Эки сөздүн башын бириктирип, эне жөнүндө эмнемдебеген гана сөздөр куралат.

Энем ай. Энем күн. Чолпон. Жылдыз. Гүл. Атыр. Деги койчу, айта берсе аябай эле көп. Бирок. Бирок " АТА" деген сөздүн улуулугун, сөз менен айтып жеткире албай, эмне дериңди билбей, акылыма эч нерсе келбей калат. Анткени "Ата" , атам көзүм көрүп турган нерсенин, билгенимдин, укканымдын эч бирине тең эмес. Ал адам, менин көкүрөгүм, жүрөгүм. Жок ал да окшобойт. Ал жүрөгүмдүн тээ тереңиндеги көзгө көрүнбөгөн, бир сыйкыр күч. Билбейм кантип айтып, кантип жеткиреримди билбей турам. Атамды асман дегим келген, бирок асман да кээде кабак түйүп алып, даркылдап-чартылдап, ачуусун жерге төгөт. Мен аны аска дегим келди, бирок, асканы да жардырса курап калат. Гүл дей албайм билесиз да, атам гүлдөй назик эмес. Түбөлүк тура берчү түркүк да эмес.
Атам инсан, балдары үчүн кашык канын аянбаган.
Атам инсан, Өмүрүң сурайм ата тек алладан
Ата деген ыйыктардын ыйыгы да билесиңби?
Атам менин, байлыгымсың дүйнөдө эч бир жан тең келе албаган.
Атам... Атооу...
Сен менин түгөнбөгөн дастанымсың.
Дүйнөнүн жеңе албаган палбанысың.
Өмүргө алып келген себеп болуп,
Атаке- сен деген,... Жүрөгүмдүн капкагысың...

Комментарии

Комментариев нет.