"Мен Раймаалы сен Бегимай болгондо"

Тагдыр дешет кайгы башка түшкөндө,
Тандап берет аны дагы түткөнгө.
Эки айрылыш жолдо калып ак жаанда,
Эмне жетсин сүйгөнүңдү күткөнгө.
Бүтүн дүйнөң сени сүйүп жүргөндө,
Бүрүн ачат жазгы гүлдөр күлгөндө..
Күн желеси суктана бир жылмайаар,
Күңүрт кайтып, булуттарын түргөндө.
Жароокер жан, аярлуу зат, көпөлөк,
Жаннатымсың! Эгер алсам көкөлөп..
Тандап алган энчи кылып, кош жылдыз,
Таңда дагы заты калып өчө элек.
Саамай чачың бирден учуп, бириндейт,
Салкын желим жан киргизип "тирил" дейт.
Көздөрүңдүн карасынан агы да,
Көмөкөйү билинээри, билинбейт.
Көксөөм канат көкүрөккө туштасам,
Көлдөй терең кучагыңдан чыкпасам.
Үмүт барда бүлбүл жанган чырактай,
Үшүбөсмүн кышы бою кыштасам..
Көп сындашат курбу, достор, билгендер,
"Көк сулуу"- деп далай тили тийгендер.
Жаштыгыңа карабаган ашыктык,
Жалтантпады сени менден миң кептер.
Жаным таппай жайын жерге койгонго,
Жаркыным ай бакыт башка конгонго.
"Махабаттын дастанындай" аталып,
Мен Раймаалы сен Бегимай болгондо.
Сезим сүйгөн каармандары аталып,
Сен Бегимай мен Раймаалы болгондо.
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.

Комментарии