– Чын эле мага окшош экен,-деди Зоя куурчакты колунда суктана айландыра карап. Анан Сапарды элжирей карап туруп бетинен “чоп” дедире өөп жиберди да: – Рахмат! Мындайды күткөн эмесмин. Эжеме көрсөтөйүнчү. Көргөн көзүнө ишенбейт болушу керек. Сен уста эле эмес сүрөтчү да турбайсыңбы,-деди да жүгүргөн бойдон чыгып кетти. Кейпи эжесине мактангыча шашты окшойт. Күйө албай турган отко май чачып жибергенсип кыз бетинен өпкөндө Сапарбектин денеси от менен жалын болуп кетти. Жигит мындан ары чыдай алмак эмес. Өнөгүнө “Зояга сөзсүз үйлөнүшүм керек. Ансыз мен үчүн жашоонун кызыгы жок”,-деп жүрөгүндөгү сырын айтты эле андан аркы окуя түшүндөгүдөй болуп кетти. Азыр толук да эстей албайт. Өнөгү Аргенге кептин чоо-жайын түшүндүрүп, “жардам бербесең болбойт” дептир. Жума өтпөй той болуп Зояга үйлөндү да калды. Алгач өңүмбү же түшүмбү деп өзүнө-өзү ишенбей да жүрдү. Ушинтип өңү-түшүн айра албай арадан төрт-беш жыл өтүп кетиптир. Экинчи уулу төрөлүп улам чоңойгон сайын жүрөк сыздаткан оору пайда болду. Өзү табиятынан сары, бүт урук-тууганы менен сары, көк көздөр. Аялы ак саргыл, кой көз. Биринчи уулу да өзүндөй сары. Ушул экинчи уулу төрөлгөндөн башкача. Каратору, тармал чач, бакыраң көз, каректери капкара, мурду коңкогой. Шыбыр кептердин асты Сапарбектин да кулагын жанып өтчү. Бирок, бир да жолу маани бербеди. Ал үчүн Зоя эч кимдин колу жеткистей башкача болчу. Жаман сөзгө кыйчу эмес. Ушак деп койчу. Бала чоңойгон сайын Зоянын да кыялы өзгөрдү. Өзүнөн-өзү туруп жиндеп жок жерден чыр чыгарат. Бейкүнөө баланы сабайт. Тим эле өзүн коёрго жер таппайт. Кайненеси келип “ушул уулуңарды бизге бербейсиңерби. Биз багып алалы”,-деди эле Сапарбектин апасы “Өзүбүз деле баштан тажагандардан эмеспиз. Өзүбүз эле багабыз”,-деп жуутпай койду. Сапарбек жумушунан баш көтөрө албайт. Эртең менен таң ата кетет да түн ортолой кайтат. Көп учурда конуп иштемейи да бар. Кардарлар күн мурунтан кезекке туруп күтүшөт. Мингени машина, турмуштары жетиштүү түгөл, айылдын байы десе болот. Зоя айылдын маданият үйүндө иштейт. Район, облус, республика деп семинарларга катышмайлары бар. Кээде жумалап республикада жыйналыш, семинар деп жүргөн күндөрүндө да Сапарбек “Үй бетин көрбөй калдың да”,-деп кыйытып болсо да сөз айткан жан эмес. Тапкан-ташыганын бүт апкелип бергенди гана билет. Эрдин момуну болду. Жалгыз келин болуп кайнене, кайнатасы деле кысымга алганды билишпеди. Күндөрдүн биринде, демейдегидей жумуштан кеч келсе адатынча апасы жатпай күтүп олтурган экен. Аялы эчак жатып алыптыр. Тамагын ичип бүткөндөн кийин “Уулум, отурчу сүйлөшөлү”-деди апасы олуттуу. Өтө жүйөлүү-олуттуу кеп болгондо гана апасы ушинтпесе күнүмдүк кеп-кеңешти тамактанып олтурганда эле айтып койчу. Ошондуктан, чарчап жаны жер тартып турса да туруп баратып кайра унчукпай отурду. Апасы кичинеге үнсүз отурду да, оор үшкүрүп алып кебин баштады. – Уулум, кептин ачыгын айтайын, келиним экөөңөрдүн ортоңорго от жагайын дегенден алысмын. Мени туура түшүн. Илгертен “камчысы катуу эркектин катыны абийирдүү” деген кеп бар. Сен катыныңа какыс-кукус кылып эр өңдөнүп койгонду койдум, деги эле катыны бар эркектей эмессиң. Эртең менен кетесиң, кечинде кеч келесиң. Аялың өзү менен өзү. Каалаганын кылат да жүрөт. Кечке үй бетин көрбөйт. Анысы аз келгенсип, барган сайын уялбай эле кызуу келчү болду. Элдин оозун ким тыят. Кеп-сөз да болуп бүттүк. Ага деле кулак бышып калды. Тигил борбордо жыйналыш десе эле жүгүрөт. Күйөөсү, үй-жайы бар катынча “кой, шартыма карайын” дегенди билбейт. Баарыдан да мына бул чычкандай балада эмне күнөө? Кызуу болуп келсе эле ушуну тытып сабап калат. Күнөө өзүндө да. Кичинекей периштеде эмне жазык? Бүгүн мен келип калып ортого түшпөсөм өлтүрүп коймок окшойт,-деди. Буулуга көз жашын жоолугунун учу менен аарчый сүйлөй албай турду да: – Секет кетейиним, өзү да баладан башкача зирек. Энесинин көзүнө көрүнбөгөнгө аракеттенип менин этегиме корголоп турат. Үч жашар баланын акылы ушунча деп ким ишенет? – Эмнеге баланы урат?-деди Сапарбек апасына делдее карап. Өзү да жанатан апасынын сөзүнө бир теригип, бир дымып уйкудан жаңы ойгонгонсуп отурган. Баласынын суроосуна эненин ичинен тим эле кан өтүп кетти. “А-а, кокуй, балта-чотун көтөрүп устачылыктан башканы билбей жүрүп дөдөй болуп калган тура. Бул байкуш ушул кезге чейин баласынын өңүнө маани берип деле карай элек болсо керек да. Болбосо, “баласы баягы парторг болуп жүрүп республикага чоңоюп кеткен Кайдылданын эле копиясы. Тобоо, ушундай да окшош болмокпу?”-деген элдин сөздөрүн кулагы чала элек го дейм. Ушунча да аңкоо болобу? Үйдө жүрсө Зояш, Зояжан деп көзүн карайт да турат. Же мунун башын айлантып келесоо кылып койгонбу бул бейбак?”-деди ичтен сыза. Тилин таптап нечен болгонун болгондой “катының баягы парторг Кайдылда менен күнү-түнү семинарлап кетип жүрүп сага балканактай бала төрөп бербедиби. “Букасы бөлөк болсо да музоосу биздики” деп унчукпай багып отурабыз. Анан катының “ойнош оттон ысык, ажырашкан соң боктон сасык” болуп ал Кайдылдасы борборго которулуп кетип карабай калгандан бери ызасын баладан чыгарып жатпайбы”,-деп айта сактаса да батына албады. Антиштин ордуна жөн салды четин кыйытып: – Ботом, өңү кара тору болгонго жерип жүрөт го,-деди кымырына. – Эмнеге жерийт? Кайненем таекелерине окшоп калыптыр дебеди беле,-деди уулу күңкүлдөп. Энеси астындагы орундугу менен уулун башка ура сактап өзүн араң кармады. Жүрөгү кысылып ооруп чыкты. – Кой уулум, минткениң болбойт. Катының менен эркекче сүйлөш. Эми жаш эмес. Бир эмес экини төрөдү. Үйдү үй, жайды жай кылган катын. “Эсиң барда этегиңди жап” деп айт. Бой катынча колоктоп жүргөнүн токтотуп үйгө караласын. Мен да картайдым. Келининин жөн чыкканына кейип жүрүп атаң да эрте кетти. Болбосо, дагы беш-он жыл жашайт беле,-деди көз жашын сүртө. – Коюңузчу апа, Зояда эмне күнөө. Жүрсө иши менен жүрүп атпайбы. Жумушу ошондой турбайбы. Артисттерди тигил жакка, бул жакка алып барат экен. Жыйналышка барбаса да болбойт экен. Эми иштебей үйдө отур дейинби? Апасынын айласы кеткендей ордунан бөкчөйө тура жөнөдү да: – Кой, уулум, сага корогон кайран кебим. Атаңды тартсаң камчың кайраттуу эле болот болчу. Атаңды тартпапсың. Ата уулу болбой калыпсың. Койнундагы аялына ээ боло албай төшөгүн тебелеткен эркек да эркекпи? Адамча ырысын көрө албасаң тапкан дүнүйөңдүн опасы кимге? Энелик парзымдан кутулуп бир акылымды айттым, мындан ары эмне кылсаң өзүң бил,-деди да, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Сапарбектин башы кеңгиреп дагы көпкө ордунда отурду. Буга чейин мынчалык узун сөздү эч кимден укпаса керек. Анан барып бөлмөсүнө кирди. Аялы адатынча чалкасынан түшүп керилип уктап жаткан экен. Жумуштан келген сайын ушинтип уктап жатканын суктанып карап далайга отурчу. Сулуулугуна суктанып карап отуруп ырахатка батчу. Анан уйкусун бузуп албайын, табияттын сулуулугун бузуп албайын деп акырын коомайлана төшөк четине жата кетчү. Бүгүн биринчи жолу жүзүнө жакындап жытын искеди. Чын эле оозунан арагыбы, коньягыбы ичкиликтин жыты буркурайт. Тим эле башы кеңгирей түштү. Өзү ичкилик аттууну оозуна алчу эмес. Мынчалык кайдан ичкен? Ким менен ичкен?-деп ойлой кыжаалаттана төшөк четине жантайды. Эртеси адатынча жумушуна эрте кеткен жок. Уйкусунан ойгонгон Зоя жанындагы күйөөсүн көрүп чочуп кетти. – Э-эй, сен уктап калдыңбы? Эмне жумушуңа барбай калдың?-деди таңдана. Каруусунан булкуй. – Жумушка кечирээк барам. Андан көрө кел сүйлөшөлүчү. – Эмнени?-Зоя көзүн чекчейте бир карап алып кийине баштады. – Кечээ кайдан ичип келдиң? Кимдер менен ичип жүрөсүң? – Анын эмнесин тергейсиң? Энең жамандадыбы? – Апам жамандаган жок. Жытыңдан билдим. – А-а, жыттачу адатың жок эле го. Жыттай баштадыңбы? Калп каткырып койду. - Жумушта шарты чыгып калып ичтим да. Же күйөөм жыттайт, корком деп ичпей коёюнбу? – Акырын эле сүйлө. Мен сенден жай эле, акырын сурап жатпаймбы? – Мен деле акырын эле сүйлөп жатам. Сүйлөгөнүм ошондой. Тобоо, ушунча жыл жыттабай жүрүп эми жыттай баштаган экенсиң да ээ. – Мирбекти эмне көп урасың? Мага ушуну түшүндүрчү? Кичинекей балада эмне күнөө? Анын эмне жазыгы бар? Зоянын көзү алаңдап кетти. Бети бир кызарып, бир бозоруп, ал түгүл колундагы кийип жаткан жемпирин да түшүрүп жиберип кайра алды. Чачтарын силке артына жыйып өзүнө келе албай жатты. – Анча болду айт. Акыры айтылмак, айт. Эркексиңби? Акырына чейин айтып, сен да бугуңду чыгарып ал. Балаңды таякелерине окшош деп жымсалдабай эле кой. Чоңойгон сайын парторг Кайдылдага куюп койгондой окшоп баратат деп айтпайсыңбы. – Эмне-е? Эмне деп дөөрүп атасың?-Сапарбек ордунан чок баскандай секирип кетти. – Жетет... жетет... энең экөөң билмексен болуп мени ичиңерден жектеп, сыртыңардан сыр бербей эзип жеп бүттүңөр. Силердин билмексен болуп жегениңерге мен мындан ары чыдабайм. Ооба, бала Кайдылданыкы. Билгениңерди кылгыла! Мага десең мени бышырып же! Аялы жарыла албай чыңалып араң жүрсө керек. Жарылып кетти. Жедеп өзүн-өзү жеп, шылтоо таппай жүргөн экен, шылтоо тапты. Акыры ушул болмок го. – Эмне... эмне деп... мен сени азыр... Сапар кандай ордунан атып туруп Зояны уруп калганын билбей калды. Тигил эки-үч ала салып тоголонуп кетти да, ордунан атып туруп эшикке жүгүрдү. – Кокуй, өлтүргөн атат! Жардам... эл-журт, жардам... Жер-сууну буза бакырып көчөгө чуркап чыкты. Сапар ордуна шалк отура кала берди. Башы айланып кеңгиреп астындагы жер айланкөчөк атып, туруп баса албады. Өз бөлмөсүнөн жүгүрүп чыккан энеси алактай: – Эмне болуп кетти кокуй?!-деди, чочуп ойгонуп бакырып ыйлап аткан неберелерин бооруна кыса. Бат эле кошуна-колоңдор чогулуп калышты. – Мен калбайм. Калсам бул өлтүрөт. Соо койбойт,-деп жулунган Зоя бир аз кийимдерин, эки баласын алды да ушул эле күнү төркүнүнө кете берди. – Койсоңчу, Сапардай күйөөнү таппайсың,-дегендердин сөзүн укпады. – Силерге бердим ушунуңарды. Алгыла алтыныңарды! Мен алтындыгын көргөн жокмун. Энеси экөө мени тымпыйып тиктешип атып эзип бүтүштү,-деди дулдуңдап. Энеси ошондо ооруп жыгылып, турбады. Бир айга жетпей кете берди. Бир жумадан кийин Зоя келип бүт үйдү көчүрүп кетти. Колуна илингенди бүт алды. “Муну калтыр, бул сага тийиштүү эмес” деген эч ким болбоду. Энеси өлгөндө топурак салганы келбей койду эле, эл жерге түкүрдү. “Бул катын көпкөнүнөн көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган экен” дешип. Зоя балдарын жулкулдатып кийинтип жатканда Сапарбек кичүү баласын талый карап калды. Чын эле баягы парторг Кайдылданын өзү, тобоо. Ушул кезге чеийн байкабаптыр. Ичи өрттөнүп дем ала албай, сүйлөгөнгө жарабады. “Зоя, ушинтмек белең? Сен кантип ушундай ишке бардың? Чын эле Зоя ушундай белең? Жок! Ишенбейм. Кантип эле сенин периштеникиндей денеңди бирөөлөр көрсүн? Кантип эле сенин өзүм өпкөндөн аячу алкымыңды башка бирөөлөр жыттап, мөлтүр эриндериңе башка бирөөлөр эринин тийгизсин? Кантип эле сен кайдагы бир кадырыңа жете албастардын астында ушаланып жатмак элең? Жок. Ишенбейм! Кантип?! Кантип?! Ак никелүү күйөөң туруп башка бирөөдөн кантип төрөп коёт элең? Ушундай да болобу?” Ичтен сыздады. Эч нерсеге түшүнө албай сыздады. Зоясынын, өзү периштедей бапестеп эркелетип, кирпигине чаң жугузгусу келбеген Зоясынын, сыртынан көчөдө басып баратканын карап туруп “карагылачы менин периштемди!” деп сыймыктанчу Зоясынын башка бирөөлөр менен арак ичип мас болуп, кучакташып, жытташып айбанча оонап жатышын такыр көз алдына элестете албай сыздады. Эртең Зоя келип “Ачуум менен болбогон нерселерди айтып койдум. Баары калп деп айтабы-деп күттү. Жок. Баары тескери айланды. Аялы кеткенден кийин кулагы шумдуктарды укту. Бирине ишенсе, көбүнө ишенбеди. (Уландысы бар)
MK SHOW MEDIA CHANNEL
Өлүмгө ДАЯРДЫК 6-болук
– Чын эле мага окшош экен,-деди Зоя куурчакты колунда суктана айландыра карап. Анан Сапарды элжирей карап туруп бетинен “чоп” дедире өөп жиберди да:
– Рахмат! Мындайды күткөн эмесмин. Эжеме көрсөтөйүнчү. Көргөн көзүнө ишенбейт болушу керек. Сен уста эле эмес сүрөтчү да турбайсыңбы,-деди да жүгүргөн бойдон чыгып кетти. Кейпи эжесине мактангыча шашты окшойт.
Күйө албай турган отко май чачып жибергенсип кыз бетинен өпкөндө Сапарбектин денеси от менен жалын болуп кетти. Жигит мындан ары чыдай алмак эмес. Өнөгүнө “Зояга сөзсүз үйлөнүшүм керек. Ансыз мен үчүн жашоонун кызыгы жок”,-деп жүрөгүндөгү сырын айтты эле андан аркы окуя түшүндөгүдөй болуп кетти. Азыр толук да эстей албайт. Өнөгү Аргенге кептин чоо-жайын түшүндүрүп, “жардам бербесең болбойт” дептир. Жума өтпөй той болуп Зояга үйлөндү да калды. Алгач өңүмбү же түшүмбү деп өзүнө-өзү ишенбей да жүрдү. Ушинтип өңү-түшүн айра албай арадан төрт-беш жыл өтүп кетиптир. Экинчи уулу төрөлүп улам чоңойгон сайын жүрөк сыздаткан оору пайда болду. Өзү табиятынан сары, бүт урук-тууганы менен сары, көк көздөр. Аялы ак саргыл, кой көз. Биринчи уулу да өзүндөй сары. Ушул экинчи уулу төрөлгөндөн башкача. Каратору, тармал чач, бакыраң көз, каректери капкара, мурду коңкогой.
Шыбыр кептердин асты Сапарбектин да кулагын жанып өтчү. Бирок, бир да жолу маани бербеди. Ал үчүн Зоя эч кимдин колу жеткистей башкача болчу. Жаман сөзгө кыйчу эмес. Ушак деп койчу. Бала чоңойгон сайын Зоянын да кыялы өзгөрдү. Өзүнөн-өзү туруп жиндеп жок жерден чыр чыгарат. Бейкүнөө баланы сабайт. Тим эле өзүн коёрго жер таппайт. Кайненеси келип “ушул уулуңарды бизге бербейсиңерби. Биз багып алалы”,-деди эле Сапарбектин апасы “Өзүбүз деле баштан тажагандардан эмеспиз. Өзүбүз эле багабыз”,-деп жуутпай койду. Сапарбек жумушунан баш көтөрө албайт. Эртең менен таң ата кетет да түн ортолой кайтат. Көп учурда конуп иштемейи да бар. Кардарлар күн мурунтан кезекке туруп күтүшөт. Мингени машина, турмуштары жетиштүү түгөл, айылдын байы десе болот. Зоя айылдын маданият үйүндө иштейт. Район, облус, республика деп семинарларга катышмайлары бар. Кээде жумалап республикада жыйналыш, семинар деп жүргөн күндөрүндө да Сапарбек “Үй бетин көрбөй калдың да”,-деп кыйытып болсо да сөз айткан жан эмес. Тапкан-ташыганын бүт апкелип бергенди гана билет. Эрдин момуну болду. Жалгыз келин болуп кайнене, кайнатасы деле кысымга алганды билишпеди.
Күндөрдүн биринде, демейдегидей жумуштан кеч келсе адатынча апасы жатпай күтүп олтурган экен. Аялы эчак жатып алыптыр. Тамагын ичип бүткөндөн кийин “Уулум, отурчу сүйлөшөлү”-деди апасы олуттуу. Өтө жүйөлүү-олуттуу кеп болгондо гана апасы ушинтпесе күнүмдүк кеп-кеңешти тамактанып олтурганда эле айтып койчу. Ошондуктан, чарчап жаны жер тартып турса да туруп баратып кайра унчукпай отурду. Апасы кичинеге үнсүз отурду да, оор үшкүрүп алып кебин баштады.
– Уулум, кептин ачыгын айтайын, келиним экөөңөрдүн ортоңорго от жагайын дегенден алысмын. Мени туура түшүн. Илгертен “камчысы катуу эркектин катыны абийирдүү” деген кеп бар. Сен катыныңа какыс-кукус кылып эр өңдөнүп койгонду койдум, деги эле катыны бар эркектей эмессиң. Эртең менен кетесиң, кечинде кеч келесиң. Аялың өзү менен өзү. Каалаганын кылат да жүрөт. Кечке үй бетин көрбөйт. Анысы аз келгенсип, барган сайын уялбай эле кызуу келчү болду. Элдин оозун ким тыят. Кеп-сөз да болуп бүттүк. Ага деле кулак бышып калды. Тигил борбордо жыйналыш десе эле жүгүрөт. Күйөөсү, үй-жайы бар катынча “кой, шартыма карайын” дегенди билбейт. Баарыдан да мына бул чычкандай балада эмне күнөө? Кызуу болуп келсе эле ушуну тытып сабап калат. Күнөө өзүндө да. Кичинекей периштеде эмне жазык? Бүгүн мен келип калып ортого түшпөсөм өлтүрүп коймок окшойт,-деди. Буулуга көз жашын жоолугунун учу менен аарчый сүйлөй албай турду да:
– Секет кетейиним, өзү да баладан башкача зирек. Энесинин көзүнө көрүнбөгөнгө аракеттенип менин этегиме корголоп турат. Үч жашар баланын акылы ушунча деп ким ишенет?
– Эмнеге баланы урат?-деди Сапарбек апасына делдее карап. Өзү да жанатан апасынын сөзүнө бир теригип, бир дымып уйкудан жаңы ойгонгонсуп отурган. Баласынын суроосуна эненин ичинен тим эле кан өтүп кетти. “А-а, кокуй, балта-чотун көтөрүп устачылыктан башканы билбей жүрүп дөдөй болуп калган тура. Бул байкуш ушул кезге чейин баласынын өңүнө маани берип деле карай элек болсо керек да. Болбосо, “баласы баягы парторг болуп жүрүп республикага чоңоюп кеткен Кайдылданын эле копиясы. Тобоо, ушундай да окшош болмокпу?”-деген элдин сөздөрүн кулагы чала элек го дейм. Ушунча да аңкоо болобу? Үйдө жүрсө Зояш, Зояжан деп көзүн карайт да турат. Же мунун башын айлантып келесоо кылып койгонбу бул бейбак?”-деди ичтен сыза. Тилин таптап нечен болгонун болгондой “катының баягы парторг Кайдылда менен күнү-түнү семинарлап кетип жүрүп сага балканактай бала төрөп бербедиби. “Букасы бөлөк болсо да музоосу биздики” деп унчукпай багып отурабыз. Анан катының “ойнош оттон ысык, ажырашкан соң боктон сасык” болуп ал Кайдылдасы борборго которулуп кетип карабай калгандан бери ызасын баладан чыгарып жатпайбы”,-деп айта сактаса да батына албады.
Антиштин ордуна жөн салды четин кыйытып:
– Ботом, өңү кара тору болгонго жерип жүрөт го,-деди кымырына.
– Эмнеге жерийт? Кайненем таекелерине окшоп калыптыр дебеди беле,-деди уулу күңкүлдөп.
Энеси астындагы орундугу менен уулун башка ура сактап өзүн араң кармады. Жүрөгү кысылып ооруп чыкты.
– Кой уулум, минткениң болбойт. Катының менен эркекче сүйлөш. Эми жаш эмес. Бир эмес экини төрөдү. Үйдү үй, жайды жай кылган катын. “Эсиң барда этегиңди жап” деп айт. Бой катынча колоктоп жүргөнүн токтотуп үйгө караласын. Мен да картайдым. Келининин жөн чыкканына кейип жүрүп атаң да эрте кетти. Болбосо, дагы беш-он жыл жашайт беле,-деди көз жашын сүртө.
– Коюңузчу апа, Зояда эмне күнөө. Жүрсө иши менен жүрүп атпайбы. Жумушу ошондой турбайбы. Артисттерди тигил жакка, бул жакка алып барат экен. Жыйналышка барбаса да болбойт экен. Эми иштебей үйдө отур дейинби?
Апасынын айласы кеткендей ордунан бөкчөйө тура жөнөдү да:
– Кой, уулум, сага корогон кайран кебим. Атаңды тартсаң камчың кайраттуу эле болот болчу. Атаңды тартпапсың. Ата уулу болбой калыпсың. Койнундагы аялына ээ боло албай төшөгүн тебелеткен эркек да эркекпи? Адамча ырысын көрө албасаң тапкан дүнүйөңдүн опасы кимге? Энелик парзымдан кутулуп бир акылымды айттым, мындан ары эмне кылсаң өзүң бил,-деди да, өз бөлмөсүнө кирип кетти.
Сапарбектин башы кеңгиреп дагы көпкө ордунда отурду. Буга чейин мынчалык узун сөздү эч кимден укпаса керек. Анан барып бөлмөсүнө кирди. Аялы адатынча чалкасынан түшүп керилип уктап жаткан экен. Жумуштан келген сайын ушинтип уктап жатканын суктанып карап далайга отурчу. Сулуулугуна суктанып карап отуруп ырахатка батчу. Анан уйкусун бузуп албайын, табияттын сулуулугун бузуп албайын деп акырын коомайлана төшөк четине жата кетчү. Бүгүн биринчи жолу жүзүнө жакындап жытын искеди. Чын эле оозунан арагыбы, коньягыбы ичкиликтин жыты буркурайт. Тим эле башы кеңгирей түштү. Өзү ичкилик аттууну оозуна алчу эмес. Мынчалык кайдан ичкен? Ким менен ичкен?-деп ойлой кыжаалаттана төшөк четине жантайды.
Эртеси адатынча жумушуна эрте кеткен жок. Уйкусунан ойгонгон Зоя жанындагы күйөөсүн көрүп чочуп кетти.
– Э-эй, сен уктап калдыңбы? Эмне жумушуңа барбай калдың?-деди таңдана. Каруусунан булкуй.
– Жумушка кечирээк барам. Андан көрө кел сүйлөшөлүчү.
– Эмнени?-Зоя көзүн чекчейте бир карап алып кийине баштады.
– Кечээ кайдан ичип келдиң? Кимдер менен ичип жүрөсүң?
– Анын эмнесин тергейсиң? Энең жамандадыбы?
– Апам жамандаган жок. Жытыңдан билдим.
– А-а, жыттачу адатың жок эле го. Жыттай баштадыңбы? Калп каткырып койду. - Жумушта шарты чыгып калып ичтим да. Же күйөөм жыттайт, корком деп ичпей коёюнбу?
– Акырын эле сүйлө. Мен сенден жай эле, акырын сурап жатпаймбы?
– Мен деле акырын эле сүйлөп жатам. Сүйлөгөнүм ошондой. Тобоо, ушунча жыл жыттабай жүрүп эми жыттай баштаган экенсиң да ээ.
– Мирбекти эмне көп урасың? Мага ушуну түшүндүрчү? Кичинекей балада эмне күнөө? Анын эмне жазыгы бар?
Зоянын көзү алаңдап кетти. Бети бир кызарып, бир бозоруп, ал түгүл колундагы кийип жаткан жемпирин да түшүрүп жиберип кайра алды. Чачтарын силке артына жыйып өзүнө келе албай жатты.
– Анча болду айт. Акыры айтылмак, айт. Эркексиңби? Акырына чейин айтып, сен да бугуңду чыгарып ал. Балаңды таякелерине окшош деп жымсалдабай эле кой. Чоңойгон сайын парторг Кайдылдага куюп койгондой окшоп баратат деп айтпайсыңбы.
– Эмне-е? Эмне деп дөөрүп атасың?-Сапарбек ордунан чок баскандай секирип кетти.
– Жетет... жетет... энең экөөң билмексен болуп мени ичиңерден жектеп, сыртыңардан сыр бербей эзип жеп бүттүңөр. Силердин билмексен болуп жегениңерге мен мындан ары чыдабайм. Ооба, бала Кайдылданыкы. Билгениңерди кылгыла! Мага десең мени бышырып же! Аялы жарыла албай чыңалып араң жүрсө керек. Жарылып кетти. Жедеп өзүн-өзү жеп, шылтоо таппай жүргөн экен, шылтоо тапты. Акыры ушул болмок го.
– Эмне... эмне деп... мен сени азыр... Сапар кандай ордунан атып туруп Зояны уруп калганын билбей калды. Тигил эки-үч ала салып тоголонуп кетти да, ордунан атып туруп эшикке жүгүрдү.
– Кокуй, өлтүргөн атат! Жардам... эл-журт, жардам... Жер-сууну буза бакырып көчөгө чуркап чыкты. Сапар ордуна шалк отура кала берди. Башы айланып кеңгиреп астындагы жер айланкөчөк атып, туруп баса албады. Өз бөлмөсүнөн жүгүрүп чыккан энеси алактай:
– Эмне болуп кетти кокуй?!-деди, чочуп ойгонуп бакырып ыйлап аткан неберелерин бооруна кыса. Бат эле кошуна-колоңдор чогулуп калышты.
– Мен калбайм. Калсам бул өлтүрөт. Соо койбойт,-деп жулунган Зоя бир аз кийимдерин, эки баласын алды да ушул эле күнү төркүнүнө кете берди.
– Койсоңчу, Сапардай күйөөнү таппайсың,-дегендердин сөзүн укпады.
– Силерге бердим ушунуңарды. Алгыла алтыныңарды! Мен алтындыгын көргөн жокмун. Энеси экөө мени тымпыйып тиктешип атып эзип бүтүштү,-деди дулдуңдап.
Энеси ошондо ооруп жыгылып, турбады. Бир айга жетпей кете берди. Бир жумадан кийин Зоя келип бүт үйдү көчүрүп кетти. Колуна илингенди бүт алды. “Муну калтыр, бул сага тийиштүү эмес” деген эч ким болбоду. Энеси өлгөндө топурак салганы келбей койду эле, эл жерге түкүрдү. “Бул катын көпкөнүнөн көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган экен” дешип. Зоя балдарын жулкулдатып кийинтип жатканда Сапарбек кичүү баласын талый карап калды. Чын эле баягы парторг Кайдылданын өзү, тобоо. Ушул кезге чеийн байкабаптыр. Ичи өрттөнүп дем ала албай, сүйлөгөнгө жарабады. “Зоя, ушинтмек белең? Сен кантип ушундай ишке бардың? Чын эле Зоя ушундай белең? Жок! Ишенбейм. Кантип эле сенин периштеникиндей денеңди бирөөлөр көрсүн? Кантип эле сенин өзүм өпкөндөн аячу алкымыңды башка бирөөлөр жыттап, мөлтүр эриндериңе башка бирөөлөр эринин тийгизсин? Кантип эле сен кайдагы бир кадырыңа жете албастардын астында ушаланып жатмак элең? Жок. Ишенбейм! Кантип?! Кантип?! Ак никелүү күйөөң туруп башка бирөөдөн кантип төрөп коёт элең? Ушундай да болобу?” Ичтен сыздады. Эч нерсеге түшүнө албай сыздады. Зоясынын, өзү периштедей бапестеп эркелетип, кирпигине чаң жугузгусу келбеген Зоясынын, сыртынан көчөдө басып баратканын карап туруп “карагылачы менин периштемди!” деп сыймыктанчу Зоясынын башка бирөөлөр менен арак ичип мас болуп, кучакташып, жытташып айбанча оонап жатышын такыр көз алдына элестете албай сыздады.
Эртең Зоя келип “Ачуум менен болбогон нерселерди айтып койдум. Баары калп деп айтабы-деп күттү. Жок. Баары тескери айланды. Аялы кеткенден кийин кулагы шумдуктарды укту. Бирине ишенсе, көбүнө ишенбеди.
(Уландысы бар)