31 янв 2017

АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ.

29-болум!
Коёндой окшош кундор отуп жатып куз айлары да келип калыптыр. Алмаз экообуз билинбей отуруп торт жыл чогуу жашап коюптурбуз. Бул куздон баштап бешинчи жылды баштайт экенбиз. Алмаз ичпей жакшы келе жатты эле, билбейм дагы аны кайсы кара теке сузду? Октябрдын акыркы кундору болчу. Тун жарымдан отуп Алмаз бутуна туралбай мас келди. Аны коруп ушунчалык зээним кейиди. Озум да ойлоно берип, арыктап жудоп кеткен экенмин. Озумду ушунчалык таштап жиберипмин. Ушундай жашоо кантип болсун? дедим ичимден. Озгортпосом болбойт. Уйдо жалгыз Алмазды куто берип чарчадым. Мумкун Алмаз менен ажырашсам, анын жашоосу да жакшы жагына озгоруп калаар! Башкага уйлонуп балалуу болуп калса ичпей да калаттыр. Кой! Чындап эле бул журушто мен Алмазды жон эле алкаш кылып аламын. Мен Россияга кетсем, менин да жашоом озгороор. Ошондуктан эртерээк жолго чыгыштын камын коройун. Озумчо кандай жол менен эч кимге билдирбей Настяга кетиштин планын тузуп баштадым.
Ошол дем алышта айылга барып апамдарга жолуктум. Апама да айтпай кете турган болуп чечтим. Ичимден озумчо ата-энем, бир туугандарым менен коштошуп жаттым. Кайненемдикине келсем алар да баары эле уйдо экен. Абысынымдын ичи билинип экинчиси боюнда бар экен. Кызы чоноюп басып журот. Ал январда экиге чыгып калат. Мен аны жакшы коруп колума алып эркелетип ооп коюп отурдум.
- Алтынай, Алмаз кандай журот! Акыркы убактарда кобуроок ичет деп жаттын эле. Азыр кандай, ичпей калдыбы? деп кайненем сурап калды. Уч айдай бир да ичпей журду эле. Уч кундон бери дагы ичип келгенин байкам журом дедим
Ал кыжаалат болуп, бир нерсе деп айткысы келди окшойт, кайра унчукпай отуруп калды.
Самалётко билет албадым, анткени Бишкектен пересадка болот эмеспи. Менин кайсы багытка учаарымды Алмаз оной эле билип, ошол жерден эле таап кармап алаары бышык болчу. Анын устуно ал озу да азыр издоо болумундо орун басар болуп иштейт. Ал учурда Фрунзени, Бишкек деп озгортконуно эки жылдан ашык убакыт болуп калган эле. Бирок кошуна олколор менен чек аралар бекемдей элек болчу. Мен озбекстандын Андижан шаары менен кетууну ойлондум. Машина менен Андижанга жетип алсам, андан ары поездге отурмак болдум. Мени ал жактан издоо Алмаздын оюна да келбейт деп ойлодум.
Тан эрте менен туруп кийинип тундо салыштырып койгон сумкамды эшиктин оозуна алып келип койдум. Уктоочу болмого басып келип Алмазды карасам, тундо ичип келгенге эч нерсени билбей мемиреп уктап жатат. Аны бетинен колум менен акырын сылап унчукпай тиктеп карап турдум. Козумо жаш келип кетти.
- Жаным десе, менин! Мен учун сен дагы канчалаган азаптарды тартпадын! дедим ичимден кубуроно суйлоп. Акырын бетинен жыттагылап эрининен суйуп койдум. Ал башын бир кыймылдатып койду да кайра уктап кетти. Эки буктом катты столдун устуно койдум да сумкамды которуп чыгып баса бердим. Чыксам кун мурунтан суйлошуп койгон женил машина мени кутуп туруптур. Ага отурдум да Андижанга карай сызып жонодум. Жол катар Алмазды эстеп, ичим ачышып козумдун жашын суртуп коюп бараттым.
Алмаз чындап эле мен учун башынан кандай гана кундорду откорбоду. Ал мени жанынан артык коруп суйот. Мени кызганып эмнелер гана болбоду. Артымдан чуркап журуп, Аманга бербей мени ала качты. Тимурдун балдары аны сабап салса да, менден калбады. Балалуу болбогонубуз учун мага бир да жолу каттуу айтпады. Мени сооротуп конулумду алган менен, ичинен эзилип кыжаалат болуп ичип журот.
Алмаз, жаным менин! Мен Алмаздын койнунда жатып, ага эрип жалынып жалбарып кандай гана жакшы создорду ага терип айткан менен бир да жолу оозумдан суйом деген соз чыкпаган.
Арыстаным менин! Мен сени азыр эле сагынып кеттим. Мен эми сенин кучагынды, сенин жытынды кантип унутамын жаным? Билинбегени менен мен сага аябай конуп алган экенмин! Эми сен озун кантээр экенсин жолборсум? Сенин кучагында эми башка бироо болот! . Сен эми башка бироону кучактайсын! Мен ушул жерге келгенде шафёрго карап
- Токто! Токтот машинаны! Артка кайттык деп жибергим келип кетти. Бирок айла жок эле. Айла жок!. Кош Алмаз! Кош менин кара жаным! Мага тагдыр ушуну буйруган экен. Мен Аманды дагы, сени дагы башка бироого берет экенмин!
Алмазга жазган катымдын кыскача мааниси да бул:
Алмаз! Мени издебе! Ата-эненди да ойлон! Алар мага айталбаганы менен, мен алардын оюн тушундум. Сен созсуз балалуу болушун керек! Ичине салып ичип журуп, сенин билинбей барып алкаш болуп кетишинден мен корктум. Сенин досторундун арасында кумсарып, бозурайып отурушунду башка коргум келбейт жаным! Эртерээк ажырашканыбыз баарыбыз учун жакшы да болот! Менден камтама болбо! Мага да кудайдын буйруганы бардыр! Алмаз бактылуу бол! Коп балалуу бол! Кош!
Мен башка ичимдеги ага ыраазы болгон, журогумдогу Алмазга деген жакшы создорумду жазганга кудуретим жетпеди. Аны окуп алып Алмазды ичинен эзилбесин дедим.
Темир жол вокзалга кирип эле, кассага бардым. Кечки саат жети жарымга поездге билет алдым. Ага чейин тамактанып, вокзалдын озундо эс алмай болдум. Ноябрь айы башталып калган менен Андижанда кун жылуу эле экен.
Кун кечтеп мен кетчу убакыт да жакындап келатты. Залга келип озумчо даярданып, таблицаны карап отуруп калдым. Радио узулден поезддердин каттамын кабарлап, жаныртып суйлогон аялдын унуно кулак салып отургам. Бир убакта милициялар отургандардын арасынан бироону издештирип карап жаткансыды. Бир эки аялдардын паспортун сурап алып, карап чыгып кайра берип коюшту. Мен аларды алыстан тиктеп карап отургам. Анан эле мен кетуучу поезддин кайсыл катардагы жолго келип токтоорун радиодон жаныртып айтып калды. Ордумдан туруп сумкамды суйроп алып, эл менен аралышып жолго чыктым.
Вагонго чыгып номер боюнча озумдун орундугумду таап сумкаларымды жайгаштырып эми эле отурсам, милициялар келип паспортумду сурап калышты. Алардын бироосу менин паспортумду текшерип жузумо бир карап койду да жанындагысына
- Кабар бере бер ушул вагондо экен деди. Ал мени карап бир аз унчукпай турду да
- Та-ак! Кыргызстандан келип калган экенсиз да! Бирок сиз кетпей калып каласыз го?деди мага табышмактуу тигиле. Жанымдагы отургандардын баары бизди карап кубур шыбыр болуп калышты. Мен ага карап
- Эмнеге? дедим тушунбой. Ангыча эле вогондун кире беришининен Алмаздардын бизди коздой чуркап келатканын коруп калдым.
Алмаз мени вагондон тушуруп алып, экообуз жерде кучакташып турдук. Мен ошондо биринчи жолу Алмаздын козунон агып тушкон жашты кордум. Ал менин козумо тигиле карап
- Алтынай! Экинчи мындай кылбагын! Уктунбу?! Биз экообуз омурубуздун акырына чейин бирге болушубузду эч качан унутпай жургун! деп мени бооруна бекем кыса кучактады.
Мен жолдо келатып ажырашсак жакшы болоорун, Алмазга айтып да, деп да тушундуро албай койдум. Уйго келгенден кийин, эрте менен Андижанга кечинде Ошко карап жол жургонго эзилип чарчап калыпмын. Коп капа болуп ыйлаганга башым ооруп, тегеренип айланып конулум айнып турду. Алмаз менин суйлогон создорумдун бироосун да уккусу келген жок. Башым ооруганга мага ыссык чай кайнатып берип
- Ачка болсон керек да, жол катар ыйлай берип да башын ооруп чыкты. Бир нерсе жеп алсан деп мага муздаткычтан жегенге бир нерсе таап келди . Эмне жегенимди озум да жакшы билбейм. Бир аз жегенден кийин эле, кускум келип, аны барып кусуп келдим. Тан атып калганда уктоочу болмодо сулк жатып уктап калдым. Алмазды билбейм. Жумушуна бардыбы? Барбадыбы? Эмне болуп жатканын бир да билбедим. Туштон кийин саат учтордон отуп ордуман турсам. Башым болбой эле калыптыр. Коздорум аябай шишип чыгыптыр. Озогум озоруп курсагым аябай ачып калган экен. Эмне жээримди билбей турсам Алмаз эшиктен тамак- аш которунуп кирип келди.
Ошондон бери Алмаз такыр ичпей койду. Менин ага жазган катымдагы
- Ичине салып ичип журуп, билинбей барып сенин алкаш болуп кетишинден корком деген созум ага ото каттуу таасир бериптир. Тез эле кундун ичинде мунозу да озгоруп чыкты. Мен андан муурдагы кыз кезимдеги, мени кызганып дункуюп жургон Алмазды кордум. Бул созумду мен анын мойнунан эркелей кучактап алып, озуно да айттым. Ал мага жалооруй карап
- Жаным, мени кечирип кой! Мен силердин баарынарды ойго салып койгонумду, такыр сезбей жургон экенмин. Бирок...деп барып калган созун айтпай колун силкип койду.
Алмаздын ичпей калганына суйунгонум менен мен озум жакшы боло албай, ошондон бери озумо жакшы келе албай жаттым. Тамагымдан эч нерсе отпой, жегенимди кусуп жаттым. Врачка баргым келбеди. Дары укол дегендерди коргонго козум жок! Бир аз жакшы болгонум менен кайра эле башым айланып, конулум айнып журду.
Ошондон он кундой убакыт отсо керек эле. Терезеден сыртты карасам кузгу жамгыр майдалап жаап баштаган экен. Мен Алмаздын келишине тамакты жасап коюп, эми эле газды азайттым эле. Эшиктин конгуроосу басылып калды. Ачсам кошунанын баласы
- Бул сизге, сырттан бир эже сизге берип кой деп менден суранды эле, деп мага калын конвертти таштап кетти. Тан калып эле ичин шашып ачып калдым. Козун жамандыкты корбосун! Ичинде жалан суроттор бар экен. Аларды козумду алайта чоон ачып алып, бирден коруп жаттым. Алмаздын суроттору. Ал бир келин менен тошокто уктап жатат. Ал суротторду акырына чыктымбы жокпу билбейм, озумду жоготуп стулга отурайын деп энкейип жатканымды бир билем калганын билбейм. Козумду ачсам Алмаз менин бетимди чапкылап озумо келтирип жатыптыр. Мен эмне болгонуна тушунбой жаттым. Карасам жанында Ороз да бар экен. Бир аз ойлонуп жатып мен озумо келип баарын эстедим. Менин козумон жашым агып жатты.
- Алтынай, сен капа болуп, коп ойлонбой тур! Анан экообуз суйлошобуз. Мен докторду чакыртып койдум эле азыр келип калат деп Алмаз жан алы калбай мага жалынып жатты. Мен эч нерсе дебедим. Жузумду буруп, тетири карап жатып алып буулугуп ыйлап жаттым. Эмне деп ойлонушумду да билбей калдым. Ангыча эшиктин конгуроосу басылып уйго ак халатчан эки адам кирип келишип мени текшерип башташты. Ал мени ото берилуу менен дем алдырып тыншап, колумдун тамырын басып турду.
- Врачка акыркы жолу качан корунгонсуз? Мен жакшы эстей албай жатып, билгендеримди айттым.
- Айызыныз качан токтогон эле, эстей аласызбы деди. Мен башымды чайкадым. Башыма ото коп суроолор келип кетти, менин башым айланып калды. Врач ордунан туруп жатып Алмазга карады
- Куттуктайм! Аялыныздын боюнда бар экен. эртенден калбай барып, врачтын козомолунон откуло деди. Мен ал созду укканда дагы озумду жоготуп бараттым.
Каттуу ойлонуп журуп, айрыкча Гулайдын мага жоолугуп
- Шумуройгон куу баш кебетенди коргону келем деген созуно мен аябай каттуу чогуп озумду таштап жиберген экенмин. Куйбогон жерим кул болуп орттонуп журуп, айызымдын келген келбегенин да байкабай калган экенмин. Врачка барсак менин эки айлык боюмда бар экен. Бирок врач мени ото катуу ойлонуп стресске тушконумду баса белгиледи. Жаш эле экенсин, мындан коп жыл отуп да балалуу болгондор бар. Озунду болор болбоско коп алдыра бербе деп.
-Витаминдуу тамактарды коп жегин, конулунду коп которуп жургонго аракет кыл деди. Алмаз аябай суйунду! Бирок жанагы суроттордон улам мага коп батына албай турду.Ал мага
- Алтынай мен ото каттуу мас элем. Мен ал келинди тааныбайм. Мен ал менен жатканда эмесмин. Мен озумду билбей калганча ичсем дагы, мен эч качан башка кыз- келиндерге конул бурган адам эмесмин. Мен соо боломбу, мас боломбу эч качан кыздарга маани бербейм. Мен уктап жаткан жеримен эле алып барып, бироолор жаткырып коюшса керек. Бул ишти азыр озум каттуу изилдеп баштадым. Мен бул ишти ким жасаганын созсуз табып жазалайм деп актанып жатты. Алмаздын бул создоруно мен ишенгим келди. Себеби мен Алмазды жакшы билем. Чындап эле ал женил балдардан эмес. Убагында Гулмира аны ар кандай кылып сынап дос кыздарына чейин айтып тийиштиртип коргон. Ал ошондо эле мени ишендирип айткан эле
- Алтынай! Алмаз бир адамды жактырса, ошондон башканы карабаган адамдарга кирет.экен. Менин оюмча Алмаз созсуз, кандай кылып болсо да сени алат. Ал сенден эч качан калбайт ко дейм, деген. Мен Гулмиранын бул созуно ошондо кулгом!
- Эсинде болсун Гулмира мен Алмазга эч качан тийбейм. Ага тийгенче, классташым Касымга тийгеним жакшы дегенмин. Бирок Алмаз Касымды уруп, мага экинчи жологус кылып салган.
Врачтан чыгып Алмаз экообуз уйго келсек, бизди Айбек подьездин тушунда кутуп отуруптур. Чогуу уйго кирдик.
Ал Алмазды суротко алган баланы жакшы тааныйт экен. Айбек менен суйлошуп суруштуруп отуруп, мен ошол жерден эле бул ишти ким кылганын тушундум. Алмаздын анчалыкка барчу душманы деле жок болчу.
Бул Гулай эле! Аны укканда Алмаз мага аябай тан калды.
- Ал сени ушунчалык эле эмнеге коро албайт, сен ага эмне жамандык кылдын эле, деди. Мен Алмазга карап
- Мен аны сага кийин айтып берем дедим.
Алмаз жумуштан чыгаары менен уйго шашып келет. Биз жаны уйлонуп, ушул уйго жаны кочуп келгенде, экообуздун мамилебиз кандай ыссык болсо, азыр андан эки эсеге отуп ыссыкпыз. Алмаз мени ото этяттап козумо карап турат. Ошондой кундордун биринде уйго Тимур келди. Менин боюмда бар экенин коруп ал да аябай суйунду! Менин паспортумду сурап алды, эмнеге экенин сурасам, анан айтам деп койду. Арадан бир жума убакыт отуп отпой Алмаз менен Тимур уйго чогуу кирип келишти. Тимур биз жашап жургон эки болмолуу уйду менин атыма каттатып салыптыр. Уйдун документтерин мага берип жатып
- Алтынай! Менин айымдан жок жерден жаман создорду угуп, коп ыйлаганынды билем. Мени кечирип кой! Бул уй менден силерге белек, болсун! деп калды. Мен Тимурдан чындыгында мындай чон белекти куткон эмес элем. Мен ага кулуп эле
- Тимур сенден бир алтын чынжыр белекке алам деп, эмнелерди гана корбодум, Уйду белекке алсам, кандайдай болоор экен дедим. Тимур каткырып кулуп жиберди
- Ал жагынан эч кыжаалат болбо Алтынай! Баары жакшы болот деди ал..
Аял кишини кудай таалам мынчалык бактылуу кылып жаратпаса! Аял заты назик, сулуу, озунчо бир керемет жан экен! Ошондуктан эркектер аялдарды сыйлап, аярлап, аздектеп суйушот турбайбы?! Айрыкча боюнда бар кезде, Аял деген ото сулуу болот экен! Толготуп, кырк омурткан сыздап торогон- бул бир гана аял затына тийешелуу касиеттир. Аял- бул Эне! Дуйнодо Эне болуп, бала эмизгенден откон чон бакыт жоктур! Мен ушулардын баарын башыман откоргонум учун ото бактылуу элем!
Мен ЭНЕ болдум! ЭНЕ болдум мен! . Болгондо да эгиз уулдардын энеси болдум! Уйлонгонубузго беш жыл дегенде мен баарын суйундуруп ыйлатып, Алмазыма эгиз уулдарды тороп бердим. Июнь айы болчу. Алмаз бизди айылдагы уйго алып келээри менен эле чон энебиз бизди ырымдап элге коргозбой, уйдон чыгарбай койду. Качан гана кыкркыбыз чыккандан кийин гана элге аралаша баштадык. Апам бизге бешик алып келди. Бешиктеги балдарымды эмизип жаткандагы, сезимимдеги бактымды, силерге соз менен айтып жеткире албастырмын. Жараткан дуйнодогу ар бир ургаачы пендесине эне болуу бактысын насип кылсын деп тилээр элем! Кудайым баарынарга бала берсин!
Алмаз экообуз кээде эки бешикти эки жактан терметип жатып, бири бирибизден козубузду албай тиктешип отурабыз! Балдарымды эмизип жатканымды, карап отурганды, Алмаз аябай жакшы корот. Аныбызды бир жолу айылда жургондо чон энебиз байкап калыптыр. Бешикке колумду артып алып баламды эмизип отурсам Алмаз келип, мага туштай жамбаштап жатып алып менден козун албай тиктеп турду. Бир убакта эле Чон энебиз байкатпай акырын басып келип, Алмазды таягы менен бир чапты. Ал чочуп кетип эле тушунбой эки жагын элендей ордунан тура калды. Мен аны коруп кыткылыктап кулуп жаттым.
- Антип экинчи тиктебей жургунун! Катынына сугун тушуп калат деди чон энебиз суйлоно. Ал мени да коп урушуп калаар эле.
- Балдарына коп эле узулуп тушо бербе, коп аларды тиктей бербе, ата-эненин балага сугу тушуп калса жаман деп. Биз айылда копко журдук. Айылдан Ошко жоноп кетээрибизде эжебиз келип мага
- Сен менин баягы создорумо коп капа боло бербе! Сени атайын куйуксун дедим. Ошондой ырымы бар. Куйуккондон да кээ бирлер боюнда болуп калат деди. Мен анын созун копко чейин эстеп журдум. Эгер куйуккондон бойго бутсо, мен Гулайдын созуно куйуп орттонуп эле кеттим го ! Менин ошондон кийинчерээк эле боюма бутуп калган болчу. Ким билет кандай экенин? Бирок негизи бул балдарды мага кудайым берди! Баары кудайдан эмеспи!
Биз Ошко келгенден кийин да уйубуздон адам узулбоду. Айнагул менен Нуралы да келишти. Алар Аманга телефон чалып биздин эгиз уулдуу болгонубузду суйунчулогондорун айтып отурушту. Аман да эми чындап конулу жай алып, журогу тынчтанып отуруп калгандыр.
Алар кеткенден кийин тундо тошокто жатып Алмаз мага карап
- Алтынай мен сенден, коптон бери бир нерсени сурай албай журдум эле, деп ойлонуп туруп калды. Мен андан кызыга
- Эмнени сурайын дедин эле? Сурай бер! дедим. Бирок мен Алмаздын онун коруп журогум кызыктай болуп турду.
- Сен баягыда Бишкекке дарыланганы барганында , сага оорууканага Аман барган беле? деди. Мен Алмазга аябай тан калып кеттим. Козумду чон ачып эле
- Алмаз сага эмне болду? дедим
- Мен сенден сурап жатам? Барганбы? Же жокпу? деп Алмаз унун бир аз которо суйлоду.
- Жок! Эмнеге антип сурап жатасын дедим, анын козуно тигиле. Ал менин коздорумду копко тиктеп турду да, оор дем алып чалкасынан жата кетти.
- Нуралы баягыда суротторду алып келгенде экообуз балконго чыгып суйлошуп турганбыз. Ошондо Нуралы мага Амандын созун айтып берди. Аман айтыптыр
-Алтынайдын ооруканада жатканын уктум! Бирок бир да баралбай койдум. Алмаз менен эркекче кол алышып койгон элем. Алтынайга башка эч качан жоолукпаймын деп. Дос катарында Гулжан менен ээрчишип барып, коруп келсемби деп да ойлодум. Бирок карасам туура эмес болуп калгыдай, Ошондуктан эч бара албай койдум дептир.
Биз Алмаз экообуз дагы тиктешип туруп калдык. Мен унчукпай эле Алмаздын кокурогуно башымды коюп жаттым. Биз экообуз тен ойлонуп ойлуу жаттык!
Уландысы бар

АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ. - 851382937174

Комментарии

Комментариев нет.