Комментарии
- 6 ноя 2016 13:12b😊😊😊l 😎😎😎Уландысы
- Канышай ТокоеваКомментарий удалён.
- Канышай ТокоеваКомментарий удалён.
- Канышай ТокоеваКомментарий удалён.
- Канышай ТокоеваКомментарий удалён.
- Канышай ТокоеваКомментарий удалён.
- Канышай ТокоеваКомментарий удалён.
- Канышай ТокоеваКомментарий удалён.
- Канышай ТокоеваКомментарий удалён.
- Канышай ТокоеваКомментарий удалён.
- А АКомментарий удалён.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
кыргыз китептери
"Эскертүү: Бул чыгарма турмушта болгон окуя.
Бирок каармандардын
аттары өзгөртүлүп жазылды. “Миң уккандан, бир көргөн” дегендей көзүм
менен көрбөгөндөн кийин кээ бир жерлеринен калпыстык кетип калса,
Кыргызстанга белгилүү улуу инсандардын абройлоруна шек келтирип
аламбы дедим."-деп купуя созун айтыптыр автор !
1-бет
ЖАМАЛБҮБҮ
Ушул чыгармамды Жамалбүбү эжемдин
жаркын элесине арнайм.
Кеч күз. Ноябрь айы жаңы эле жаңырган. Таң жаңыдан куланөөк салып
келатканда шамаал пайда болуп түнкү жымжырттыкты бузуп, кечээкилерден
калган таштандыларды ары-бери учуруп, томсоруп турган областык
оорукананын имаратынын терезелерине келип урунуп, ичиндегилерге:
-“Турбайсыңарбы, тирүүлүктүн дагы бир таңы атып келе жатат. Бул
таңды көрүүгө ашыккыла, эртеңки таңды кээ бирөөң көрбөй калышың
ыктымал”,- дегенсип табыш чыгаргандай болгондо, түнү бою өлүм менен
өмүрдүн ортосунда оору менен кармашып, эс-мас абалында кыйналып, катуу
оорулуулар жатуучу реанимация бөлмөсүндө жаткан эжем Жамалбүбү
табыштан уламбы эсине келип көзүн ачып, башынын катуу ооруп жатканын
сезип догдурларды жардамга чакырайын десе, үнү чыкпаган соң, көзүнүн
кыйыгы менен “жарыкчылыкты дагы бир жолу көрөөр бекемин” дегендей
терезеге көз жүгүрттү.
Терезенин көөдөй капкара болуп турганын көрүп, жылт эткен үмүтү
жалп өчкөндөй суз тарта түштү. Балким ичинен:
- “Аттиң ай, жарыкчылыкты бир көрсөм арманым болбойт эле го”,-
дегендир. Миң күнкү караңгылыктан бир күнкү жарыкчылык артык демекчи,
адам баласы күндөлүк көр тирлик менен алек болуп жүрүп, жашоодогу ыйык32
нерселерди эстен чыгарып, баркына жетпей, “колдо бар алтындын баркы
жок” дегендей, пенделик кылат окшобойбу.
Жамалбүбү эжем өзүнүн элүү эки жаш курагына келгенче канчалаган
таңды тосподу дейсиң, ошол учурда таңды ушундай күтүп, ушундай
барктады бекен, ким билет. Качан башына күн түшүп, таңды экинчи көрөөр
көрбөсү арсар болуп жатканда, анын баркы билинген чыгаар. Ушул
жарыкчылык сыяктуу, абанын, суунун жана башка адамдын жашоосуна
зарыл нерселердин баары, качан гана башка оорчулук түшкөндө даана
билинет окшобойбу.
Адамзат эмне үчүн жашоосунда көр тирлик менен алышып жүргөн
учурунда, канчалык акыл эстүү болсо да, жашап жатканда зарыл болгон
жакшы нерселердин баарына аяр мамиле кылып, кадыр баркына жетпейт
болду экен. “Үмүт аягында өлөт” дегендей Жамалбүбү терезени тирмийип
тиктеп жатып, терезенин агара баштаганын көргөндө:
- Оо кудайым таң агарып келе жаткан турбайбы, дагы бир таңды
көрсөттүңбү –деди окшойт. Анын кубанып кеткенинен улам канчалык
кыйналып ооруп жатса да, өңүндө билинээр билинбес жылмайуу пайда
болду. Таңдын атканы ага бир топ дем, күч бердиби, ал тургай башынын
ооруганы, бир аз басаңдай түшкөндөй болду окшойт.
Жамалбүбү 1951-жылдын январь айынын кыш мезгилинде малчынын үй
бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал кезде экинчи дүйнөлүк Улуу Ата
Мекендик согуш аяктап, согушта бүлгүн болгон чарбаларды кайра калыбына
келтирүү иштери жүрүп, совет өкмөтү кайрадан баш учун жыйып, согуштун
кара тактары элдин жүрөгүнөн дагы эле кетпей, турмуштары жаңыдан эле
оңоло баштаган болчу.
Ата энебиз согуш бүткөндөн кийинки жылы баш кошуп, бир жылдан
кийин Алымкан аттуу кыздуу болушуптур. Ал, эки жаштан өтүп, тили чыгып
калган кезде, өзү теңдүүлөрдөн өзгөчө тетик болгондуктан, көз тийип, чарчап
калыптыр. Андан кийин Жамалбүбү эжем төрөлгөндө биринчи баласы
чарчап калып, коркуп калган ата-энебиз эркелетип, кызына мээримин салып33
жакшы кийинтип элдин көзүнө көрсөтүшпөй, жупуну багып чоңойто
башташат. Малчынын кызы болгондуктан Жамалбүбү эжемдин балалык чагы
Ысык-Көлдүн тегерегиндеги тоолордун арасындагы жайлоолордо өтүп,
жаратылыштын кооздугунун кучагында чоңойот.
Эс тартып, мектепке окууга киргенден баштап, жалпы эле малчылардын
балдарындай болуп, түйшүк тартып, ата-энебиз жайкысын жайлоодо,
кышкысын айылдын четиндеги кашарларда мал багып жүрүшкөндө,
балдардын улуусу болгондуктан, айылдагы үйдө бизге баш көз болуп ата
ордуна ата, эне ордуна эне катары сиңдилерин, инилерин багуу анын
мойнунда болду. Кенедейинен күйдүм-быштым болуп чоң аялдардын
жумушун аткарып, бир туугандарын багып, кирлерин жууп, аларды
тарбиялап, эшиктеги жумуштарды да жасап, окуусун окуп баарына
жетишүүгө туура келди.
Атабыз Сагаалы, ата теги эл бийлеген манаптардан болгону менен
октябрь революциясында жеке менчик коомдук менчикке өтүп, социализм
орногондон баштап Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп, бай манаптарга
кысым күчөп, кулакка тартуу саясаты жүрүп, мал-мүлктөрүн тартып
алгандары аз келгенсип алдын атып, артын сүргүнгө айдай баштаганда,
Элебес чоң ата мал-мүлкүн жаңы уюшулган колхозго өз ыктыяры менен
өткөрүп берип, өзүнүн малын багып, калхозго малчы болуп жанын араң
сактап калыптыр. Ошентип, атабыз бала күнүнөн атасына жардам берип, мал
менен чоңоюп, кийинчерээк согуш чыгып, жаштык кези оор мезгилге туш
келиптир.
Энебиз Жүзүмкандын да ата теги жакшы адамдардан болот. Тайатабыз
октябрь революциясы жеңип, социялистик мамлекет болуп, компартия
бийликке келгенден кийин айылдагы партиялык уюмун жетектеп жүрүп,
кийин каза болуп, энебиз энесинин колунда үч бир тууганы менен жетим
калат. Анын да жаштык кези каардуу согуш убагына туш келгендиктен көп
кыйынчылыктар башынан өтөт. Жокчулуктун айынан энебиз он алты жашка
жаңы толгондо, тайэнем өзүнүн жакын туугандарына күйөөгө берет. Согуш34
бүтө жаздап калганда күйөөсүнөн кат кабар келбей калат. Согуш бүткөнчө
күтүп, күйөөсү согуштан кайтпай калганда төркүнүнө келип, даярдоо
канторасында склад кармап, иштеп жүргөндө атабызга жолугуп калып,
сүйлөшүп баш кошушат. Атабыз менен энебиз экөө тең, тектүү жердин
тукумдары болгондуктан, ата тегинин намысын коргоп, элден калбай жакшы
жашоого умтулушуп, жандарын сабап оокат кылышып, өздөрүнчө үй жай
куруп, тогуз балалуу болушуп, аларды элдин балдарынан кем кылбай багып
чоңойтуунун аракетинде жүрүшкөн. Атабыз оор басырыктуу, мүнөзү токтоо,
узун бойлуу, кара тору, толмочунан келген, олбурлуу, сөздү чукугандай
сүйлөп, сөздү бага билген жигит болчу. Энебиз ачык айрым, ак көңүл,
сөзмөр, иштемчил, өтө намыскөй, бир нерсе жасаганда бүтүргөнчө шашкан
күйүкчөөл, толмочунан келген, ак саргыл аял эле. Ал күйүгүп-бышыгып
жүрүп, кант оорусуна чалдыгып кийинки кездерде оорукчан болуп калган.
Жамалбүбү эжем тектүү жердин кызы болуп, ата энесинен жакшы
тарбия алгандыктан сезимтал, намыскөй, адептүү, иштемчил, ак көңүл,
боорукер эле. Ушундай жакшы сапаттарына жараша өңдүү, түстүү да болуп,
өз боюн тыкан алып жүрчү. Кандай кана кийим кийбесин өзүнө жарашып
калчу. Түйшүгүнүн көптүгүнө карабай окуусун жакшы окуп, курбу
кыздарынан калышпай, классындагы алдыңкы кыздарынын катарында
жүрчү. Эжемдин акыл эстүү болуп жакшы чоңойуп жатканынан уламбы ата-
энебиз аны менен кеңешип турушчу. Ал тургай бир туугандар да анын
айткандарын угушчу. Өзгөчө экинчи иниси мен, экөөбүздүн жаныбыз бирге
болчу. Мүнөздөрүбүз да бири-бирибиздикине окшоп кетчү. Мен тентек
кылганда ачуусу келип кетип, сабап койгону менен, кайра боору ооруп,
менин кылык жоруктарымды, сабагымды жакшы окуурумду,
иштемчилдигимди, намыскөйлүгүмдү, ак көңүлдүгүмдү, боорукерлигимди
эстеп кайра өкүнүп калчу. Мен да эжемди энебиздей көргөндүктөн, аны аяп,
“эжем бизди багып ушунча түйшүк тартып жатса, капа кылып койдум”- деп
этимдин ооруганына кайыл болуп, аны аяп, көңүлүн жубатууга аракет
кылчумун.35
Жамалбүбү эжем сегиз-тогуз жашынан баштап кир жууп, чоң печкага
нан салып, оор түйшүк тарта баштады. Ага жети сегиз кишинин кирин
жуугандан да, чоң чарага камыр жууруп печкага нан салган оор түйшүк
жаратчу. Айрыкча кыштын күнү саман киргизген жердин жоктугунун
айынан самандар суу болуп калганда, кургаткан менен чала кургаган саман
печкага жакшы күйбөй түтөп, көзүнөн салаа-салаа жаш агызып, печканы
кечке жагып жатып, араң ысытып, кайра муздап калбашы үчүн чийки
камырларды салган идиштерди печкага салып жатканда, алы жетпей, күлгө
түшүрүп жиберип же колун күйгүзүп алып, гүлала болуп жатканда, печкасы
муздап калып, наны бышпай калганда ыйлаган күндөрүчү.
Ошондой күндөрдүн биринде, эжем көчөөдөгү эки печканын бирөөнө
камырын самандарын эптеп ташып жеткирип, суу саманды тутантып күйгүзө
албай, күл-ала болуп, кечке от жагып жатып, эптеп печка ысыганда
адаттагысындай камыр салынган оор идиштерди печкага салып жатып, идиш
турчу темирлердин ортосу чоң ачылып калгандыктан, идишти камыры менен
түшүрүп жиберип, аны алам деп колун ысык темирге каарып алганда
ооруганына чыдабай чыңырып ыйлап отура калып, эми эле идиштерди алып
берип жаткан мени жардамга чакырайын десе, менин ойноп кеткенимди
көрүп, бир чети печканын муздап баратканын көргөндө, айласыздан кайра
тура калып, түшүп кеткен идишти алып, баардык идиштердеги камырларды
салып бүткөнчө пекасы муздап калгандыктан, ачуусуна чыдабай
теңтуштарым менен ойноп жаткан мени кууп жөнөдү. Эжемдин ачууланып
келе жатканын көргөндө чымын-куюн түшүп качып бердим. Ага карабай
эжемдин арышы чоңдук кылып, көчөөнүн аягына чейин кууп барып кармап,
алка жалкадан алып көтөрүп чаап, башка, көзгө койгулап тепкилеп, аябай
сабап жатып, бир убакта өзүнө келгенде гана артты көздөй басып кетти.
Эжемден анчалыкты күтпөгөндүктөн, анын үстүнө теңтуштарымдын көзүнчө
аябай таяк жегениме арданып, өпкө өпкөмө батпай, буркан-шаркан түшүп,
ызама чыдабай үйдү көдөй ыйлап жөнөдүм. Эжем саман ташып келип, ак
калган нанын чыгарып, кайра от жагып, нанын бышырып барганча караңгы36
да кирди. Үйгө барганда менин көмкөрөмдөн жатып алып, дагы эле
бышактап ыйлап жатканымды көрүп бир чети боору ооруса, бир чети кайра
ачуусу келип:
-Анан сеники жакшыбы, нан салалбай жатса, ойноп кетип? Сенин
айыңдан печка муздап калып, нан бышпай калды, - дегенде тура калып,
-Эжеке кечирип коюңузчу. Мен сизди капа кылайын деген эмесмин.
Нанды күндөгүдөй эле өзү салып алат экен деп, балдар чакырганынан ойноп
кетиптирмин,- дегенде, Эжем, менин таяк жегеним үчүн ыйлабай эле,
өзүмдүн күнөөмдүн мойнума алып ыйлап жатканыма боору ооруп:
-Айланайын Бекеним, болоор болбос нерсеге сени ушунчалык
сабаганым үчүн кечирип кой, экинчи сага тийсем, колум сынсын,- деп мени
бооруна кысып шолоктоп ыйлаганда, мен да мойнунан кучактап,
-Эжеке экинчи тентек кылып сизди капалантпайм,- деп ыйлап кирдим.
Биздин кучакташып бири-бирибизден кечирим сурап, ыйлап турганыбызды
көргөн берки бир туугандарым күнөө кимибизде экенине түшүнө алышпай
таңданып карап турушту. Мындай окуялар эжемдин турмушунда далай ирээт
кайталанып, оор түйшүктөрдү тартып чоңоюп жатты.
Ал учурда элдин турмушу жаңыдан оңоло баштаган. Балык-жон, үстү
ылай менен жабылган эки бөлмөлүү үйлөрдөн, үстү шыйфыр менен
жабылган төрт бөлмөлүү үйлөргө өтүп, короо жайларын оңдоп, аш-үй,
сарайларын салып, кээ бир үйлөрдө дарбазалар пайда болуп, бак-шак
отургузула баштаган. Мурда бир көчөдөн экинчи көчөгө түз өтүп кете турган
болсок, эми огороддордун көпчүлүгү курчала баштагандыктан, көчө
айланып, завылкелер менен өтүүгө туура келчү. Бирок атамдар көпчүлүк
учурда малда жүрүп, айылдагы үйүндө көп болбой, биз оор түлүк жумушка
жарай элек болгондуктан, эки бөлмөлүү үйүбүз жаңы салынып, шыйфыр
менен учурулганы менен, сарайлардын үстү саман менен жабылып, огород
кашаа менен тосулбай, дарбаза да орнотула элек болчу. Ал учурда көпчүлүк
элдин үй жайы ушундай абалда болгондуктан, көзгө деле өөн учурабай, эл
катары көрүнчү.37
Үй жайлары кандай болсо, кийип ичингендери ошондой болуп
сарамжалдуулардын кийген ичкендери оңолуп калган. Биздин үй-бүлөбүздүн
ичип жегендерибиз жакшы болгону менен, кийген кийимдерибиз жупуну
болчу. Эжем балдардын улуусу болгондуктан, кийген кийимдери өтө жакшы
болбосо да, классташ кыздарынан кем калышпай кийинчү. Калган
кичүүлөрүбүз “эжелүү кызга эски тон”- дегендей бирибиздикин бирибиз
кийип чоңоюп жаттык.
Жамалбүбүнүн классында отуз окуучу окуп, анын он беши эркек, он
беши кыздар болчу. Классындагы он беш кыздын ичинен жети кызы
ынтымактуу болуп, басса-турса чогуу жүрүп, бири-биринен сырларын
жашырышчу эмес. Алар сабактарын жакшы окушуп, жакшы кийинип,
өзүлөрүн тың алып жүрүшкөндүктөн, берки кыздарынан айырмаланып
турушчу.
Улам убакыт өткөн сайын алар да чоңоюп, класстан класска көчүп,
бойго жетип, кылык жоруктары өзгөрүп, жасанып түзөнүп, алды жигит
жандай башташат. Жамалбүбү эжемдин мойнунда бөбөктөрүн багып, улуу
кызы болуп, үй жайларын кароо милдети тургандыктан, анын үстүнө энебиз
Жүзүмкан келген сайын кулагына куйуп, “ата энелүү кыздардай болуп, андай
баспай мындай бас, баланчанын кызы ата-энеси жогунан пайдаланып басып
кетиптир дейт. Эркек балдар менен сүйлөшпө, жаман атты болосуң.
Тартиптүү болуп бөбөктөрүңдү жакшы карап, эки жака чыкпа, отурушка
барчу болбо!”- деп айта бергендиктенби же өзүнүн эле дээриненби окуусун
бүтөөрү менен үйгө түз келип, түгөнбөгөн түйшүктөрү менен алышып, эс
алганга кенедей да убактысы болчу эмес. Ошол эле чогу жүргөн кыздары
жигиттер менен майрам күндөрү отурушка барышып, эртеси окууга
келишкенде:
-Биз мындай жигит менен тааныштык, мынтип бийледик, тигинтип
ырдадык,- дешип, отурушта болгондорду айтып, эжемди азгыра баштаганда,
жаштык кылып ал дагы отурушка баргысы келсе да, кайра, бир чети ата-
энебизге айтып коёт деп, бөбөктөрүнөн корксо, бир чети энебиз айткандай38
ушак айыңдан коркчу. Анткени кошуна аялдардын чогулуп отуруп алып,
“баланчанын кызы баланчадай экен, түкүнчөнүн кызы түкүнчөдөй экен”- деп
ушактап жаткандарын өз кулагы менен далай жолу уккан болчу. Ошондуктан
отурушка бармак турсун, көчөөдө жигиттер менен чогу да басчу эмес.
Көчөдөгү аялдар үйүндө ата-энеси жок Жамалбүбү эжем эмес, ата-энеси
жанында, чоңоюп калган бир туугандары бар кыздарды да, көчөдө жигиттер
менен ээрчишип басканын бирөө көрдү дегенче бүттү, айтаарга кеп табылып,
атайын эле чоң жаңылык катары, бири-бирине көбүртүп-жабыртып айтып
жеткирүүгө шашып, бат эле жаманаттылашып, “баланчанын кызы баланча
менен басып жүрөт экен”- десе, кийинки уккандары кошмолоп отуруп, ал
кыздын жер жебелине жетип, ал тургай, төрөгөнү калыптыр,- дегенге чейин
барып, жаманатты кылып, бүт айылга чейин ушак таратып жиберишчү.
Ошондон улам болсо керек, кыздар жигиттер менен сүйлөшкөндө, түнкүсүн
эл көзүнө көрүнбөй сүйлөшүп же отуруштарга түнкүсүн гана жашырынып,
эч кимге көрүнбөй барышчу. Анда да тогузунчу онунчу класстын
кыздарынан класс боюнча төртөө, бешөө гана барчу. Калган кыздар көчөгө
чыгышчу эмес. Отурушка барган кыздар баары бир, эртедир кечтир билинип
калышып, көп баскан, тартиби начар кыз катары элге жаманатты болуп
калчу.
Кийинки кездери эжем жолдош кыздарынын көңүлүн кыя албай,
жигиттер менен таанышып отурушка бараар барбасын билбей же алардан
бөлүнүп кете албай, эки ортодо жүргөндө күндөрдүн биринде ошол жолдош
кыздарынын бири окууга келбей калат. Ангыча болбой жамандык жерге
жатчубу түшкө жетпей эле,
-Баланчанын кызы уу ичип өлүптүр,- деген кабар айылга дүң дей түшөт.
Көрсө ал окуя мындай болгон экен. Кыз адаттагысындай эле энесинен
отурушка барам деп суранса энеси:
-Сени эл түнкүсүн отурушка барып, көп басат экен, деп жаманаттылап
жатышат. Эми мындан ары түнкүсүн эч жака чыкпайсың,- деп тилдеп
отурушка жибербей коюптур. Мурда эркелетип, эл кийбеген кийимди
#жамалбубу