АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ.

Уландысы: 5 болум.
Настянын чон энеси атайы мага деп, даярдап койгон дары чопторун кантип колдонуш керектигин тушундуруп айтып берип жатты. Былтыркы жылы ал менин атамдын бутундагы варикозго деп мазь даярдап берген болчу. Атама каникулда ала барып бергем. Бутунун ооруганы басылып кыйла жакшы болуп калган. Ошондон быйылда ала кетишим керек . Андан да ага жолукпай кетип калууга болбойт эле. Озу да бизди чыдамсыздык менен кутуп жаткан экен. Настянын ата-энеси шаардын четинде турушчу. Бул жолу атасынын машинасы менен баарыбыз чогуу келдик. Жайдын куну сыртка стол даярдап шашлык жасап эс алып суйлошуп отурдук.
- Менин таасиримден улам болсо керек, кызым врачтык кесипти тандады. А неберем Настя андай болбоду. Атасынын жолун жолдоп кетти, деп Настянын чон энеси буга чейин да коп айтып калаар эле. Бугун да ал ошол созун айтып отту. Настянын апасы мандайы жарык татынакай аял. Кесиби врач. Мунозу да бирдей. Иштеген жеринде оз кесибин жакшы оздоштургон мыкты адис экенинин Настя коп айтып мактанып калаар эле.
Мен учун алар менен коштошуу да оной болгон жок. Эртен тунку саат эки жарымда учушумду аларга айттым. Алар менин ата-энеме салам айта баргын дешип, Настя экообуздун достугубузду баалашып рахмат айтып отурушту. Мен аларды качан болсо да созсуз отпуска алганынарда кыргызстанга баргыла деп мейманчылыкка чакырып жаттым.
Бул шаардан биро толо кетип жатканыма ичим кадимкидей ачышып жатты.Журогум кызыктай болуп ыйлагым эле келет. Кийимдеримди чемоданга салыштырып коюп Аманды кутуп отуруп калдым. Настя менен чогуу жашаган комнатам, бошоп калганга анырайып козумо бир башкача корунуп турду. Карап олтуруп тезирээк чыгып кетким келип кетти. Ангыча эле Аман эки орус досу менен кирип келип чемодандарды которушуп чогуу сыртка чыктык. Чыксак беш алты курсташ балдар кыздарыбыз бизди кутуп турушуптур. Арасында кызуурактары да бар. Кучакташып бири бирине соз бербей, бизди коё бергилери келбей жатып аран коштоштук. Биз туз эле Айнагулдукуно келдик. Келсек Айнагул плов басып коюп, Нуралы экоо бизди кутуп отурушкан экен. Обед убагы болуп калыптыр. Мен кечээ Настянын чон энесинин уйунон тамактанган бойдон, экенмин. Тортообуз кенен отуруп тамактанып суйлошуп отурдук.
-Нуралы силер качанкыга билет аласынар? Жумуштарын бутойун дедиби? деп Аман андан сурап калды.
-Буйруса аз калды. Бир жумадан кийин биз да жоноп калабыз го.
- Биз да тэзирээк кетсек экен. Баламды эстесем бир мунот да бул жерде тургум келбей кетет. Аны аябай сагындым, деп Айнагул баласын эстеп алды. Алар уулун былтыр каникулда айылга таштап келишкен эле.
- Тундо учсанар, андан нары Ошко качан учат экенсин? деп Нуралы мага карады.
- Эртен саат он эки кыркта учам, дедим мен. Айнагул козун алайта мени бир карап койду.
- Таак, ошондо кудай буйруса эртен туштон кийин оз уйундо ата-энен менен чай ичип отуруп калат экенсин да, деп Нуралы мага карап кулуп калды...
Тамактанып буткон сон Нуралы Аман экоо ээрчишип сыртка чыгып кетишти.
- Алтынай мен сага аябай кыжаалатмын. Эртен уйуно эсен-аман жетип алсан экен деп, Айнагул дагы баягы созун баштап кирди.
-Болдучу Айнагул! Токтотчу ушул создорунду! дедим мен аны кага. Айнагул оозу ачылып эле мени карап калды.
-Тушунсом олойун. Сага акыркы кундору эмне болуп жатат.? Сага эч тушуно албай койдум?
-Сен эмес... керек болсо...Озумо озум да тушунбой жатам, дедим мен башымды эки колум менен мыкчый кармап. Экообуз унчукпай отуруп калдык.
-Айткандай анын кызына жооп жазган белен? деп сурап калды Айнагул. Гулжандын катын Айнагулго окуткан элем. Чачымды артка сылай башымды ойдо которуп
- Ооба дедим. Гулжандын катына ошондон бир айдан кийин жооп жаздым. Ага соз бердим. Мен Аманга эч качан турмушка чыкпаймын деп. Мени ата -энем алыска бербейт дагы дедим. Катыма жооп жазба кутпойм дедим.
Мен ордумдан туруп кол сумкамдагы Аман экообуз тушкон суротторду алып чыгып Айнагулго карматтым. Айнагул тушунбой эле мени карап калды.
- Бул суроттор сенде туруп турсун. Жакшылап катып кой. Кийинчерээк алам дедим. Айнагул отуруп алып суротторду бирден откоро баштады.
-Каап, Аман жакшы жигит эле да. Бир туруп экооно боорум ооруп кетет. А иий бул суротунор сонун го! деп фонтандын жанында Аман экообуздун тиктешип турган суротторубузду кызыгып карап жатты.
-Укмуш тушупсунор. Аман экоон бири бирине аябай жарашып калат экенсинер. Менин досум ушундай сулуу кыз да озу!. Кандай гана жигит болбосун бир коргондо эле суйуп кала турган, деп ал мага тамашалай карап койду.
Нуралынын абасынын баласы бар болчу башка окуу жайда окуган. Мага ашык болумуш болуп жургон. Кийин Айнагулдон уктум Аман жолотпой койгон имиш. Аман мени чындап эле коп балдардан коруп журду. Улуту башка экенине карабай коп эле балдар мага соз ыргытып журушту. Бара бара кийин, Аман экообузду баарысы кыз-жигит деп ойлоп калышкан. Группабызда Максим деген орус бала бар эле. Экинчи курска чейин Настя экообуз менен жакшы эле дос болуп журду. Мага сабактан жардам берип калчу. Колунан китеп тушчу эмес. Суротту жакшы тарткан художник бала эле. Ал да кийин озунон озу жолобой калган. Диплом алган кунубуз ал мага бир даана кызыл гул которуп келиптир. Мени куттуктап бетимен ооп, колума жука папканы карматтып, мага ийгилик каалап коштошуп кете берди. Карасам ошол учурда Аман бизди тиктеп карап турган экен. Кызыгып ошол эле жерден кыздар менен чогуу папканын ичин ачтык. Карасак альбомдун каттуу ак барагына карандаш менен менин суротумду чон кылып тартып келиптир.
- Укмуш тартыптыр! Сонун! дешип таныркап калышты кыздардын баары. Чындап эле сурот аябай жакшы чеберчилик менен тартылыптыр. Астына гулдун суротун кыйгачына тартып <моя невозможная любовь> деп жазып коюптур. Ал суротту кийин Аман колуна кармап алып копко чейин унсуз тиктеп турган.
Бизди Настя жигити экоо келип, машина менен аэропортко таштап кетишти. Настя экообуз кучакташып алып, бири бирибизди коё бербей копко чейин туруп аран коштоштук. Экообуздун тен козубуздо жаш.
--Болду эми элдин козунчо мени уят кылбагыла. Дагы бир аз турсанар, мен дагы силерге кошулуп ыйлап баштайм. Мен ыйлаганда токтобой ыйлайм! Анан соороталбай каласынар, деп ошол жерде да Аман бизди тамашалап кулдуруп жатты.
Самалётко отуруп абага которуло баштадык. Аман экообуздун колдорубуз бекем кармашып алган. Мен башымды акырын Амандан желкесине жолодум . Аман мени карап бир колу менен ээгимден которуп эринимден ооп койду. Экообуз тиктеше кулуп койдук.
Тан эрте менен Фрунзеге келип кондук. Самалёттон тушуп экообуз озубузду иретке келтирип алып, буфеттен чай ичтик. Экообуз тен унчукпай ойлуу чайыбызды ичип олтурдук. Аман эки кун Фрунзеде болуп анан Колго кетем деп созун баштап калды.
- Шаарда бир тууган тай эжем бар. Тай жездебиз жакшы кызматта турат. Аларга барып жолугуп койбосом болбойт. Атам мени жумушка орношууга ошол жездебизге мурдатан эле дайындап жургон. Айылга барып коп журбойм тез эле кайтам го деди. Мен унчукпадым. Ичимден Аман экообуздун эн акыркы сааттарыбыз, эми башка эч качан ушуну менен корушпойбуз деп ойлонуп отургам.
Экообуз ээрчишип аэропорттон сыртка таза абага чыгып бир чекеде турдук. Манас аэропорту да чоон, кооз имарат эмеспи. Алыстан айланага коз чаптырып катар тизилген арчалардан ойдо суктана карап жаттым.
-Алтынай журу мени менен. Тай эжеме алып барып сени тааныштырам. Шаар айланып сени эртен деле самалётко салып жиберем деп Аман менин колумдан кармады.
-Болбогон созду койчу Аман, дедим мен адатымча анын коздоруно тигиле карап. Аман белимден кучактай озуно тарты.
- Анда журу биро толо Ыссык- Колго алып кетейин. Мен башымды чайкадым.
-Эч качан.....
-Алтынай мени созсуз куткунун. Мен артындан созсуз барам. Барып ата-энен менен таанышам. Макулдугун алып экообуз созсуз уйлонобуз. Айнагул айткандай азыр деле ала качсам болот эле. Бирок мен сени андай кылганга кудретим жетпеди. Сени ыйлата албайм. Сени аядым. Себеби мен сени ушунчалык журогумдун теренинен суйом.
- Аман суранам сенден. Башка соз айтпачы. Экообуз буга чейин да коп талашып тартыштык. Мен сага баарын тушундуруп айттым го. Мен сени деп ата-энемден кечип кете албайм. Болду эми. Баары бутту. Экообуз эми, мен айткандай болуп, жакшына коштошуп айрылышалы.
-Сени эч коё бергим келбей жатат, деп Аман чачтарымдан сылай бетимен акырын суйуп жатты.
Мен адресимди Аманга бербей койгом, кат жазба деп. Айнагулдун каршылыгына карабай аны менен чогуу учканымды, Аман озу да жакшы билет. Менинче Айнагул менен Нуралы деле Аманга бир деме дешсе керек.
-Балалык суйуу боло берет деп, сен мага озун айтпадын беле,билесинби? деп бир жолу Аманга айтып калдым
- Ошол сынары студенттик суйуулор да боло берет, убакыттын отушу менен мени да унута баштайсын. Сен Гулжанга созсуз уйлон ал сени кутуп журот, деген создорумо Аман териге тушкон. Созумду уккусу келбей кетти. Бир азга ойлонуп отуруп, кайра мага жалооруй тигилип
-Алтынай артындан кийинки жылы созсуз Ошко барам! Сен эле жумушка орношуп ата-энеме жардам берем деген созундо турсан болду. Синдин да турмушка чыгып кетиптир. Кызыбыздын жашы отуп баратат деп, ата-энен сени, мага бергенге макулдугун берип калышаар, деп Аман айтса каткырып ичим эзилгенче кулуп жатып калгам.
-Ой Аман! Жаш баладай болуп эмнелерди гана ойлоп таппайсын деп. Кулкумду токтото албай кайра кайра кулгом.
Убакыттын кандай отконун да билбей калдык. Менин уча турган саатым жакындап калыптыр. Аман чонтогунон бир деме алып чыккандай болду. Алтын цепочка экен. Аны коруп:
-Аман мумкун кереги жоктур, дедим.
-Мени эстеп журосун. Атайын сага деп алдым деп аны мойнума тагып койду. Кээде дем алыш кундору Амандын балдар менен жумуш таап иштеп келгенин билчумун. Ошентип мен учун атайын иштеп акча чогултканына ичимен ыраазы болуп кеттим.
Эх Аман! Озубузду озубуз азапка салып болбой турган тагдырыбыз учун неге кыйналабыз. Мен сага турмушка чыга албашымды билип туруп, неге мындай кылдым. Эркиме баш ийе албай сенин тиктеген коздорундон мен да козумду алалбай калбадымбы! Мен эле каттуурак турганымда, мынчалык суйуу отуна тушпойт элек...го.?!.
-Аман экообуз шашылып аэропортко кирип барганыбызда регистрацияда турган адамдар акырлап калышыптыр. Алдыбызда аз эле адам калды. Мына эми менда киришим керек. Аман экообуз бекем кучакташа туштук. Кандай ыйлап жибергенимди озум да билбейм калдым. Эки колум Амандын мойнуна артылып турду.
- Аман кечирип кой мени. Мен сени суйом! дедим анын коздоруно тигиле.Бул менин биринчи жолу Аманды суйом деп айтышым эле. Кол сумкамдан атайын даярдап койгон торт буктолгон кагазды алып чыгып Аманга карматтым да ичкери карай жонодум. Козумдун жашы агып жатты.
-Алтынай! Мени кут. Уктунбу? Мен созсуз сага барам! деп артымдан Аман кол булгалап кала берди.. Мен ага жок дегендей кылып башымды чайкап ичкери кирип кете бердим.
Самалётто ыйлап бараттым. Амандын элеси коз алдыма тартыла ага берген торт буктом катымды ичимден кайталап окуп жаттым.
Аман, мени кечирип кой! Экообуздун бирге болбошубузду билип турсам да, айрыкча акыркы эки айда, сени менен журуп туура эмес кылдым. Адам болгонундон кийин, жылуу сезимдер пайда болот экен. Башында аны озум да мойнума алгым келбей журду.Бирок мен сага болгон суйуумду билдирбейм деп канча аракет кылсам да акыры аны жашыра албай койдум. Эми биз эч качан бирге боло албайбыз! Биз бирге боло албаганыбыз менен биздин суйуу журогубуздун теренинде таза бойдон сакталып калат деп ойлойм. Чын суйуудо бири бирине созсуз жетпей калат деген соз туура экен! Аман, эгер сен мени чындап суйгон болсон, мени артымдан эч качан издеп келбе! Суранам! Сен менин бактылуу болушумду гана каалайсын деп ишенем. Мен да сенин бактылуу болушунду каалаймын.
Мен сдутенттик кундорумду сендей жигит менен откоруп, сендей жигит мага ашык болгонуна ыраазымын. Себеби сенин мага коп жактан жардамын тийди. Балким сен ар кимден мени коруп журуп, озубузго билинбегени менен, мени коп жамандыктардан коргоп калгандырсын. Сени мага жолуктурган кудайга, мин мертебе ыраазымын. Сен менин журогумдун тубундо сакталасын Аман!
Мага болгон суйуун учун чон рахмат!
Гулжан экоон бактылуу болгула! Кош!
Оштон мени улуу эжем менен жездем кутуп алышты. Эн кенжебиз жалгыз иним менен андан чон синдимди да кошо ала келишкен экен. Майрамдагыдай жасанышып, кубанышып колдоруна аябай сонун чон букет гулдорду кармап алышыптыр. Сагынганымдан экоосун кайра кайра опкулоп жаттым.
-Эмне ооруп турасынбы? Коздорун ыйлагансып киртейип калыптыр го деп эжем сурап калды.
- Уктабагандыкы болсо керек.. Эки кундон бери жакшы уктай элекмин. Анын устуно самалётто конулум айланып келээр келгенче кусуп келдим деп кантип жалган айтканымды озум да билбей калдым. .Жездем машинасы менен бизди тез эле уйго жеткирип барды. Бир туугандарым баары чогулушуп отурушкан экен. Менин келишиме атам кой союп, кызымдын дипломун жууп берем деп жакын туугандарыбыз менен аяш ата, аяш энелеримди чакырып коюптур. Апам бараарым менен башыман суу тегеретип анан уйго киргизди. Мени келди деп угушуп артымдан туугандар келип учурашып жатышты. Уйубуздо тез эле адамдар кобойуп кеттишти. Анын устуно атам да аларды атайын чакырып койгонго болсо керек.
-Корунушун начар болуп турат эмне ооруп жатасынбы деп апам сурап коёт. Ага эжем
- Жолдо келээр келгенче кыйналып кусуп келиптир деп айтып жатты. Канчалык туугандар менен суйлошуп алаксысам да, болбой эле ичим ачышып Аман эсимден кетпей койду. Анын устуно чындап эле эки кундон бери жакшы уктабаганыма жол журуп чарчап калыпмын. Мага эрте эле, жатып эс алсын деп торку уйго тошок салып жай кылып беришти. Жайдын куну меймандар сыртта бака- шака болуп бактын тубундо атайы жасалган столдо, сорудо (топчанда) олтурушту. Уйдун ичинде кирип чыгып эже синдилерим журушот.
Чындап катуу чарчапмын. Уйго кирип эми жайыма жатайын деп жатсам, артымдан ысырыгын тутотуп апам кирип келип :
-Россиядан окууну бутуп келди деп баары сени соз кылып жатышат. Кине кирип калган окшойт сага. Ушунча адамдан бириники болбосо, биринин сугу тушту да деп апам озунчо кобуранып уйдун ичин ысырыктап жатты.
- Эх апа! Силерди деп Амандан ажыраганымды сиз билсениз кана? Мага элдин сугу кирген жок. Ичимде дартым бар апа! Кызыныздын журогу жаралуу! деп ичимден апама суйлоп жаттым. Башымды балышка коёрум менен козумдон эки тамчы жаш куюлуп тушту. Амандын элеси козумдон кетпей, аны ойлонуп жатып, тез эле козум жумулуп уйкуга кирип кетипмин. ...... http://ok.ru/group/54622242013196 Уландысы бар.

АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ. - 852004553228

Комментарии