кутулбогон байлык 9-бет

***
Кемелбай таксист болуп иштейт, отуз бештерде, оозунан чындык сөз эзели чыкпаган, беш өрдөгү качан болсо учуп турган, ала көөдөк, кыз-келинди көргөндө жантыгынан жата калып, жетмейинче өпкө жүрөгүн чаап, керек болсо жанын да аябайм деген жигит. Аялы, үч кызы бар, ичип алганда "эркек төрөбөйсүң" деп аялын далай жолу сабап, кыздарын бөжөктөй кууруган неме.
Кемелбайдын иши жүрүп, ити чөп жеген менен үйбүлөсүнө дегеле карабай кетти. Мурда Кара-Суу менен Ошко эле киши ташыса, эми Бишкекке каттай турган болду. Ал антип тапканын келин-кыздарга жумшап: "Күлүк күчүндө, тулпар тушунда" дегендей өз күчүн өзү зуулдатып өткөрүп жүргөндө аялы Гүлжан ага өчөшүп каалагандай басып тура баштады. Улуу кызы Жамийла онунчу классты, кийинкиси жетинчи, эң кичүүсү төрттө окуп чоңоюп калышкан. Гүлжан Кемелбай үйүнө келбей калгандан бери кайним деп Сулайман менен шынаарлашканына өтө эле көп болду. Кеч кирсе эле ал жатып келет. Кыздары чоң үйдө отурганда экөө времянкада далай ирээт махабат көлүндө чалкышты. Сулайман Кемелбайдын мындайраак туугандарынын баласы. Ошо күнү да ал күүгүм кире келип калды, эшикте бирдемеге күйпөлөктөп жүргөн Гүлжанды артынан келип кучактап жалынып кирди:
- Кайран гана жеңем ий, кеч киргиче сенин койнуңду самай берип тынчым кетет, өх жеңе, сагынып кеттим! - деп өпкүлөп киргенде Гүлжан аны көкүрөккө түрттү:
- Болду ай чечек, үйдө киши бар, кокус сөзүңдү угуп калса уят.
- Койчу жеңе, сагынып кеттим, жүрү заматта бүтүрөбүз!
- Кой дейм, - Гүлжан үйүнүн эшигин карай шыбырады, - чыга калып жүрбөсүн, сиңдим менен иним аялы, келиним болуп үйдө. Анан эл жатканда кел, тигил үйдө болом, - деген Гүлжан анын колунан бошоно времянкасын көрсөттү. Ал үйүнө эч ким кирчү эмес, ичи бош, Гүлжан атайын төшөк алып барып койгон, экөө дайым ошол жерде боло турган. Сулайман аргасы кете ары басып баратып:
- Эл жатканга чейин кантип чыдайм, жеңе? - деп коюп короодон чыгып кетти.
Гүлжандын сиңдиси күйөөсү менен, иниси аялы менен атайы Кемелбайдын каттабай башка аялдын үстүнө кирип алды деген ушагын угуп келишкен эле. Аларды коноктоп төшөгүн салып берип коюп, Гүлжан анан Сулайманды күтүп калды. Араң турган неме анын бери карай басканын көрүп эле жетип барып дароо төшөккө кулашты. Мындай түндөр далай болду. Эркек бузулса жалгыз калат, аял бузулса бүтүн үйбүлө урайт деген сөздү элес албай, Гүлжан жат душманынан өч алып жаткандай артын ойлобой, эси дарты Сулайманда болуп кыздарынын эмне болуп жатканын сезбей көңүлдөшүнө бар тапканын жасап берип баласындай бакчу болду. Эркекке эмне, кардын тойгузуп, кумарын кандырып турса баары бир эмеспи. Сулайман эч жерде иштебей анын үйүн акмалап жүрө берди. Эл ичинде аларды кеп-сөз кылып жатса да экөөнүн кулагы керең, көзү көр болуп кумардын курмандыгы болуп жүрө беришти. Ошондой күндөрдүн биринде Сулайман күндүзү чак түштө келип калды, колунда жылаңач сүрөттөрү бар журнал.
- Ай чечек, бул эмне? - Гүлжан бөөшсүнө сурап койду.
- Жеңе, бул деген абдан керектүү нерсе, жүрчү тиги үйгө, сизге көрсөтөйүн, - деп Сулайман аны өздөрү түнөөчү бөлмөгө жетеледи.
- Койчу ай желмогуз, азыр окуудан кыздар келет, бар кечинде кел! - Гүлжан аны калп эле кет демиш эткен менен өзү деле каалап турганын көздөрүнөн, кылыктана сүйлөгөн сөзүнөн билдирип турду.
- Кыздар келгиче бат эле жеңе, болчу эми, бул сүрөттөрдү көргөндөр кандай чечингенин билбей калат экен, - Сулайман аны болбой эле колтуктап жөнөгөндө ал анын жетегине эрксиз көнүп берди. Бөлмөгө киргенден кийин Сулайман журналды ачып энеден туума жылаңач аял менен эркектердин сүрөтүн көргөзүп, барактай баштаганда Гүлжан аялдык назын кыла ага сүзүлө карады:
- Муну кайдан таап жүрөсүң, деги билбегениң жок экен да?
- Сиз үчүн баарын табам, жеңе! - Сулайман аны арыдан бери кучактап өпкүлөп атып эле чечиндирип кирди.
Экөө ошол жерден эле иш баштап киргенде, Гүлжан:
- Алтыным, болчу эртерээк, урчу жакшыраак! - деп акыштанып кирди.
- Койо тур жеңе, али эч нерсе боло элекпиз, эриш керек, эриш! - деп Сулайман маалкатып туруп алганда:
- Болчу акетайым, өлүп баратам, дагы, дагы! - деп Гүлжан озондоп ийди.
Ошол убакта окуудан келип, үйлөрүнүн ачык турганынан апасын издеген Жамийла времянкага келатып алардын үнүн угуп тыңшап туруп калды. Али эч нерсени көрө элек, бирок жетилип келаткан кыз бир нерсенин шегин алгандай шырп алдырбай басып келип терезеден шыкаалап алып кайра артка чегине берди, анткени Гүлжан апасы тоңкоюп керебетти кармап алып, Сулайманга жалынып жаткан:
- Болчу садагам ай, жыргаттың го, сенин жыргалыңан айланайын, деги тездете көр, өлүп баратам!
- Өх алтын жеңекем десе, акемди жыргаткан жаныңдан сенин, ушул ырахатты таштап кайда жүрөт болду экен акем? - Сулайман күчөнө иштеп жатты.
Кыз алардын сөздөрүн угуп алып кайра карады, эч нерсе сезбей өздөрүнчө махабат оюнун ойноп жаткан экөө аны көргөн да, байкаган да жок. Көптө барып экөө эки жакка сулап калганда гана кыз артына кетенчиктеп барып үйүнө чуркады. Көзүндө ызанын жашы, апасынын энеден туума аа-аппак сандарын сылаган Сулаймандын колдору...
Көпкө ыйлап, өз бөлмөсүнө сабак окуган болуп отуруп калды. Тээ бир топто эч нерсе болбогондой Гүлжан кирди:
- Окуудан качан келдиң?
- Азыр эле... - Жамийла китептен көзүн албай жооп берди.
- Умсун менен Уулжан келе элекпи?
- Жок.
Кыска жооп берип апасынын жүзүн карай албай отурган кызга Гүлжан ачуусу келе сүйлөдү.
- Эмне дулдуясың ыя, атаңды мен өлтүрүп койгонсуп? Өлүгү же тириги жок атаңар эркек төрөп берчү аялды издеп жүргөндүр!
- Апа, мен экзаменге даярданып жатам, - Жамийла дале өйдө карай албады, - Сабактарымдан калып калайынбы?
- Мейли окуй бер, мени кекетпе! Энеңер экем, минтип ысык суугуңарды тартып чарк айланып жаныңарда жүрөм, - Ачуулана сыртка чыгып баратканда Умсунай менен Уулжан кирип келди, - Тур, киймиңерди чечип анан кардыңарды тойгузгула!
- Азыр, - деп жарышкан эки кызы төркү бөлмөгө кирип кетишти.
Жамийланын китеп бетин ачып эле отурганы болбосо көргөн окуясы көз алдына кайра-кайра тасмадай тартылып, апасынын Сулайманга жалынганы кулагына жаңырып отура берди: "Кызык, апам эмнеге ага жалынат? Кызык болсо керек..." деген ойго кетти.
Убакыттын өтүшү менен бара-бара ал окуяны унутуп бараткансыган. Жигити бар эле, ал шаарга окууга жөнөмөк болуп жолугуп коштошкону келип калды. Жамийла окууга бара албай экөө аргасыз коштошуп турушту.
- Жамиш, мен быйыл окууга өтүп калсам келээрки жылы сени алып кетем, үйлөнүп алсак бирге болобуз, - деп Жеңишбек кызды аяр кучактай жаагынан сүйүп койду.
- Мен дагы окууга барышым керек эле, эгер атам келсе мени жиберет болуш керек, - Жамийла сабыры суз сүйлөдү.
#байлык

Комментарии

Комментариев нет.