалык эс-учунан кете мас болгон эмес элем го? деп ойлонуп жатты Аскат. -Жакшы кал-деген Назиктин үнүнөн гана селт эте чочуп алды да аны карай: -Сен кайда? Дагы качан жолугабыз?-деди -Үйгө! Жолукпайбыз эми.... Кош бол-деди да артын карабаган бойдон кете берди.Аскат да анын артынан бара албай ошол турган жеринде кала берди. Ошол жерде бир аз ойлонду да Азаматка чалды.Азамат шаардын башка жагында жумуштары менен жүргөнүн айтып кааласа ошол жакка келе берүүсүн билгизди.Илкий баскан Аскат элдер жыйкжыйма толгон метрого түштү да бир чекитти тиктеген бйодон Азамат жүргөн тарапка баратты. -Эми эмне кыласың?-деди Азамат Аскаттын жанакы эле Назик менен болгон сөзүн угуп бүтүп. -Билбейм...-деген Аскат ооз уучунан гана жооп берди. -Кантип эле? Мен эч түшүнө албай турам дос... Кантип эле бир түндө боюна бүтүп калсын? Анын үстүнө мас болсоң... Анан дагы ал айтып жаткан кызың бир байдын кызы болсо сенден ага эмне керек? -Билбейм... -Ал менен жолуктуңбу озү? -Жок... -Жолугуп сүйлөшүп,аныгын бил да биринчи... Балким бул жерде бир сыр жаткандыр... -Билбейм... -Эов... Сенин бул билбеймиң менен эч нерсе бүтпөйт... Бир жолу эле тиги эч жакка ага албаган же бара албаган көлчүккө (Жолдун боюнда ар жерде кардан ээрип көлчүк болуп калган кардын эритиндилерин көргөздү) бир ордуңда олтура бербей кыймылдасаң дос... -Эмне кылышты билбей калдым дос-деген Аскат Азаматты бечара адамдай карап койду. -Азыр озүңдү колго аласың да тигиниңе (Орус кызды айтып жатат) чаласың.Анан ал менен жолугуп эмне болгонун дагы бир жолу аныктайсың. -Айтты го өөткөндө эле "Баары болду" деп. -Мен тиги боюна бүтүп калган сөз тууралуу айтып жатам дос. -Ммм-деген Аскат дагы унчукпай олтуруп калды. -Жүрчү мен сени менен барайын-деген Азамат бирөөгө чалды да "Жумушум чыгып калды өзүңөр бүтүрө бергиле" деп туруп жооп күтпөй эле телефонун өчүрүп Аскатты карап калды. -Каякка?-деген Аскат досун түшүнө албай турду. -Тигиниңе да.Көргөзчү мага ошонуңду.Кандай кыз болуп кетти экен сенин башыңды айланткан. -Эч ким менин башымды айланткан жок-деген Аскаттын жини келип кетти. -Аа болуптур болуптур... Сени жакшы көрүп калган деп койойунчу-деген Азамат жылмайып койду.Аскат менен Азамат Веранын үйүнө келишти.Телефондо эле анын үйдө экенин уккандыктан Аскат Азаматты "Туруп тур,мен азыр" деп койуп түз эле үйүнө көтөрүлүп барды.Вера жалгыз эмес экен.Өзүнө окшогон үйүнө көп келчу курбусу бар экен жанында.Эч нерсе деле сурай албады.Курбусу Аскат менен таанышканча эч жакка кетпей олтуруп алды.Аскаттын кайдан болоорун сурады,үйлөнгөн- үйлөнбөгөнүн сурады.Бир сааттай олтургандан кийин Аскат башка күну келүүнү ойлонуп кетүүгө камаданып калганда тиги экөө да бир жакка бара жаткандыктарын айтып Аскат менен чогуу чыгышты.Чынында эле экөө үйдүн алдында турган Веранын машинасына олтурушту да бир жакка кетип калышты." Жеткизип коелубу?" деген алардын сунушун четке каккан бойдон Аскат эки жакты карап досун издеп жатты."Кетип калган окшойт" деп ойлоно баштаганда Азамат арттан келди.Азыркы экөөнүн кайсынысы экенин сурады.Кайсынысы экенин уккан соң эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн сурады.Баарын укту да эч нерсе дебей эле Аскаттын жанында бара жатты.Аскат да ойлуу,Азамат да ойлуу.Аскат го мейли,Азаматтын эмнени ойлонуп жатканы Аскатка кызыгуу жаратпады.Ушул маалда Азаматтын эмне жөнүндо ойлонуп жатканы Аскаттын түшүно да кирбейт болчу. -Азаматтын бул шаарда жүргөнүнө беш айдан өтүп калды.Эки айдай эч нерсе менен алектенбей жүрдү.Анан зээриге баштады.Бирге жашаган балдарга кошулуп түн ката кыргыздардын кафелерине барып жүрду.Кээ бир күндөрү кызыл-ала болуп мушташып үйгө келээр эле.Азамат үчүн мушташуу тулку бойго даары сыяктуудай. Кыргызстанда жүргөндө залга тынбай барып,түнкү клубдарда мушташып жүргөн болсо бул жерде андай моокумуң кана мушташа албайт экендигин билди.Себеби бир жолу полициянын убактылуу кармачу жеринде таң аткыча олтуруп чыккан эле.Эртеси гана кое беришти.Экинчи жолкусу Кыргызстанга кыстоо жолу менен кетирип жиберээрин айтып эскертип да өтүштү.Эми Азамат жалаң гана эле жок жерлерде гана мушташа алат.Эл бар жерде коркок адамдын кейпин киет да "тигиндейрээк баралы" деп жатып эл жок жерге ээрчитип келет.Жана эле Азаматтын түрүн көрүп шер болуп аткан адамдар он мүнөткө жетпей жер кучактап жатып калат.Ушинтип жүрүп өзүнчө топтолушуп жүргөн,эч жерде иштебеген кыргыз балдардан турган,өзүнчө банда болгон балдарга кошулуп калганын сезбей калды.Көбүнчөсү акча алып бербей жүргөн кыргыз эле балдардын артынан түшүп акча өндүрүп беришпесе козгө көрүнүктүү деле жумуш кылышпайт.Мына бүгүн да бир жумадан бери дарегин таппай жүргөн бирөөнү табышкан эле.Анын жумуштан чыгаар маалын күтүп ал иштеген жерди айланчыктап жүргөндө Аскат чалып калбадыбы.Ар дайым жумушу чыгып калганда каалаган убакта кетип кала алчу Азамат бул саам дагы кетип калды досу менен.Аскат үйгө кирип кетээри менен далдоораак жерге олтурду да күтүп олтура берди.Зээриккендиктен азыр жолугуп эрмектеп жүргөн кызына чалды.Бирөөсү менен сүйлөшүп бүтүп дагы бирөөсүнө чалды.Бир маалда Аскат эки орус кыз менен чыгып келди.Сүйлөшүп жатканын унутуп кое эле коштошпостон өчүрдү да тиги эки кыздын жүздөрүн телефонуна тартып алды.Азыр болсо ал экөөнүн артына түшүп Аскаттын ишин иликтеп көргүсү келди.Анын үстүнө жакында Кыргызстанга да кетип калышы мүмкүн.Аскаттын андай ишке барышына ишене албай койду.Ар дайым жети өлчоп бир кескен Аскат ошондой жеңил ойлуулукка алдырып койушу таң калыштуу эле."Менин эсимде жок" деген созүнөн кийин эле бир мандем бар экенин туйган болчу.Эртеси эле кечээ Аскат экөө келген жерге келип орус кыздын үйүн акмалап олтурду.Ал күнү аны көрө албады.Эртеси дагы жолуктура албай койду.Төрт күн дегенде үйүнөн чыгып бара жатканын көрдү.Машинасына олтурбай жөө жөнөгөңдүктөн артынан түштү.Бирок бир жерге келип жоготуп алды да үйүнө баса берди.Эртеси да ошол эле маалда келип дагы акмалап олтуруп калды.Бирок бул жолу ал кыз үйдөн телефондон бирөө менен жылмая сүйлөшө чыгып келди да машинасына олтуруп бир жакка кетип калды.Эки күндөн кийин жакынкы күндөрдө эле дос болгон бир баланын машинасы менен келди.Кечээкиге окшоп бүгүн да машинасында бир жакка бара жаткан машинанын артынан айдап илешип келе беришти,келе беришти.Бир жерге токтоду да жолдун боюнда турган кафеге кирип кетти.Эмне кылышын билбей бир аз ойлонуп олтуруп калган Азамат "Азыр чыгам" деп досуна айтты да машинадан чыгып жанакы кыз кирип кеткен кафеге кирип барды.Бир бурчта өзү акмалап жүргөн кыз жалгыз телефонун чукулап олтуруптур. Жанындагы бош столдордун бирине барып жайгашты да кофе заказ кылды.Он мүнөттөн өтүп-өтпөй жанындагы кызга дагы эки кыз келип кошулду.Телефонунун видеосун тамызды да калп эле бир нерсе көрүп жаткан адамдай болуп олтура берди.Кыздыр ар кандай ушактарды башкаларды көзгө илбей каткырып сүйлөшүп жатышты.Акыры озү акмалап келген кызга суроо узатып киришти.Орусчаны жакшы түшүнбөсө да алардын сөзүнөн Аскат бул үч кыздын спору экенин түшүнду.Көрсө тиги (Вераны айтып жатат) "Мен кааласам үйдөгү устамды да чаап алам,мейли орус эмес болсун,мейли негр болсун,мен деген оюмдагыны сөзсүз жүзөгө ашыра алган адаммын.Каааласам анын башын айлантып үйгө көчүрүп келип алам" деп мактанып койгон экен.Анда тиги эки курбусу "Колуңдан келбейт" деп намысына тийишип жатышып ортодо спор пайда болуп кетиптир.Укчу нерсесин укмак турсун видеого тартып алган Азамат үчүнчү жолу келген кофесин ичип бүттү да ордунан туруп тиги олтурган үч кыздын бет маңдайына келип "Аскат силерге оюнчук эмес спорлошкудай" деп туруп чыгып кетип калды.Үчөө Азаматты таң кала карай узатып кала беришти....-Назик тур даярдан,азыр коноктор келет?-деген апасынын эрте мененки созү Назикти таттуу уйкудан ойготту.Келгенине бир айга жакындап калса да деги эле уйкуга канчудай эмес.Москвада күнү деле түнү деле жумуштар менен алек болуп жүрүп уйкудан калып калат болчу.Сатын караса эми сегиз болуптур. -Апооов, коноктор да ушундай эрте келчү беле?-деди апасынан эркелей. Наркы бөлмөдө бир нерселерди кылып жүргөн апасы кайра Назик жаткан үйгө кирди да: -Ботом үй-пүй жыйнаштырыш керекпи? Турчу ээля жата бербей.Мынтсең эриңен токмок жеп эле күнүң өтөт го-деди жылмая. -Ооба сизге,ошон үчүн эрге тийгиче сизге эркелеп уктап-уктап алайын деп жатам да-деген Назик да күлүп койду.Назик менен апасы курбулардай сүйлөшүшөөр эле кээде.Азыр да ар нерселерди сүйлөшушө чай ичишти да үйлөрдү,короодогу нерселерди ирээттеп жыйнап жатышты.Негизи аларды чачкан деле адам жок.Ошентсе да аларды жерден ала кагып,ирээти менен койуп же башка жакка орун которуп жүрө беришти.Москвадан келгенден бери Назик ушул үйдү курчап турган короодон эч жакка чыга элек.Сырттан окуп жаткан университетине да баргысы жок.Ушул үйдө гана өзүнө эң жакын адамдар жашагандай. Ал эми бул үйдөн башка жердеги өзү тааныган,көңулү жакын адамдар жалаң гана өзүнөн бир нерсе тилеген,бир нерсе каалаган,же көңулүн оорутуп алдаган адамдар.Ошондо Аскат Назикке кылган ишин ачык айтканда бир жагынан ага ыраазы болсо бир жагынан ага капа болгон эле.Анын ошондой жеңил ойлуулугун билбептир.Кантип эле бир төшөктө жаткан адам андан наркысына барбасын?Деги эле сүйлөшкөн,сүйүшкөн кызы болуп туруп кантип кайдагы бир кыз менен чогуу олтуруп ичсин? Анан кылгылыкты кылып койуп "Менин эсимде жок" деп бетти сыйрып былтыйып олтуруп калсын? деген суроолорго дагы деле жооп таба албай келет.Кээде "Бекжандан качканым жашоодогу чоң жаңылыштыгым окшойт.Ал мындай ишке бармак эмес" деп өкүнүпда алчу болду.Ошол күндөн (Аскат экөөнүн акыркы сүйлөшкөн күндү айтып жатат) бир жумадай мурун апасы "Кызым жуучулар тынбай келип жатат.Баардыгын эле артка кайтара берсең да адамдар башкача ойлой баштайт экен.Биздин үйгө дагы бир мүчө кошуп атаң экөөбузду кубантсаң болмок" деген болчу.Аскатка капа болгон тейде эле үйгө келээри менен апасына чалды да "Апоов,биринчи эле келген жуучуларга макул боло бергиле,мен жакында барып калам" деп салганын озу да билбей калды.Эки күн үйдөн чыкпай ичтен сызып олтура берди да акыры үйдөгүлөргө кетип жатканын кабарлады.Назик үчүн эми бул жерде иштеш,жүрүш, жашаш кызыксыз болуп калган эле.Аскатты ал иши үчүн кечире да албайт болчу.Бир гана Аскатты сүйбөдү беле,ага гана жүрөгүнүн эшигин ачып берген эле го? Эмичи,эми... Абдурасул тез эле Кыргызстанга билет алып келе койду.Аскат экөө бир акыркы көрүшкөн күндөн бир жумадан кийин эле Назик Кыргызстанга кетчү аэропортто олтурду.Адатынча наушникте ырдап жаткан ырга көңүл бурбай эле ойлуу.Кыргызстанга тушөөру менен эле ошол эле жерден такси кармап айылга айдатты.Ата- энесин убара болуп тосуп албай эле койушун айткандыктан алар үйдө күтүп олтурушуптур. Мына ошентип Назик адатынча дагы качты.Мурдагысында башка себеп менен качкан болсо мунусунда таптакыр башка себеп менен качып олтурат.Деги эле дагы канча качат экен? "Биринчи эле келген жуучуларга макулдугун да бере салды.Кызынын бул кылыгына ата-энеси түшүнө албай турду.Бирок унчугушпады. Себеби Назик чет мамлекетте жүрүп келгендиктен булардын коздөрүнө чоң адамдардай, көптү көргөн адамдардай көрүнүп калган эле.Азыр болсо болочок күйөөсүнүн туугандары тойдун күнүн белгилөө,чыгымдары тууралуу жана башка нерселер тууралуу сүйлөшүш үчүн келет.Кубат бул дагы келеби же келбейби дайынсыз.Ошондо жуучу болуп келишкенде Кубат өзү машинаны айдап келген болчу.Аны шоопур бала деп эле Назик көңүл бурбаптыр.Бир топтон кийин гана апасынын айтуусу менен күйөө болчу бала ошол экенин билди.Толмочунан келген,ак жуумал жигит экенин гана байкады.Бир эки ооз сүйлөшкөнүн да билет.Бирок эмне жөнүндө сүйлөшкөнү эсинде жок.Себеби убакыт табылбай калгансып ошол маалда Аскат тууралуу ойлоп жаткан эле.Байкуш издеп убаралынып жатса керек Москвада.Эч кимге өзу жөнүндө эч нерсе айтпоону да тапшырышты унутпаган болчу.Бир гана сыр сактай албаган Наргизага ишенүү кыйын.Аскатты го билбейм бирок Азамат андан каалаган созүн угуп алышы талашсыз болчу... Ооба күткөңдөй эле бул саам да Кубат машинасын айдап келди.Өөткөндө бир аз тайсалдап жакшы сүйлөй албай жаткан жигит бүгүн өзүнчө эле башкача.Ата- энелер үйдүн ичинде олтурушканда Кубат очок боюнда тамак кылып жүргөн Назикке келди.Ал акыбалды сурады.Бир эки жолу тамашаламыш болду.Бирок Назиктин жүзүно чын жүрөктөн жылмайуу такыр жолобой туруп алды.Эгер ушул эле тамашаны Аскат же Азамат айтканда ичин тырмай каткырмак.Бирок Назик калп эле күлүмүш болуп ишин жасай берди.Же мунусу нары үйгө киргидей түрү жок.Мактанчаак дагы экен.Кечээ машинасында бара жатып бирөө менен жол талаша кеткенинен бери айтып жатты.Кызык, Назикке алардын эмне кызыгы бар? Андан көрө Назикке каралашып жардам бербейби? Же,жок дегенде кайсы жерде окуурун,келечекте ким болгусу келгенин сурабайбы? Же эмне Назик тууралуу маалыматты алда качан алып болгонбу?.. -Той да белгиленди. Эки жумадан кийин боло турган тойго катуу даярдык башталды.Колунда бар адамдар окшойт Назикти үйдөн,ата-энесинин алдынан алып кете турган болушуптур. Назик өзү келгенде эле апасына берип койгон акчасы да кыз узатууга кетчү чыгымдын теңинен кобүн жабып калат экен.Апасы Назикке Кубаттын жакпай калганын туйса да унчукпады.Туура кылат,себеби Назиктин курагындагы кыздар алда-качан турмушка чыгып азыр бала жытын искеп калышты.Кайненеге кантип жагышты,кайсы жерде кандай кылып жүрүштү,кимди кантип атоону,кимге жүгүнүүнү деги эле койчу баардык ырым-жырымдарды, милдеттерин айтып жатты.Атасы болсо унчукпайт.Убакытты канчалык созбосун,канчалык анын өтүшүн каалабасын бир жума тез эле өтүп кетти.Шаардан эжеси да келишти.Эжеси ооз учунан Бекжан жөнүндө сурамыш болгону менен анчейин деле эч нерсе деген жок."Бул тагдыр сиңдим" дегенге гана жарады.Бирок Назиктин кайсы бир ойлору,кайсы бир каалоосу ушул тапта Аскатты көрүүгө,аны менен сүйлөшүүгө суусап жатты.Өзүн эч нерсе өспөгөн чөлдөгү адашып чыгып алган жапжалгыз кызыл гулдөй элестетип,ошол эле маалда бир күн келип баары бир куурап калышын сезген,ошентсе да асмандан жамгыр тилеген бир назик гүлдөй сезип жатты.Ошол эле жамгырга кошула жааган,өзүнө тийбесе да жанындагы нерселерге пайдасы же зыяны тийген Аскаттын достору Бекжанды,Азаматты да көргусү келип жатты.Аскат белек кылган күндөлүккө ар күнү кечинде олтуруп алып аны сагынганын, көргүсү келгенин,бирок аягында ага сөссүз капа экенин унутпай жазып жүрду.Мына үч күн калды.Бугүн базарга барып кийим-кечек кылып келишти.Башкаларчасынан үйгө келе калып эле бирден кийип чыкпай көңул кош гана кырын чыгара бүктөп туруп жакында өзү менен кетчү сумкага салып койду.Дагы бир күн өттү.Атасы-апасы күндө кечки тамактын үстүндө кудагыйлар менен телефондо сүйлөшүп тойдогу ыкыр-чыкырлар жөнүндө сурап тактагандан тажашкан жок.Бул үйдөгү баардык адамдар жакында болчу Назиктин тоюна кубанып жатса,ошол тойдун күнөөкөрү,башкы каармандарын бири Назик гана кубана албай койду.Тойго мүнөт,саат,күн жакындаган сайын Аскатка таарынып шашылыш чечим чыгарып алганын сезди.Бирок эми баары кеч эле.Кайра келген жагына кетип калып ата-энесинин жуздөрүнө көө сыйпагысы келбеди.Дагы бир күн өттү.Бул түнү уктабай таң атырды.Эрмеги жаздыгынын астындагы күндөлүгу.Жакында бул күндөлүк менен да кошошоорун сезип аны аяп жатты.Анча-мынча ал менен сүйлөшүп да коер эле.Мынакей эртеси той.Түнү менен уктабаганга Назик бүгүн ныксырап өзүнчө эле башкача болуп жүрдү.Атасы, апасы,эжеси да Назикке бул күну тийишпеди.Анын акыркы күн бул үйдүн мүчөсү болуп жаткандыгына белек кылгандай Назик эмнени кармабасын, эмнеге колун тийгизбесин аны аяп,аны кастарлап,анын бүгүн эч кандай жумуш кылбоосун кайталап айтып жатышты.Назиктин ыйлагысы келди.Мына эртеге эле озүнүн жан апасына каалагаганда эркелей албай калат.Эжеси менен ушакташа албайт.Чоочун эле бир аялды апа деп,чоочун эле эркекти ата деп үйрөнүүгө мажбур болот.Ушуларды ойлоп кыжаалат болуп жаткан Назик биринчи жолу кыз киши болуп төрөлүп калганына өкүнүп алды.Эркек адам болгон кандай сонун.Чоочун үйгө барбайсың,барсаң да ал жакта көпкө жүрбөй каалаганда баса берсең болот.Алам деген кызды эч кандай сүйүүсү,жолугуп сыр бөлүшүп көңүл алуусу жок эле жуучу жөнөтүп өзүңдүн жарың кылып алууга мүмкүнчүлүгүң бар... Кеч да кирди.Мына эртеге бул маалда Кубаттын жанында олтурган болот.Анын эртеси анын жанында ойгонот.... Ушуларды ойлоп жатканда сырттан Жолборстун (Итинин аты) үргөнү угулуп калды.Атасы менен апасы бир жакка конокко кетишкен болчу.Эжесинин да чыгып койойун деген ою жок.Бүгүн шаардан келген жездесине эркелей адатынча сериалын көрүп жатса керек.Жолборстун да жаагы басылчудай эмес.Жылуу кийинип алып сыртка абайлай чыкты.Коргондун наркы бетинде кандайдыр бир жарык козгө урунду.Машинаны жарыгыбы же фонариктен чыккан жарыкпы? деген Назик бутуна илешкен калошту (апасыныкы) илип алып дарбазага жакын басып келди.Үн чыгарбай келе жатканда өзүн Жолборсу көрө койуп эркелей куйругун шыйпаңдата калды да кайра эле үрүп кирди сыртты карап алып.Адамдардын күбүр-шыбыр үндөрү кээде угулуп жаткандыктан "Эртеңки тойго алыстан келген адамдар окшойт" деген кыязда дарбазаны этият кыла ачты да: -Кимсиздер?- деди.Он кадамдай алысыраак жерде машинанын жанында күбүрөшүп сүйлөшүп жаткан караандардын кыймылдары менен кошо эле үндөру ды тып токтоп калды.Бир караан жанындагылардан бөлүнүп бери басты.Назик үрүп жаткан итин тынчтандыра аны жонунан аяр сыйлай үрбөөсүн буюура cүйлөй озүнө келе жаткан караанды карап калды. -Назик?-деди жакыныраак келген тиги караан.
КӨЛДҮКТӨР
:Αλυμα Κααδαεβα
ДОСТОР ЖОНУНДО *17*
Аскаттын айласы кетти.Эгер чындап эле боюнда болгон болсо анда аны боюнан алдыртып кое албайт.Кудай алдында күнөөгө баткысы келбейт.Мейли сүйгөнүнөн айрылсын,мейли дини башка адам болсун эмне болгон күндө да бойдон алдыруу чоң күнөө экени талашсыз.Эки күн үйдөн чыкпай ойлонду.Назиктин, Азаматтын чалууларына да жооп бербей жатты.Бир чечим чыгарыш керек болчу.Анан Назикке дем алыш күнү бети-башын түздөп алып өтүп барды.
-Салам-деди Аскат суз гана.
-Салам,эмне маанайың жок?-деген Назик Аскатты суроолу карады.
-Назик?
-Оув
-Эки күн ойлондум,акыры айтууну туура көрдүм...
-Эмнени?-деген Назиктин жымшыйган коздөрү чоң болуп ачылып кетти.
-Сураныч,сөзүмдү бөлбөй тур-деди да Назикти өзүно тартып пешенесинен аяр өбүп койду.
-Макул...-деген Назик Аскаттын айткан сөздөрүн кунт кое угуп олтурду.Бирде көзү чоң ачыла,бирде кабагын бүркөй бир башкача болуп жатты.
-Мына ушундай шириним... Мени кечир...-деген Аскат жер карады.
-Ооба,дем алуу күнүм жакшы башталды...-деген Назик уккан сөздөргө дагы деле ишене албагандай күбүрөнүп алды да:
-Эгер чындап эле анын (Ал кыздан атын укса да анын атынан атагысы келбеди) сенден боюнда болуп калса,ал кыздын өзүнүн сенде көңулу болсо сен аны ушул акыбалда таштап койгонуң болбос Аскат... Билбейм ай,эмне дээримди билбей турам...
-А бизчи? Сенчи? Биздин алдыга койгон максаттарыбыз эмне болот Назик?
-Эмне болбок эле? Менин пешенеме да бирөөнү жазгандыр... Эми биз "Биз" эмеспиз.. Максаттарыбыз болсо-деп келе жатып бир аз ойлоно түштү да-Алар эми адашкан же жөн гана айтылып калган максаттарга айланат.
-Назик?! Антпечи? Көрөсүң го мен бир айласын кылам...
-Эмне боюнан алдырасыңбы? Мен ойлогом сени башка деп... Көрсө... көрсө-деп келатып ыйлап жиберди.Ыйын канчалык ичке катканы менен сыртка болбой эле атып чыгып кеткенсиди.
-Балким эч нерсе болбогондур Назик?...Айтпадымбы эсимде жок деп...
-Андай дебе Аскат? Кылаар ишти кылып койуп эми мынткениң сага такыр жарашпайт... -дегенде Аскаттын оозунан бир да сөз чыкпай калды.Туура айтат Назик.Ага коз агыткан,аны тымызын каалаган өзү эмей ким? Анын үстүнө бир төшөктө энеден туума жылаңач ойгонгон болсо.Түнү менен оюндагы ишин кылбай эшек такалады дейсиңби? Кызык,эмнеге эсиме эч нерсе келбей жатат? Мурда-кийин деле анча-мынча ичип жүрүп мынчалык эс-учунан кете мас болгон эмес элем го? деп ойлонуп жатты Аскат.
-Жакшы кал-деген Назиктин үнүнөн гана селт эте чочуп алды да аны карай:
-Сен кайда? Дагы качан жолугабыз?-деди
-Үйгө! Жолукпайбыз эми.... Кош бол-деди да артын карабаган бойдон кете берди.Аскат да анын артынан бара албай ошол турган жеринде кала берди.
Ошол жерде бир аз ойлонду да Азаматка чалды.Азамат шаардын башка жагында жумуштары менен жүргөнүн айтып кааласа ошол жакка келе берүүсүн билгизди.Илкий баскан Аскат элдер жыйкжыйма толгон метрого түштү да бир чекитти тиктеген бйодон Азамат жүргөн тарапка баратты.
-Эми эмне кыласың?-деди Азамат Аскаттын жанакы эле Назик менен болгон сөзүн угуп бүтүп.
-Билбейм...-деген Аскат ооз уучунан гана жооп берди.
-Кантип эле? Мен эч түшүнө албай турам дос... Кантип эле бир түндө боюна бүтүп калсын? Анын үстүнө мас болсоң... Анан дагы ал айтып жаткан кызың бир байдын кызы болсо сенден ага эмне керек?
-Билбейм...
-Ал менен жолуктуңбу озү?
-Жок...
-Жолугуп сүйлөшүп,аныгын бил да биринчи... Балким бул жерде бир сыр жаткандыр...
-Билбейм...
-Эов... Сенин бул билбеймиң менен эч нерсе бүтпөйт... Бир жолу эле тиги эч жакка ага албаган же бара албаган көлчүккө (Жолдун боюнда ар жерде кардан ээрип көлчүк болуп калган кардын эритиндилерин көргөздү) бир ордуңда олтура бербей кыймылдасаң дос...
-Эмне кылышты билбей калдым дос-деген Аскат Азаматты бечара адамдай карап койду.
-Азыр озүңдү колго аласың да тигиниңе (Орус кызды айтып жатат) чаласың.Анан ал менен жолугуп эмне болгонун дагы бир жолу аныктайсың.
-Айтты го өөткөндө эле "Баары болду" деп.
-Мен тиги боюна бүтүп калган сөз тууралуу айтып жатам дос.
-Ммм-деген Аскат дагы унчукпай олтуруп калды.
-Жүрчү мен сени менен барайын-деген Азамат бирөөгө чалды да "Жумушум чыгып калды өзүңөр бүтүрө бергиле" деп туруп жооп күтпөй эле телефонун өчүрүп Аскатты карап калды.
-Каякка?-деген Аскат досун түшүнө албай турду.
-Тигиниңе да.Көргөзчү мага ошонуңду.Кандай кыз болуп кетти экен сенин башыңды айланткан.
-Эч ким менин башымды айланткан жок-деген Аскаттын жини келип кетти.
-Аа болуптур болуптур... Сени жакшы көрүп калган деп койойунчу-деген Азамат жылмайып койду.Аскат менен Азамат Веранын үйүнө келишти.Телефондо эле анын үйдө экенин уккандыктан Аскат Азаматты "Туруп тур,мен азыр" деп койуп түз эле үйүнө көтөрүлүп барды.Вера жалгыз эмес экен.Өзүнө окшогон үйүнө көп келчу курбусу бар экен жанында.Эч нерсе деле сурай албады.Курбусу Аскат менен таанышканча эч жакка кетпей олтуруп алды.Аскаттын кайдан болоорун сурады,үйлөнгөн- үйлөнбөгөнүн сурады.Бир сааттай олтургандан кийин Аскат башка күну келүүнү ойлонуп кетүүгө камаданып калганда тиги экөө да бир жакка бара жаткандыктарын айтып Аскат менен чогуу чыгышты.Чынында эле экөө үйдүн алдында турган Веранын машинасына олтурушту да бир жакка кетип калышты." Жеткизип коелубу?" деген алардын сунушун четке каккан бойдон Аскат эки жакты карап досун издеп жатты."Кетип калган окшойт" деп ойлоно баштаганда Азамат арттан келди.Азыркы экөөнүн кайсынысы экенин сурады.Кайсынысы экенин уккан соң эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн сурады.Баарын укту да эч нерсе дебей эле Аскаттын жанында бара жатты.Аскат да ойлуу,Азамат да ойлуу.Аскат го мейли,Азаматтын эмнени ойлонуп жатканы Аскатка кызыгуу жаратпады.Ушул маалда Азаматтын эмне жөнүндо ойлонуп жатканы Аскаттын түшүно да кирбейт болчу.
-Азаматтын бул шаарда жүргөнүнө беш айдан өтүп калды.Эки айдай эч нерсе менен алектенбей жүрдү.Анан зээриге баштады.Бирге жашаган балдарга кошулуп түн ката кыргыздардын кафелерине барып жүрду.Кээ бир күндөрү кызыл-ала болуп мушташып үйгө келээр эле.Азамат үчүн мушташуу тулку бойго даары сыяктуудай. Кыргызстанда жүргөндө залга тынбай барып,түнкү клубдарда мушташып жүргөн болсо бул жерде андай моокумуң кана мушташа албайт экендигин билди.Себеби бир жолу полициянын убактылуу кармачу жеринде таң аткыча олтуруп чыккан эле.Эртеси гана кое беришти.Экинчи жолкусу Кыргызстанга кыстоо жолу менен кетирип жиберээрин айтып эскертип да өтүштү.Эми Азамат жалаң гана эле жок жерлерде гана мушташа алат.Эл бар жерде коркок адамдын кейпин киет да "тигиндейрээк баралы" деп жатып эл жок жерге ээрчитип келет.Жана эле Азаматтын түрүн көрүп шер болуп аткан адамдар он мүнөткө жетпей жер кучактап жатып калат.Ушинтип жүрүп өзүнчө топтолушуп жүргөн,эч жерде иштебеген кыргыз балдардан турган,өзүнчө банда болгон балдарга кошулуп калганын сезбей калды.Көбүнчөсү акча алып бербей жүргөн кыргыз эле балдардын артынан түшүп акча өндүрүп беришпесе козгө көрүнүктүү деле жумуш кылышпайт.Мына бүгүн да бир жумадан бери дарегин таппай жүргөн бирөөнү табышкан эле.Анын жумуштан чыгаар маалын күтүп ал иштеген жерди айланчыктап жүргөндө Аскат чалып калбадыбы.Ар дайым жумушу чыгып калганда каалаган убакта кетип кала алчу Азамат бул саам дагы кетип калды досу менен.Аскат үйгө кирип кетээри менен далдоораак жерге олтурду да күтүп олтура берди.Зээриккендиктен азыр жолугуп эрмектеп жүргөн кызына чалды.Бирөөсү менен сүйлөшүп бүтүп дагы бирөөсүнө чалды.Бир маалда Аскат эки орус кыз менен чыгып келди.Сүйлөшүп жатканын унутуп кое эле коштошпостон өчүрдү да тиги эки кыздын жүздөрүн телефонуна тартып алды.Азыр болсо ал экөөнүн артына түшүп Аскаттын ишин иликтеп көргүсү келди.Анын үстүнө жакында Кыргызстанга да кетип калышы мүмкүн.Аскаттын андай ишке барышына ишене албай койду.Ар дайым жети өлчоп бир кескен Аскат ошондой жеңил ойлуулукка алдырып койушу таң калыштуу эле."Менин эсимде жок" деген созүнөн кийин эле бир мандем бар экенин туйган болчу.Эртеси эле кечээ Аскат экөө келген жерге келип орус кыздын үйүн акмалап олтурду.Ал күнү аны көрө албады.Эртеси дагы жолуктура албай койду.Төрт күн дегенде үйүнөн чыгып бара жатканын көрдү.Машинасына олтурбай жөө жөнөгөңдүктөн артынан түштү.Бирок бир жерге келип жоготуп алды да үйүнө баса берди.Эртеси да ошол эле маалда келип дагы акмалап олтуруп калды.Бирок бул жолу ал кыз үйдөн телефондон бирөө менен жылмая сүйлөшө чыгып келди да машинасына олтуруп бир жакка кетип калды.Эки күндөн кийин жакынкы күндөрдө эле дос болгон бир баланын машинасы менен келди.Кечээкиге окшоп бүгүн да машинасында бир жакка бара жаткан машинанын артынан айдап илешип келе беришти,келе беришти.Бир жерге токтоду да жолдун боюнда турган кафеге кирип кетти.Эмне кылышын билбей бир аз ойлонуп олтуруп калган Азамат "Азыр чыгам" деп досуна айтты да машинадан чыгып жанакы кыз кирип кеткен кафеге кирип барды.Бир бурчта өзү акмалап жүргөн кыз жалгыз телефонун чукулап олтуруптур. Жанындагы бош столдордун бирине барып жайгашты да кофе заказ кылды.Он мүнөттөн өтүп-өтпөй жанындагы кызга дагы эки кыз келип кошулду.Телефонунун видеосун тамызды да калп эле бир нерсе көрүп жаткан адамдай болуп олтура берди.Кыздыр ар кандай ушактарды башкаларды көзгө илбей каткырып сүйлөшүп жатышты.Акыры озү акмалап келген кызга суроо узатып киришти.Орусчаны жакшы түшүнбөсө да алардын сөзүнөн Аскат бул үч кыздын спору экенин түшүнду.Көрсө тиги (Вераны айтып жатат) "Мен кааласам үйдөгү устамды да чаап алам,мейли орус эмес болсун,мейли негр болсун,мен деген оюмдагыны сөзсүз жүзөгө ашыра алган адаммын.Каааласам анын башын айлантып үйгө көчүрүп келип алам" деп мактанып койгон экен.Анда тиги эки курбусу "Колуңдан келбейт" деп намысына тийишип жатышып ортодо спор пайда болуп кетиптир.Укчу нерсесин укмак турсун видеого тартып алган Азамат үчүнчү жолу келген кофесин ичип бүттү да ордунан туруп тиги олтурган үч кыздын бет маңдайына келип "Аскат силерге оюнчук эмес спорлошкудай" деп туруп чыгып кетип калды.Үчөө Азаматты таң кала карай узатып кала беришти....-Назик тур даярдан,азыр коноктор келет?-деген апасынын эрте мененки созү Назикти таттуу уйкудан ойготту.Келгенине бир айга жакындап калса да деги эле уйкуга канчудай эмес.Москвада күнү деле түнү деле жумуштар менен алек болуп жүрүп уйкудан калып калат болчу.Сатын караса эми сегиз болуптур.
-Апооов, коноктор да ушундай эрте келчү беле?-деди апасынан эркелей. Наркы бөлмөдө бир нерселерди кылып жүргөн апасы кайра Назик жаткан үйгө кирди да:
-Ботом үй-пүй жыйнаштырыш керекпи? Турчу ээля жата бербей.Мынтсең эриңен токмок жеп эле күнүң өтөт го-деди жылмая.
-Ооба сизге,ошон үчүн эрге тийгиче сизге эркелеп уктап-уктап алайын деп жатам да-деген Назик да күлүп койду.Назик менен апасы курбулардай сүйлөшүшөөр эле кээде.Азыр да ар нерселерди сүйлөшушө чай ичишти да үйлөрдү,короодогу нерселерди ирээттеп жыйнап жатышты.Негизи аларды чачкан деле адам жок.Ошентсе да аларды жерден ала кагып,ирээти менен койуп же башка жакка орун которуп жүрө беришти.Москвадан келгенден бери Назик ушул үйдү курчап турган короодон эч жакка чыга элек.Сырттан окуп жаткан университетине да баргысы жок.Ушул үйдө гана өзүнө эң жакын адамдар жашагандай. Ал эми бул үйдөн башка жердеги өзү тааныган,көңулү жакын адамдар жалаң гана өзүнөн бир нерсе тилеген,бир нерсе каалаган,же көңулүн оорутуп алдаган адамдар.Ошондо Аскат Назикке кылган ишин ачык айтканда бир жагынан ага ыраазы болсо бир жагынан ага капа болгон эле.Анын ошондой жеңил ойлуулугун билбептир.Кантип эле бир төшөктө жаткан адам андан наркысына барбасын?Деги эле сүйлөшкөн,сүйүшкөн кызы болуп туруп кантип кайдагы бир кыз менен чогуу олтуруп ичсин? Анан кылгылыкты кылып койуп "Менин эсимде жок" деп бетти сыйрып былтыйып олтуруп калсын? деген суроолорго дагы деле жооп таба албай келет.Кээде "Бекжандан качканым жашоодогу чоң жаңылыштыгым окшойт.Ал мындай ишке бармак эмес" деп өкүнүпда алчу болду.Ошол күндөн (Аскат экөөнүн акыркы сүйлөшкөн күндү айтып жатат) бир жумадай мурун апасы "Кызым жуучулар тынбай келип жатат.Баардыгын эле артка кайтара берсең да адамдар башкача ойлой баштайт экен.Биздин үйгө дагы бир мүчө кошуп атаң экөөбузду кубантсаң болмок" деген болчу.Аскатка капа болгон тейде эле үйгө келээри менен апасына чалды да "Апоов,биринчи эле келген жуучуларга макул боло бергиле,мен жакында барып калам" деп салганын озу да билбей калды.Эки күн үйдөн чыкпай ичтен сызып олтура берди да акыры үйдөгүлөргө кетип жатканын кабарлады.Назик үчүн эми бул жерде иштеш,жүрүш, жашаш кызыксыз болуп калган эле.Аскатты ал иши үчүн кечире да албайт болчу.Бир гана Аскатты сүйбөдү беле,ага гана жүрөгүнүн эшигин ачып берген эле го? Эмичи,эми... Абдурасул тез эле Кыргызстанга билет алып келе койду.Аскат экөө бир акыркы көрүшкөн күндөн бир жумадан кийин эле Назик Кыргызстанга кетчү аэропортто олтурду.Адатынча наушникте ырдап жаткан ырга көңүл бурбай эле ойлуу.Кыргызстанга тушөөру менен эле ошол эле жерден такси кармап айылга айдатты.Ата- энесин убара болуп тосуп албай эле койушун айткандыктан алар үйдө күтүп олтурушуптур. Мына ошентип Назик адатынча дагы качты.Мурдагысында башка себеп менен качкан болсо мунусунда таптакыр башка себеп менен качып олтурат.Деги эле дагы канча качат экен? "Биринчи эле келген жуучуларга макулдугун да бере салды.Кызынын бул кылыгына ата-энеси түшүнө албай турду.Бирок унчугушпады. Себеби Назик чет мамлекетте жүрүп келгендиктен булардын коздөрүнө чоң адамдардай, көптү көргөн адамдардай көрүнүп калган эле.Азыр болсо болочок күйөөсүнүн туугандары тойдун күнүн белгилөө,чыгымдары тууралуу жана башка нерселер тууралуу сүйлөшүш үчүн келет.Кубат бул дагы келеби же келбейби дайынсыз.Ошондо жуучу болуп келишкенде Кубат өзү машинаны айдап келген болчу.Аны шоопур бала деп эле Назик көңүл бурбаптыр.Бир топтон кийин гана апасынын айтуусу менен күйөө болчу бала ошол экенин билди.Толмочунан келген,ак жуумал жигит экенин гана байкады.Бир эки ооз сүйлөшкөнүн да билет.Бирок эмне жөнүндө сүйлөшкөнү эсинде жок.Себеби убакыт табылбай калгансып ошол маалда Аскат тууралуу ойлоп жаткан эле.Байкуш издеп убаралынып жатса керек Москвада.Эч кимге өзу жөнүндө эч нерсе айтпоону да тапшырышты унутпаган болчу.Бир гана сыр сактай албаган Наргизага ишенүү кыйын.Аскатты го билбейм бирок Азамат андан каалаган созүн угуп алышы талашсыз болчу... Ооба күткөңдөй эле бул саам да Кубат машинасын айдап келди.Өөткөндө бир аз тайсалдап жакшы сүйлөй албай жаткан жигит бүгүн өзүнчө эле башкача.Ата- энелер үйдүн ичинде олтурушканда Кубат очок боюнда тамак кылып жүргөн Назикке келди.Ал акыбалды сурады.Бир эки жолу тамашаламыш болду.Бирок Назиктин жүзүно чын жүрөктөн жылмайуу такыр жолобой туруп алды.Эгер ушул эле тамашаны Аскат же Азамат айтканда ичин тырмай каткырмак.Бирок Назик калп эле күлүмүш болуп ишин жасай берди.Же мунусу нары үйгө киргидей түрү жок.Мактанчаак дагы экен.Кечээ машинасында бара жатып бирөө менен жол талаша кеткенинен бери айтып жатты.Кызык, Назикке алардын эмне кызыгы бар? Андан көрө Назикке каралашып жардам бербейби? Же,жок дегенде кайсы жерде окуурун,келечекте ким болгусу келгенин сурабайбы? Же эмне Назик тууралуу маалыматты алда качан алып болгонбу?..
-Той да белгиленди. Эки жумадан кийин боло турган тойго катуу даярдык башталды.Колунда бар адамдар окшойт Назикти үйдөн,ата-энесинин алдынан алып кете турган болушуптур. Назик өзү келгенде эле апасына берип койгон акчасы да кыз узатууга кетчү чыгымдын теңинен кобүн жабып калат экен.Апасы Назикке Кубаттын жакпай калганын туйса да унчукпады.Туура кылат,себеби Назиктин курагындагы кыздар алда-качан турмушка чыгып азыр бала жытын искеп калышты.Кайненеге кантип жагышты,кайсы жерде кандай кылып жүрүштү,кимди кантип атоону,кимге жүгүнүүнү деги эле койчу баардык ырым-жырымдарды, милдеттерин айтып жатты.Атасы болсо унчукпайт.Убакытты канчалык созбосун,канчалык анын өтүшүн каалабасын бир жума тез эле өтүп кетти.Шаардан эжеси да келишти.Эжеси ооз учунан Бекжан жөнүндө сурамыш болгону менен анчейин деле эч нерсе деген жок."Бул тагдыр сиңдим" дегенге гана жарады.Бирок Назиктин кайсы бир ойлору,кайсы бир каалоосу ушул тапта Аскатты көрүүгө,аны менен сүйлөшүүгө суусап жатты.Өзүн эч нерсе өспөгөн чөлдөгү адашып чыгып алган жапжалгыз кызыл гулдөй элестетип,ошол эле маалда бир күн келип баары бир куурап калышын сезген,ошентсе да асмандан жамгыр тилеген бир назик гүлдөй сезип жатты.Ошол эле жамгырга кошула жааган,өзүнө тийбесе да жанындагы нерселерге пайдасы же зыяны тийген Аскаттын достору Бекжанды,Азаматты да көргусү келип жатты.Аскат белек кылган күндөлүккө ар күнү кечинде олтуруп алып аны сагынганын, көргүсү келгенин,бирок аягында ага сөссүз капа экенин унутпай жазып жүрду.Мына үч күн калды.Бугүн базарга барып кийим-кечек кылып келишти.Башкаларчасынан үйгө келе калып эле бирден кийип чыкпай көңул кош гана кырын чыгара бүктөп туруп жакында өзү менен кетчү сумкага салып койду.Дагы бир күн өттү.Атасы-апасы күндө кечки тамактын үстүндө кудагыйлар менен телефондо сүйлөшүп тойдогу ыкыр-чыкырлар жөнүндө сурап тактагандан тажашкан жок.Бул үйдөгү баардык адамдар жакында болчу Назиктин тоюна кубанып жатса,ошол тойдун күнөөкөрү,башкы каармандарын бири Назик гана кубана албай койду.Тойго мүнөт,саат,күн жакындаган сайын Аскатка таарынып шашылыш чечим чыгарып алганын сезди.Бирок эми баары кеч эле.Кайра келген жагына кетип калып ата-энесинин жуздөрүнө көө сыйпагысы келбеди.Дагы бир күн өттү.Бул түнү уктабай таң атырды.Эрмеги жаздыгынын астындагы күндөлүгу.Жакында бул күндөлүк менен да кошошоорун сезип аны аяп жатты.Анча-мынча ал менен сүйлөшүп да коер эле.Мынакей эртеси той.Түнү менен уктабаганга Назик бүгүн ныксырап өзүнчө эле башкача болуп жүрдү.Атасы, апасы,эжеси да Назикке бул күну тийишпеди.Анын акыркы күн бул үйдүн мүчөсү болуп жаткандыгына белек кылгандай Назик эмнени кармабасын, эмнеге колун тийгизбесин аны аяп,аны кастарлап,анын бүгүн эч кандай жумуш кылбоосун кайталап айтып жатышты.Назиктин ыйлагысы келди.Мына эртеге эле озүнүн жан апасына каалагаганда эркелей албай калат.Эжеси менен ушакташа албайт.Чоочун эле бир аялды апа деп,чоочун эле эркекти ата деп үйрөнүүгө мажбур болот.Ушуларды ойлоп кыжаалат болуп жаткан Назик биринчи жолу кыз киши болуп төрөлүп калганына өкүнүп алды.Эркек адам болгон кандай сонун.Чоочун үйгө барбайсың,барсаң да ал жакта көпкө жүрбөй каалаганда баса берсең болот.Алам деген кызды эч кандай сүйүүсү,жолугуп сыр бөлүшүп көңүл алуусу жок эле жуучу жөнөтүп өзүңдүн жарың кылып алууга мүмкүнчүлүгүң бар... Кеч да кирди.Мына эртеге бул маалда Кубаттын жанында олтурган болот.Анын эртеси анын жанында ойгонот.... Ушуларды ойлоп жатканда сырттан Жолборстун (Итинин аты) үргөнү угулуп калды.Атасы менен апасы бир жакка конокко кетишкен болчу.Эжесинин да чыгып койойун деген ою жок.Бүгүн шаардан келген жездесине эркелей адатынча сериалын көрүп жатса керек.Жолборстун да жаагы басылчудай эмес.Жылуу кийинип алып сыртка абайлай чыкты.Коргондун наркы бетинде кандайдыр бир жарык козгө урунду.Машинаны жарыгыбы же фонариктен чыккан жарыкпы? деген Назик бутуна илешкен калошту (апасыныкы) илип алып дарбазага жакын басып келди.Үн чыгарбай келе жатканда өзүн Жолборсу көрө койуп эркелей куйругун шыйпаңдата калды да кайра эле үрүп кирди сыртты карап алып.Адамдардын күбүр-шыбыр үндөрү кээде угулуп жаткандыктан "Эртеңки тойго алыстан келген адамдар окшойт" деген кыязда дарбазаны этият кыла ачты да:
-Кимсиздер?- деди.Он кадамдай алысыраак жерде машинанын жанында күбүрөшүп сүйлөшүп жаткан караандардын кыймылдары менен кошо эле үндөру ды тып токтоп калды.Бир караан жанындагылардан бөлүнүп бери басты.Назик үрүп жаткан итин тынчтандыра аны жонунан аяр сыйлай үрбөөсүн буюура cүйлөй озүнө келе жаткан караанды карап калды.
-Назик?-деди жакыныраак келген тиги караан.