14 дек 2023

Ѳмүр жана анын баалуулугу

Адамдын ѳмүрү ченелүү болот. Ченелүү ѳмүр ѳзүнүн жетишкендиктери менен баалуу.
Ченелүү ѳмүр – башкага берген таасир менен күчтүү.
Ченелүү ѳмүр – аркасында калтырган изи менен баалуу.
Кээ бир адам узун ѳмүр жашайт, бирок из калтырбайт.
Кээ бир адамга кыска мѳѳнѳт берилет, бирок анын кылган иши укум-тукумуна жарыгын берет.
Кээ бир адамдын ѳмүрү ак-карага тең болот. Кылган ак ишин – кылган кара иши жууп кетиши мүмкүн. Ал адамдын изи бирде жок, бирде бар болот. Себеби из – бул, адамга кылган жакшы кызматы. Жаман кызмат кѳп учурда унутулат. Ошол себептен, ак-карага тең болгон адамдын изи бирде бар, бирде жок.
Ѳмүрдүн баалуулугун жашоодо сезген адам аз. Кѳп адам ѳмүрүн баалабай жашап кетет. Ѳмүрдѳ из калтырган ѳтѳ баалуу.
Абдан чоң иш (кызмат) кылган адамдын ѳмүрү кыска болот.
Кээ бир адамдар Кудайдын буйругу менен из калтырыш үчүн жаралат.
Ар бир адам из калтырганда ѳзүнүн артынан тукумун же башка адамды ѳзүнүн ишин улап кетчүдѳй кылып туура тарбия берип ѳстүрүп кетиш керек. Эң күчтүү, эң оор кызмат – бул ѳзүнүн аркасынан калган ишти өз тукуму улантып кетиши.
Кѳкүрѳктѳгү казынаны, баалуулукту, ата мурасын ѳзүнүн баласына таштап кетүү – бул дагы чоң кызмат.

Комментарии

Комментариев нет.