Феруза шаарга келгенден кийин келинин айылга жөнөттү да, өзү ойлуу диванга шалак бой таштады: "Эмнеге адамдар ушундай? Көңүл калаарын, жүрөк ооруп калаарын эмнеге ойлошпойт, ал ойлогондой мен бир күйөөгө тийип бала төрөп көргөн аял болсом го? Жо-жо-ок, мен эми барбайм эч жакка, эми мага баары бир, жалгыз эмесмин, кыз өппөгөн жигиттен тукум алып калдым, эми менин эрмегим болот, болгону ушуну эптеп сактап калышым керек!" деген чечимге келип ордунан турду да мындан ары өзү үчүн эмес ичиндеги али дайынсыз кызыл эт үчүн жашоону ойлоп өзүн эне катары кам көрүүгө бел байлады. Медет канчалык ал жерге жашагысы келбей жатса да аргасы жок эле. Анткени анын азыр жолго төлөй турган акчасы болсо айылга кетип калмак же квартирага төлөөр эч нерсеси жок тигил үксөйгөн чалдын башкаруусуна көнүүдөн башка жол жок болчу. Абышка арыдан бери түтөтүп жатып балыкты кайнатып раманын идиштерине аздан куюп иче баштады. Рамага шорпону куйган сайын кичирейип баратты. Эптеп балыктын шорполорун самогон менен ичип алышты да бүгүнкүгө ушул жетет дегендей ал күнү жатып калышты. Эртең менен ордунан турган Медет кичинекей тешиктен сыртка чыкты. Жагымсыз жыт менен ысык суунун табы думуктуруп тердеп чыккан ал таза абага чыгып эс ала түштү. Канчалык ысык аптап болгон, менен эшик менен тигил чуңкурдун бир топ айырмасы бар экенин Медет азыр сезди: "Минтип жүргөнүм болбойт Эптеп үйгө кетишим керек" деп ойлоп басып кетээрде артынан чыгып келе жаткан Керим аны токтотту: - Эй иничек сен кайда, кечээгиден бир аз тыйын бар менде, жүрү өзөк жалгап алалы, баш да ооруп турат… - Жок аба, мен эптеп кетпесем апама кыйын болот го, ал бечара менсиз уйку бетин көрбөй азап чекти го үч күндөн бери. - Ээ-эй жашсың да, мейлиң кетсең кете бер, бирок эртең мененки насипти таштаба! - Болуптур аба, - деген Медет артына кылчайып туруп калды. Азыр чындап эле анын да башы ооруп турган. Экөө ылдамдап басып бат эле Ош базарына жетип келишти. Базардын түндүк тарабында эски-ускуларды саткан жерде топтошкон өздөрүндөй талааны мекен кылгандар олтурушкан. Алар Керимди мурдатан эле таанышчу. Түнү менен уктабай эле ичип чыгышканбы мас экен. - Ой абышка, кайда көрүнбөй кеттиң же жылуу жай таптыңбы? - деди бири булдуруктап - Кайдан, кече кичине ичкенге бир жерге кулап калыпмын, азыр башым сынып турат, андан көрө бирдемеңер барбы? - Ой зыкым оо-ой, бирдеме чыгабы деп, биз сени көрүп кубанып атса, ушул абышкадан өнөт го деп. - деди бир аял. Ал өтө жаш эмес, өтө кары эмес отуз бештердеги Асыл эле. Анын булардын арасына кошулганына бир топ болуп калган. Канча табылса ичет да туш келген жерде жатып калып башын көтөргөндө дароо эле ичкенге шашат. Анан калса жеринен кармаак неме мындай чыкса бирдеме илип ала коёт. Ош базарындагылардын баары аны таанышат, ал келе жатканда саксактап турушат. Ал Керим менен көпчүлүгү эрди катындай эрчишип жүрчү, анан Добул келгенден бери ага ыктап кеткен. Эми ал Керимдин жанындагы Медетти карап аны имерчиктей түштү: - Сенде болбосо тиги жаныңдагы жаш жигитте бар чыгаар, оозуңду куу чөп менен аарчый бербесең жөн эле. Азыр сенде болсо анан бизде болот. Селсаяктар деген бир биринен аябаш керек, уктуңбу ыя?! - Туура айтат Асыл, биз селсаяктар бир бирибизге боор оорубасак анан ким бизди аямак эле ыя? - Гүлнара Асылдын сөзүн кубаттады. Бир кезде арасынан бирөө төш чөнтөгүнөн элүү сомдук алып чыкты да: - Туугандар, мына муну кечээ тапкам. Силерге насип экен, ырас эле биз бомждор, селсаяктар бир бирибизди аябасак, бири бирибизге бербесек кимдер аяп, кимдер берет! - деп анан, - Азыр мен… - деп ары көздөй басып кетти. Бир аздан кийин бир бөтөлкө самогон, салат, нан кылып көтөрүп келип калды. Заматта аларга майрам болду да калды. Медет жүз грамм алып акырын алардын жанынан басып кетип баратканда Гүлнара: - Ай жигит, кайда кетип атасың, "кемеге түшкөндүн жаны бирге" дегендей унчукпай басып баратканың эмнең, туура сен бизге караганда тың экенсиң, кардың да ток болсо керек, бизди теңиңе ала турган түрүң жок, - деп тийишип калды. - Эже, кечирип койгула, мен кетишим керек эле… - деп Медет мукактанып калганда дагы бири: - Ээ жигит тыңсынбай отура тур да, эмнеге эле кычырайсың? ! - деп тишин кычыратты. Медет бирдеме десе уруш чыгаарын сезип үндөбөй туруп калды. Кайдан тапкандары белгисиз улам бирден бөтөлкө ичип отуруп баары мас болуп калды. Ары өтүп жаткан эл буларды көрүп жийиркенип өтүп жатты. Кээ бири: "булар бул жашоодон кечкендер да", дешсе кээ бири: ботом булардын тууган-уругу жокпу, жапжаш келиндерге эмне жок, тирүүлүктөн түңүлгөндөй селсаяк болуп алганын кара?!" деп кетип жатышат. Чынында булар баарынан кечип күнүмдүк жашоого өтүп, тирүүлүктүн кызыгын, жашоо кумарын сезбей көрүнгөн жерди түнөк кылып, коробка менен чөптү төшөк кылып, жашоодон үмүт үзгөндөр эле. Ошол эле олтурган жерде эркек сөрөйлөрү тигил экөөнү кучактап өөп дүйнөдө алардан өткөн бактылуу жоктой ырдаганга киришти. - Жол карап өттү күндөр, койнумда сагыныч бар, үзүлбөйт сен деп күдөр… - деп барып Асыл уктап калды. Бул кезде Медет да абдан кызып калган эле. Өзү менен эч кимдин иши болбой калганга ал кетүүгө камынды да, же кызуулугунанбы же чындап эле аларга боору оорудубу: "Жок менин кетип калганым болбойт, булардын арагын ичип басып кеткен жакшы эмес, андан көрө мен дагы бирдеме алып берип анан кетейин" деген ойдо базарды көздөй басты. Ал азыр кечээги Керим айткандай контейнерге кирди да эл көп топтошкон жерге барып ар кайсыны сурап атты. Анын кийим кечеси түзүк болгондуктан андан эч ким шек санаган жок. Ошондон пайдаланып ал коробка ручка, блок самын алып алды да дароо чыгып кетти. Сыртка чыгып алып: "мен ууру болуп калдым да апам билсе эмне дээр экен!?" деп ойлоп калды. Аңгыча алдынан бир аял чыгып: - Айланайын алдагы самының канча? - деп сурап калды. - Он беш сом эле. - Келе мага бер, ушул самын үчүн кирбей эле коёюн ичке, - деп акчасын берип самынды алды да сумкасына салып кетип калды. Медет андан ары ручканы сатууга өттү. Бир блок ручканы бирден сатып бат эле акча таап алганына корстон боло баягы жерге келди. Алардын көбү олтурушуптур. Керим жок экен. Медет бир бөтөлкө самогон менен нан, салат кылып көп нерсе алып келди: "Апам менин ууру кылганымды билип коюптурбу, эптеп барганыма кубанаар, эртең дагы акча таап сөзсүз айылга кетем!" деп ичинен ойлоп койду. Ал азыр ушул селсаяктар менен канча убакытка чейин насиптеш болоорун билген жок. Болгону адамгерчилигин карматып аларды сыйлап койууну чечти. - Охо - о, бу жигит "крутой" го ыя достор, кана тургула, жакшы тамакты жалдыратпайлы, - деди бири тамашалаган болуп. Тегеректеп олтуруп алып Медеттин аттын сурап анан ага бир жакшы каалоолорду айтып ичип олтурушту. Медет өтө мас болуп калып улам самогон алдырып олтуруп эч нерсе билбей, жаткан жеринде калды. Ал ойгонгондо түн бир оокум болчу. Башы зыңгырап ооруп калыптыр. Эсине келгенде анын костюму жок же өзү чечип ыргытып ийгенин же бирөө чечип кеткенин биле албай турду. Эки жагын караса ар жак бери жагында аркы терки жатып алып бейкапар уйкуда жаткан шериктерин көрдү. Эч нерсе билбей тынч уйкуда мемиреп жаткандарды көрүп иренжип алды: "кой мен да биротоло селсаяк болбой үйгө кетейин" деп ойлоп сыз жерге жата албай ордунан туруп костюмун издей баштады. Түн айсыз караңгы болгондуктан эч нерсе көрүнбөдү. Эптеп талдын түбүнө сүйөнүп отура кетти. Ал кайра уктап кеткен экен. Ойгонсо эл ары бери каттап таңкы кыймыл башталып калыптыр. Жайкы аптаптын түнкү абасына чыйрыга түшкөн Медет ордунан туруп баратканда анын жанында жаткан Асыл: - Ай кайда сен, жаныңда жаткан аялды сезип койбойсуң, деги аял аттууга жолоп көрдүң беле? - деди. - Энеңди, эмне сага мен керек эмесминби, турбайымбы? - деди аны түртүп Добул. - Ыхы, сен да эркексиңби, мас болгон соң өлүк болосуң да каласың, мен да тирүү жанмын! - Жалап! - деген Добул аны чаап жиберди. Экөө тытмалашып калды. Медет артын карабай басып кетип баратып: "Чын эле мен аялга жолой элекмин да, эмне кылыш керек, кайра барсамбы, өзү айтып жаткандан кийин жөн калсам болбойт го, жок дегенде эркек экенимди билдирип коюшум керек!" деп кайра артына бурулду. Ал келгенде экөө дале урушуп оозго алгыс сөздөр менен бир бирин кордоп жатышыптыр. Добул Медетти көрүп эле: - Эй энеңди урайын десе, эркексиңби, азыр ээрчитип кет бул ######ты, эгер эркек эмес болсоң жогол бул жерден! - деп кыйкырып сөгүнүп кирди. Медет намыстана түштү. Ал эгерим эч кимге жаман да айтчу эмес. - Эмне деп жатасың, ээрчитсе ээрчитип эле кетем! - деди да жин тийген эмедей ылдам басып Асылды булка колдон алып жөнөдү. - Эркек экенимди сага бир көрсөтөйүн. Асыл эч үн сөзү жок анын жетегине түшүп бергенге Добулдун ого бетер жини келип алардын артынан жетип барып Асылды башынан ары коюп калганда ал адатынча жаман сөздөр менен сөгүп жулмалашып калды эле, Медет Добулду көкүрөккө түртүп тээп ийди. Асылды койо берип, Добул Медет менен мушташып кирди. Ары-бери өтүп жаткандар таңыркай карап өтүп жатышты. Мындайда орган кызматкерлери алардын жанына келип да коюшпайт, ал турсун аларды адам деп да ойлобойт шекилдүү. Башкалар болсо кармап, жок шылтоо менен бирдеме өндүрүүгө жандалбас кылмак. А буларды кармаган менен не пайда? Медет менен Добул кызыл чеке болуп дагы канчага мушташа бермек эле, аларды өзүнүн шериктери ажыратып кайра экөөнү достоштуруп заматта анын урматына арак, шарап алып келип тойлоп киришти. Атаганат! Ушу кез алар кандай гана бактылуу да, кандай гана бактысыз! Анткени ушул мүнөттө бир чымчым өмүрдүн бар экени, ал өмүр кыска экени жана кымбат экени эстерине да келбей бака-шака түшүп ырдап киришпедиби. Бираздан кийин бут сунуп жатар жай издеп караңгы жерлерге сүңгүсө, эртең үзүм нандын күкүмүнө зар болоору бышык эмеспи. Медет менен Добулдун бети башы көгөрүп чыккан. Ошентип Медет селсаяктык жашоонун алгачкы күндөрүн башынан өткөрүп, акырындык менен көнө баштады. "Ана-мына дегиче, ачып көздү жумгуча" дегендей, бат эле күз кирип келди. Кечкисин аба муздап күн суугуна тарта баштады. Артынан Медеттин келбегенине ого бетер ызаланган Феруза эмне кылаарын билбей санаа тартып кетти. Айтканга үч күн оңой болгон менен Феруза үчүн үч ай же үч жылдай сезилип жатты. "Ушуга да шүгүр, күйөөгө тийбей деле жүрбөдүм беле, азыр менин эрмегим бар, жалгыз эмесмин!" деп ойлонуп бир чечимге келгендей болду. Ал бул үйдү сатып биротоло айылга ата-энесине кетмей болду. "Эптеп Медеттен алыс болоюн, анын апасы жактырбаса жабышмак белем" деп өзүнчө кыжаалат болот. Бара-бара тамакты такыр көргүсү келбей окшуп кыйналчу болду. Ал эми кудайына ыраазы: "Эптеп эле жаныма караан, эрмек болоор бала же кыз төрөп алсам башканын кереги жок! " деп ал үйүн сатууга бел байлады. Бирок клиент бат эле чыга койбоду. Жарыя берип күндө Ош базарына барып адресин таштайт. Арадан бат эле убакыт өтүп баратты. Ата-энеси шаарга келип: "Ферузанын үйүнө көз сала кетели" деп ойлоп кайрылып анын үйүндө экенин көрө кубанып бир чети күмөнсүй түштү. Феруза аларды жадырап-жайнап тосуп алып, коноктоп олтуруп өзүнүн оюндагысын чыгарбай жөн гана минтти: - Мен силерге барып жолугуп, учурашып келбесемби деп аттым эле. - Апей ботом, жол-жосуну менен барбасаң болбойт да, колу-коңшу эмеле кеп кылышпайбы! - энеси аны жактыра бербей сүйлөдү. - Мм… Апа, салтты билем го, бирок мен силерди сагынып эле, барсамбы деп аткам. - Ээ кагылайын, баягында Жамал менен келген бойдон кете элексиңби, бу сен соо эмессиң анда, кой эл эмне десе ошо десин, барсаң бар! - деген энеси ойлуу олтуруп калды. Атасы үн дебеди, баш ийкеп тим болду. Ал көп сүйлөбөгөн кыраакы кишинин көз карашынан эле билди, Феруза баарын түшүнгөнүн. Эртеси чогуу айылга жөнөп кетти. Айылга барганда Ферузанын тамак тандап ичкенинен эле анын кошкат экенин байкашты. Эч нерсе дебеди энеси. Анткени алар да буга макул эле: "эптеп балалуу болуп алса алаксып калар, же күйөөсү келип алып кетээр" деп ойлоп тим болушту. Элдин оозун ким тыят: - Аа байкуштар, кызы күйөөгө деле тийбей эле боюна болуп калса ошентип койгон тура, айтам да төркүлөбөй эле келип калганынан. - Ырас эле, күйөөгө тийсе кадыр-баркы менен алып келип, алып кетпейт беле!? - дешип айыл ичи бир дуу этип алды. Бир аз күн өткөндөн кийин ар ким өз тиричилиги менен болуп бул да унутулду. Аз өтпөй Феруза шаардагы үйүн сатып айылдан болочок наристеси үчүн там сатып алып, өзүнчө жашай баштады. Бул турмуш бирөөлөр үчүн жөн гана бай турмуш, жай турмуш болуп өтүп жатса, бирөөлөр үчүн азаптуу, кең дүйнөнүн кеңдигине сыйбай өтүп жатты. Медет көзүн ачса түн бир оокум болуп калган экен. Күзгү суукта калчылдап калыптыр. Тиши тишине тийбей титиреп жатты. Ордунан туруп башы ооган жакка жөнөдү. Башы ооруганы аз келгенсип бүткөн бою салмактанып калыптыр, муздак бетондун залалы акыры өмүрүнө зыян келтирери бышык. Аны сезген менен аргасы канча, барар жери болбосо… "Кечээги мушташтын азабы" деп ойлоду ал, "кой минтип жүрө бергенче" деп ойлуу телмирип алды: "эмнеге мурун ушуну ойлободум экен, карыздап кетип калсам баргандан кийин берет элем го! "деп жер карап кетип жатса алдынан Керим чыга калды: - Ой сен кайда жүрөсүң ыя, кечээ күнү аябай күттүм, сени келет деп тамак бышырып алып… - деп аябай ишенимдүү айтты. - Мм, Керим аке, мени кечирип коюңуз, келалбай калдым, кичине ичип алып жатып калыптырмын… - Билем-билем, аларга кошулгандан кийин сөзсүз алардын эркинде болушуң керек. Негизгиси эркек экениңди далилдешиң керек! - Сиз… Сиз кайдан билесиз?... - Мен билбеген балаа жок, мен баарын билем, кыскасы эгер эркек экениңди далилдей алсаң алардын "көзүрү" сен болосуң да, сенин сөзүң алар үчүн закон. - Түшүнбөдүм… - Түшүнбөсөң түшүнүп ал, эгер сен алардын талабын аткара алсаң алар сенин кулуң болууга даяр, аткара албасаң анда сен аларга кулсуң! - Коюңузчу? - Койбой эле… - Кызык, ачыгын айтсам мен аларды жеңгендей болдум, бирок мен алардан кетким келди, өз кайгымды, өз арманымды өзүм жеңгим келди. - Жолуң болгур десе, эч качан кайгыны андай жол менен жеңе албайсың! - А мен жеңип чыгам! - Жок жеңе албайсың! - Болуптур, акыйлашып же мелдешип турчу убактым болсо жакшы болмок, тилекке каршы убактым жок! - Анда жолуң менен бол, мен сага жолтоо болгум келбейт. - Ошондой кылганың оң, араздашуудан эч пайда жок, абышка! - Давай, кош бол. - Жакшы бар! - Экөө эки жол менен жүрүп кетти, бирок ал жолдор баары бир биригээрин алар сезген жок. Медет кеч күүгүмдө күп этип бир караңгылыкка кулап түштү, эптеп сыйпалап жатып жай тапкандай болду. Анын бул жерге келээрин Керим күткөн да эмес, Медет бул жерге келээрин ойлогон да эмес. Эртең менен көзүн ачса Медеттин көзү ачылбайт, дем алууга аба жетпегенсийт. Тумчугуп калчудай абалда ал ордунан туруп сыртка чыкчу жол издеди эле жылтыраган эшик төбөдөн көрүндү: "Мен кайдамын, кокус казылган ордо эмесминби, же мүрзөгө түшүп кеткенмин го?" деп ойлогончо коңурук тарткан добуш угулду. Акырын айланасын көз чаптырып караса аерде мурда болгондой көзүнө жылуу учурады. Анан акыл токтотуп көрсө баягы Керим экөө келип түнөгөн жер экен. Азыр ал жерде Медеттен башка дагы үчөө-төртөө бар шекилдүү. Чоочугандай Медет эки жагын карап алып жылтыраган тешиктен сыртка чыгып кетүүгө умтулду эле: - Ой сен кайда? - деген Керимдин тааныш үнү угулду. Үндөбөй басып кетүүгө умтулса да жооп берүүгө аргасыз болду. - Сиз ушул жердесизби? - Ооба, эмне болду, сени мен алып келбедимби бул жерге. - Кайдан, сиз эбак эле кетпедиңиз беле?! - Мен кеткеним менен, сени көзөмөлдөп жүрдүм да, сен же биротоло бул чөйрөдөн кетип калбай, же калып калбай селсаяктык жашоого көнө албай жатпайсыңбы! - Баары бир мен селсаяк эмесмин да, чал! - Сен ошентип ойлогонуң менен алда качан селсаяк болуп биздин арабызга кошулгансың. - Калп айтпа чал, мен эч качан селсаяк болбойм! - Койдум-койдум, калаганыңдай бол, маа десең ажы же ажо бол, маа баары бир. - Мен кеттим, экинчи ушул жерди желкемдин чуңкуру көрсүн! - Бар бара бер, акыры келер жериң ушул жер, түбү мага окшогон селсаяк болбосоң болду, мен го мейли көрөөр күнүм, ичээр суум аз гана калган учуру, сага кыйын, али жашсың! - Мен үчүн кам жебей эле кой, чал, жаш экенимди өзүм да билем, болгону мени өзүңө теңей көрбө, менин жинимди келтирип. - Макул, кудуретиң жетип ушул жолдон өзүңдү чыгара алсаң анда жигитсиң, далайлар ошенткен, ал турсун мен да ошенткем, "кантип талаада сыз жерде жатам?" деп ойлогом. Азыр талаада сыз жерде жаткан мен үчүн ак сарайдан артык, анткени аргам жок тагдырым ошол болсо колумдан эмне келмек,??? Медет Керимдин сөзүн укпагандай сыртка чыгып кетти. Сапар менен Ажар, Камбар менен Сейде, Султан менен Кымбат бул селсаяктык жашоодо бири бирине эриш-аркак болуп тагдырларын бириктирип алган. Чынында сүйүү жалаң бай турмуш менен жай турмушта эмес, бечара селсаяк жашоодо да болот тура! Селсаяк демекчи, селсаяктар кимдер, же алар төрөлгөндөн селсаякпы? Жо-ок, алар да бир кезде адамча жашап, чөнтөккө колун салып, өзүндөй бей-бечараларды көргөндө жийиркене басып кетчү манчыркаган пенделер болгон. Камбар бир кезде чоң мекеменин начальниги болсо, Сапар совхоздо бухгалтер, ал эми Султан курулушта прораб болуп иштептир. Тагдырдын тайкылыгы, бороон буюктуруп, качанаак аттай алагачкан мезгил ушул абалга алып келип койгон. Аргасыз тагдырга баш ийбеген пенде барбы? Кайдан?! Көнүмүш адатынча Камбар Сейдени кучактап тамашалап калды: - Достор, менин Сейдесиз күнүм жок, мен мунсуз бул жашоомду элестете албайм! - Менчи, мен деле Ажарсыз күнүм түнгө тете, аял эркек эриш-аркак деп бекер айтылбаган тура. Аларды карап олтурган Султан Кымбатты кучактай: - Эмне эле мактанып жатасыңар, ыя? А биздин сүйүүбүз бу жалганда айтыла элек, ырдала элек, жазыла элек сүйүүдөн! - деп күлүп койду. - Туура айтат Султан, биздин сүйүү бул жашоодо кайталанбай турган сүйүү, бири бирибизсиз бир мүнөт туралбайбыз, ал эми менсиз мунун тамагынан эч нерсе өтпөйт, мен дагы, - Камбар Султанды эки бетинен өөп жылмайды да, - ыраспы, же мен жалган айтып алдымбы? - деди. - Эң туура, эң сонун айттың, жаным. - Чынында селсаяктардын жашоосу эң акыйкат жашоо деп ойлойм, анткени биздин арабызда бири бирибизди кызгануу, жек көрүү жок. Ал эми байлык бар жерде уруш-талаш, кызганыч, жек көрүү болот! - Сапар ойлуу сүйлөдү. - Тупа-туура айттың, Сапар, биздин жашоодо адилдик бар, биз болгону кара курсактын айынан уурулук кылганыбыз менен аргасыз жашап жатабыз. Аргасыз ошого барып жатабыз. Болбосо тапканыбызды ортого салып бир бирибизге жакшылап жардам беребиз, же жалганбы, достор? - деп калды Камбар. - Бүгүн Жалдагы "контейнерлерди" кыдырып келсекпи, кудайдан болуп "обуфь" түшүп калса кышкы кийимибизди камдап алсак жакшы болот эле. - Чын эле, бүгүн экөөбүз биякта калып движения кылып туралы, силер мүшөктөрдү алып ошол жакты карап келгиле, олжолуу келсеңер ажеп эмес, - Ажар сөзгө аралашты. - Сен движенияны жакшы кыласың, ошон үчүн сен кал Сапар экөөң, биз болсо "сопственный контейнерлерди" карап, "товар" түшкөн болсо алып келип калалы. - Оп-баракелде- е десе, ошентип ынтымак менен иш кылбасак болбойт, мына кудай буйруса мен намаз үйрөнүп жатам, калган өмүрдү кудай алдына барганча намаз окуп, куран үйрөнүп, колдон келсе таза жашайлычы! - Камбар буга эмне дешээр экен дегендей шериктерин алдыртан карады. - Айла жоктон, кара жанды багыш үчүн ууру жасаган күнөөлөрүбүз кечирилсе гана. - Кечирим сурасаң сөзсүз кечирет алла, а биз кечирим сураганды, кудайды унутуп калабыз да. - Мына, эми өзүң айткандай эки бакыр, бир тукур болуп аракты таштап, ак жол менен жашоого өтүп баратабыз, кудайдан эртели-кеч кечирим сурайлы, ээ Каке? - Ээ достор, биз эмне, биз бир бечарабыз да, биздин күнөө кечиримдүү, көпкөнүнөн киши өлтүрүп, дүнүйө, атак, амал талашып, кудайды тааныбагандар бар, ошолордун күнөөсү бизден оор болуш керек, - деп баятан бери үнсүз олтурган Султан сөзгө аралашты: - Ээ Каке, Суке, силердин айтканыңарда калет жок, бирок мен өзүм бечара селсаяк болуп күнүмдүк жашоо менен алпурушуп жүрсөм да, мобу кыргыз элимдин келечеги жүрөгүмдү оорутчу болду. Канткенде кыргыз өз намысыбызды сактап кала алабыз?! Мына ушул өлкөбүздү "общий домго" айлантып койгону жакпайт, мисалы ар бир үйбүлө өзүнчө мекен, ошол чакан үйбүлөнүн деле чек арасы бөлүнүү болот эмеспи. А биздин Кыргызстан "общий домго" айланганы эң жаман иш, менин оюмча! - Саясатты семичкедей чакчу түрүң бар, оюңа койсо. Экөөбүзгө өлгөнчө күнүмдүк оокатыбызды адал табуу гана парызы калды. - Камбар улутуна сүйлөдү. - Аның туура дечи, бирок көрүп туруп кайдыгер болалбайт экенсиң да. - Айлабыз канча, кыргыздын баалуу жерлери сатылып бүттү, биздин колубуздан эмне келет? - Сапар ойлуу олтуруп калганда, Ажар: - Койгула байкелер, аны ойлогонго чамабыз да, акыбыз да жок, андан көрө тургула, эрте жарыкта өз ырыбызды ырдайлы, - деп ордунан турганда калгандары да туруп, өз-өз жолдору менен жөнөштү. Ошол күнү аларга Медет жолукту, ал да мусор терип жүргөн экен. Ажар аны көрө жанындагы келинди көрүп, Сапарга ымдай сүйлөдү: - Көрсөң, тигил экөө да табышып алган тура, тигинисин тааныбайт экем, бизден аябай жаш экен, буга бул чөйрөнү ким коюптур, өң десе өңү деле бар экен байкуштун, - дегенде Сапар жөн гана аларды караган менен, сүйлөгөн жок. Алар бири бирине баш ийкеген бойдон өтүп кетишти. Медеттин жанындагы келин Роза жаңы эле түрмөдөн чыгып келген. Бараар жери жок болгондуктан, ал дагы селсаяктардын катарын толуктап жүргөн убагында Медетке жолугуп, экөө эрди-катындай ээрчишип күн көрүп жүрүшкөн. Медет күндө эртең менен: "Кой, минтип жүрө бергеним болбойт, апама кетишим керек, апам менин ушул түрүмдү көрсө эмне болор экен, жо-ок, ага бул түрүм менен көрүнгөндөн көрө өлгөнүм жакшы", - деп ойлонуп, кайра эле ичине жүз грамм киргенден кийин эсинен чыгып кетет да, өзүн өзү билбей талаада жатып калат. Суук да түшүп келе жатат, үстүндө жылуу кийим жок, калчылдап күн өткөрүүдө. Ошол күнү Медет аябай мас болуп, Роза экөө урушуп, караңгыда Керим жаткан люкка келишти. Негедир Керим жалгыз эмес экен, үч караан жылтыратып от жагып олтурушуптур. Медет менен Розаны Керим жакшы тосуп алды, алардын алып келген тамак-ашынын үстүнө өзүнүн тапкан-ташыганын кошуп: - Келгиле, меймандар, бүгүн бизде конок да көп, чөнтөктө акча, казанда тамак көп, бул биз үчүн майрам! - деп бакылдап отурду. Ошол жерде да Медет менен Роза уруша кетип, Роза анын бетин тытып алды. Берки үчөө аларды арачалап, анан Медеттин канап жаткан жерине эптеп чүпүрөк күйгүзүп басып коюшту. Роза аябай мас болчу. Бир аздан кийин ал Медеттен кечирим сурап жатты. Чындыгында Роза өңдүү-түстүү болгону менен, кыргыз элинин макалына шайкеш "оргу-баргы, отун жаргы" кыялы бар келин болчу. Ал ата-энесинен эрте калып, алыс туугандарынын үйүндө чоңоюп, ээнбаш болуп он алтыга чыкканда эле "ширеңке" сата койом деп камалып кеткен. Азыр жыйырма эки жашта, тамеки чегип, аракты ичет, түрмөнүн сөздөрүн сүйлөп, сөгүнүп, гүлгүндөй жапжаш өмүрүндө бул дүйнөнүн бардык жакшылыгынан кечип койгон. Ага баары бир болчу. Тирүүлүктүн татым ырахаты, бактысы ал үчүн бир штук сигаретчелик эле. Медет экөө бул мусаапырчылык жашоодо бири бирин толуктоо үчүн гана бириккен. Аларда келечек жөнүндө ойлоп же кам көрүү деген жок. Тапканын да эсептешип, "мен көп таптым, сен аз таптың" деп уруша берчү. Ошентип күн өтүп, айлар алмашылып, убакыт өтө берди. Керимдер менен люкта жашап жаткан эки орустун бири такыр тамак-аш табууга жөндөмү жок болчу. Ал эптеп шеригинин таап келгени менен Керимдин насибине ортоктош болуп жашай берди. Аны алар абдан жаман көрчү. Канча жолу кет дешсе да жалдырап кетпей койду. Анан калса ошол жылы Бишкекте абдан суук болуп турду. Январь айында булардын тамак-аш табуусу кыйын болуп, жадагалса ыргытылган баклашка табыш кыйынга турду. Медет менен Роза кечке эптеп темир терип тапшырып нан таап келишет. Кээде нан же тамак ичпей эле арак сатып алчу болушту. Болбой калганда эптеп нан алышат да, люкка жетип ачка болсо да жылуу жерде эс алууну көздөшөт. Бир күнү экөө кеч келди. Ошол күнү алар бир аз тыйын табышып, бир бөтөлкө самогон менен колбаса, сало алып келишкен. Келсе Керим менен орус дале от жагып бирдеме кайнатып олтурушкан экен. Самогонду ортого коюп, тойлой баштаганда Керим кайнап жаткан немени чыгарып ортого койду. Негедир Керим же Вася көздөрүн Медеттен ала качып отурду. Ортого коюлган идиште куурдак бар экен, аны самогон менен жеп жатып, Медет берки орус чалды эстей койду да, оюнда эч нерсе жок эле сурай кетти: - Аба, тигил чал кеттиби, көрүнбөйт го, же уктап калдыбы? - Ал кетти, артыкбаштын эмне кереги бар, өз жаныбызды багалбай жатканда, - деди Вася орусчалап. Анан Керим экөө бири бирин карап калышты. Медет жөнсалды сураганы менен, анын кеткен-кетпегенине кайдыгер болчу. Ага баары бир эмеспи: - Куурдак абдан таттуу экен, аба, сизге рахмат. Роза экөөбүз дагы жакшы тапсак бир жакшы эт алып келебиз, ээ? - деп Розаны карады. Үрүл-бүрүл жарыкта жүздөрүн көрө алышкан жок. Люктун тешигинен түшкөн айдын шооласынын эле жарыгында алдына коюлган тамакты жеп атышты. Ал эми самогонду болсо бир идиш менен терегетип ичишет. Куурдак менен эки бөтөлкө самогон ичишкенден кийин ар кайсы жерге өз өзүнчө жатып калышты. Эртеси Медет менен Роза эрте туруп кетип калышты. Темир терип тапшыруу өтө оор болуп жаткан. Болгону темирди элүү тыйындан алат. Кечке экөөлөп кырк-элүү кг темир теришсе, ал жыйырма беш сом болот. Алар кыйналып жүрүштү. Бирок күндө кечинде келсе баягыдай куурдак даяр. Куурдак демекчи, майда туурап эле суусу солуганча кайнатып, пияз кошуп жей беришет. Медет абдан таң калды: "Күндө этти кайдан алып жатышат, базарда эттин баасы асманда, анан…" деп ойлоп калчу болду. Бир күнү алар эми жумушка чыгып иштей баштаганда эле күн дыбырап жаап кирди. Медет менен Роза дароо эле жатаканаларына баса беришти. Келсе эки чал жок экен. Люктун тээ төр жагына барып даарат ушата беришчү. Роза ошол жакка барып отура калайын десе былжыраган бир нерсеге сыйгаланып жыгылып кетти. - Аа-ай Медет! - деп алды Роза, - бери келчи, ширеңке ала келчи! - Азыр, эмне болуп кетти? - деген Медет ага жакындай берип ширеңке жандыра бергенде Роза дагы бакырып жиберди: - Медет, бул адамдын ичеги-карыны го?! - Койчу! #селсаяктар
кыргыз китептери
:Мээрим Акматова(замужем)
эркин селсаяктар 7-бөлүм
Феруза шаарга келгенден кийин келинин айылга жөнөттү да, өзү ойлуу диванга шалак бой таштады: "Эмнеге адамдар ушундай? Көңүл калаарын, жүрөк ооруп калаарын эмнеге ойлошпойт, ал ойлогондой мен бир күйөөгө тийип бала төрөп көргөн аял болсом го? Жо-жо-ок, мен эми барбайм эч жакка, эми мага баары бир, жалгыз эмесмин, кыз өппөгөн жигиттен тукум алып калдым, эми менин эрмегим болот, болгону ушуну эптеп сактап калышым керек!" деген чечимге келип ордунан турду да мындан ары өзү үчүн эмес ичиндеги али дайынсыз кызыл эт үчүн жашоону ойлоп өзүн эне катары кам көрүүгө бел байлады. Медет канчалык ал жерге жашагысы келбей жатса да аргасы жок эле. Анткени анын азыр жолго төлөй турган акчасы болсо айылга кетип калмак же квартирага төлөөр эч нерсеси жок тигил үксөйгөн чалдын башкаруусуна көнүүдөн башка жол жок болчу. Абышка арыдан бери түтөтүп жатып балыкты кайнатып раманын идиштерине аздан куюп иче баштады. Рамага шорпону куйган сайын кичирейип баратты. Эптеп балыктын шорполорун самогон менен ичип алышты да бүгүнкүгө ушул жетет дегендей ал күнү жатып калышты.
Эртең менен ордунан турган Медет кичинекей тешиктен сыртка чыкты. Жагымсыз жыт менен ысык суунун табы думуктуруп тердеп чыккан ал таза абага чыгып эс ала түштү. Канчалык ысык аптап болгон, менен эшик менен тигил чуңкурдун бир топ айырмасы бар экенин Медет азыр сезди: "Минтип жүргөнүм болбойт Эптеп үйгө кетишим керек" деп ойлоп басып кетээрде артынан чыгып келе жаткан Керим аны токтотту:
- Эй иничек сен кайда, кечээгиден бир аз тыйын бар менде, жүрү өзөк жалгап алалы, баш да ооруп турат…
- Жок аба, мен эптеп кетпесем апама кыйын болот го, ал бечара менсиз уйку бетин көрбөй азап чекти го үч күндөн бери.
- Ээ-эй жашсың да, мейлиң кетсең кете бер, бирок эртең мененки насипти таштаба!
- Болуптур аба, - деген Медет артына кылчайып туруп калды. Азыр чындап эле анын да башы ооруп турган.
Экөө ылдамдап басып бат эле Ош базарына жетип келишти. Базардын түндүк тарабында эски-ускуларды саткан жерде топтошкон өздөрүндөй талааны мекен кылгандар олтурушкан. Алар Керимди мурдатан эле таанышчу. Түнү менен уктабай эле ичип чыгышканбы мас экен.
- Ой абышка, кайда көрүнбөй кеттиң же жылуу жай таптыңбы? - деди бири булдуруктап
- Кайдан, кече кичине ичкенге бир жерге кулап калыпмын, азыр башым сынып турат, андан көрө бирдемеңер барбы?
- Ой зыкым оо-ой, бирдеме чыгабы деп, биз сени көрүп кубанып атса, ушул абышкадан өнөт го деп. - деди бир аял. Ал өтө жаш эмес, өтө кары эмес отуз бештердеги Асыл эле. Анын булардын арасына кошулганына бир топ болуп калган. Канча табылса ичет да туш келген жерде жатып калып башын көтөргөндө дароо эле ичкенге шашат. Анан калса жеринен кармаак неме мындай чыкса бирдеме илип ала коёт. Ош базарындагылардын баары аны таанышат, ал келе жатканда саксактап турушат. Ал Керим менен көпчүлүгү эрди катындай эрчишип жүрчү, анан Добул келгенден бери ага ыктап кеткен. Эми ал Керимдин жанындагы Медетти карап аны имерчиктей түштү:
- Сенде болбосо тиги жаныңдагы жаш жигитте бар чыгаар, оозуңду куу чөп менен аарчый бербесең жөн эле. Азыр сенде болсо анан бизде болот. Селсаяктар деген бир биринен аябаш керек, уктуңбу ыя?!
- Туура айтат Асыл, биз селсаяктар бир бирибизге боор оорубасак анан ким бизди аямак эле ыя? - Гүлнара Асылдын сөзүн кубаттады.
Бир кезде арасынан бирөө төш чөнтөгүнөн элүү сомдук алып чыкты да:
- Туугандар, мына муну кечээ тапкам. Силерге насип экен, ырас эле биз бомждор, селсаяктар бир бирибизди аябасак, бири бирибизге бербесек кимдер аяп, кимдер берет! - деп анан, - Азыр мен… - деп ары көздөй басып кетти. Бир аздан кийин бир бөтөлкө самогон, салат, нан кылып көтөрүп келип калды. Заматта аларга майрам болду да калды.
Медет жүз грамм алып акырын алардын жанынан басып кетип баратканда Гүлнара:
- Ай жигит, кайда кетип атасың, "кемеге түшкөндүн жаны бирге" дегендей унчукпай басып баратканың эмнең, туура сен бизге караганда тың экенсиң, кардың да ток болсо керек, бизди теңиңе ала турган түрүң жок, - деп тийишип калды.
- Эже, кечирип койгула, мен кетишим керек эле… - деп Медет мукактанып калганда дагы бири:
- Ээ жигит тыңсынбай отура тур да, эмнеге эле кычырайсың? ! - деп тишин кычыратты.
Медет бирдеме десе уруш чыгаарын сезип үндөбөй туруп калды. Кайдан тапкандары белгисиз улам бирден бөтөлкө ичип отуруп баары мас болуп калды. Ары өтүп жаткан эл буларды көрүп жийиркенип өтүп жатты. Кээ бири: "булар бул жашоодон кечкендер да", дешсе кээ бири: ботом булардын тууган-уругу жокпу, жапжаш келиндерге эмне жок, тирүүлүктөн түңүлгөндөй селсаяк болуп алганын кара?!" деп кетип жатышат. Чынында булар баарынан кечип күнүмдүк жашоого өтүп, тирүүлүктүн кызыгын, жашоо кумарын сезбей көрүнгөн жерди түнөк кылып, коробка менен чөптү төшөк кылып, жашоодон үмүт үзгөндөр эле. Ошол эле олтурган жерде эркек сөрөйлөрү тигил экөөнү кучактап өөп дүйнөдө алардан өткөн бактылуу жоктой ырдаганга киришти.
- Жол карап өттү күндөр, койнумда сагыныч бар, үзүлбөйт сен деп күдөр… - деп барып Асыл уктап калды.
Бул кезде Медет да абдан кызып калган эле. Өзү менен эч кимдин иши болбой калганга ал кетүүгө камынды да, же кызуулугунанбы же чындап эле аларга боору оорудубу: "Жок менин кетип калганым болбойт, булардын арагын ичип басып кеткен жакшы эмес, андан көрө мен дагы бирдеме алып берип анан кетейин" деген ойдо базарды көздөй басты. Ал азыр кечээги Керим айткандай контейнерге кирди да эл көп топтошкон жерге барып ар кайсыны сурап атты. Анын кийим кечеси түзүк болгондуктан андан эч ким шек санаган жок. Ошондон пайдаланып ал коробка ручка, блок самын алып алды да дароо чыгып кетти. Сыртка чыгып алып: "мен ууру болуп калдым да апам билсе эмне дээр экен!?" деп ойлоп калды. Аңгыча алдынан бир аял чыгып:
- Айланайын алдагы самының канча? - деп сурап калды.
- Он беш сом эле.
- Келе мага бер, ушул самын үчүн кирбей эле коёюн ичке, - деп акчасын берип самынды алды да сумкасына салып кетип калды.
Медет андан ары ручканы сатууга өттү. Бир блок ручканы бирден сатып бат эле акча таап алганына корстон боло баягы жерге келди. Алардын көбү олтурушуптур. Керим жок экен. Медет бир бөтөлкө самогон менен нан, салат кылып көп нерсе алып келди: "Апам менин ууру кылганымды билип коюптурбу, эптеп барганыма кубанаар, эртең дагы акча таап сөзсүз айылга кетем!" деп ичинен ойлоп койду. Ал азыр ушул селсаяктар менен канча убакытка чейин насиптеш болоорун билген жок. Болгону адамгерчилигин карматып аларды сыйлап койууну чечти.
- Охо - о, бу жигит "крутой" го ыя достор, кана тургула, жакшы тамакты жалдыратпайлы, - деди бири тамашалаган болуп.
Тегеректеп олтуруп алып Медеттин аттын сурап анан ага бир жакшы каалоолорду айтып ичип олтурушту. Медет өтө мас болуп калып улам самогон алдырып олтуруп эч нерсе билбей, жаткан жеринде калды.
Ал ойгонгондо түн бир оокум болчу. Башы зыңгырап ооруп калыптыр. Эсине келгенде анын костюму жок же өзү чечип ыргытып ийгенин же бирөө чечип кеткенин биле албай турду. Эки жагын караса ар жак бери жагында аркы терки жатып алып бейкапар уйкуда жаткан шериктерин көрдү. Эч нерсе билбей тынч уйкуда мемиреп жаткандарды көрүп иренжип алды: "кой мен да биротоло селсаяк болбой үйгө кетейин" деп ойлоп сыз жерге жата албай ордунан туруп костюмун издей баштады. Түн айсыз караңгы болгондуктан эч нерсе көрүнбөдү. Эптеп талдын түбүнө сүйөнүп отура кетти. Ал кайра уктап кеткен экен. Ойгонсо эл ары бери каттап таңкы кыймыл башталып калыптыр. Жайкы аптаптын түнкү абасына чыйрыга түшкөн Медет ордунан туруп баратканда анын жанында жаткан Асыл:
- Ай кайда сен, жаныңда жаткан аялды сезип койбойсуң, деги аял аттууга жолоп көрдүң беле? - деди.
- Энеңди, эмне сага мен керек эмесминби, турбайымбы? - деди аны түртүп Добул.
- Ыхы, сен да эркексиңби, мас болгон соң өлүк болосуң да каласың, мен да тирүү жанмын!
- Жалап! - деген Добул аны чаап жиберди.
Экөө тытмалашып калды. Медет артын карабай басып кетип баратып: "Чын эле мен аялга жолой элекмин да, эмне кылыш керек, кайра барсамбы, өзү айтып жаткандан кийин жөн калсам болбойт го, жок дегенде эркек экенимди билдирип коюшум керек!" деп кайра артына бурулду. Ал келгенде экөө дале урушуп оозго алгыс сөздөр менен бир бирин кордоп жатышыптыр. Добул Медетти көрүп эле:
- Эй энеңди урайын десе, эркексиңби, азыр ээрчитип кет бул ######ты, эгер эркек эмес болсоң жогол бул жерден! - деп кыйкырып сөгүнүп кирди. Медет намыстана түштү. Ал эгерим эч кимге жаман да айтчу эмес.
- Эмне деп жатасың, ээрчитсе ээрчитип эле кетем! - деди да жин тийген эмедей ылдам басып Асылды булка колдон алып жөнөдү. - Эркек экенимди сага бир көрсөтөйүн.
Асыл эч үн сөзү жок анын жетегине түшүп бергенге Добулдун ого бетер жини келип алардын артынан жетип барып Асылды башынан ары коюп калганда ал адатынча жаман сөздөр менен сөгүп жулмалашып калды эле, Медет Добулду көкүрөккө түртүп тээп ийди. Асылды койо берип, Добул Медет менен мушташып кирди. Ары-бери өтүп жаткандар таңыркай карап өтүп жатышты. Мындайда орган кызматкерлери алардын жанына келип да коюшпайт, ал турсун аларды адам деп да ойлобойт шекилдүү. Башкалар болсо кармап, жок шылтоо менен бирдеме өндүрүүгө жандалбас кылмак. А буларды кармаган менен не пайда?
Медет менен Добул кызыл чеке болуп дагы канчага мушташа бермек эле, аларды өзүнүн шериктери ажыратып кайра экөөнү достоштуруп заматта анын урматына арак, шарап алып келип тойлоп киришти. Атаганат! Ушу кез алар кандай гана бактылуу да, кандай гана бактысыз! Анткени ушул мүнөттө бир чымчым өмүрдүн бар экени, ал өмүр кыска экени жана кымбат экени эстерине да келбей бака-шака түшүп ырдап киришпедиби. Бираздан кийин бут сунуп жатар жай издеп караңгы жерлерге сүңгүсө, эртең үзүм нандын күкүмүнө зар болоору бышык эмеспи. Медет менен Добулдун бети башы көгөрүп чыккан. Ошентип Медет селсаяктык жашоонун алгачкы күндөрүн башынан өткөрүп, акырындык менен көнө баштады. "Ана-мына дегиче, ачып көздү жумгуча" дегендей, бат эле күз кирип келди. Кечкисин аба муздап күн суугуна тарта баштады. Артынан Медеттин келбегенине ого бетер ызаланган Феруза эмне кылаарын билбей санаа тартып кетти. Айтканга үч күн оңой болгон менен Феруза үчүн үч ай же үч жылдай сезилип жатты. "Ушуга да шүгүр, күйөөгө тийбей деле жүрбөдүм беле, азыр менин эрмегим бар, жалгыз эмесмин!" деп ойлонуп бир чечимге келгендей болду. Ал бул үйдү сатып биротоло айылга ата-энесине кетмей болду. "Эптеп Медеттен алыс болоюн, анын апасы жактырбаса жабышмак белем" деп өзүнчө кыжаалат болот. Бара-бара тамакты такыр көргүсү келбей окшуп кыйналчу болду. Ал эми кудайына ыраазы: "Эптеп эле жаныма караан, эрмек болоор бала же кыз төрөп алсам башканын кереги жок! " деп ал үйүн сатууга бел байлады. Бирок клиент бат эле чыга койбоду. Жарыя берип күндө Ош базарына барып адресин таштайт. Арадан бат эле убакыт өтүп баратты. Ата-энеси шаарга келип: "Ферузанын үйүнө көз сала кетели" деп ойлоп кайрылып анын үйүндө экенин көрө кубанып бир чети күмөнсүй түштү. Феруза аларды жадырап-жайнап тосуп алып, коноктоп олтуруп өзүнүн оюндагысын чыгарбай жөн гана минтти:
- Мен силерге барып жолугуп, учурашып келбесемби деп аттым эле.
- Апей ботом, жол-жосуну менен барбасаң болбойт да, колу-коңшу эмеле кеп кылышпайбы! - энеси аны жактыра бербей сүйлөдү.
- Мм… Апа, салтты билем го, бирок мен силерди сагынып эле, барсамбы деп аткам.
- Ээ кагылайын, баягында Жамал менен келген бойдон кете элексиңби, бу сен соо эмессиң анда, кой эл эмне десе ошо десин, барсаң бар! - деген энеси ойлуу олтуруп калды. Атасы үн дебеди, баш ийкеп тим болду. Ал көп сүйлөбөгөн кыраакы кишинин көз карашынан эле билди, Феруза баарын түшүнгөнүн.
Эртеси чогуу айылга жөнөп кетти. Айылга барганда Ферузанын тамак тандап ичкенинен эле анын кошкат экенин байкашты. Эч нерсе дебеди энеси. Анткени алар да буга макул эле: "эптеп балалуу болуп алса алаксып калар, же күйөөсү келип алып кетээр" деп ойлоп тим болушту. Элдин оозун ким тыят:
- Аа байкуштар, кызы күйөөгө деле тийбей эле боюна болуп калса ошентип койгон тура, айтам да төркүлөбөй эле келип калганынан.
- Ырас эле, күйөөгө тийсе кадыр-баркы менен алып келип, алып кетпейт беле!? - дешип айыл ичи бир дуу этип алды. Бир аз күн өткөндөн кийин ар ким өз тиричилиги менен болуп бул да унутулду. Аз өтпөй Феруза шаардагы үйүн сатып айылдан болочок наристеси үчүн там сатып алып, өзүнчө жашай баштады.
Бул турмуш бирөөлөр үчүн жөн гана бай турмуш, жай турмуш болуп өтүп жатса, бирөөлөр үчүн азаптуу, кең дүйнөнүн кеңдигине сыйбай өтүп жатты. Медет көзүн ачса түн бир оокум болуп калган экен. Күзгү суукта калчылдап калыптыр. Тиши тишине тийбей титиреп жатты. Ордунан туруп башы ооган жакка жөнөдү. Башы ооруганы аз келгенсип бүткөн бою салмактанып калыптыр, муздак бетондун залалы акыры өмүрүнө зыян келтирери бышык. Аны сезген менен аргасы канча, барар жери болбосо… "Кечээги мушташтын азабы" деп ойлоду ал, "кой минтип жүрө бергенче" деп ойлуу телмирип алды: "эмнеге мурун ушуну ойлободум экен, карыздап кетип калсам баргандан кийин берет элем го! "деп жер карап кетип жатса алдынан Керим чыга калды:
- Ой сен кайда жүрөсүң ыя, кечээ күнү аябай күттүм, сени келет деп тамак бышырып алып… - деп аябай ишенимдүү айтты.
- Мм, Керим аке, мени кечирип коюңуз, келалбай калдым, кичине ичип алып жатып калыптырмын…
- Билем-билем, аларга кошулгандан кийин сөзсүз алардын эркинде болушуң керек. Негизгиси эркек экениңди далилдешиң керек!
- Сиз… Сиз кайдан билесиз?...
- Мен билбеген балаа жок, мен баарын билем, кыскасы эгер эркек экениңди далилдей алсаң алардын "көзүрү" сен болосуң да, сенин сөзүң алар үчүн закон.
- Түшүнбөдүм…
- Түшүнбөсөң түшүнүп ал, эгер сен алардын талабын аткара алсаң алар сенин кулуң болууга даяр, аткара албасаң анда сен аларга кулсуң!
- Коюңузчу?
- Койбой эле…
- Кызык, ачыгын айтсам мен аларды жеңгендей болдум, бирок мен алардан кетким келди, өз кайгымды, өз арманымды өзүм жеңгим келди.
- Жолуң болгур десе, эч качан кайгыны андай жол менен жеңе албайсың!
- А мен жеңип чыгам!
- Жок жеңе албайсың!
- Болуптур, акыйлашып же мелдешип турчу убактым болсо жакшы болмок, тилекке каршы убактым жок!
- Анда жолуң менен бол, мен сага жолтоо болгум келбейт.
- Ошондой кылганың оң, араздашуудан эч пайда жок, абышка!
- Давай, кош бол.
- Жакшы бар! - Экөө эки жол менен жүрүп кетти, бирок ал жолдор баары бир биригээрин алар сезген жок.
Медет кеч күүгүмдө күп этип бир караңгылыкка кулап түштү, эптеп сыйпалап жатып жай тапкандай болду. Анын бул жерге келээрин Керим күткөн да эмес, Медет бул жерге келээрин ойлогон да эмес. Эртең менен көзүн ачса Медеттин көзү ачылбайт, дем алууга аба жетпегенсийт. Тумчугуп калчудай абалда ал ордунан туруп сыртка чыкчу жол издеди эле жылтыраган эшик төбөдөн көрүндү: "Мен кайдамын, кокус казылган ордо эмесминби, же мүрзөгө түшүп кеткенмин го?" деп ойлогончо коңурук тарткан добуш угулду. Акырын айланасын көз чаптырып караса аерде мурда болгондой көзүнө жылуу учурады. Анан акыл токтотуп көрсө баягы Керим экөө келип түнөгөн жер экен. Азыр ал жерде Медеттен башка дагы үчөө-төртөө бар шекилдүү. Чоочугандай Медет эки жагын карап алып жылтыраган тешиктен сыртка чыгып кетүүгө умтулду эле:
- Ой сен кайда? - деген Керимдин тааныш үнү угулду. Үндөбөй басып кетүүгө умтулса да жооп берүүгө аргасыз болду.
- Сиз ушул жердесизби?
- Ооба, эмне болду, сени мен алып келбедимби бул жерге.
- Кайдан, сиз эбак эле кетпедиңиз беле?!
- Мен кеткеним менен, сени көзөмөлдөп жүрдүм да, сен же биротоло бул чөйрөдөн кетип калбай, же калып калбай селсаяктык жашоого көнө албай жатпайсыңбы!
- Баары бир мен селсаяк эмесмин да, чал!
- Сен ошентип ойлогонуң менен алда качан селсаяк болуп биздин арабызга кошулгансың.
- Калп айтпа чал, мен эч качан селсаяк болбойм!
- Койдум-койдум, калаганыңдай бол, маа десең ажы же ажо бол, маа баары бир.
- Мен кеттим, экинчи ушул жерди желкемдин чуңкуру көрсүн!
- Бар бара бер, акыры келер жериң ушул жер, түбү мага окшогон селсаяк болбосоң болду, мен го мейли көрөөр күнүм, ичээр суум аз гана калган учуру, сага кыйын, али жашсың!
- Мен үчүн кам жебей эле кой, чал, жаш экенимди өзүм да билем, болгону мени өзүңө теңей көрбө, менин жинимди келтирип.
- Макул, кудуретиң жетип ушул жолдон өзүңдү чыгара алсаң анда жигитсиң, далайлар ошенткен, ал турсун мен да ошенткем, "кантип талаада сыз жерде жатам?" деп ойлогом. Азыр талаада сыз жерде жаткан мен үчүн ак сарайдан артык, анткени аргам жок тагдырым ошол болсо колумдан эмне келмек,???
Медет Керимдин сөзүн укпагандай сыртка чыгып кетти. Сапар менен Ажар, Камбар менен Сейде, Султан менен Кымбат бул селсаяктык жашоодо бири бирине эриш-аркак болуп тагдырларын бириктирип алган. Чынында сүйүү жалаң бай турмуш менен жай турмушта эмес, бечара селсаяк жашоодо да болот тура!
Селсаяк демекчи, селсаяктар кимдер, же алар төрөлгөндөн селсаякпы? Жо-ок, алар да бир кезде адамча жашап, чөнтөккө колун салып, өзүндөй бей-бечараларды көргөндө жийиркене басып кетчү манчыркаган пенделер болгон.
Камбар бир кезде чоң мекеменин начальниги болсо, Сапар совхоздо бухгалтер, ал эми Султан курулушта прораб болуп иштептир. Тагдырдын тайкылыгы, бороон буюктуруп, качанаак аттай алагачкан мезгил ушул абалга алып келип койгон. Аргасыз тагдырга баш ийбеген пенде барбы? Кайдан?!
Көнүмүш адатынча Камбар Сейдени кучактап тамашалап калды:
- Достор, менин Сейдесиз күнүм жок, мен мунсуз бул жашоомду элестете албайм!
- Менчи, мен деле Ажарсыз күнүм түнгө тете, аял эркек эриш-аркак деп бекер айтылбаган тура.
Аларды карап олтурган Султан Кымбатты кучактай:
- Эмне эле мактанып жатасыңар, ыя? А биздин сүйүүбүз бу жалганда айтыла элек, ырдала элек, жазыла элек сүйүүдөн! - деп күлүп койду.
- Туура айтат Султан, биздин сүйүү бул жашоодо кайталанбай турган сүйүү, бири бирибизсиз бир мүнөт туралбайбыз, ал эми менсиз мунун тамагынан эч нерсе өтпөйт, мен дагы, - Камбар Султанды эки бетинен өөп жылмайды да, - ыраспы, же мен жалган айтып алдымбы? - деди.
- Эң туура, эң сонун айттың, жаным.
- Чынында селсаяктардын жашоосу эң акыйкат жашоо деп ойлойм, анткени биздин арабызда бири бирибизди кызгануу, жек көрүү жок. Ал эми байлык бар жерде уруш-талаш, кызганыч, жек көрүү болот! - Сапар ойлуу сүйлөдү.
- Тупа-туура айттың, Сапар, биздин жашоодо адилдик бар, биз болгону кара курсактын айынан уурулук кылганыбыз менен аргасыз жашап жатабыз. Аргасыз ошого барып жатабыз. Болбосо тапканыбызды ортого салып бир бирибизге жакшылап жардам беребиз, же жалганбы, достор? - деп калды Камбар. - Бүгүн Жалдагы "контейнерлерди" кыдырып келсекпи, кудайдан болуп "обуфь" түшүп калса кышкы кийимибизди камдап алсак жакшы болот эле.
- Чын эле, бүгүн экөөбүз биякта калып движения кылып туралы, силер мүшөктөрдү алып ошол жакты карап келгиле, олжолуу келсеңер ажеп эмес, - Ажар сөзгө аралашты.
- Сен движенияны жакшы кыласың, ошон үчүн сен кал Сапар экөөң, биз болсо "сопственный контейнерлерди" карап, "товар" түшкөн болсо алып келип калалы.
- Оп-баракелде- е десе, ошентип ынтымак менен иш кылбасак болбойт, мына кудай буйруса мен намаз үйрөнүп жатам, калган өмүрдү кудай алдына барганча намаз окуп, куран үйрөнүп, колдон келсе таза жашайлычы! - Камбар буга эмне дешээр экен дегендей шериктерин алдыртан карады.
- Айла жоктон, кара жанды багыш үчүн ууру жасаган күнөөлөрүбүз кечирилсе гана.
- Кечирим сурасаң сөзсүз кечирет алла, а биз кечирим сураганды, кудайды унутуп калабыз да.
- Мына, эми өзүң айткандай эки бакыр, бир тукур болуп аракты таштап, ак жол менен жашоого өтүп баратабыз, кудайдан эртели-кеч кечирим сурайлы, ээ Каке?
- Ээ достор, биз эмне, биз бир бечарабыз да, биздин күнөө кечиримдүү, көпкөнүнөн киши өлтүрүп, дүнүйө, атак, амал талашып, кудайды тааныбагандар бар, ошолордун күнөөсү бизден оор болуш керек, - деп баятан бери үнсүз олтурган Султан сөзгө аралашты:
- Ээ Каке, Суке, силердин айтканыңарда калет жок, бирок мен өзүм бечара селсаяк болуп күнүмдүк жашоо менен алпурушуп жүрсөм да, мобу кыргыз элимдин келечеги жүрөгүмдү оорутчу болду. Канткенде кыргыз өз намысыбызды сактап кала алабыз?! Мына ушул өлкөбүздү "общий домго" айлантып койгону жакпайт, мисалы ар бир үйбүлө өзүнчө мекен, ошол чакан үйбүлөнүн деле чек арасы бөлүнүү болот эмеспи. А биздин Кыргызстан "общий домго" айланганы эң жаман иш, менин оюмча!
- Саясатты семичкедей чакчу түрүң бар, оюңа койсо. Экөөбүзгө өлгөнчө күнүмдүк оокатыбызды адал табуу гана парызы калды. - Камбар улутуна сүйлөдү.
- Аның туура дечи, бирок көрүп туруп кайдыгер болалбайт экенсиң да.
- Айлабыз канча, кыргыздын баалуу жерлери сатылып бүттү, биздин колубуздан эмне келет? - Сапар ойлуу олтуруп калганда, Ажар:
- Койгула байкелер, аны ойлогонго чамабыз да, акыбыз да жок, андан көрө тургула, эрте жарыкта өз ырыбызды ырдайлы, - деп ордунан турганда калгандары да туруп, өз-өз жолдору менен жөнөштү.
Ошол күнү аларга Медет жолукту, ал да мусор терип жүргөн экен. Ажар аны көрө жанындагы келинди көрүп, Сапарга ымдай сүйлөдү:
- Көрсөң, тигил экөө да табышып алган тура, тигинисин тааныбайт экем, бизден аябай жаш экен, буга бул чөйрөнү ким коюптур, өң десе өңү деле бар экен байкуштун, - дегенде Сапар жөн гана аларды караган менен, сүйлөгөн жок. Алар бири бирине баш ийкеген бойдон өтүп кетишти. Медеттин жанындагы келин Роза жаңы эле түрмөдөн чыгып келген. Бараар жери жок болгондуктан, ал дагы селсаяктардын катарын толуктап жүргөн убагында Медетке жолугуп, экөө эрди-катындай ээрчишип күн көрүп жүрүшкөн. Медет күндө эртең менен: "Кой, минтип жүрө бергеним болбойт, апама кетишим керек, апам менин ушул түрүмдү көрсө эмне болор экен, жо-ок, ага бул түрүм менен көрүнгөндөн көрө өлгөнүм жакшы", - деп ойлонуп, кайра эле ичине жүз грамм киргенден кийин эсинен чыгып кетет да, өзүн өзү билбей талаада жатып калат. Суук да түшүп келе жатат, үстүндө жылуу кийим жок, калчылдап күн өткөрүүдө. Ошол күнү Медет аябай мас болуп, Роза экөө урушуп, караңгыда Керим жаткан люкка келишти. Негедир Керим жалгыз эмес экен, үч караан жылтыратып от жагып олтурушуптур. Медет менен Розаны Керим жакшы тосуп алды, алардын алып келген тамак-ашынын үстүнө өзүнүн тапкан-ташыганын кошуп:
- Келгиле, меймандар, бүгүн бизде конок да көп, чөнтөктө акча, казанда тамак көп, бул биз үчүн майрам! - деп бакылдап отурду. Ошол жерде да Медет менен Роза уруша кетип, Роза анын бетин тытып алды. Берки үчөө аларды арачалап, анан Медеттин канап жаткан жерине эптеп чүпүрөк күйгүзүп басып коюшту. Роза аябай мас болчу. Бир аздан кийин ал Медеттен кечирим сурап жатты.
Чындыгында Роза өңдүү-түстүү болгону менен, кыргыз элинин макалына шайкеш "оргу-баргы, отун жаргы" кыялы бар келин болчу. Ал ата-энесинен эрте калып, алыс туугандарынын үйүндө чоңоюп, ээнбаш болуп он алтыга чыкканда эле "ширеңке" сата койом деп камалып кеткен. Азыр жыйырма эки жашта, тамеки чегип, аракты ичет, түрмөнүн сөздөрүн сүйлөп, сөгүнүп, гүлгүндөй жапжаш өмүрүндө бул дүйнөнүн бардык жакшылыгынан кечип койгон. Ага баары бир болчу. Тирүүлүктүн татым ырахаты, бактысы ал үчүн бир штук сигаретчелик эле. Медет экөө бул мусаапырчылык жашоодо бири бирин толуктоо үчүн гана бириккен. Аларда келечек жөнүндө ойлоп же кам көрүү деген жок. Тапканын да эсептешип, "мен көп таптым, сен аз таптың" деп уруша берчү. Ошентип күн өтүп, айлар алмашылып, убакыт өтө берди.
Керимдер менен люкта жашап жаткан эки орустун бири такыр тамак-аш табууга жөндөмү жок болчу. Ал эптеп шеригинин таап келгени менен Керимдин насибине ортоктош болуп жашай берди. Аны алар абдан жаман көрчү. Канча жолу кет дешсе да жалдырап кетпей койду. Анан калса ошол жылы Бишкекте абдан суук болуп турду. Январь айында булардын тамак-аш табуусу кыйын болуп, жадагалса ыргытылган баклашка табыш кыйынга турду. Медет менен Роза кечке эптеп темир терип тапшырып нан таап келишет. Кээде нан же тамак ичпей эле арак сатып алчу болушту. Болбой калганда эптеп нан алышат да, люкка жетип ачка болсо да жылуу жерде эс алууну көздөшөт. Бир күнү экөө кеч келди. Ошол күнү алар бир аз тыйын табышып, бир бөтөлкө самогон менен колбаса, сало алып келишкен. Келсе Керим менен орус дале от жагып бирдеме кайнатып олтурушкан экен. Самогонду ортого коюп, тойлой баштаганда Керим кайнап жаткан немени чыгарып ортого койду. Негедир Керим же Вася көздөрүн Медеттен ала качып отурду. Ортого коюлган идиште куурдак бар экен, аны самогон менен жеп жатып, Медет берки орус чалды эстей койду да, оюнда эч нерсе жок эле сурай кетти:
- Аба, тигил чал кеттиби, көрүнбөйт го, же уктап калдыбы?
- Ал кетти, артыкбаштын эмне кереги бар, өз жаныбызды багалбай жатканда, - деди Вася орусчалап. Анан Керим экөө бири бирин карап калышты. Медет жөнсалды сураганы менен, анын кеткен-кетпегенине кайдыгер болчу. Ага баары бир эмеспи:
- Куурдак абдан таттуу экен, аба, сизге рахмат. Роза экөөбүз дагы жакшы тапсак бир жакшы эт алып келебиз, ээ? - деп Розаны карады. Үрүл-бүрүл жарыкта жүздөрүн көрө алышкан жок. Люктун тешигинен түшкөн айдын шооласынын эле жарыгында алдына коюлган тамакты жеп атышты. Ал эми самогонду болсо бир идиш менен терегетип ичишет. Куурдак менен эки бөтөлкө самогон ичишкенден кийин ар кайсы жерге өз өзүнчө жатып калышты. Эртеси Медет менен Роза эрте туруп кетип калышты. Темир терип тапшыруу өтө оор болуп жаткан. Болгону темирди элүү тыйындан алат. Кечке экөөлөп кырк-элүү кг темир теришсе, ал жыйырма беш сом болот. Алар кыйналып жүрүштү. Бирок күндө кечинде келсе баягыдай куурдак даяр. Куурдак демекчи, майда туурап эле суусу солуганча кайнатып, пияз кошуп жей беришет. Медет абдан таң калды: "Күндө этти кайдан алып жатышат, базарда эттин баасы асманда, анан…" деп ойлоп калчу болду. Бир күнү алар эми жумушка чыгып иштей баштаганда эле күн дыбырап жаап кирди. Медет менен Роза дароо эле жатаканаларына баса беришти. Келсе эки чал жок экен. Люктун тээ төр жагына барып даарат ушата беришчү. Роза ошол жакка барып отура калайын десе былжыраган бир нерсеге сыйгаланып жыгылып кетти.
- Аа-ай Медет! - деп алды Роза, - бери келчи, ширеңке ала келчи!
- Азыр, эмне болуп кетти? - деген Медет ага жакындай берип ширеңке жандыра бергенде Роза дагы бакырып жиберди:
- Медет, бул адамдын ичеги-карыны го?!
- Койчу!
#селсаяктар