АЙТЫЛБАГАН СЫР.

32..Бөлүм.
Автор; И. Акпарова
Ошентип зуулдап кундор отуп жатты.
Аптаптуу жай мезгили бутуп, сары жалбырактуу куркурогон куз да келди.
Айлананы сары алтын каптап,жаратылышка куз озунчо бир ажайып сулуулукту тартуу кылды.
Шуулдап дарактардан сапырылып тушуп жаткан сары жалбырактар, адамды дегдетип конулун алда кайда жетелейт.
Куздун белгиси болгон бышыкчылык, элди кубантып,оз берекесин тогуп, кузгу курош баарынын эгин тигинин жыйнап алууга шаштырып жатты.
Куздун жамгырлуу кундору менен, биздин эгиздер менен болгон кубанычтуу кундорубуз билинбей зуулдап отуп жатты.
Эрте менен Элзат менен Нурзат тургучакты, уй-тиричилигине караштуу бардык жумуштарымды шашып бутуруп алып, алардын уйкудан турушун чыдамсыздык менен кутуп журдум.
Кундогу отуп жаткан кундор менен эгиздер да чоноюп,жумшаганга жарап калышты.
Ошентип кундор отуп билинбестен кычыраган кыш да келип калды.
Озунун аппак аруулук керемети болгон ак кары менен кыш мезгили биздин эгиздерди жомоктогудай кундору менен кубантты.
Чана суйроп,муз тээп,кардан аяз ата
жасап, айтор кыш мезгили аларга жомоктогудай сыйкырдуу сезилди. Нурбек аларды ар куну турдуу кызыктар менен кубандырып жатты.
Айланага аппак кар жаап, дарактар устуно ак шуба кийгенсип, кардын калын жааганынан ийилген дарактар, кооз корунуп кышты коркко болоду.
Кычыраган кыштын суук кундорунон балдарды оорутпай аман эсен асырадык.
Ошентип кундордун отушу менен ак кардуу ажайып кыш да сонуна чыкты.
Коптон куткон жаз айы жаркырап кирип келди.
Жаздын келиши биздин бактылуу турмушубузга озунун жашыл жамынган жакшы кундорунунон жакшы элестер калтырды.
Элзат менен Нурзат мен куткондой айтканды аткарган, ашыкча жагдай жаратпаган балдар болуп осушту.
Медер дем алыш кундору бизди эс алуу жайларга алып барып,каалагандай ойнотуп келет.
Ал балдарды оз жанынан да артыкча жакшы коруп, алардын каалаганын дайыма эки кылбай аткарчу болду.
Элзат менен Нурзат чонойгон сайын эмнегедир Медерге окшоп бара жатышты.
Адам деле жашаган жерге карап озгоро берет турбайбы?-- деп ойлоп койуп журдум.
Кундордун биринде эрте менен Медердин телефонуна конгуроо келип кагылып калды.
Конгуроого жооп берип жатып,кабагын уйуп сыртка чыгып кетти, аны жумушка барат деп эртенги тамакты даярдап койгон элем, арадан бир топ отсо да ,шашпай суйлошуп жатты.
Терезеден карасам колун шилтеп суйлоп жатыптыр, эмне болгонун тушунбой балдар менен алагды болуп калдым.
Бир топтон кийин маанайы чогуп кирди.
Тынчтыкпы?-- коп суйлоштунуз го дедим.
Жумуш боюнча бир жакка барыш керек экен,ошону суйлоштук деди.
Жумуштан кеч калып жатам деп даярдаган чайды ичпестен чыгып кетти.
*****
Нурзат чонойгон сайын, кадимкидей мага жардамчы болуп калды.
Ошентип арадан бир топ кундор отту.
Бугун дем алыш кун эле, Медер ал куну копко жатып,уйкусу канып туруп сыртка жуунганы чыгып кеткен болчу,телефонго кайра кайра конкуроо келе бергенинен алып чыгып берейин деп эми телефонго барып алмакчы болгонумда очуп калды.
Карасам номери жок конгуроо экен.
Уландысы бар.
(Достор көп шаштырбаңыздарчы. Акыркы убактарда жумуштарым аябай көбөйүп баратат. Эч нерсеге жетишпейм жатам. Убактым болсо эле жазамын. Баарыңыздарга рахмат күтүп окуп жатканыңыздар үчүн. )
И.Акпарова.

Комментарии