20 авг 2017

Эне бийик асман чийген аскадан.

Эне куш бир балапанын таптаган.
Эне мээрим күн нурундай төгүлгөн.
Жылуулугун өзгөлөрдөн таппаган.
Эне сага жашоо берген өмүрүң.
Эне сен деп жашап өтөт өмүрүн.
Эне ыйык Эне кымбат дүйнөдө.
Ээч оорута көрбө анын көңүлүн!
Энесиз сен чөлдө өскөн дараксың.
Энесиз сен кайыгы жок калаксың.
Энесиз сен өмүрүңдө эч нерсе.
Жыргалы жок жазылбаган бараксың.
Тирүүсүндө сыйла алгын урматтап.
Аялыңа болушпагын ыржактап.
Көзү өтсө арман болоор кылганың.
Жашыралбай абийриңден сыр сактап!

Эне бийик асман чийген аскадан. - 858409818454

Комментарии