31 мая 2022

Сени сүйгөн жүрөгүмө капамын,

Дегенимди билем эстейм ал жайың.
Таарынычтар кызганычтар себептир,
Эми анын кайсы бирин айтайын.?
Сага эмес жандүйнөмө капамын,
Дөөдүрөгөм, аны билем атайын.
Ызы-чууну салып сага таң заардан,
Болду дегем!, Эми сенден кайтайын.
Сүйгөн жүрөк сүйө берет ансайын,
Айтсаң дагы ачуу сөздүн далайын.
Калсын депсиң биздин сүйүү жомокто,
Макул мейли күнөөлөбө ансайын.
Өчүргөнмүн каттарыңды атайын,
Жиндегеним кайсы бирин айтайын,?
Өчүрүлбөс болсоң анан жүрөктөн!
Анан кантип?! .................................
Мен сүйүүмдөн кайтайын?!!!
Уни. БИЙКЕ

Комментарии