Бакыт байрагы 4- бет

"Кыргызстанга кетем"дегенден бери Алтынайда тыным жок.Жеңеси,байкеси менен убактыларын көп өткөрүп алгысы келип,жумуштан чыгып,түз эле Босфорду көздөй жөнөйт,жанында бир аз отурат да,үйгө шашат.
Кечинде байкеси,жеңеси болуп тамакка отурушту.
-Алтыш үйгө барганда,менин машинамды айдай бер э.Күбөлүгүң деги бар.
-Жок,машинасыз эле жүрөйүнчү,байке
-Мейли анда.Бул жакта эле бол десек болбой койдуң.Өзуңө сак бол.Таятамдар менен катташып,барып тур.
-Макул.Камсанабаңыздар, баары жакшы болот.Жанымда Бема болот,-деген бойдон унчукпай тамак ичишти.
Негедир Алтынай толкунданып жатты.Жарым жыл мекенинен алыс болсо да,ошол убакыт көп жылга соңулуп кеткендей,көп нерсе өзгөргөндөй болуп жатты.
Аэропорттон байкеси менен жеңесин кучактап,коштошуп алып,учакка түшүп кетти.Терезенин жанынан орун алып,өзүн алаксытмакка колундагы Пауло Коэльонун "Алхимик" китебин карап отурган.
-Саламатсызбы, сырдуу кыз?,-деген тааныш үндөн,башын көтөрсө,баягы журналист жигит туруптур.
-Дагы сизби?,-деп Алтынай жини келе.
-Дагы эле мен.
-Сиз бул учакта эмне кылып жүрөсүз?
-Айтсам,ишенбейсиз. Мен дагы Кыргызстанга учуп атам,болгондо да сиздин жаныңызда отуруп барат экенмин,-деп, үстүңкү текчеге кол сумкасын койду да,Алтынайдын жанынан орун алды.
-Экөөбүз эки ирээт жолуксак дагы тааныша элек экенбиз.Менин атым Бектур.26 жаштамын.Журналист экенимди билесиз.А сизчи?
-Алтынай.22 жаштамын.
-Жакшы атыңыз бар экен.
Стюардессанын сөзүнөн кийин,учак асманга көтөрүлүп,бат эле көктө кайкып учкае булуттар аралап,учуп жөнөдү.Алтынай терезеден булуттарды карап,биринчи Бишкектен Стамбулга учканын эстеди.
Анда Берметтен ажырай албай,көпкө ыйлап жатып коштошкон.Төрөлгөнүнөн бери жашаган,таттуу балалык кези,окуучулук күндөр,студенттик жашоо,алгачкы сүйүүсүн тапкан шаарды таштап кетүү өтө эле кыйые болгон."Эми сенсиз кантем"деп көздөрүн жашка толтуруп кала берген курбусунун элеси келе түштү.А Эдилчи....ал келмек турсун,билген эмес эле.Алтынай башка өлкөгө кетсем унутуп калам деген тилеги орундалган жок.Чын эле,Эдилдин акыркы чалганында өзгөргөнүн сезсе да сезмексен,билсе да билмексен болуп койбоду беле....
-Алтынай...Алтынай? ,-деген үндөн ойлору чачырап кетти.Өзүн суроолуу карап турган Бектурду карап калды.Жанында өзүнө куп жарашкан формасын кийген стюардесса, жылмайып туруптур.
-Кандай шире ичесиз?
-Мм.....апельсин ширесин,-деп стюардессага кайрылды.
-Рахмат,-деди колуна стаканды алып жатып.
-Сагынсаңыз керек,Бишкекти? .Жылмайыңкы күлүп,колундагы стакандагы алманын ширесин ууртап,кайра ордуна коюп жаткан Бектур.
-Ооба,сагындым. Күтүүсүздөн эле кетип калгам.
-Канча болду келгениңизге?
-Жарым жыл.
-Менин келгениме эки ай болсо да,араң чыдадым.Өзүмдүн мекенимден башка жер жакпайи экен.Таза абасы,сулуугу менен башка жерлерди салыштыра албай койдум.
-А сиз Стамбулга кандай максат менен баргансыз?
-Эки айлык окууга келгем.Тажрыйба тотоо үчүн.Анан да Стамбулдагы дал сиздин сүйгөн Босфоруңуз жөнүндө макала даярдап жаткам.
-Жакшы экен.Анан даяр болдубу?
-Буюрса,даяр. Бир аз өзгөртүүлөр, кошумчоолор калды.
-Мм...Ишиңизге ийгилик.
-Рахмат.Алтынай сизди өткөндө капа кылып алдым окшойт.Кечирим сурайм.Өзүм журналист болгондон кийин бетке айтып,эч нерсени жашырбаган адаммын.
-Капа деле эмесмин.Болгону, жараатымды кайра сыйрып алуудан коркуп жатканмын,-деп Алтынай башын терезе жака буруп,бир аз үнсүз турду.Кайра Алтынайдан көзүн албай карап турган Бектурду карады да,оор улутунуп алып,сөзүн баштады.
"Ар бир адам баласынын жашоосунда бактылуу көз ирмемдер сакталып калат эмеспи.Бирок, ошол көз ирмемдер да кээде аягы кайгылуу аяктап,жүрөктөргө так калтырып коёт экен.
Мектепти ийгиликтүү аяктап,шаардагы окуу жайлардын бирине өзүм каалаган психология жагына тапшырып,өтүп кеттим.Атам өзүнүн чакан ишканасы менен,апам болсо ооруканалардын биринде врач,байкем менен жеңем болсо баш кошушкандан кийин эле Стамбулга көчүп кетишкен.Жанымда бала кезимдеги,жакшы көргөн курбум бар.Эч нерседен кем эмес өстүм."Убакыт зымырык куш"дегендей бат эле,үчүнчү курска келдим.Ошондой күндөрдүн биринде Эдил менен таанышып калдым.Экөөбүздүн таанышуубузду азыр эстесем да күлкүм келет.Бөлөм турмушка чыгып,алардын үлпөт тоюнда урушуп кеткенбиз.Биринчи жолукканда эле анын өзүмчүл,бой көтөргөн жигит экенин байкагам.
-Бактылуу болгула!
-Үйлөнүү тоюңар кут болсун,эки жаш.
-Көшөгөңөр көгөрсүн.Азаматсыңар! ,-деген ызы чуу болгон,бактылуу болгон эки жаштын үлпөт тоюнан,мен кыздын бөлөсү,Эдил жигиттин досу болуп келген жерден баары башталган.
Тойдун орто ченинде элдер эс алууга чыккан болчу.Эшиктен кирип келе жаткам.Бир маалда бир жигит уруп кетти.Ордумдан тайсалдап барып,жанымдагы тууганым кармап калды.
-Аай,көзүңөр барбы?
-Өзүң алды артыңды карап баспайсыңбы!
-Эй,кечирим сурагандын ордуна,мени күнөөлүү кылганың кандай?,-деп жиним келип кетти.
-Хехе,эмне кыздар дайыма эле кечирим сурайт деп күтөсүңөрбү?
-Сен көктү карабай,бет маңдайыңды карап басчы биринчи,сын айтканды коюп,-деп басып кеттим.Анын бул кылыгына жиним келип отурсам,бөлөм келип "жүрү бийлейбиз" деп,ой боюма койбой сүйрөп чыкты.
Кызыгы бийлеп жатыканыбызда да дагы экөөбүз,түртүшүп, чоң жер бизге тар болгонсуду.
-Дагы сенби?Эмне эле уйгактай жабышып алдың?
-Мен эмес сен уйгак болуп атасың.Өз жолуң менен кете берчи
-Өз жолум менен эле кетип баратам,сен эле чыга калып атасың
-Сен менин жолуман чыгып атасың,чоң кыз.
-Ой,ой экөөң эмне чукчуңдашып? Эдил,таанышып ал бул аяшыңдын бөлөсү Алтынай,-деди экөөбүздүн жаныбызга келген Кутман.-Ал эми бул болсо менин досум Алтынай,аты Эдил.Аябай өжөр анан эрке бала
-Ооба,көрүнүп түрат,кыздарды какшыктап ат койгондон башка билбейт экен,-деп алып бурулуп кеттим.
Ошол бойдон экөөбүз бет келген жоксуз.Бирок, анын менден көзүн албай карап жатканын байкап жаттым.Эч качан балдардан уялып көрбөгөн жаным,өзүмдү кандай алып жүрүштү билбей кыйналып жаттым.Той бүтүп,баарыбыз үйлөрүбүзгө тарадык.Канчалык Эдил жөнүндө ойлобоюн десем да,жүрөгүм мени укпай,тыбырчылап, дайымкысынан башкача кагып жатты."Эми кайдан көрмөк элең аны"деп өзүмдү сооротуп коюп атып,уктадым.
Эртеси күнү кыздар болуп,сабактан чыгып келе жатсам,университтетин алдында Эдил колуна кучак гүл кармап алып,ары бери өткөн адамдарды карап,бирөөнү издеп жаткандай.Мени байкаган жок.Акырын билинбей өтүп кетип бара жатсам:
-Алтынай!Алтынай- деген үндөн токтодум." Ушундай маалда кычап калганын карасаң" деп алып артымды карасам,курсташ балам чуркап келе жатыптыр.Колуна көтөргөн ректор берген кагаз бар экен.Андан бир апта мурун,мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын волонтёрлук иш кылуу максатында ректорго кайрылган элек.Ошонун жообун көтөрүп,сүйүнүчү койнуна батпай келе жаткан экен.
-Сүйүнбай Кенешбекович бизге макулдугун берди."Эртеңден баштап,ишке киришкиле" деди,Алтынай.
-Чын элеби?Кана берчи?!-деп колундагыны алып,көз чаптырып алып эле сүйүнүп кеттим.-Макул, эртең ишти баштайбыз.Балдарга айтып кой.Мен үйгө кетип баратам,-деп коштошуп,бурулсам Эдил жылмайып алып,мени көздөй келе жатат.Бул учурда бутум титиреп,жүрөгүм тынымсыз согуп,коркуп кеттим.Ооба, чын эле коркуп кеттим.
-Кандайсың,Алтынай. Ден соолуктарың жакшыбы?
-Жакшы,рахмат. Келипсиң?
-Кече капа кылып койдум окшойт.Кечирим сурап келдим.Бул сага!,-деп колундагы гүлүн сунду.
-Сендей жигиттер да кечирим сураганды өилет бекен э?,-деп жөн турбай какшыктап жибердим.
Эдил жылмайыңкы карап
-Өзүң көрүп тургандай,-деди. Айлананы карасам баардык студенттердин көзү экөөбүздө экен.Ары жакта эми эле чогуу кетип бараткан курсташ кыздарым," Албайсыңбы! "дегенсип гүлдү көрсөтүшөт. Эдил болсо,гүлдү сунган бойдон,менден көзүн албай карап туруптур.
-Макул эми.Убара болуп келиптириң. Алып коёюн,-деп гүлдү алдым.Эдилдин болоор болбос башын чайкап алганын байкап калдым.
-Кичине шаар аралап келбейлиби?
-Менин жумуштарым көп.Үйгө кетүүм керек.Курбуларым күтүп калды,-деп кыздарды көздөй бастым.
-Жүрү анда,үйгө чейин узатып коёюн,-деп болбой,мени коштой басты.Кыздар менен тааныштырым, аялдаманы көздөй жөнөдүк.Бою узун,көздөрү капкара,өзүн тыкан алып жүргөн,спорттук дене түзүлүштөгү Эдилди менден башка кыздар да жактырып,ар кайсы суроону берип,тийишип жатканын көрүп,ичимен жинденип,кызганып жаттым.Бирок, ал сезимди билдирбей,унчукпай эле келе жаттым.Көз кырым менен карасам,Эдил да мени карап келе жатыптыр.Уруум кармалып калгансып,көзүмдү алып кеттим.Бетимди ысып,жүрөгүм баттан согуп кетти.
Аялдаманын жанына келгенде,Эдил:
-Алтынай,экөөбүз бир аз баспайлыбы, -деди мени карап.Кыздар, "Аа түшүндүк.Макул. Биз кеттик"деп алып,ары басып кетишти.Эдил экөөбүз ээрчише андан ары жолубузду уладык.
Экөөбүз көптөн берки тааныштардай кбпкө сүйлөшүп жүрүп отуруп,үйгө да келип калыптырбыз.
-Мына,үйгө да келдим.
-Рахмат.Мен үчүн жакшы күн болду,-деп,телефон номеримди алды да,коштошуп кетти.Болгону бир күн.Ушул бир күндүн ичинде мага жакын болуп калды Эдил.Аны дагы да көрүп,сөзүбүз бүтпөй сүйлөшүп,анын жалжылдаган көздөрүн карап эле тургум келчү болуп калды.Ошол күндөн кийин Эдил экөөбүз бат-бат жолугушчу болдук.Негедир, көрушпөй калсак сагынып,күндүзү смс жазышып тажабасак,түндөсү таң аткыча уйкусуз түндөрдү өткөрүп,телефон менен сүйлөшчүбүз. Бир күнү эсимде экөөбүз тең сабактан качып чыгып,Аларчага барганыбызды. Кызыл-тазыл болуп жайнаган ар түрдүү гүлдүн жыттары буруксуган, чымчыктардын өз тилинде сайрашып,обондорду чыгарган,таза абасы таза болгон жаратылыш койнуна суктанып көпкө жүргөнбүз.Кичине жаш балдардай бири бирибизди куша ойноп,бизден өткөн бактылуу адам жоктой,махабатка бөлөнгөнбүз. Үйгө кеч кайтып,апаман сөз уккам.Дагы бир жолу
Университететте болчумун.Аудиторияда студенттер көп.Лекция окуп
жаткан агайды бирибиз уксак бирибиз
укпайбыз.Колдорум шыпылдап,телефондун
жанын койбой Эдил менен жазышам.Ошол күнү жолукмакпыз.
-Кутуп атам сени,асылым
-Дагы жарым саат кутосун го
-Макул,куто берем.Эн башкысы сенин
келээринди билем да,-деген сөзүнө жылмайып,бактылуу элем.Сабагым юүтөөрү менен,биздин жолугушчу жерибизге кетчү,тезинен жетиш үчүн шашып жаттым.Ар бир мунот,мунот эмей эмне
секунд мен учун коп болуп
жатты.Негизи убакыт деген нерсе күткөн сайын көп болот окшойт.Жол
узарып кеткен белем,жете албай
бараттым.Катарлаш өскөн бактардан кеткен
узун жолдо,жүзүмдү сүйүпп өткөн жазгы
жел да мени шаштырат. Биздин жерге жакындай
берип,анын орундукта отуруп алып,өз
ойлорун менен алпуурушуп атканын
көрдүм.Ошол маалда ал мен үчүн бир чоң асыл,кымбат адамым эле.Ал куну экөөбүз шаардын
көчөлөрүн жөө араладык.Жазында бүчүр
байлап келе жаткан бак дарактар,жаңы
ачылып калган гүлдөр,чымчыктардын
сайроосу,экөөбүздүн сүйүүбүзгө көрк
берип тургандай эле.Анан да мени жаш баладай кылып жонуна көтөрүп алганычы,бутуң ооруду деп.Ошол күндүн акыры жамгырга айланып,экөөбүз андан калкаланыш үчүн эч кимди карабай чуркаганбыз, -деп Алтынай көпкө бир чекитти карап олтуруп,оор улутуна,сөзүн баштады.-Анан ошондой бактылуу күндөрүмдүн асманын кара түн каптап,бир заматтын ичинде эле жан дүйнөм аңгырап бош болуп калды. Өйдө жакта айтып кеттим го,мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам кылабыз деп аракет кылып жүргөнбүз деп.Ошол иш чарага даярданып,сабактан тышкары университте калып,кеч тараганбыз. Курсташтарым менен коштошуп,автобуска олтуруп,үйгө жөнөдүм.Аялдамадан түшүп,шашыла үйдү көздөй бара жаткам.Жайдын аптапттуу күндөрү болуп турса да,киши жок болчу көчөдө.Аялдамадан бери аркамда эки караан келе жаткан.Оюмда жамандык алгым келбей кете берген элем.Бир маалда оозумду басып,мен тыбырчылап жатканымды билем,андан кийин эсимди жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам,жерде жатыптыр.Кайда жатканымды билбедим.Биринчи эле ата-энемдин ишенген кызы намысымдан айрылганымды билдим.
Алтынай ушул жерге келгенде көзүнөн мончок мончок жаштар тамып кетти.Алаканы менен бетин басып,ошондогу элеси көз алдына тартылып жаткансып,бир дем менен дем алып турду.Бектур чөнтөгүнөн кол аарчы алып чыгып сунуп,стюардессага барып,бир стакан суу алып келип берди.Алтынай суудае ичип,кичине эс ала түштү да,кайра баштады.
-Ордумдан турууга аракет жазадым.Денемдин баары ооруксунуп, алым жок болуп калыптыр.Аракет кылсам да тура албай койдум.Ошол жаткан жеримде көпкө ыйладым
Мен үчүн дүйнө астын-үстүн болуп кетти.Бир заматта ата-энемди,Байкемди, Эдилди,Берметти көз алдыма тартып алдым.Адамдардын мени колу менен көрсөтүп," Кордолгон кыз"деп айтып жаткандары кулагыма жаңырып жатты.Эдил.. ..Мен анын сүйүүктүү жары болмок эмес белем.Аруу,таптаза дүйнөм менен анын үйүнүн босогосун аттамак эмес белем...Эми ал мени таштап кетсе керек.Жоок.. .Ал мени сүйөт да,"Дайыма жаныңда болом"дебеди беле....Канчага жатканымды билбейм.Менин үнүм гана чыккан тынчтыкты телефонума келген чалуу бузуп жиберди.Ордуман зорго туруп,арыда жаткан кол сумкамды аңтарып баштадым.Карасам Эдил экен.Калтыраган колум менен кулагыма такадым.
-Алло,асылым. Үйдөсүңбү?
-Эдил,-деп үнүмдөгү коркунуч менен ызаны жашырууга аракет кылып
-Алтынай,сага эмне болду?Жайчылыкпы, жаным?
-Эдил,мен..... мени....-деп аягына чыкпай кайра ыйлап кирдим.
-Ыйлабачы,айтчы? Эмне болду сага?Кимдир бирөө капа кылдыбы?Каяктасың?
-Мен...мен билбейм кайда экенимди
-Кандайча билбейсиң?Алтынай. ...?
-Эмил,мени... .мени...эки бала....үйгө келе атсам
Эдил көпкө унчукпай турду.Кайра бир маалда
-Алтынай,жаным менин,азыр турган жериңди карачы?Эмнелер бар?,-деп сурады.
Көзүмдүн жашын аарчып айланамды карасам бак-дарактар көп экен.Алыс жактан машиналардын өткөнү угулуп жатты.
-Эдил,мен билбейм кайда экенимди.Айланамда бак дарактар...Башка эч нерсе көрбөй жатам
-Алтынай,эки жака басып карачы.Мен баратам сенин үй жагыңа.Телефонду койбо.Ордуман жылып,оң жакты көздөй бастым.Жагымсыз буруксуган жыт мурдума жыттанып жатты.Кичине эле шырт этсе чочуп кетип,эки жагымды алаңдаган көзүм менен карап жаттым.
-Алтынай,кайда экениңди билдиңби?,-деген Эдилдин сөзүнөн чочуп кеттим.
-Жок,мага тааныш эмес жерлер экен.
-Бирөө жарым көрүнбөйбү?
-Жок.
-Коркпо,мен барам азыр жаныңа,мен табам сени...Эдилдин бул сөздөрүн угаар замат көзүмө жаш келип,кайра ыйлап баштадым.
-Ыйлабачы,суранам сенден.
Алыстан шарактаган поезддин дабышы угулгансыды. Улам жакындап келе жатканын андап турдум.
-Эдил,мен темир жол жакта окшойм.Азыр. .,-деп поезддин дабышы чыккан жака чуркадым.Ошол үн мени куткарчудай болдум.Темир жол вокзалын көргөндө сүйүнүп кеттим.Анткени бул мен жашаган үйгө жакын жер болчу.
-Эдил,мен чын эле темир жолдун вокзалында экенмин.Суранам, тезирээк алып кетчи.Айланада эч ким...деген жерге келгенде поездин кыйкырыгынан чочуп кеттим.
-Мен жетип калдым.Бир жерде туруп тур.Коркпо,- деп Эдил телефонду коюп койду.Далдоо жерге туруп,Эдилди күтө баштадым.Саатымды карасам 21:34 болуптур.Эки саат мурун жакшынакай үйгө бараткам,бул дүйнөдөгү бактылуу кыз элем,ата-энемдин жүзү эле,а азырчы...?Ушул нерсени эстегенде,көзүм кайра жашка толду.Ошол учурда Эдилдин "Алтынай" деген үнүн угуп калдым.Вокзалдын алды жагын карасам,Эдил мени издеп жатыптыр.Жашоомдогу кымбат адамымды көргөнүмө сүйүнүп кетип,жашынып турган жеримен чыгып,чуркайм деп жатып,жерде турган бир нерсеге чалынып кеттим.Ансыз да алсыз турган жаным,көтөрүлүп барып,көмкөрөмөн жыгылып түштүм.
-Алтынааай.. ..,-деп Эдил чуркап келе калды-Абайласаң боло.Акырын, -деп мени өйдө кылды.Аны көргөнүмө кубанып,моюнуна асыла кучактаган бойдон ыйлап жибердим.Анын мага тааныш,ымыркайдын жытына окшош жыты,жылуу кучагына жылынып турдум.
-Болду,ыйлабачы. Жүрү үйгө жеткирем.Баса аласыңбы?-,деди жаштарымды аарчып."Билбейм" деп башымды чайкадым.Акырын аракет кылып,алдыга кадам таштасам бутум шилтенбейт, аябай ачышып ооруду.Эдил шап колуна көтөрүп,машинаны көздөй жөнөдү.Мен айдоочунун жанындагы жанындагы орундукка отургузду да,өзү машинаны айланып келип,рулга отуруп,үйгө айдап жөнөдү.Үйгө чейин үнсүз келдик.Эдил жолду караган бойдон мен жакты бир карап койбоду.Анын көз карашынан эмнени ойлоп келе жаткан биле албаганым,анын үнсүздүгү мени ого бетер анын алдында басынтып турду.Үйдүн алдына келип токтоткондон кийин да унчукпай турдук.Бул жымжырттык оюну мени кыйнап жиберди да,өзүм сөз баштадым.
-Сен болду ушул бойдон келбейсиңби? ,-дедим калтыраган үнүм менен.
-.........Эдил маңдайын караган бойдон үнсүз.
-Мен атайын кылган жокмун го...Мен сабактан келе жаткам....анан. ..Аягына чыга албадым сөзүмдү.Ыйлап кирдим.Эдил жини менен эки үч жолу машинанын рулун койгулап жиберди.Башын мыкчып кечке турду,а мен болсо ыйлаганымды токтоткон жокмун.Мындан ары экөөбүздүн жолубуз бир эмес экен деп ойлодум.Ага менден аруу,таза кызды ыраа көруп турдум.Эшикти ачып:
-Кош.Бактылуу болушуңду каалайм,-деп эптеп айттым да,ооруган бутум менен сылтып,үй жака бастым.Подьездин эшигине аз калганымда, Эдил аркаман келип кучактаа калды.Ошол учурда экөөбүз тең ыйлап жаттык.Эхх.. .анын кучагы ушунчалык ысык жана түбөлүккө меники болуучу эле.Бирок,ага кордолгон кыздын кереги эмне.Сүйгөн адамың үчүн баардык жакшы нерселерди каалайт экенбиз да.Мен өзүмдү ага ыраа көрбөй турдум.Акырын колун бошотуп,артымды карабастан, үйгө кирип кеттим.Эдил токтотподу. Кабаттардан араң көтөрүлүп,үйдүн эшигин ачып эле жерге куладым." Эмне үчүн?Кайсы кылганым үчүн?"деп кыйкырып ыйлаган үнүмдү эч ким уккан жок.Канча жаттым билбейм,бир маалда ордуман туруп,ваннага кирип,өзүмдөгү калган нерсенин баарын тазалагым келди.Аттиң. ..ошол таза,жылуу суу баардык аруу таза дүйнөмдү кайтарып берип койсо гана....Төшөгүмө келип жатып эле көзүм илинип кетиптир.Түшүмдө эки караан аркаман кубалап келе жатат.Алдыда атам менен апам турат,колумду сунсам,жетпейм. Бирок,негедир алар сунбайт.Муңайыңкы көздөрү менен мени карап коюп турушат." Атаааа,апаа. .."деп кыйкырып жаткан жеримен ойгонуп кеттим.Жаздыгым сууланышып, аябай тердеп чыгыптырмын. Жүрөгүмдүн кагышы ылдамдап дүкүлдөйт.Саатты карсам,түнкү 3төн 18 мүнөт өтүптүр.Кызык, апамдардан бир да чалуу болбоптур.Көлгө туугандардын тоюна кеткенден бери "жеттик" деп чалган,ошол бойдон чала ала элек.Атамдын номерин терип барып,кайра "уктап жатышса керек,эртең менен чалам"деп, туруп барып суу ичтим да,кайра келип жаттым.Бирок, негедир бул жолу көпкө уктай албай жаттым.Керебетимди башында коюлган текчеден Эдил экөөбүздүн сүрөтүбүздү көпкө тиктеп жаттым."Мени сүйсө,баарына көз жумуп кайыл болоор беле?Сүйүүсү меникинен да алсыз турбайбы демек.Мен аны сүйгөнүм үчүн аруу таза кызды ага ыраа көрүп жатсам,ал менин артымдан келбеди го?Жоок,жаңыласың, ал сени издеп келди,үйгө алып келди,кетээриңде артыңдан кучактап кетиргиси келбеди....Жок, мен эми анын жашоосуна кийлигишпейм" деп сүйлөнүп атып уктап кетипмин.Телефонумдун тыным албай чырылдап жатканынан ойгонуп кеттим.Саатты карасам,эртең мененки 7:04 болуптур.
-Алло,угуп жатам.
-Алло.Саламасыздарбы, Бекова Алтынайсыздарбы?
-Ооба,менмин. Ким менен сүйлөшүп жатам?
-Биз 4-ооруканадан чалып жатабыз.Мен башкы врачмын.Бүгүн таңкы алтыларда бизге ооруканага сиздин атаңыз менен апаңызды оор ахыбалда алып келишти.Азыр ооруканага тезинен келе аласызбы?,-деген врачтын сөзүнөн көздөрүм тумандап кетти.
-Апа..ата..Барам азыр,-деп телефонду коюп,кийимдеримди шашып кийине,эшикке чуркадым.Жолдон таксиге түшүп,ооруканага кетип бара жаткан маалда курбум Бермет чалып калды.
-Алло,Алтыш кандайсың?
-Бема,мен көпкө сүйлөшө албайм.Апам менен атам авария болуптур.4-ооруканага баратам,-деп ыйлап жибердим.
-Алтыным,ыйлаба. Мына азыр биз дагы барабыз.Ыйлабачы. Баары жакшы болот.
Ооруканага жетип жете бербей,таксиге акчамдын берип эле,оорукананы көздөй чуркадым.Ичине кирип эле,биринчи учураган мед айымдан эле сурадым.
-Кечиресиз,бүгүн сиздерге эки адамды алып келген экен,оор ахыбалды...
-Чоң кыз,бизге толтура оорулу түшөт.Кайсынысын айтып атканыңызды кайдан билем.
-Фамилиялары Беков Амантур менен Бекова Гүлмира,-деп жибердим шашып.
-Жүрүңүз,тигил медайымдардан сурайлы деди.Кандайдыр бир кагаздарды карап жаткан медайымдардын жанына келип:
-Бүгүн канча оорулуу түштү?
-Беш адам түшкөн,үчөө оор абалда жатат.Сиз кимди издеп жүрөсүз?-деп мага кайрылды.
-Беков Амантур менен Бекова Гүлмира,-дегичекти эле,артыман:
-Алтынай,сизби? -деди
Артымды карасам атам куракттуу,ак халат кийген,чачтарын бир аз буурул баскан врач карап туруптур.
-Ооба менмин.Менин апам менен атам кайда?Мен көрсөм болобу?,-деп жалдырап жибердим.
-Мен Керим Бактыбекович. Алтынай,сабыр кылыңыз,биз болгон аракетибизди кылдык,тилекке каршы апаңызды куткара албадык.Үч кабыргасы сынып,жүрөгүн кысып калган,жана жүлүнгө доо кетип,көп кан кетип калыптыр." Апаңызды куткара албадык"деген сөз кулагыма жаңырып,маңдайымда турган врач көз алдымда кулап баратты.Көрсө, ал кулабай эле мен эсимди жоготуп атыптырмын. Бир аздан кийин эсиме келсем,Берметтин апасы колумду кармап ыйлап отуруптур.Нарыда Бема менен атасы врач менен бир нерселерди сүйлөшүп жатышат.
-Апам,апа...мен апама барам.Апакеме алып баргыла,-деп ордума тууруга аракет кылдым.
-Айланайын,кызым. Акырын.Тагдыр деген ушул экен.Жакшы адамдарды эрте алат тура.Атаңды кыйнабачы,каралдым, -деп аяш апам Чолпон,кучактай калды.
-Аяш апа,апам бизди таштап кетип калды.Эми биз кантебиз,алтындай апам жок,анын башка жанда жок мээримисиз кантип жашайбыз.Эмнеге, аяш апа,эмнеге бул кырсык болду,-деп ыйлай бердим.Аяш атам Алмаз кучактап,чекемен өөп
-Кызым,садагасы болоюн."Кырсык каш кабактын ортосунда" деген чын тура.Антип өзүңдү кыйнабачы.Атаңды аячы,садага болоюн.
-Атам,атам кайда?
Врач менин кан басымымды текшерди да
-Жүрүңүз бул жака.Атаңызды сизди күтүп атат,-деп мени колтуктап,жандандыруу бөлүмүнө алып келди.Толтура медициналык аспаптардарга кошулуп,ортодо керебетте атам жатыптыр.Мен дайыма күчтүү,эрктүү, сүрдүү көрүп жүргөн атамды мындай алсыз абалда көрүү мен үчүн оор болду.Мени менен кошо кирип келе жаткан аяш атамдарды врач токтотуп койду.
-Көп кыйнабаңыз, Алтынай.Азыр дем алуу органдары жакшы калыптана элек,-деп чыгып кетти врач.
Акырын атамдын жанына келип,тизелеп отура калып,колун кармадым.Колдорунун ар бир манжаларын өпкүлөп жаттым.Эми атам менен байкемден өтөөр кымбат адамдарым жок эле.Атам менин кыймылымдан акырын көздөрүн ачып,билинээр билинбес жылмайып койду.
-Ата,сиз жакшы болуп кетесиз!" Көп сүйлөбөсүн" деди сизди врач
-Алтынайым,мени коё туруп апаңа барчы,-деди атам араң дем алып.Ушул сөз ого бетер талуу жерге тийип,көзүмөн мончок жаштар агып кетти.Атамдын колун кучактаган бойдон,көздөрүн карай албай,жерди карап,ыйлай бердим.
-Алтынай....апаңды жакшы кара,кызым.Сөзүн ук...,-деп,колун өйдө көтөрүп,менин чачтарымды алсыз колдору менен сылады.
-Ата,антип айтпаңызчы, суранам....Апам. ..апам бизди таштап кетти....деген бойдон буркурап,атамдын көкүрөгүнө куладым.Өпкө өпкөмө тийбей ыйлап жаткан менин аркамада турган атамдын колдору улам бошоп баратты.Башымды көтөрүп карасам,көздөрүнөн жаштар тоголонуп,атам ыйлап жатыптыр.Дем алуусу басаңдап,кыйын болуп баштаганын көрүп,"Атаа. .."деп кыйкырып жибердим.Эшиктен чуркап кирип келген врач атамды карап,аппараттардын улам бирин текшерип,медайым болсо ийне сайып кирди.Аяш атам келип мени кучактап сыртка чыгарууга аракет кылды.
-Ата,атаке сен мени таштап кетпечи,суранамын сенден.Доктур, атамды сактап калынызчы,атама жардам кылгылачы.Ата, мени таштаба,эрке кызыңды таштап кетпе.Мен силерсиз кантип күнүм өтөт,-деп менин кыйкырып,ыйлаганыма болбой,аяш атамдар сыртка чыгарып кетти.Бир аяш апам,бир аяш атам,бир Бема келип мени сооротушат. Атам жаткан жандандыруу бөлүмүнүн эшиги жабылган бойдон,эч ким кирип чыга элек."Оо,Кудайым, атамды алып калчы.Суранамын сенден.Кымбат адамдарымдан мени айрылтпачы. Өткөн кечтеги жазаам эле жетиштүү эле го.Эки бутту айбандарга кор болгонум эле жетиштүү болду эле го.Кайсы күнөөм үчүн бул сыноону берип жатасың.Ырайымдуум, сен боорукерсиң го,атама жардам бер.Атамды алып калчы.Али неберелеринин жытын искей элек го.Апам көрбөгөндү атам көрсүнчү.Жардам берчи!" деп ичимен жалынып жаттым.Эшик ачылып,врач чыкканда баарыбыз тура калдык.Биринчи эле мен жетип бардым.
-Атама кирсем болобу?Жакшы болуп калды да э?-деген менин суроомо,ал башын жерге салып,чайкады. "Атаа,атаке. ..сен да мени таштап койдуңбу?Оо, кудайым ай,эң кымбат асыл адамдарымды неге менден алып кеттиң?Кайсы жазыгым үчүн?",-деп жерге отуруп алып,ыйлай бердим.
-Сабыр кылыңыз...
-Алтыш,сабыр кылчы.Өзүңдү кыйнабачы.
-Кызым,өйдө болчу.Тура гой.Байкеңди ойло..деген үндөрдүн бирин уксам,бирин укпайм,көз алдымда жер астын-үстүн болуп,күйүп турган жарык,үлбүлдөп барып,караңгыга айланды.
Көзүмдү ачсам,өз бөлмөмдө жатыптырмын. Бөлмө ичи караңгы экен.Ордумдан тура калсам,башым тегеренип,темтеңдеп барып,өзүмдү кармап калдым.Бүт денем талыкшып оорлошуп калыптыр.Жарыкты күйгүзүп,эшикти ачып аялдардын ыйлаган үндөрү,эркектердин бакылдап сүйлөп жаткандарын тыңшап туруп калдым.
-Уулуна кабар бердиңерби?
-Ооба."Таятаң ооруп жатат"дедик.
-Кайрандар,жакшы адамдар эле.Бир заматтын ичинде эле,кырсык баспадыбы.
-Камаздын айдоочусу мас тура.Ичиндеги бирөөсү ошол жерден эле мүрт болуптур.
Ашканадан чыккан Бема мени көрүп калып,жаныма келди.
-Курсагың ачтыбы,жүрү тамак берем сага
-Жок,тамакка табитим жок.Садыр байкемдер качан келет экен?
-Учакка отурушуптур. Таңга жуук келип калышат.
-Үйдө кимдер бар?Эмне кылып атасыңар?
-Атам апам,аяш аталар бар.Садыр байкени күтүп атышат.
Беманын мени жалооруй карап турган көздөрүн көрүп эрээркеп кеттим.Кучактай калдым.
-Эми кантип күнүм өтөт?Кантип жашайм?
-Антип айтпачы,Алтыш. Садыр байке бар,жеңең бар.Мен бармын,Эдил бар.Жакшы адамдар эрте кетет экен да көрсө.Алардын да тигил дүйнөгө кереги бар экен.Болду,кел жашыңды аарчыйлы,-деп чөнтөгүнөн жүз аарчы алып чыгып,жаштарымды аарчыды.-Жүрү, кийимдериңди алмаштырчы. Сардар байке келсе.Кантка кетебиз.Жылуу кийин,суук тийип калбасын,-деп бөлмөмө алып кирди.
Таңга жуук Сардар байкем менен жеңем келди.Үйгө кирип келип эле экөөбүз кучакташып көпкө ыйладык.Эми менин атам да,апам да байкем болуп калган эле.Андан кийинки күндөрдү көп элес ала албай калдым.Апам менен атамдын жоктугуна бирде ишенип,бирде ишенбей,көп учурда өзүмдү жоготуп коюп жаттым.Ыйлап жаткан таенем менен таятамды көрүү жаман экен.Эч качан балдарын жоктоп,алардын өлгөн күндөрүнө туш болушун каалабайт элем.
"Өлбөгөн жанга жаз да келет"дегендей, атам менен апамды акыркы сапарга узаткандан бери бат эле убакыт өтуп кетти.Кырк күндүгүн бергенден кийин Сардар байкем жумушуна кетүүгө камынып баштады.Өзү менен кошо мени да алып кетүүнү каалады.Мен макул болбой койдум.Атам, апам болуп бактылуу жашаган үйдү жалгызсыратып калтыргым келбеди.Сардар байкем менен жеңем кеткенден кийин,бир ай Кантта чоң атамдардын, сөөк чыккан үйдө болуп,шаарга кайттым.Үйдү ачып кирип,ушундай муздактыктты сездим.Көрсө ата-эне үйдүн куту болот турбайбы.

Комментарии