III Саалдан соң, сыягы, айдоочу машиненин оңолорунан биротоло үмүт үздү окшойт. Тигил үчөөнүн өз ара кобуруна караганда балээнин баары алда бир ачылбас туташ тетикте экен, учактагы кара жашиктей аны ачуу ким көрүнгөндүн эле колунан келбейт имиш. Демек, абал оор, машине эми алга жылбайт. – Аны артка, шаарга жеткирүүдөн башка жол жок, – деди айдоочу. – Демек, «кара жашиктин» сырын ошондогулар гана билишет экен да, – деди улгайган жүргүнчү, мурутунан күлүмсүрөп. – Жашиги болобу, башкасы болобу, мында мен аны оңдой албайм, – деди айдоочу, ага карабай туруп. – Учагың өзүңдөй турбайбы, – деди тиги, сөзүн улантып. – Эшегине жараша тушагы деген ушул да. Учкуч демекчи, анык учкуч өзү өлсө да, жүргүнчүлөрүн аман алып калууга тырышат. Сенин, менимче, жүргүнчү менен деле ишиң жок. – Эмне, ичиңерде өлгөн-житкен барбы? Мен аны көрбөй турам. – Бетбагын көр мунун, э-эй, – деди муруттуу киши, аны менен акыйлашканын дале койбой. – Сенин оюңча, өлүм-житим жок болсо эле болду экен да. А минтип түмөн элди ач бел, куу жондо калтырганың сага кеп эмес экен да. – Баарыбызды артка кайра жеткиресиң, – деди айдоочуга мизилдеген жаңы кийим кийген жүргүнчү. – Мында ысыкка бышкыча, ошондо болгонубуз оң. – Чиркеп алчу машине табылсын, – деди айдоочу, – баарыңарды кайра артка жеткирип коём. Ал жүргүнчүлөргө жол киренин мерчемдүү бөлүгүн таратып берди. Муну беркилер оголе суз кабыл алышты: бул айдоочунун көйгөйдү кайра аларга жүктөп, эми менин тынчымды албагыла дегени эле. – Эми эмне, ар кимибиз өз бетибизче кетебизби? – деп сурады жаңы кийимчен жолоочу. Айдоочу эрк өзүңөрдө дегендей, ийнин күүшөп койду. – Силердей шалакы айдоочуларды жоопко тартуу керек. Бар чыгымды мойнуңа үйүп, төлөтүп алса, өзүң эле момурай түшмөксүң. – Тапкан экенсиңер төлөөчү кишини, – деди сөзгө жаңы аралашкан толмоч жүргүнчү аял. – Ал акчанын теңин керектүү кишиге берип эле кутулуп кетмек бул. – Кызыксыңар силер, – деди айдоочу. – Мен силерди машинеге зордоп салган жокмун. Анан калса, темир деген темир. Темир тургай киши деле ооруп калат кээде. – Сен кур чечендик кылбай, өзүңдү биздин ордубузда бир элестетип көрчү. – Муну менен акыйлашуудан түк пайда жок. Чиркин, жакын жерде бир бак болсо кана? Согуш мезгилинин мыйзамына ылайыктап, сот-тергөөсүз эле асып салсак болмок муну, – деди кычырап кийинген жүргүнчү. Ал чын эле тегеректен бак издегендей, эки жагын элеңдеп карамыш болду. – Бактын эч бир кереги жок, – деп кепке аралашты бая Назимага суроо узаткан кепкачан жигит. – Аны тээ тиги жардын кашатына алпаруу керек. Анан нукуп эле койсо болду: ал учкуч, андан ары өзү учуп кете берет. Ал кулачын жайып, колдорун учуп бараткан куштун канаттары сымал өйдө-төмөн сермегиледи. Жүргүнчүлөр дуу күлүп калышты. – Мен силерди ушунда алып келип, атайлап таштап кетип бараткандай сүйлөйсүңөр да, – деди айдоочу тигилердин сөзүнө териккенсип. – Анан эмесечи? – деди мурутчан жолоочу. – Бирок мындан мага кымындай кайыр барбы? – деп сурады андан айдоочу. Анан өзүнө өзү жооп берди. – Пайданы мындай кой, кайра опол тоодой зыян тартып жатам мен, керек болсо. – Ошондой экен, кичине эртерээк ойлонсоң болмок, – деди толмоч аял. – Алыс сапар алдынан атты да табына келтирип, анан жолго чыгышат. Машине ат эмес да. Атты бир киши минсе, машинени он беш киши минет. Демек, машиненин күтүмү да арбын болушу керек. – Чын эле, биз аны учкуч экен деп ойлосок, ал ат кошчулукка жарабайт турбайбы, – деди кепкачан жигит. – Сөздү коюп, ишти ойлойлу, – деп тыйды аны муруттуу жүргүнчү. – Сөз менен иш бүтсө, биз эмкиче мында турмак эмеспиз. Сен, шопур, тааныш досторуңду токтотуп, болушунча бизди жолго салганга аракет кыл. Биз да колдон келгенин кылалы. Ушул бүтүмгө токтошту, аларга андан башка арга да жок эле. Жүрө-бара, Бишкек тарапка эки-үч бусик өттү. Алардын экөөсү айдоочунун тааныштары болуп чыкты. Ал белги берди эле, тигилер токтошту. Айдоочунун сөзүнөн абалды билишти. Жерге түшпөй, машинени кантип оңдоо жөнүндө ооз учунан бир аз кеңеш айткан болушту. Жолоочу салып кетүүдөн экөө тең баш тартышты. – Орто-Токойдо инспекторлор турушат деп чалышты. Башка балээ тилеп не азап? Бусикте бош орун жок. Ашык жүргүнчү менен токтотушса, чекеңден сылашпайт алар. Ошентип, ар ким өз алдынча кетмек болуп чечишкенден бери жарым сааттай убакыт өттү, бирок топ карааны суюла элек. Борборго кеткен унаанын баарына кол көтөрүшөт, бирок тигил эки бусиктен башкасы токтоп да койгон жок. Назимага кепкачан жигит жакын келди. – Эми эмне кылсак дейсиз?.. Баса, сиздин атыңызды бат эле унутуп калбадымбы. Курт жеген эстин калбыр болгону качан. – Назима, – деп кыз жылмайды. Анан: – Эртерээк карып баратасыз го дейм анда, – деп тигини бир чымчып койду. – Сонун ат экен. Менин атым... – деп кыздын туздуу какшыгын элес албай, ал өз ысмын айтты. – Эми, Назима, биз бири бирибизге жөлөк болушубуз керек. Кемедегинин жаны бир дешчү. – Ооба, мен түшүндүм: кокус чөгүп кетсем, сиз мени куткарып аласыз. – Мен сизге чын көңүлдөн айтып жатсам, сиз келеке кыласыз, – деп жигит мурчуюп, тигиндей басып кетти. Ысык сызгырып баратты. Автобустун кайкаңда турганынанбы, шамал тынбай желип, жүргүнчүлөрдүн жанын ошол аман алып калып жатты. Тоо чокуларында адашкан бирин-эки булут бар, бирок калган асман таптаза. Алыскы ак мөңгүлүү тоо чокулары мунарык бозго чөккөн. Капыстан жүргүнчү топтун тушунан, көтөрүлгөн колдорго көңүл бурбай, мала көк тогузунчу «Жигули» зымырап өттү. Ал он беш метрдей нары барып, дөңгөлөктөрү жер оё чимирилип, жол четине чукул токтоду. Топтон бөлүнгөн үч-төрт киши күйпөлөктөп, аны көздөй чуркашты. Аларды ээрчип, дагы эки-үч киши желип жөнөдү эле, бирок бул аракеттен майнап болбосун түшүнүп, кайра артка кайтышты. Көп узабай, беркилер да кайра келди. Назиманын жанынан өтүп баратып, андагы бир аял: – Шопур бала сени келсин деди. Таанышың болсо керек. Экөөбү-үчөөбү, ичинде орун деле бар окшойт, бирок бизди албай койду. Ал оозун жыйып бүтөлекте, машине артты көздөй он метрдей жүрүп келип, токтоп калды. Назима буюмдарын жол четинде калтырып, таң кала машинени көздөй басты. Жакын келгенде машинеден жаш жигит чыкты. Ал Элеман эле. – Салам, Назима! – деп добуш салды ал алыстан эле. Назима токтоп, саламды алик алды. Элеман утурулап келатканда, анын чолок жең көгүш көйнөгүн жел торсойто үйлөп, желбиретип турду. Аны бир жыл бою көрө элек эле, кызга ал кыйла байымдуу боло түшкөндөй көрүндү. Чын эле, ал сымбаттуу да, сындуу да жигит болуптур. – Эмне, кеттикпи? – деди ал кызга жылмая карап. Назима да кошо жылмайып, баш ийкеди. – Буюмдарың кайда? Ал жанаша турган эки сомкесин жаңсады. Элеман сомкелерди эки колуна алып, машинени көздөй кадам койду. Назима сомкенин бирин өзү алмак болду эле, жигит: – Кереги жок. Буларың жеңил экен. Бирок, – ал эки сомкени катар салмактап жаткандай түр кылды, – моберегиси оорураакпы, кандай? Ичинде алтын бар го дейм? Ал Adidas-сомкени жаңсады. – Анан эмесечи? – деп Назима да тамашага чала сүйлөдү. – Али-бабанын үңкүрүндөгү казынамдан азыноолак алып, ушуга салып койдум эле. Элеман сомкелерди жүк салгычка салды. Машинеге отурардан мурун Назима бусик жакка кылчайды эле, кепкачан жигит ири алды көзүнө түштү. Ал четирээкте, кызды сабыры суз карап туруптур. Кыз ага жайдары кол булгады. Ал арткы отургучка көчүк басты. Алдыңкы орунда бейтааныш кыз отуруптур. Бул Элемандын колуктусу болсо керек деп Назима туура жоруду. – Кеттикпи анда, кыздар? – деди Элеман, рулга отура берип. Кыздар унчугушкан жок. Алардын макулдук белгиси ошол болсо керек. – Акчаңды кайрып алдыңбы? – деп сурады Элеман Назимадан. Назима баш ийкеди. – Бул башка кеп, – деп ал өз акчасын доолап алгандай, ыраазы боло түштү. Машине ордунан жылды. Элеман кыздарды бири бирине тааныштырды. Алар алдыңкы күзгү аркылуу өз ара баёо баш ийкешти. Анан конок кыз Назимага бир кылчайып, жайдары жылмайып койду, бирок кара көз айнегин чечпеди. – Карындашың сени жолго эртең чыгат деди эле? – деди Назима. – Ошентмекмин. Бирок шарт башкача болуп калды… – Бусигиңерге эмне болду? – деп сурады жигит анан. – Бузулуп калды. – Аны го көрдүк, – деди Элеман, жылмая түшүп. – Ошо бойдон эч ким албадыбы? – Жок. – Сендей сулууну да алышпадыбы? – Мендейди да. – Мен алдым го. – Сен азаматсың. – Анан эмне мени менен кеткиң келбеди? Карындашым айткандыр сага? – Айтты. Сени түйшүккө салгым келбеди. – Кайдагы түйшүк? Мына, баары бир чогуу баратабыз. – Буйрук ошол да, эмесе. Назима сыртка көз салды. Машине кыя жол менен өйдөлөп баратты. – Жакында Долондун чокусунда болобуз, – деди Элеман. – Баса, – деди Назима, – жол киреге мен сага канча карызмын? – Өзүң канча берсең ылайык деп ойлойсуң? – деп Элеман ага кайра суроо узатты. – Классташ болгон соң, бусиктин жол киресинен көп албассың деп ойлойм. – Бул, албетте, аз, – деди Элеман. – Бирок, мен барда сен да дооран сүрүп кал. Сага кылган жакшылыгым ошол болсун: Бишкекке чейин бекер кет. – Чиркин, ааламда сендей айкөл бар бекен?!. – деп Назима аны чымчып койду. – Уккан кулагыма өзүм да ишенбей турам. Элеман ыңгайсыздана түштү, бирок жооп кайтарбады. Назима күзгүдөн Алтынай анын какшыгына саал жылмайып койгонун байкады. Назима арт жактан анын чачын, күзгүдөн – өңүн көрүп жатты. Көзүнө кыздын ичкерек жумуру мойну, желке чуңкурунан эки ажырым кеткен уяң түктөрү, чытырата чың түйүлгөн балык жон көөдөй кара чачы түшөт. Ошондо негедир ал да чачын ушинтип нык түйгүсү келди. Муну ал кимден үйрөнсө болот? Алтынайдан сураса, айтар болду бекен? Айылда ал кеминде он күндөй жүрдү, бирок чачы чебер уздун колунан жаңы чыккандай копкооз бойдон. Демек, ал чачын өзү түйөт. Эми бул чачка темене сымал чыбыкчаларды кыйгачынан сайып койсо, андан өтөр чач болобу? Япон кинолорунан ал ошондой чач сайган таякчаларды көргөн. Кейпи, алар пил сөөгүнөн жасалат окшойт. Андайларды табуу кыйындыр. Балким шаарда табылып калар. Чоң базарда бөдөнөнүн сүтүнөн башканын баары бар дешет го... Алтынай ага сыртынан жакты. Өңү тоголок да эмес, сүйрү да эмес, жылмакай, текши буудай ирең. Эриндери да жука же калың эмес, боёксуз эле жаңы ачылган гүлдөй жайнайт. Кулагында тыңшагыч. Көздөрү көз айнектен көрүнбөйт, бирок алар да калган көркүнөн ашып түшпөсө, кем калбасы билинип турат. Жаша, Элеман, жигит эмес бекенсиң!?. Ай чырай сулууну илип кеткен сен кыраан эмей, ким кыраан!?. Күзгүнүн астында бет чүкөсү оркойгон шайтанча жипте илинип турат. Ал агы калың чоң тосток көздүү, көзүнүн чекит-каректери түндөй кара. Кочкор тумшук, эрбейген эчки сакал. Бир туруп, түрү Дон-Кихотко да окшоп кетет. Өңү мом ирең, чоң оозу алжая ачылган. Андан аппак тиштери кашкая көрүнүп, мыскылдуу ырсаят. Машиненин жүрүш ыргагына шай ал өз ордунда тегерене чайпалат, отургандардын ар бирине өзүнүн ыркыйган арык тулкусу менен алмак-салмак элпек бурулуп, аларга тигиле карайт, негедир кабагын ачуулуу түйүп, аларды бирдемеден улам жазгырып жаткандай болот... #назима
кыргыз китептери
Назима 3-бет
III
Саалдан соң, сыягы, айдоочу машиненин оңолорунан биротоло үмүт үздү окшойт. Тигил үчөөнүн өз ара кобуруна караганда балээнин баары алда бир ачылбас туташ тетикте экен, учактагы кара жашиктей аны ачуу ким көрүнгөндүн эле колунан келбейт имиш. Демек, абал оор, машине эми алга жылбайт.
– Аны артка, шаарга жеткирүүдөн башка жол жок, – деди айдоочу.
– Демек, «кара жашиктин» сырын ошондогулар гана билишет экен да, – деди улгайган жүргүнчү, мурутунан күлүмсүрөп.
– Жашиги болобу, башкасы болобу, мында мен аны оңдой албайм, – деди айдоочу, ага карабай туруп.
– Учагың өзүңдөй турбайбы, – деди тиги, сөзүн улантып. – Эшегине жараша тушагы деген ушул да. Учкуч демекчи, анык учкуч өзү өлсө да, жүргүнчүлөрүн аман алып калууга тырышат. Сенин, менимче, жүргүнчү менен деле ишиң жок.
– Эмне, ичиңерде өлгөн-житкен барбы? Мен аны көрбөй турам.
– Бетбагын көр мунун, э-эй, – деди муруттуу киши, аны менен акыйлашканын дале койбой. – Сенин оюңча, өлүм-житим жок болсо эле болду экен да. А минтип түмөн элди ач бел, куу жондо калтырганың сага кеп эмес экен да.
– Баарыбызды артка кайра жеткиресиң, – деди айдоочуга мизилдеген жаңы кийим кийген жүргүнчү. – Мында ысыкка бышкыча, ошондо болгонубуз оң.
– Чиркеп алчу машине табылсын, – деди айдоочу, – баарыңарды кайра артка жеткирип коём.
Ал жүргүнчүлөргө жол киренин мерчемдүү бөлүгүн таратып берди. Муну беркилер оголе суз кабыл алышты: бул айдоочунун көйгөйдү кайра аларга жүктөп, эми менин тынчымды албагыла дегени эле.
– Эми эмне, ар кимибиз өз бетибизче кетебизби? – деп сурады жаңы кийимчен жолоочу.
Айдоочу эрк өзүңөрдө дегендей, ийнин күүшөп койду.
– Силердей шалакы айдоочуларды жоопко тартуу керек. Бар чыгымды мойнуңа үйүп, төлөтүп алса, өзүң эле момурай түшмөксүң.
– Тапкан экенсиңер төлөөчү кишини, – деди сөзгө жаңы аралашкан толмоч жүргүнчү аял. – Ал акчанын теңин керектүү кишиге берип эле кутулуп кетмек бул.
– Кызыксыңар силер, – деди айдоочу. – Мен силерди машинеге зордоп салган жокмун. Анан калса, темир деген темир. Темир тургай киши деле ооруп калат кээде.
– Сен кур чечендик кылбай, өзүңдү биздин ордубузда бир элестетип көрчү.
– Муну менен акыйлашуудан түк пайда жок. Чиркин, жакын жерде бир бак болсо кана? Согуш мезгилинин мыйзамына ылайыктап, сот-тергөөсүз эле асып салсак болмок муну, – деди кычырап кийинген жүргүнчү.
Ал чын эле тегеректен бак издегендей, эки жагын элеңдеп карамыш болду.
– Бактын эч бир кереги жок, – деп кепке аралашты бая Назимага суроо узаткан кепкачан жигит. – Аны тээ тиги жардын кашатына алпаруу керек. Анан нукуп эле койсо болду: ал учкуч, андан ары өзү учуп кете берет.
Ал кулачын жайып, колдорун учуп бараткан куштун канаттары сымал өйдө-төмөн сермегиледи. Жүргүнчүлөр дуу күлүп калышты.
– Мен силерди ушунда алып келип, атайлап таштап кетип бараткандай сүйлөйсүңөр да, – деди айдоочу тигилердин сөзүнө териккенсип.
– Анан эмесечи? – деди мурутчан жолоочу.
– Бирок мындан мага кымындай кайыр барбы? – деп сурады андан айдоочу.
Анан өзүнө өзү жооп берди.
– Пайданы мындай кой, кайра опол тоодой зыян тартып жатам мен, керек болсо.
– Ошондой экен, кичине эртерээк ойлонсоң болмок, – деди толмоч аял. – Алыс сапар алдынан атты да табына келтирип, анан жолго чыгышат. Машине ат эмес да. Атты бир киши минсе, машинени он беш киши минет. Демек, машиненин күтүмү да арбын болушу керек.
– Чын эле, биз аны учкуч экен деп ойлосок, ал ат кошчулукка жарабайт турбайбы, – деди кепкачан жигит.
– Сөздү коюп, ишти ойлойлу, – деп тыйды аны муруттуу жүргүнчү. – Сөз менен иш бүтсө, биз эмкиче мында турмак эмеспиз. Сен, шопур, тааныш досторуңду токтотуп, болушунча бизди жолго салганга аракет кыл. Биз да колдон келгенин кылалы.
Ушул бүтүмгө токтошту, аларга андан башка арга да жок эле.
Жүрө-бара, Бишкек тарапка эки-үч бусик өттү. Алардын экөөсү айдоочунун тааныштары болуп чыкты. Ал белги берди эле, тигилер токтошту. Айдоочунун сөзүнөн абалды билишти. Жерге түшпөй, машинени кантип оңдоо жөнүндө ооз учунан бир аз кеңеш айткан болушту. Жолоочу салып кетүүдөн экөө тең баш тартышты.
– Орто-Токойдо инспекторлор турушат деп чалышты. Башка балээ тилеп не азап? Бусикте бош орун жок. Ашык жүргүнчү менен токтотушса, чекеңден сылашпайт алар.
Ошентип, ар ким өз алдынча кетмек болуп чечишкенден бери жарым сааттай убакыт өттү, бирок топ карааны суюла элек. Борборго кеткен унаанын баарына кол көтөрүшөт, бирок тигил эки бусиктен башкасы токтоп да койгон жок.
Назимага кепкачан жигит жакын келди.
– Эми эмне кылсак дейсиз?.. Баса, сиздин атыңызды бат эле унутуп калбадымбы. Курт жеген эстин калбыр болгону качан.
– Назима, – деп кыз жылмайды.
Анан:
– Эртерээк карып баратасыз го дейм анда, – деп тигини бир чымчып койду.
– Сонун ат экен. Менин атым... – деп кыздын туздуу какшыгын элес албай, ал өз ысмын айтты. – Эми, Назима, биз бири бирибизге жөлөк болушубуз керек. Кемедегинин жаны бир дешчү.
– Ооба, мен түшүндүм: кокус чөгүп кетсем, сиз мени куткарып аласыз.
– Мен сизге чын көңүлдөн айтып жатсам, сиз келеке кыласыз, – деп жигит мурчуюп, тигиндей басып кетти.
Ысык сызгырып баратты. Автобустун кайкаңда турганынанбы, шамал тынбай желип, жүргүнчүлөрдүн жанын ошол аман алып калып жатты. Тоо чокуларында адашкан бирин-эки булут бар, бирок калган асман таптаза. Алыскы ак мөңгүлүү тоо чокулары мунарык бозго чөккөн.
Капыстан жүргүнчү топтун тушунан, көтөрүлгөн колдорго көңүл бурбай, мала көк тогузунчу «Жигули» зымырап өттү. Ал он беш метрдей нары барып, дөңгөлөктөрү жер оё чимирилип, жол четине чукул токтоду. Топтон бөлүнгөн үч-төрт киши күйпөлөктөп, аны көздөй чуркашты. Аларды ээрчип, дагы эки-үч киши желип жөнөдү эле, бирок бул аракеттен майнап болбосун түшүнүп, кайра артка кайтышты. Көп узабай, беркилер да кайра келди. Назиманын жанынан өтүп баратып, андагы бир аял:
– Шопур бала сени келсин деди. Таанышың болсо керек. Экөөбү-үчөөбү, ичинде орун деле бар окшойт, бирок бизди албай койду.
Ал оозун жыйып бүтөлекте, машине артты көздөй он метрдей жүрүп келип, токтоп калды. Назима буюмдарын жол четинде калтырып, таң кала машинени көздөй басты. Жакын келгенде машинеден жаш жигит чыкты. Ал Элеман эле.
– Салам, Назима! – деп добуш салды ал алыстан эле.
Назима токтоп, саламды алик алды. Элеман утурулап келатканда, анын чолок жең көгүш көйнөгүн жел торсойто үйлөп, желбиретип турду. Аны бир жыл бою көрө элек эле, кызга ал кыйла байымдуу боло түшкөндөй көрүндү. Чын эле, ал сымбаттуу да, сындуу да жигит болуптур.
– Эмне, кеттикпи? – деди ал кызга жылмая карап.
Назима да кошо жылмайып, баш ийкеди.
– Буюмдарың кайда?
Ал жанаша турган эки сомкесин жаңсады. Элеман сомкелерди эки колуна алып, машинени көздөй кадам койду. Назима сомкенин бирин өзү алмак болду эле, жигит:
– Кереги жок. Буларың жеңил экен. Бирок, – ал эки сомкени катар салмактап жаткандай түр кылды, – моберегиси оорураакпы, кандай? Ичинде алтын бар го дейм?
Ал Adidas-сомкени жаңсады.
– Анан эмесечи? – деп Назима да тамашага чала сүйлөдү. – Али-бабанын үңкүрүндөгү казынамдан азыноолак алып, ушуга салып койдум эле.
Элеман сомкелерди жүк салгычка салды.
Машинеге отурардан мурун Назима бусик жакка кылчайды эле, кепкачан жигит ири алды көзүнө түштү. Ал четирээкте, кызды сабыры суз карап туруптур. Кыз ага жайдары кол булгады.
Ал арткы отургучка көчүк басты. Алдыңкы орунда бейтааныш кыз отуруптур. Бул Элемандын колуктусу болсо керек деп Назима туура жоруду.
– Кеттикпи анда, кыздар? – деди Элеман, рулга отура берип.
Кыздар унчугушкан жок. Алардын макулдук белгиси ошол болсо керек.
– Акчаңды кайрып алдыңбы? – деп сурады Элеман Назимадан.
Назима баш ийкеди.
– Бул башка кеп, – деп ал өз акчасын доолап алгандай, ыраазы боло түштү.
Машине ордунан жылды. Элеман кыздарды бири бирине тааныштырды. Алар алдыңкы күзгү аркылуу өз ара баёо баш ийкешти. Анан конок кыз Назимага бир кылчайып, жайдары жылмайып койду, бирок кара көз айнегин чечпеди.
– Карындашың сени жолго эртең чыгат деди эле? – деди Назима.
– Ошентмекмин. Бирок шарт башкача болуп калды…
– Бусигиңерге эмне болду? – деп сурады жигит анан.
– Бузулуп калды.
– Аны го көрдүк, – деди Элеман, жылмая түшүп. – Ошо бойдон эч ким албадыбы?
– Жок.
– Сендей сулууну да алышпадыбы?
– Мендейди да.
– Мен алдым го.
– Сен азаматсың.
– Анан эмне мени менен кеткиң келбеди? Карындашым айткандыр сага?
– Айтты. Сени түйшүккө салгым келбеди.
– Кайдагы түйшүк? Мына, баары бир чогуу баратабыз.
– Буйрук ошол да, эмесе.
Назима сыртка көз салды. Машине кыя жол менен өйдөлөп баратты.
– Жакында Долондун чокусунда болобуз, – деди Элеман.
– Баса, – деди Назима, – жол киреге мен сага канча карызмын?
– Өзүң канча берсең ылайык деп ойлойсуң? – деп Элеман ага кайра суроо узатты.
– Классташ болгон соң, бусиктин жол киресинен көп албассың деп ойлойм.
– Бул, албетте, аз, – деди Элеман. – Бирок, мен барда сен да дооран сүрүп кал. Сага кылган жакшылыгым ошол болсун: Бишкекке чейин бекер кет.
– Чиркин, ааламда сендей айкөл бар бекен?!. – деп Назима аны чымчып койду. – Уккан кулагыма өзүм да ишенбей турам.
Элеман ыңгайсыздана түштү, бирок жооп кайтарбады. Назима күзгүдөн Алтынай анын какшыгына саал жылмайып койгонун байкады.
Назима арт жактан анын чачын, күзгүдөн – өңүн көрүп жатты. Көзүнө кыздын ичкерек жумуру мойну, желке чуңкурунан эки ажырым кеткен уяң түктөрү, чытырата чың түйүлгөн балык жон көөдөй кара чачы түшөт. Ошондо негедир ал да чачын ушинтип нык түйгүсү келди. Муну ал кимден үйрөнсө болот? Алтынайдан сураса, айтар болду бекен? Айылда ал кеминде он күндөй жүрдү, бирок чачы чебер уздун колунан жаңы чыккандай копкооз бойдон. Демек, ал чачын өзү түйөт. Эми бул чачка темене сымал чыбыкчаларды кыйгачынан сайып койсо, андан өтөр чач болобу? Япон кинолорунан ал ошондой чач сайган таякчаларды көргөн. Кейпи, алар пил сөөгүнөн жасалат окшойт. Андайларды табуу кыйындыр. Балким шаарда табылып калар. Чоң базарда бөдөнөнүн сүтүнөн башканын баары бар дешет го...
Алтынай ага сыртынан жакты. Өңү тоголок да эмес, сүйрү да эмес, жылмакай, текши буудай ирең. Эриндери да жука же калың эмес, боёксуз эле жаңы ачылган гүлдөй жайнайт. Кулагында тыңшагыч. Көздөрү көз айнектен көрүнбөйт, бирок алар да калган көркүнөн ашып түшпөсө, кем калбасы билинип турат. Жаша, Элеман, жигит эмес бекенсиң!?. Ай чырай сулууну илип кеткен сен кыраан эмей, ким кыраан!?.
Күзгүнүн астында бет чүкөсү оркойгон шайтанча жипте илинип турат. Ал агы калың чоң тосток көздүү, көзүнүн чекит-каректери түндөй кара. Кочкор тумшук, эрбейген эчки сакал. Бир туруп, түрү Дон-Кихотко да окшоп кетет. Өңү мом ирең, чоң оозу алжая ачылган. Андан аппак тиштери кашкая көрүнүп, мыскылдуу ырсаят. Машиненин жүрүш ыргагына шай ал өз ордунда тегерене чайпалат, отургандардын ар бирине өзүнүн ыркыйган арык тулкусу менен алмак-салмак элпек бурулуп, аларга тигиле карайт, негедир кабагын ачуулуу түйүп, аларды бирдемеден улам жазгырып жаткандай болот...
#назима