Бир туугандар билбей калдык ынтымак Анан кантип башка бизди сыйламак Жок дегенде кээ күндөрү бир эстеп Бир туугандар беришбедик сый тамак. Бир туугандар билбедик го боордошту Бир боорум деп жөлөп таяп колдошу Билбедик го беш бармакты жеп жатып Байкуш ачка бир тууганды ойлошту. Бир туугандар билебиз го ойношту Бар,кафеде достор менен тойлошту Билбедик го жашап жыргап жар менен Жалгыз калган бир тууганды ойлошту. Башкаларды карачы тегиз жашайт Бир-бирине күйүшүп эгиз жашайт Байка өзүңдү гөөдөнүң көр болбосо Бирөө байкуш бирөөсү семиз жашайт. Бир туугандар билбей калдык намазды Билгин АЛЛАХ чакырат уккан болсоң азанды Билбедик го жыргап ойноп биз жүрүп Караңгы гөр, сурак, тозок, азапты. Билбедик го омурдун кыскалыгын Намаз окуп,сооп иштерди баштагының Адам болгун жалган дүйнө бул сыноо Аркы дүйнө өкүнүп калбагының.
КУЛГУН ЖАШ
БИР ТУУГАНДАР БИРИМДИГИ (2)
Бир туугандар билбей калдык ынтымак
Анан кантип башка бизди сыйламак
Жок дегенде кээ күндөрү бир эстеп
Бир туугандар беришбедик сый тамак.
Бир туугандар билбедик го боордошту
Бир боорум деп жөлөп таяп колдошу
Билбедик го беш бармакты жеп жатып
Байкуш ачка бир тууганды ойлошту.
Бир туугандар билебиз го ойношту
Бар,кафеде достор менен тойлошту
Билбедик го жашап жыргап жар менен
Жалгыз калган бир тууганды ойлошту.
Башкаларды карачы тегиз жашайт
Бир-бирине күйүшүп эгиз жашайт
Байка өзүңдү гөөдөнүң көр болбосо
Бирөө байкуш бирөөсү семиз жашайт.
Бир туугандар билбей калдык намазды
Билгин АЛЛАХ чакырат уккан болсоң азанды
Билбедик го жыргап ойноп биз жүрүп
Караңгы гөр, сурак, тозок, азапты.
Билбедик го омурдун кыскалыгын
Намаз окуп,сооп иштерди баштагының
Адам болгун жалган дүйнө бул сыноо
Аркы дүйнө өкүнүп калбагының.