4 мая 2016

ЖУРОКТОГУ КЫШ 9-болук

Мустафанын элпек кыймылдап, эпилдеп сүйлөп Сайра кемпир менен кызы Элмирага жасаган мамилесин көрүп алып эле бери жактан апасы Зуура өзү-өзүнө батпай жини келип, уулун ушунчалык жек көрүп кетти. "Эмне үчүн молдолор эки жүздүү болушат? Эмне үчүн дин жолунда жүрүшүп, күнөө эмне экенин билип туруп, күнөө кылышат, калпыс басышат?" - деп ойлоп, көзүн уулунан албай карап турду. Мустафа ан сайын Сайра кемпирди апакелеп, жепилдеп сүйлөп, жан алы калбай бир нерселерди кобурап, акыры учурун келтирип анан айтты: -Бул сууну ичсин, анан эртең саар менен бир жолу келгиле, дем салам. Ошону менен кызыңыз сен көр, мен көр шар айыгат. Бирок кара дубанын күчүн чечүү үчүн азыраак убакыт керек. Мен эртең түштө өзүмдүн үйүмө кетем. Үйүм райондун борборунда. Үйдүн жанында эки көк дүкөн бар. Эгер керек болсом үйгө барганыңар эле оң. Сайра кемпир эч жаман ою жок кызына карап: - Алдыгы суунун ичип жибер. Эртең дагы бир жолу келебиз, анан болду, - деди. Экинчи жолу дубаланган, баш айлантма сууну ичкен Элмиранын эмнегедир башы деңгирей түштү. Терс дубанын күчү таасир берип атканын Элмира кайдан билсин. Кайра көзүнө Мустафа мээримдүү көрүнүп, аны ички туюмунда жакшы көрүп кетти. Элмира,экинчи жолку дуба эзилген сууну ичкенде Мустафа ичинен сүйүнүп, өзүн бактылуу сезип, баштагыдан дагы элпилдеп, тили тилине тийбей каяктагы сөздөрдү айтып, Сайра кемпир менен Элмирага жакшы көрүнүүнүн жолун издеди. Желбегей жамынган чепкенин улам оңдоп коюп, шарият сөздөрдү куюлуштуруп сүйлөгөндө, Сайра кемпирдин оозу ачылып эле калды. Ан сайын бери жакта Зуура кемпир өзүн-өзү жектеп, өзүн-өзү жемелеп алды. Анан эмне кылат. Өз канынан жаралган, азап менен чоңойткон баласы эле кулакка жат, каяктагы сөздөрдү сүйлөп, атасы жасабаган иштерди жасаганы эле эмне деген сөздү ичине камтыйт. Көзгө комсоо көрүнүп чепкенин желбегей жамынганы, куучуңдаганы, элге жаман атыккан, жаман карыган абышканын элесин тартуулаган билги берип турду. Зуура эне жаман көргөнүн билгизбей, тиги экөө менен үйдүн ичинен эле коштошуп, терезеге келип карап турду. Эпилдеп-жепилдеген Мустафа калиткадан Элмира менен апасын узатып чыгып жатып, сырдуу көз караш менен Элмиранын турпатына дагы бир жолу сугун арта карап, көз алдына элестетип жиберди, аны менен бирге жашап атканын.Элмира жагымдуу жылмайып: - Жакшы калыңыз- дегенде, Мустафа шашыла Сайра кемпирге билгизбей Элмирага көз кысып: - Өзүңөр да жакшы баргыла. Эртең болбосо, бүрсүгүнү келгиле. Менин үйүмдү таап бара аласыздарбы? - деди. Сайра кемпир сөзгө кошулуп: -Ооба, ал эки көк дүкөндү кантип билбей калайын. Ал жерде далай издерим калбадыбы. Аны коюп сенин салган демиң кызыма шыпаа болсо болгону. Жанагы шүмшүккө тийгени байкуш кызым ооруга чалдыкпадыбы. Эми арты жакшы болсо болгону, - деп, кобуранып, тукаба пальтосунун этегин өйдө көтөрүмүш болуп, арыктан аттаган болду. Элмира апасынын артынан басып баратып, Мустафанын көз кысканынан уламбы, эмнегедир аны сырдуу карап, жылмайып жүзүн нары бурганда, Мустафанын жүрөгү элжиреп, көңүлү алып учуп, алган жары менен эки уулун такыр эстен чыгарып, бир гана Элмираны ойлоп, калды. Экөө узап кеткенче карап туруп, анан артка басты, кымбат баалуу буюмун жоготуп алгансып. Үйгө киргенде, апасы Зуура маанайы пас, жаман көзү менен карап тосуп алды. - Уулум, өзүң диндин талаптарын жакшы түшүнөсүң. Эгер мен айтсам жаман көрбө, бирок адилет көз жүгүрт- деп, маанилүү сөз айтчудай тамагын жасап, көзүн уулуна кадап: - Менин баамымда, сен алиги Сайра кемпирдин кызына үйлөнсөм деген оюң бар окшойт. Эгер ошол оюңду ишке ашыра турган болсоң, анда мен сени "балам" деп эсептебейм. Аял затынын дагы убалы бар. Биринчи аялың кетти, жаш кыз алдың. Эми анын кадырына жетпей туруп, эки балаңдын көзүн жалдыратып, дагы төшөк жаңырткың келип турабы? Эгер менин көңүлүмө карабай, Назирадан башка аял алсаң, анда мен үйгө киргизбейм. Билесиңби, эне менен атанын каргышына калган бала эмне болот? Тилимди алсаң, короодогу эки ириктин бирин пулдап, Назираны алып кел!- деди да, эмне деп жооп берет деген таисте баласына кулак түрүп калды. Мустафа сырттан жаңы эле көңүлү көтөрүлүп кирип келип, эки айрылыш жолдо калган жолоочудай алайып, жооп таба албай эле туруп калды, туюктан жол издеген кайберендей: - Апа, сиз мага туура түшүнсөңүз. Назиранын артынан бардым, болбой койду. Эми мен анын алдына басынып, кайра-кайра эле бара беремби? Ага мен ак дебесем же көк дебесем, башка аялдардын күйөөлөрүндөй арак ичип келип мас болуп алып алып сабабасам, анан эле жылуу ордунан козголуп, шаарга барам деп кетип калса...- Зуура, Мустафанын сөзүн оозунан жулуп алды: - Ай, сен ошо арак ичкен кишилерден дагы жаман иш кылып жатпайсыңбы. Көр жемечилигиңди, акчага кароо экениңди билесиңби?! -деги. Мен, сенин ар бир сүйлөгөн сөзүңдөн. баскан-турган кыймыл аракетиңден бери билип турам. Аял кетирип аял алган сага өнөкөт иш эмес да. Түшүнсөң боло! Мына, жашың кырктан ашып, элүүгө чыкканы турасың. Деги сага качан акыл кирет? Дагы аял алсаң эле оңолуп кетесиңби? Аял алып оңолсоң, сен оңолот элең го? Мустафа айтылган сөзгө теригип кетти да, өңү кумсарып апасын жаман көзү менен карап: - Апа, менин ишиме кийлигишпеңизчи! Мен эми бала эмесмин го. Ислам дини бир эмес, төрт аял алганга уруксаат берген. Эң негизгиси, нике кыйылса болду. Зуура туттугуп, сүйлөй албай калды. Бир аз өзүн кармап: -Анда үстү-үстүнө аял алып, өзүңдүн кызыкчылыгыңды ойлоп, бала туудура бер! Бактысыз кылып балдарды. Бала туудурганды билген эркек. аны бага да билиш керек. Намаз окуп атам деп эле ак кол болуп иштебей олтура бербей. Койчу, сага айткан кайран сөз. Ушу сенин төрөгөн жылы кысыр эле калсам эмне. Өткөндө кайненеңдин үйүнө барып, эки балаңды көрүп алып зээним кейиди. Кудагый эмне деген гана сөздөрдү айтпады. Анын баарын эстегим да келбейт, - деп, сыртка чыга жөнөдү. *** Назиранын көңүлү баштагыдан абдан чөгүп, кечиндеги окуяны эстеп араң эле кадам шилтеп басып келатты. "Эми жездемдин бетин кантип карайм?"-деп өзүн-өзү жемеледи. Анан эмне кылат? "Уят олүмдөн катуу" дегендей, жердин катуулугунан өзүн кармап,санаанын кучагында баратты. Жүзү албырып, уялганы жүзүнөн билинген Назира, оозгу үйдө отурган жездесин тике карай албай, ичкери кирип кетти. Айзада, Байышка: - Качан келдиң? - деп сурады. Байыш: - Өзүң кайда бардың? Келгениме бир сааттан ашты. Жумабек досум чакырып жатат. Бол тез, камдан. Айзада көңүлү суз: - Эмнеге чакырыптыр? Мен светтин акчасын төгүп келдим - деди. Күйөөсү шаштырып: - Барганда көрөсүң да. Аны коюп кийинип чыкчы. Бизди күтүп калышты. Бат эле келем дедим эле... Байышка. Айзада эч сөз сүйлөбөстөн үйгө кирип, кийинип чыкты да, суроолу кайрылды. -Эмне алыш керек? Акча алып алайынбы? - деп жооп күтүп туруп калды. Машинасын от алдырып жаткан Байыш: -Менде акча бар, бол ылдам - деп машинасын дарбазадан чыгарып Айзаданы күтүп, шаштырган болду. Назира жездеси менен эжеси кеткенде "өх" деп үшкүрнүп алды... *** Турат эми эмне кылсам болот деп, жакын жердеги кафеге келди да, тамакка заказ берди. Ачка эле. Тамакты Назира менен чогуу ичем деп ойлогон эле да. Бүт дитин сүйүү ээлеп калган Тураттын оюу чар жайыт болуп, көп нерсени ойлогонго жетишкен Турат чылымынын түтү -нүн асманга үйлоп, терезени карады. Аңгыча курбусу телефон чалып калды. -Алло, Турат эртерээк "Арзуу" кафесине келип калчы, - деди. Турат түшүнө бербей: - Эмнеге? Эмне максат менен ал жакка чакырып жатасың? - Жөн эле. Келсең, анан билесиң. Эң негизгиси келип кал! - деди. Турат такып сурагандан жазганып: - Макул, жарым саатка жетпей барып калам. И баса, дагы кимдер бар киши көппү, же экөөбүз эле болобузбу? - Аны келгенде көрөсүң. Бол тез, келип кал, - деди. Турат алдына келген заказды кабыл алып: - Чоң кыз, экинчисин чийип салчы. Шашылыш бирөө чакырып калды - деп, экинчи тамактан отказ берди. Официантка кыз макул деген мааниде башын ийкеп нары басканда, Турат тамакка карады. Анча чоң эмес залдын ичинде киши аз. Ары жакта бутун кайчылаштырып отурган, түрк улутундагы кызга көзү түшкөн Турат аны бир жерден көргөндөй элестетип, бир азга аны карап туруп калды, бирок эстей алган жок. Шашыла тамагын ичип ордунан турганы жатканда, алиги кыз өзү келип: - Турат, сен мени тааныбай калдыңбы? Билесиңби Жамбулдагы Жылдызбектин тоюн? - деди. Ошондо гана Турат алиги кызды таанып, бирок атын эстей албай койду. Кара күчкө күлүп: - Тааныдым, такыр өзгөрүп кетипсиң го? Кандай анан? - деп, анын ал абалын сурамыш болду. Саида жан алы калбай: -Өзүң кандай? Сен такыр эле өзгөрүпсүң. Сени көрүп эле тааныдым. Турат Саида менен сүйлөшүп жатып кеминде он беш мүнөт убактысын жоготту. Сөз кезеги келгенде: - Саида, давай башка күнү жолугушабыз? Азыр мени достор күтүп калышты. Жана эле телефон чалган. Мен шашылышмын, - деди. Саида мейли деген таизде: - Анда качан жолугушалы. И баса, Жылдызбек канча балалуу болуп калды? Андан бери беш жылдай убакыт өттү го... - Ооба, беш жылдай убакыт өттү. Бирок канча балалуу болгону биле алганым жок. - Болуптур анда, мен жылайын. Давай эртең ушу маалда, ушул жерден жолугалы. Саида жагымдуу жылмайып: - Эртең мени ушул жерден күт. Эгер кечиксем күтпөй кете бер. Эгер мага жолугам десең Орто-Сай базарына бар. Окорочка саткан жагында болом. Турат, Саида менен жылуу коштошуп, тамактын акчасын төлөп сыртка чыкты да, машинасын от алдырым зуу койду. Бул убакта айлана күүгүм тартып калган эле. "Арзуу" кафесинин жанына келген Турат, катар тизилген машиналардын арасына машинасын токтотуп, ичкери кирди. Чоң залдын бир тарабында отузга чукул адам өздөрүнчө бака-шака түшүп отурушкан экен. Дароо эле ошол тарапка багыт алды. Алдынан утурлай чыккан группалашы Жумабек: - Кел досум. Эмне кечиктиң? - деди. Турат ал жай сурашып анан: - Ушундай болуп калды, - деп столдо отурган адамдар менен учурашып жатып, Назирага окшош кызды көрүп, азга апкаарый түштү. Ал Назиранын эжеси Айзада эле. Орун алып отурган Турат: - Досум, бул эмне майрам? Мындай жерге чакырганда адресин айтып чакырат. Анан эч кандай, эч нерсе билбеген киши эмне алып келээрин да билбейт экен. Эмне максат менен чогулдук? - деди. Минтип кайрылганынын себеби бул жердегилердин теңинин көбүн тааныгандыктан, өзүн эркин сезди. - Эмне, уккан эмес белең? Тиги Байыш экөөңөрдөн башкасы бүт билет. Бүгүн менин туулган күнүм- эмеспи. Алыкул Осмоновдун отуз жаш деген ырын билесиңби? Бүгүн отузга чыгып оолугуп турган кезим, - деди, тамашага чала. Турат отурган ордунан туруп: - Жана эле ачыгын айтып койбойт белең. Белек ала келмекмин да - деп нааразы болду . Жумабек күлүп: - Сенин келгениң эле мага белек. Билесиңби, дагы бир жаңылык түз жүргөн кишинин иши алдыга жылат дегендей, негизи мен мактанганды жаман көрөм. Бирок сөз кезеги келгенде айтып коёюн. Мурдагы күнү лоторея билеттен "жигули" утуп алгам. Ошону дагы майлап берейин деп... Турат Жумабектин сөзүн оозунан жулуп алды: - Кут болсун- досум! Эмне сүйүнчүлөп койгон жоксуң?! Андай жакшылыктарды сүйүнчүлөп -айтат. Ал мактангандыкка жатпайт. Кап, мындайды билгенде башкача келбейт белем, - деп өкүнгөнүн жашыра алган жок: -Досум, ме, бул канча акча экенин билбейм туулган күнүңө жана машинаңа берген белегим, - деп чөнтөгүнөн тутумдап акча алып чыгып Жумабекке сунду. - Жок, жөн эле кой, - деди эл Турат болгон жок. Дасторкондо отургандар Туратка ыраазы болуп калышты. Өзгөчө Айзада ичинен: "Жигит болбосоң кое кал"- деп Туратка ичи жылып турду. Тыныгуу убагында сыртка чыгышкан коноктор менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк табышты. Байыш, Туратка жакын келип: - Дос, сени бир жерден көргөндөй болуп турам. Көзүмө жылуу учурап жатасың? - деди. Турат дагы Байышка көзүн кадап: - Силер да көзүмө жылуу учурап, бир жерден көргөндөй болуп турам. Балким бир тойдо, болбосо дагы башка жерден жолуксак керек. Эмнегедир мага жакын адамдай эле сезилип турасың - деп, Турат Байышты билсе да, башка бир жерден көргөндөй сезди. Аңгыча Жумабек экөөнүн жанына басып келип: - Турат, бул менин жакын досум. Мектепте бирге окудук эле. Классташтардан экөөбүз тээ бала кезден бери эле бири-бирибизден кол үзүшпөй келебиз. Эң негизгиси маселени да Байыш менен кеңешем- деп Байыш жөнүндө үстүртөн маалымат берген соң Байышка: - Турат экөөбүз беш жыл чогуу окудук. Эсиңдеби, баягы мен экинчи курста окуп жүргөндө Максатка кыз ала качпадык беле, кеминдик Айжамалды. Ошондо чогуу болбодук беле- деп бир кезде болгон окуяны эстерине салды. Ошондо гана Байыш менен Турат бири-бирин таанып, өткөндү эстегенге өтүштү. Андан бери дээрлик жети жыл убакыт желдей сызып өтүп, көп нерсени унутканга түрткү берген эле. Анда Байыш үйлөнө элек болчу. Айжамалды көлдүн Тоң районуна алып качып баратышып, Балыкчы шаарынан МАИ кызматкерлери тоскондо, Турат менен Байыш кызуулукка алдырышып, ажатканага кеткен бойдон дайыны жок жоголуп кеткенде бир саат убакыт издешип, таппай коюшкан. Көрсө милиция кызматкерлери экөөнү "мас экенсиңер" деп өздөрү менен бирге алып кеткенде Жумабек барып таап келген, анын баарын эске салышып, Байыш менен Турат бир топко сүйлөшүп туруп калышты. Эгер Жумабек эскертпегенде экөө бирин-бири тааныбай калышат беле, ким билет. Улам бир окуяны эстеп каткырып күлгөн эки курбу, качан гана үлпөт ээси чакырганда ичкери киришип, экөө катар олтурушту. Байыш жанында отурган Сейитти, Тураттын ордуна жиберип Туратты өзүнүн жанына отургузуп жатып, аялы Айзадага: - Айзада, билесиңби, бул жигитти? Биз сүйлөшүп жүргөндө таанышпадык беле, баягы кинотеатрдын жанынан. Такыр унутуп калыптырбыз. Мен айтпадым беле, кыз ала качып Көлгө барып келдик деп, Максат менен Айжамал үйлөнгөндө. Сен узатып калбадың беле, деп Айзаданы, Турат менен тааныштырганын эске салганга аракет кылды. Айзада дароо эле: - Ооба, эстедим. Ошондо сен ак футболка кийип, чачыңды химияга берип тармалдатып алгансың. Ошол кезде эркек балдар дагы чач тармалдатканды модага айлантышпады беле. А сен мага "сени менен таанышканым үчүн"- деп, мага шоколад алып бергенсиң,- деп Туратка көп нерсени айтып берди. Турат анын баарын эстей алган жок. Айзаданын ар бир кыймылынан, сүйлөгөн сөзүнөн бери, Назиранын мимикаларын байкап турду. өзү арзып сүйүүсүн арнаган адамдын эжеси, бир кездеги таанышы болуп чыкканына Турат таң калып, тагдырдын тамашасына таң берип турду. Ооба, ал кезде Турат арык, ичке бала болчу. Ал эми азыр болуп көрбөгөндөй өзгөрүлгөн. Чынында эле тааныбай кала турган абалга жеткен. Ортодо бир азга сөз үзүлүп, бери жакта бакылдап сүйлөп жаткан Жаныбектин сөзүнө көңүл бурушту. Жаныбек орто кызып калгандыктан эч кимге сөз бербей, Жумабек менен Жамалканды мактап, үлпөткө тиешеси жок сөздөрдү айтып, көпчүлүктү тажатып да жиберди. Акыры чакан үлпөт дагы соңуна чыгып, коштошчу убак келгенде Байыш, Туратка: -Досум, алигиче үлөнө элек болсоң шаша турган деле жагың жок экен. Үйгө барып, даам сызып кетпейсиңби. өткөндү эстеп сүйлөшуп, бир черден чыгалы,- деди. Турат жакшы эле көңүлдөнүп, Назирадан жазганды. Анткен менен бул жерден Турат туура эле кылды. Шылтоо айтты "бара албайм"- деп. Убакыт да кеч болуп калган. Байыш Тураттын сөзүн угуп анда эртең, болбосо убактың болгондо сөзсүз кел деп, үйүнүн дарегин жазып берди да, машинасына олтуруп айдап жөнөдү. Турат эми даана эки ортодо калды. Анан эмне кылат? Эптеп жүрөгү жактырган аял затын тапса, ал үй-бүлөөлү болгону аз келгенсип, эски таанышынын балдызы болуп чыкканы, өз деңгээлинде тоскоолдугун тийгизбей койгон жок. Эгер Байыш, Турат менен Назиранын бири бирине болгон арзуу сезимдерин билсе, кандай ойдо калат. Мына тагдырдын тамашасы. Баарынан дагы Айзада качан бир кезде болгон окуясын ийне жибине чейин билгени, Тураттын көңүлүн чөгөрдү. Ооба, ошол Айзада менен таанышкандан эки күндөн соң филармониянын жанынан жолугуп "Сен мага жагып калдың, бирок Байыш экөөңөргө тоскоол болгондон алысмын" деп айтпады беле.Эми минтип алардын үйүнө барып, Назирага кантип жолугат. Кечки Бишкектин жолунда машинасы менен баратып, Турат капкайдагы ойлорду ойлоп баратып бара турган жерине кантип келгенин билбей калды. Бүгүн дагы жолу болбой калганга өкүнүп улутунуп алды да, машинасын токтотуп, Назирага эми кантип жолугуунун жолун издеди. ( Уландысы бар )

Комментарии

Комментариев нет.