кутулбогон байлык 26-бет

- Туура, бирок чогуу кеткенибиз жакшы эле. Балдардын кардын ачырбай кара, бир айдан кийин мен телеграмма берип чакырып алам.
- Ошондой кыл, балдардын кийим-кечесин даярдап берейин.
Оморбай аялына таңдана карап, бирдекеден шекшип жатты, бирок сыртка чыгарбай үнсүз узата карап калды. Анын шашканы, өңү бир нерседен кооптонгондой болуп турганы эле ага бир нерседен кабар берип турган. Шашыла баскан Гүлсара артын кылчак-кылчак карап коюп кетип атты. "Бул соо эмес, уурдап качкан го, же соодасын бүт алып баса берди бекен?" Оморбай айалынын артынан күдүк ойлорду ойлоп үйгө кирди. Балдарынын улуусу жетиде. Бир жаштан төрөгөн, эң кичүүсү эки жарым жашта болчу. "Шаарга барганда эле жыргап кетсек гана. Балдар менен кыйналабыз го. Ушул аялдын азабы өттү, ушунчадан жеңил аялга туш болгонумду кара" деп Оморбай жашоосуна нааразы болуп көпкө чейин ары-бери басып жүрүп, эки кичүү баласын кайнатасына алып барып бермек болду. Да ошол эле күнү алып жөнөдү. Ал келгенде кайнатасы Нуркасым үйдө болчу.
- Оо келгиле, жээндер келди, Канчайым, - деп Оморбай менен учурашып жээндерин бетинен өөп үйгө тарта баштады, - кандай, жакшы жатасыңарбы? - деп күйөө баласын карады.
- Жакшы-жакшы, өзүңүздөр кандай?
- Биз деле жакшы жатабыз. Гүлсара иштеп атабы?
- Ал бүгүн Бишкекке кетти.
- Эмнеге? - Нуркасым чоочуп алды, - аякка эмне барат экен?
- Билбейм, Шахзада жыйырма миң сомду иштетип алгыла деп бериптир..
- Курган кыз жүргөн жери будуң-чаң болду го? - Нуркасым наалый төргө мандаш токунуп отуруп калды.
Оюнда: "Дагы бир чууну чыгарбаса болду. Шахзада ага анча сом бермек эмес" деп ойлоп отурганда Канчайым кирип келип эки небересинин бетинен өөп:
- Эмне болдуңар эми, үйүңөрдү алдырып жиберип кыйналдыңар го? - деп отуруп жатып кейий сүйлөдү.
- Гүлсара кылбадыбы, "Кыздарга эмне кереги бар үйдүн, күйөөгө тийсе ээн калат, андан көрө эжеңдин үйүн сатып керегибизге жараталы" деп. Кой десем болбойт, анысы аз келгенсип кайра үйдөн кууп чыгып атпайбы. Экөө өчөшүп кайра үйүнө барып алды.
- Анысы туура эмес, куураган өз оюндагысын кылып тил албаганы жаман.
- Канча тилдедик, уруштук ошон үчүн, - Нуркасым менен Канчайым экөө тең кейип-кепчий берди, - балдар менен кыйналасыңар да эми, шаарда эле баары жайнап турат дейсиңби?
- Мен деле айттым, чогуу кетели дегенинен болбодум, барганда үйүбүз болбосо кайда бармак элек?
Оморбай башын жерге салып капаланып отурду. Үчөө көпкө сүйлөшүштү, акыры Оморбай балдарынын баарын таштамак болду. Алар сүйлөшүп чай ичип отурганда эшикке машина келип токтоп, үйгө Эмил кирди.
- Атсалому аллейкум! - ал тигилер менен кол алыша учурашты, - тажеңе, кандай?
- Жакшы айланайын, өзүң кандай, эжем күлүү жатабы?
- Жакшы эле, - Эмил орун алып, сунган чайды алдына коюп Оморбайды карады, - Гүлсара кайда?
- Ал Бишкекке кетти.
- Ой кокуй күн оо-ой, кечээ эсептешкенде он беш миң сом жетпей калыптыр, айлыгын албай ошол акчаны ордуна койом деген экен.
- Эмне дейт, ботом? - Канчайым Эмилди үрпөйө карады, - ал анча акчаны эмне кылып ийди экен?
- Билбейм, иштегени бир эле ай болду, төрт жылдан бери иштеген келинди чыгарып ордуна койгон болчу, - Эмил тагасы Нуркасымды карады, - эми аны кантип табабыз?
- Кайдан билдим, же бир ооз эчтеке айтпаса, кеңешпей басып кетсе, - Нуркасым башын жерге салып күңгүрөндү, - эл караган жүзүбүздү жер каратты го?
- Кейибеңиз тага, Шахзада баарын түшүнөт, жөн эле ачык айтса болмок экен, апам дагы угуп алып кейип, өзүнөн өзү уялып жатат.
- Ошо кыздын жетпеген акчасын мен төлөп берем, жээним. Чынында уят, бир тууган деп аны иштетип койсо, бул кылганы адамкерчилик эмес.
- Ошентели, жылкынын бирин сатып кутулалы. Кечээ эле келген келин болсо ал бизди сыйлап атат да, болбосо.. - Канчайым күйөөсүнө карады, - эжем дагы келинге жүзү жарык болсун.
- Ал деле эч нерсе деген жок, быйыл өздөрүнүн үйүн оңдомок, ошого керек кылмак да, он беш миң сом, бир эки күндүк сооданын акчасы жок, - Эмил дагы тагасынан уяла жер карап отуруп сүйлөдү.
Оморбай үндөгөн жок, ал өзүнүн шекшигени туура чыкканына таңгалып турду, адамды ички сезим алдабайт деген чын экен. "Эми ал биротоло качып кетет чыгаар, мен аны менен кетпегеним жакшы болуптур" деп, унчукпай отура берди.
- Мен барайын тага, капа болбогула. Гүлсара туура эмес кылыптыр, ойлонсо болмок, андан көрө ай сайын он миңден алып иштей берсе болмок, - Эмил ордунан турду, - жакшы тургула.
- Эжеме салам дуба айтып кой, эч камтама болбосун, ушул аптада акчаны Канчайым өзү алпарып берет, - Нуркасым аны узатып чыкты.
Эмил машинага отурду да жөнөп кетти.
Сейде Гүлсаранын Бишкекке кетип калганына капа болду. Эмне кылмак, кечээ эле жаңы келген келинине эмне деп айта алат? "Он беш миң сомду кечип кой" демек беле. Ушунчадан башка эмес, өз бир тууганы алдап кеткенге ичинен басынды. Шахзаданын жүзүнө карай албай өзүнчө кыйнала берди. Келин болуп келгени ал деле Сейдеге казан-аяк карматпай калды. Кармалап калганын көрсө дароо ала коюп өзү жасайт. Эне ушуга аябай ыраазы. Ананчы, көптөн күткөн келинин алып, ал минтип оорун колдон, жеңилин жерден алып турса... Көзүнөн чолок жаш ыргый кээде кубанычтан ыйлап да алат.
Кечиримдүүлүк адамдын эң жогорку сапаты эмеспи, Шахзада Гүлсара жөнүндө эч сөз кылбады, анын шаарга кетип калганын Эмилден угуп ичинен тынып тим болгон. Экөө гана ал жөнүндө кеңешип калганы болбосо, Сейде отурганда тиричилик жөнүндө гана сүйлөшүп калышат. Айткандай эле Канчайым бир күнү келип калды, ал он беш миң сомду алып келиптир. Сейде аны алган жок:
- Ошо келиндин өзүнө бер, мен эмне кылам, кокуй? Идиректүү эле кыз эмес беле, капырай, Гүлсарага таң калдым.
- Эже, балабыз экен да, минтип карызын төлөп атабыз, болбосо ким билет. Ал жарыбагыр жаштайынан бейсарамжал болду го. Күйөө баладан уялганыбызды айтпа. Башка болсо колун силкип басып кетмек, балдарын жетелеп карап отурат. Төрт баласы бар, өлүгүңдү көрөйүндүн.
- Мейли эми, ал дагы токтолуп адам болоор, мынабу кезде деги эле алдамчылар көбөйдү, бирин бири сызга отургузгандар толуп атат.
Сейде келинин жайкай сүйлөдү, оокат жасап коноктоду, экөө кечке эрмектешип отурду. Кеч күүгүмдө Эмил менен Шахзада келип машинаны эшиктин алдына токтотту да кобураша кирип келди. Шахзада Канчайымды таанып учурашып, анан ички үйгө карай басты. Ал акчаны алып келип берет деп Эмил айткан эле, ошондуктан унчукпастан сый гана учурашканы Сейдеге жакты.
- Айланайын Шахзада, кечирип кой садага, Гүлсара мындайга барчу эмес эле, кайсы кара теке сүздү, билбейм.
- Эч нерсе эмес тажеңе, бирок ачык айтса деле мен ага өз колум менен берет элем го. Тууган экенсиздер, апам менен Эмилдин көңүлү деп койдум, болбосо артынан киши салып коймокмун.
Шахзада ушуну айтканда Канчайым:
- Ыраазымын айланайын жээн келин, кантсе да адамкерчилигиң бар экен, башка бирөө болгондо дегдеңдетип алып барып каматып салса эмне кылат элек? - деп сүйүндү.
Канчайым ушинтип айткан менен: "Аттиң, тим эле сандыктай болгон жан экен, эжемдин багы бар экен. Жакшы келинге туш болду. Ата-энеге сөз келтирген баланын баарынан жогу, өлүгүңдү көрөйүн десе. Же бир кемчил болуп өссө бир жөн, алам дегенин алып, ичем дегенин ичип чоңойду. Күйөөсү да ойдогудай неме, кайдан дагы ушундай болуп чыга келди экен?" деп ичинен сызып отуруп калды.
Шахзада келгенине бир айдан ашып калса да тиякта өз үйүндө Жамал жашап жатты. Ага күндө барат, тамак-ашын белендеп берип кайра келет. Жумушу ойдогудай, сейфти үйдүн жертөлөсүнө киргизип туруп коюп койгон. Анда беш миллион сом, долларлары эки миллион, иги-жигин билгизбей Эмил экөө катып коюп, дүкөндүн бешөөнү сатып Бишкектен бир кабат мейманканага ылайыктап имарат алышты. Оштогу төрт дүкөнүн тим койду.
Он беш миңди Канчайым бергенде үндөбөй алып ары койду да:
- Сиздер мага капа болбоңуздар, соода деген соода экен. Бир аз артка кетсе эле акчасы да кемийт. Гүлсара бир ай жакшы иштегенде дагы кошуп бермекмин, ал сооданын акчасын жок кылып атпайбы?
- Эми кантейин, алар дагы кыйналып калды. Келишкен үй салып алышты эле, алдырып ийишти. Азыр кимдин үйүндө жүрөт. Ошого ал жаман болуп атпайбы, ойлонуп атып алдатып ийсе керек, курган кыз.
- Ошондой болсо керек, эми баары кеч, эгер биз тигил үйгө кетсек да, ага сиз макул десеңиз үйлүү болгуча биерде тура беришпейби? - Шахзада кайненесине карады, - өз эмеспи, эки жагын карап деле турушат.
- Мен да ошону ойлонуп атам, мен биерде жалгыз калмак белем балам, силердин айтканыңардай эле болсун, - Сейде макулдугун билдирди.
Канчайымды кетиргенден кийин Эмил менен Шахзада өз иштери менен алектенип жүрүп Кожогелдинин жумушуна баралбай калды. Бишкектен алган үч кабат имаратты ичин толтуруп, жумушчуларды кабыл алып ишке киргизип койушту. Ошол кезде жумуш издеп жүргөн Гүлсара мейманканага дайындалган директорго жарыя аркылуу кайрылып калды. Анын өңү-түсүнө карап, директор тигинин документин текшерип көрүп, жумушка дароо кабыл алып койду. Гүлсара ал мейманкананын ээси Шахзада экенин билбей чакчаңдап иштей баштады. Директор Кайсарбай ага сугу түшүп аны имерчиктей баштаганда, Гүлсара анын көз салганын байкап калып мейманканага өзү билгендей ээлик кылгысы келип тез эле тил табышып кетти. Ал анда мейманкананы Кайсарбай Үмөтовичтин өзүнүн менчиги деп ойлоп жүрдү. Гүлсара жумушчуларга да чоңдук кылып алды.
Бир күнү Кайсарбай экөө бир бөлмөдө ичип-жеп эркелешип отурушту:
- Жаным, шириним менин, мен жаш кезде кайда жүрдүң эле?
- Адашып жүрүптүрбүз да, мен дагы сизге кеч жолукканыма өкүнүп жүрөм.
- Алтыным десе, эгер күйөөң менен ажырашсаң өзүм нике кыйдырып алат элем, - Кайсарбай Гүлсараны алдына алып отуруп алып өпкүлөп жатты.
- Макул, бирок балдарымды кантээр экем?
Гүлсара ага чын көңүлү келбесе да оңой оокатка, айлыгын жакшылап алыш үчүн гана ага көз каранды болуп, анын эркине көнүп жатты.
- Балдардан коркпо, жумушу болбосо, бага албай калса өзү эле берет. Камтама болбо, эгер колуңа келсе өз баламдай карайм.
- Чын элеби, үйүбүз болсо эле болду эле, сизге ойдогудай аял болуп берем.
- Жаным десе, чын пейлиң менен тийсең үй да болот.
Түнү бою экөө дайыма ошол бөлмөдө болушчу болду. Ал жердегилердин баары экөөнүн мамилесин билип калышкан.
Убакыт өтүп айдын аягы болуп калганда Гүлсара айлыгын алып, Кайсарбайдан да акча алып айылга барып бир баласын алып келмек болуп жаткан. Мейманкананын таза, жакшы жасалгасынан улам кардарлар көп болуп, Кайсарбай дагы бир айдыкын эсептешээрге эки күн калганда жүз миңден ашык топтолгон акчадан жыйырма миңди жашырып алып Гүлсарага айлыгына беш миң, андан сырткары беш миң берип, ошол күнү коштошо албай бөлмөдө дагы эркелешип-эзилишип жатышты.
Эртеси эрте туруп кетмек болуп атты Гүлсара. Күн тийип калганда бир жумага чейин ордун бирөөгө өткөрүп бергиче эки сааттай өтүп кетти. Эми шашыла чыгып баратканда алдынан Эмил менен Шахзада чыга калып, Гүлсара турган ордунда селдейип катып калды. Бирок алар ага жөн гана баш ийкеп коюп эч нерсе болбогондой өтүп кетишти. Үнсүз турган ордунда каткан Гүлсара көптөн кийин гана эсине келип, шашыла басып чыгып баратып ызаланып алды: "Акмактар, бул жерге эмнеге келишти? Балким жатып кеткени келишкендир. Кайсарбайга жолугуп анан кетейин" деп ойлоп сыртта бир аз туруп калды эле, пол жууган аял:
- Ай Гүлсара, мейманкананын ээси жанагылар, көрдүңбү келгенин? - деп ага табалагандай карап жылмайып койду.
- Кайсы? - Гүлсара ого бетер эси оой сурады.
- Азыр сенин алдыңан чыгышты го, сулуу келин күйөөсү экөө.
- Ошолорбу?
Гүлсара таңгала карап туруп калды. Ал өзүн өйдө көтөрүп, бирге иштегендер менен сүйлөшчү эмес. Эгер алар менен мамиле түзүп сүйлөшсө чыныгы ээси ким экенин угуп билмек. Аргасы кете түшкөн ал алдыга кадам таштап кетип атты. Ичинен Кайсарбайды жек көрүп кетип жатты: "Мейманкананын ээси башка экенин айтып койсо болмок экен. Мейли, бир айда он миңди ким бермек эле, эми басып келбейм", деп кетип жатты.
Эмил менен Шахзада кирип Кайсарбай менен эсептешип, күнүнө элүү адамдан түнөп жатканын билип, отуз күнгө айлантып көрсө акчасы жетпей калды.
- Шахзада Туратбековна, он күнгө чейин адамдар аз болуп атты, мына он беш гана күн болду, - деп Кайсарбай кайсалактап жатты, - жумушчулардан он кишиге беш миңден айлык акысы берилди.
- Макул, ар бир кардарды жакшылап тейлегиле, акысын эки миңге көбөйтөбүз, кассага так, жакшы иштей турган кассир алуубуз керек, - Шахзада салмактуу сүйлөп Эмилди карады, - сен бир жума биердеги абалга көз салышың керек экен.
- Туура, сен үйдү караштыр, кардарлардын канчалык келгенин жана талаптары кандай экенин билейин.
- Астыңкы кабатка кафе ачышыбыз керек, колдон келишинче чет элдиктер бизге кардар болчудай шарт түзүшүбүз керек.
- Эң сонун, Шахзада Туратбековна, ал эми кассирди издебей эле койсок болот, бир келин бар, кесиби бухгалтер, абдан так иштейт.
- Ал кайда? - Шахзада Эмилди бир карап алып, директорго көңүл бура кулак түрдү.
- Азыр эле жумуштары менен чыгып кетти, Гүлсара Алымбекова деген келин.
- Болбойт, аны бул жерден көрбөйүн! Эгер аны жумушка алган болсоңуз сиз да өз ыктыярыңыз менен жумуштан кете берсеңиз болот!
- Шахзада Темирбековна…
- Мен айтчумду айттым, айрыкча кассага иштей турган адамдын баардык документи сейфте сакталсын!
Шахзада ордунан туруп сыртка чыгып бөлмөлөрдүн тазалыгын карап, шейшептердин жыйналганын көрүп жүрдү. Бир сааттай болуп, анан экөө ээрчише чыгып баратканда:
- Гүлсара биерге кандайча келип калды? - деп Эмилди карады.
- Билбейм, жарнаманы угуп келгендир да.
- Тобо, адамдар кандай жаман ээ, көрүшпөй кала тургансып.
- Эми ошондой болот экен да, ушу Гүлсараны ушундай кылат деп ким ойлоптур? Тагамдын үйүнө деле барчу эмесмин, анча жакын өскөн жокпуз да.
- Кой эми, ан үчүн сени күнөөлөмөк белем, өзүнүн адамдык акыл-эсинин жеткен чеги ошол тура. Ата-энеси уяттуу кишилер экен, мен акчаны албай койсом деле болмок, мени тоотпогонсуп алдаганына өчөшүп койдум.
- Ал туура эле болду.
Ошол жерден сөздү токтотуп өздөрү сатып ала турган үйдү эстеп киоскиден "Вечерка" алышты. Жарнамаларды карап отуруп үч төрт сатыла турган үйлөрдүн дарегин алып ар бирине барып көрүп, акыры бир үйдү жактырып анын баасын сүйлөшүп, кожоюндар менен келишкенден кийин сатып алышты.
Шахзада Оштогу үйүнө Акинди балдары менен көчүрүп келип, алардын үйүнө уста салып койду. Сейде керилип келин жумшап, ал турсун баары жай жайында болуп көңүлү тынып калды. Баштагыдай кара жумуш жасап: "Үй тиричилигим калды" деп тынчсызданмай жок.
Жамал алар менен кошо келди. Кыбырап ашканада тамак жасап, үй жыйнап мебелдердин чаңын сүрөт, кир жууп, кечке жаны тынбайт. Кээде Сейде ага жардам бермек болуп эриккенден кармалашып калса ага Жамал көнбөйт. Сейде ага боору ооруп өзүнчө жакасын карманып, жаратканга миң мертебе ыраазы боло уулунун өмүрүнүн узун болушун тилеп, басса-турса күбүрөнүп алат. Уул-келининин ынтымагын тилеп, жүрөгүнөн Шахзадага ыраазы.
Бир күнү телевизор көрүп отуруп зериккенинен сыртка чыгып дарбазадан баш бага жолду карап туруп калды. Айланасын карап алып тээ ары жакта эл жүргөн калың бакты көрүп ошол жакка жөнөдү, эл эс алган жер экен. Чурулдап ойногон балдар. Ата-энелерин ээрчиген наристелерди көрүп көз алдына неберелерин ээрчитип ойнотуп жүргөнүн келтире өзүнч
#байлык

Комментарии