22 мау 2016

КАЧКЫН 13-болук

-Акмакмын, ушуга мээм жетпедиби, - деп сүйлөнүп жиберди.
Кобра вертолеттогу өзү отурган орунтуктун тушуна чоң күзгү коюп каршысындагы эшикти ачып койгон эле. Кара Илбирс кайта- кайта көрүп жаткан Кобранын күзгүдөн чагылган түсү болчу.
Мылтык "тарс" дери менен күзгү күбүлүп сынып түштү. Муну Кара Илбирс даана көрдү да алданганына ошол замат түшүндү.
Мылтык кайсыл джерден атылганын, арчалардын арасында отурган лейтенант көрүп калды да ошол замат "ок кайсыл жерден атылды болжоп калдым. Мен автомат менен аткан аймакты карагыла. Өзүн көргөн жокмун" деп рация менен вертолетко да, бадалдын арасындагы жокерлерге да шашылыш билдирип ок чыккан зооканы көздөй алыстан болсо да жанында эки жоокери үчөө тең окту төгүп кое берди.
Мылтык үнүнөн аскалар жаңырып алай-дүлөй боло түштү. Вертелот кайра айланып келгичектиги убакытты пайдаланып калыш үчүн Кара Илбирс боортоктой сойлоп бадалдагы жоокерлер күрүнгүдөй жерге чыкты. Арчалуу беттен ок жадыргандар жакты чоң аска таш тозгондуктан коркунч жок болчу.
Бадалдагы эки жоокер тең жаштык кылып баштарын ачык чыгарып алып, дүрбү менен Кара Илбирсти издеп жатышкан экен.
Он секундага жетпей экөө тең жер кучактады, ал түгүл бири экинчисине ок жаңылганын билүүгө үлгүрбөдү.
Аска таштар жыңырган мылтык үнүнөн Кара Илбирстин атканы да билинбеди. Экөөнү тынчытары менен Кара Илбирс өмгөктөй жүгүрө үңкүр жака өттү. Арсылдап үргөн иттер бул учурда Кара Илбирс кайда жатканын жытынан билишип зооканы айлана чуркап борчук аркылуу чыга башташкан. Өңкүргө жетери менен жаңы башы көрүнгөн иттин башын жара атты. Аскадан учкан ит ылдый кулады. Бул учурда колдон келишинче чукул бурулууга аракет кылган вертолет кайра Кара Илбирс жака беттеп калган.
Кобра өлгөн итти даана көрдү. Ок түбү карарып жакшы көрүнбөгөн үңкүрдөн чыгып жатканын болжоду. Аңгыча экинчи итке ок чыгып, дагы аскадан учту бул жолу Кобра ок үңкүрдөн чыкканын даана көрдү да снайперин бетине алды.
Вертолет жакындап келатканын көргөн Кара Илбирс үңкүрдүн түбүнө тоголоно секирди.
Эми эле өзү ок аткан жерди вертолеттон атылган снайпердин октору тытып кетти. Үңкүрдүн түбүнө түшкөн Кара-Илбирс эки асканын ортосу аркылуу өйдө кеткен кычык менен атайын бөлүктө жүргөндө машыккан ыкмага салып өйдө чыга баштады.
Вертолет үңкүрдүн оозуна 150-200 метрче жакындап учуп келди да абага каалгый бир орунда туруп калды.
Кобра үңкүрдүн түбүн канча көрүүгө аракеттенсе да карарып эч нерсе көрө албады. Бадал жактан бир да ок чыкпаганын көрүп, экөө эчак тынчыганын түшүндү. Болбосо үңкүрдүн оозу туура жоокерлер жашынган бадалды карап турган . Тынымсыз ок аткан лейтенантын группасына "ок атууну токтоткула. Кылмышкер жаткан жер силерге көрүнбөйт. Андан көрө арча-карагайга, ташка жашынып кылмышкер жашынган жерди көздөй жакындагыла. Кылмышкер силерге ок чыгара албайт, мен үңкүрдүн оозун тозом. Ошондуктан корпогула деген команда берди.
- Бадалдагы эки жоокер үндөбөйт. Аларга эмне болгон деп кабтырлана сурады лейтенант.
- Аны талкуулай турган учур эмес. Буйрукту аткаргыла деди Кобра. Борчукту айлана арсылдай үрүп чуркаган үчүнчү ит мурунку экөө өтөбүз деп окко учкан жалгзы жол менен өттү да үңкүрдүн ичине жулунган бойдон кирип кетти. Муну карап турган Кобра ичинен "Ай жалгыз болуп калды. Оңой эле атап салат" деп ойлой вертолеттун үнүнөн ит үрүп жатабы же дым болдубу угулбаганына кыжыры келди.
Иттердин мойнуна микропередатчиктериди тагып койбогонуна өкүндү. Улам бир ташка арча- каргайга жашынган лейтенант баштаган жоокерлер аскадагы үңкүргө жакындап келатышты.
Жан алакетке түшүп өйдө чыгып бараткан Кара Илбирс төмөнтөн өйдө секире үрүп жаткан итти көрдү. Бирок ага көңүл бүлүүгө убактысы жок болчу.
Тырмышып отуруп ак шоола жарык болуп турган оозго жетип кичине көкүрөөк баса эс алды да сыртка сойлоду. Жанаша бой тирешкен эки асканын туура шилисинен чыгыптыр. Үңкүрдөн оозун тозгон вертолет андан төмөнүрөөк калат экен. Мылтыгын алып дүрбүсү менен вертолеттон Кобраны издей баштады. Митаам эч жеринен байкалбайт. Аңгыча снайпер мылтыктын чыгып турган дүрбүлүү унгусун байкап калды да, көз албай мелжеген калыбында күтө баштады.
Эң коркунучтуусу өзү жашынгандай өңүт жок экен. Асканын ачык тектирчеси. Эгер Кобра байкаса кайра жанагы өзү чыккан кычыка жеткиче эле тытып салчудай.
Үңкүрдүн арсылдай үргөн ит кайра чуркап чыкты. "Эмне болуп кетти. Кара Илбирске ок жаңылып өлгөнбү. Же үңкүрдүн башка жолу менен чыгып кеткенби" деген Кобра астыга жүткүнө дүрбүсүн көзүнө ала үңкүрдүн тегергин карай баштады.
Ички сезимдеги туюубу же капитеттен карадыбы күтүүсүз Кара Илбирс өзүн мээлеп турган асканын кырын карады да денеси ток ургандай дирт дей түшүп, өзүн мелжеген снайперди дүрбүсү менен тиктеше түштү. Жашынууга өтө кеч болуп калган. "Жеңиш сеники", деп ойлоого үлгүрдү. Жансыз денеси вертолеттун ачык эшигинен арта салына түшүп төмөн учту да коктудагы коргул таштарга барып "Былч" урунду.
"Ок чечсин дегенибиз" деди Кара Илбирс машааны тартып жатып. Экөө тиктеше түшкөндө Кара Илбирстин да денеси дирт дей түштү. Аз жерден жаза атып ала сактады. Кантсе да аркасынан эмес бет маңдайынан атканга өмүрүдүн акыркы секунддунда экөө тиктеше түшкөнгө жеңилдене түшкөнү менен ичи эмнегедир уйгу-туйгу боло жакшы тааныган жакын адамдарынын биринен айрылгансып көздөрүнөн жаш кылгыра тектирчеге шалдырап жатып калды.
Кобранын төмөн учуп баратканын көргөн вертолет айдаган учкучтардын бири экинчисине "Кара. Төмөндү кара" деди. Экинчиси да көрүп көргөн көздөрүнө ишенбей бири Кобра отурган жакка баш бакты эле анын орду бош калыптыр. Ачууга мууна түшкөн учкуч "Мен жана эле жардырып жоготолу" дегем деди да үңкүрдүн оозун мелжеп туруп миномотту басып калды. Жарылуудан аскалар кулап айлана айлай-дүлөй түшүп кетти. Тик аскалардан кулаган таштардын көтөрүлгөн чаңдан кокту ичинде эч нерсе көрүнбөй калды.
Ачууга алдырган учкучтар өздөрүнүн жаңылыштыктарын кеч сезишти. Аскадагы үңкүргө жакындап калган эки жоокер кулаган таштардын бутасы болуп кала беришти. Астыда келаткан лейтенант гана үйдөй таштын коңулуна тыгылып аман калды. Жөн эле тоо көчүп кеткендей болду. Лейтенант өзү коргологон үйдөй ташка урунган таштардын көбүнөн анын ысып чыкканын байкады.
Асканын кырындагы Кара Илбирс боортоктоп жаткан калыбында кыймылдай алган жок. Астындагы аска кадимкидей кыймылдап жатканын туюп турду. Таштар-ташка урунгандагы күйүк чаңдан дем ала албай чакап жатты.
Чаң удургуп көтөрүлүп, айлананы каптай баштаганда коркуп кеткен учкучтар өйдө көтөрүлүп алыстай учушту. Төмөндөгү лейтенант баш болгон жоокерлер кулаган таштардын астында калганын өз көздөрү менен көрүшкөндө бирин-бири өңдөрү бозоро алаңдай тиктеп алышты.
Кулаган таштардын аягы бери дегенде жарым сааттан ашыкка барып токтоду. Арадан бир жарым сааттан ашык убакыт өткөндөн кийин барып араң чаң басаңдап тарай баштады.
Вертолет кайра айланып учуп жердеги жоокерлерден тирүү калганы барбы деп рация менен байланышка чыкты. Жерден лейтенант кыйкыра жооп берди. "Силер эмне акылдан айнып калгансыңарбы. Аскер тирибуналында жооп бересиңер. Мен силерди түрмөдө чиритем. Эки жоокер силердин азабыңардан кулаган таштардын алдында калып өлдү. Мага шаты түшүргүлө" деген команда берди.
Жакындап учуп келаткан вертолет күтүүсүз кайра артка бурулуп алыстап учту.
Учкучтар бир ойго келе албай жатышты. "Болору болду. Эгер лейтенант тирүү калса экөөбүз тең түрмөдө чирийбиз же аскер тирибуналы атууга өкүм кылат. Лейтенантын көзүн тазалайлы" - деди командир учкуч жашына. Жашы үн дебеди.
"Миномотту мен аткан жокмун. Менде эмне күнөө" деп ойлоду ичинен. Анын оюн билип тургансып улуусу "Миномот менен сени атты" - дейм" Көрсөтмөнү күтпөй ачууга алдырып атып жиберди" - дейм, дегенде. "Кандайча. Мен аткан жокмун да" деп чоочуп кетти. Тартип боюнча миномотто сен отурасың. Турабы- Бирок мен аткан жокмунда.
- Аны ким көрдү. Күбөө жок бул жерде экөөбүз бир кайыктабыз. Жалгыз жол лейтенанты жок кылабыз да Кара Илбирс Кобраны жайлагандан кийин жердегилердин баарын бирден терип атып салды, биз аны миномот менен атып жок кылууга аргасыз болдук дейбиз. Эки жоокердин үлүгү таш астында калды эми лейтенантты да таш астына калтырабыз.
- Дагы миномот менен атабызбы?
- Жок. Шатыны түшүрөбүз да чыгып келатканда бийигирээк көтөрүлүп туруп кулатып жиберебиз. баары ойдогудай болот. Өзүм бүтүрөм.
- Балким Кара Илбирс тирүү калсачы.
- Кайдан тирүү калат. Ал жаткан үңкүрдүн изи да калган жок! Өзүң көрдүң го.
Вертолет алыстап учуп кеткенде эмне болду деп түшүнбөй калган лейтенант кайра жакындаганда кубанып кетти.
Лейтенант вертолеттон түшүрүлгөн шатыга чыга баштаганда коктудагы чаң толук тараган. Кара Илбирс аны даана көрүп турда. Тигилер жакшылап караса Кара Илбирсти оңой эле көрүшмөк.
Снайпердин дүрбүсү менен караган Кара Илбирс лейтенантты аткысы келген жок. Эмнеге экенин өзү да түшүнбөдү. Лейтенант эшике жете бергенде ары жактан учкуч чыкты да лейтенанты башка бир нерсе мене урду. Кара Илбирс снайпердин дүрбүсүнөн даана көрдү. Лейтенант шатыны кое бербей чайпалып туруп калды. Учкуч дагы урду. Лейтенант төмөндө көздөй кулап жөнөндү.
Бул аскер тили менен айтканда чыккынчылык болчу. Кара Илбирстин снайперинин дүрбүсүнүн каролу төмөн учкан лейтенантты карап турган учкучтун өң көзүнө келгенде машаа тартылды.
Учкуч чайпала түшүп лейтенанттын аркасынан төмөнгө кулады. Вертолет ордунан бир айланып алды да салпактаган шатыны да жыйбастан бел ашып ылдам учуп кетти.
Командир учкуч лейтенанттын аркасынан кулаганда башкарууда отурган жаш учкуч алгач коркуп кеткени менен үстүнөн оор жүк алгандай жеңилдей түштү. Көзүнөн аккан жашын да аарчыбастан базаны көздөй бет алды. Ал мындан ары чыдай алмак эмес. Бир жарым сааттан кийин болгонун болгондой бүт чындыгын айтып командирлеринин астында отурду.
ХХХ
Ушул түнү Зарлык менен Элүүбай, Нарынбек үчөө Кош-Белдин үстүнөн коштошту. Зарлык ашууну жөө ашып кетмек. Атын Элүүбай эки жумадан кийин убадалашкан жерге жетелеп барып бере турган болду.
Кош-Бел али көк муз болуп ээрибей тургандыктан ат учуп кетиши мүмкүн эле. Тобокелге салгылары келбеди.
Толгон айдын жарыгында караандары алыстан бараткан Элүүбай менен Нарынбекти карап отурган Зарлыктын эсине кайрадан Кобра түштү.
- Жигиттин өртү эле. Өлүмүн тике карап кетти, - деп күбүрөнүп алды.
Кайрадан эсине Вьетнам түштү. Экөөнүн былчылдашып мушташа кеткени, ортого түшкөндөр ажыратып калганда ээн жерден беттешсек тагдырды ок чечсин деп көгөрө антташканы, көздөрүн жайнаткан вьетнам кызы экөөнүн ортосуна түшүп мен үчүн экөөң урушпагыла деп чыркырап турганы тасмадай тартылды.
Снайпер мылтыгынын кундагын мыжыгып, мыжыгып алды да
- Эх жашооңду... Кобра жигиттин сырттаны эле, - деп күңгүрөнгөндө көзүнөн жаш агып кетти.
Зарлык Вьетнамга кызмат өтөөгө барганда Кобра ал жерде "старик" болуп калган экен. Алгачкы жарым жылда ага "молодой" катары мамиле кылып жүрдү. Жарым жылдын ичинде Зарлык Кара Илбирс деген атка ээ болуп атайын бөлүктүн жоокерлери эле эмес жергиликтүү Вьетнам партизандарынын арасында да легендарлуу жоокерге айлана баштаган, душманын дайыма көзгө гана аткандыктан өзүнүн "тамгасы" бир снайпер болуп калды. Снайперлердин ичинен өзүнүн өзгөчө тамгасы барлар гана баркталчу.
Бир жолу тапшырмада үч күн бою аңдып жүрүп америкалык "Кара жебе" аттуу снайперди жок кылды. Кобра ошондо өзү келип колун кыса кармап туруп кулактын үстүндөгү тырыгын көрсөтүп, "мына "Кара жебенин" калтырган тагы. Эң мыкты снайпер болчу. Канча советтик снайперлерди, командирлерди, офицерлерди жок кылды. Чыныымды айтайын мен андан коркчу элем. Ал дагы мен сыяктуу дайыма эки каштын гана ортосуна атчу. Мындан ары экөөбүз досбуз" деп кучакташышкан. Ошондон кийин оор тапшырмаларга "Кобра" "Кара Илбирсти" ээрчитип алчу. ( Уландысы бар )

Пікірлер

Пікірлер жоқ.