Комментарии
- Рахат ИсаковаКомментарий удалён.
- Рахат ИсаковаКомментарий удалён.
- Рахат ИсаковаКомментарий удалён.
- Рахат ИсаковаКомментарий удалён.
- Рахат ИсаковаКомментарий удалён.
- Рахат ИсаковаКомментарий удалён.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
кыргыз китептери
:Мээрим Акматова(замужем)
Зынданга тушкон кыздар 2- бет
Асел Абудан биротоло айрылганын ойлоп, бук тушуп жыгылган бойдон жан дуйносу сары санаага боёлгондой жата берди.Ошол бойдон эртеси тушко маал туруп, сырттан бир аз озок жалгап, ары бери откон элдерди карап олтурду.Анан ары бери басып номерине которулуп, коридор менен басып баратып, уккан кулагына ишенбеди.Тушундагы номерден бироо кыргызча ырдап жатыптыр. Кубанганынан журогу жарылып кете жаздады.Эшикти каттуу каккылаганын озу да сезбеди.Ичкериден жашы отуз бещтер чамасы киши корунду.
-Сиз кыргызсызбы? Ырдап жаткан ким?
-Ооба, озум кыргызмын.бирок мен ырдаган жокмун, магнитафон угуп отурамын.
-Ичкериге кирсем каршы болбойсузбу?
-Жок, кире бергиле.
-Чын эле кыргызсызбы? Кыргызстандан келдинизби?
-Ооба.
Асел бейтааныш кишинин мойнунан кучактап, бир нерседен коркуп апасын коргон жаш балача эчкирип ыйлап жиберди.Копко барып жашын суртуп, тиги кишиден кечирим сурап, орундука отурду.
Экоо аркы-беркини, жердигин, тааныш билишин сурашкандан кийин таанышып алышты.
-Атым Нурлан, эки жылдан бери кор оокаттын айынан ушул олкого каттайм.
-Менин атым Асел.Торт жылдан бери ушул шаарды тегеректеп журом. Он жети жашымда келгенмин.Жашырганда эмне, алдап алып келишип, сатып жиберишкен. Ошондон бери колдон колго отуп, ар кандай курактагы арабдардын тошогун жылытып журом.Жакында гана оз кунумду озум толоп биротоло башым бошоп кутулдум.
Нурлан баштыгынан колбаса, нан жана кереги тийет деп салып койгон арагын алып чыкты.
-Ушуну жакшы кылдыныз байке, куюнузчу аябай ичким келип турат.
Экоо жуздон ичкенден кийин Аселдин бир аз маанайы которулуп, Нурланды таянган бийик тоосундай сезип кетти.
-Эми,-деди Нурлан.Сен мени алып кет деп жатасын.Эгер каршы болбосон мага бул жерге кандай келип калганын, бут баарын жашырбай айтып бер. Ансыз деле алдыда убакыт коп
sasik
10 Ноябрь 2015 - 22:07
-Макул болот, байке.
-Анда баштай бер, эки кулагым сенде.
-Оз башымдан откоргонумду биринчи жолу сизге айтып жатам.Бир гана суранаарым мени туура тушунсонуз экен.
-Анда мен он жети жашта болчумун.Менден улуу торт эжем бар. Ата-энем айылда оздору калып , , биз бири-бирибизди ээрчип келип шаарда соода кылып калдык.Улуу эжем экообуз Казакстандан товар ташыйт элек.Башында жумушубуз жакшы эле болуп жаткан.Эки эжем биз алып келгендерди бат эле соодалашып, жума сайын Алматыга каттап журдук.Кырсык айттырбай келет экен.Болгон акчанын баарын топтоп, Алматыга келгенибизде бизди бир казак алдап койду.Эжем экообуз ботодой боздоп кала бердик.Анда мен музыкалык окуу жайдын бий болумун аяктап калган элем.Кайра Бишкеке келгенибизде эки эжем, жездем жаман акыбалда калышты.Аларды карап отуруунун озу аянычтуу эле.Акыры болоор иш болуп, колдо бар оокатты жыйнап, алар соодасын уланта беришти.Биздин абалыбызды тушунгондор акчадан карыздап, кол кабыш да кылышты.Баарынан да мага кыйын болду. Эжелеримден акча сурагандан тартынып калдым.Ошондой кундордун биринде баратсам бир жигит колума кагаз карматты.Азыр да эсимде, Цумдун мандайында болчу.Окусам《 Сулуу кыздар бийге чакырылат.Айлык акысы ото жогору》деген мааниде орусча жазылыптыр. Коктон тилегеним жерден табылып, оюмда жамандык жок ошол замат корсотулгон дарек боюнча издеп бардым.
Бетине эрте тырыш кирсе да жузун ашкере упалап, ырайынан нуру кеткен, бирок кичине чырайы бар орто жаштагы аял мени ордунан туруп кабыл алды.
-Биздин жумуш негизинен Казакстанда, -деди аял,-Кафе, ресторандарда бийлоо учун топтоп жатабыз.Уч ай даярдыктан отосунор.Ал учун да айлык толоп беребиз.Кийин иштей баштаганынарда уч жуз доллардан кемибейт.
-Казакстанга качан алып кетесинер?
-Кааласан бугун алып кетишет.Биздин балдар ай сайын каттап турушат.
-Эч кандай документ керек эмеспи?
-Эмне учун керек эмес, паспортун барбы?
-Жок.
-Метирканчы?
-Бар.
-Ошону алып келсен. , паспортту озубуз алып беребиз.
-Анда мен качан келейин?
-Шашылгыла аз кундо кабыл алуу аяктайт.
Мен чуркаган бойдон уйго келип, метиркамды алдым да, , кайра артыма жонодум.Кичине эле кечиксем кудум кабыл албай коё тургандай шашканымды кантейин. Бутум бутума тийбей жетип келдим.Менден башка дагы эки кыз туруптур.Баягы аял мени коруп кубанып эле кетти.
sasik
10 Ноябрь 2015 - 23:31
-Сенин келгенин жакшы болду. Учоон бир машинада жонойсунор. Азырынча жолунарга уч минден аванс беребиз.Бекер тамак аш менен камсыз болосунар.
Машина келгиче уч кыз бири-бирибиз менен таанышып алдык.Экоо тен менден улуу экен.Биринин аты жанылбасам Алина, экинчиси Нина болчу.Учообуз да оюбузда эч нерсе жок ошол замат уч минден алып компоюп турдук. Коп куттурбой машина да келди.Алматыга келе жатып, козум илинип уктап кеткен экенмин аябай жаман туш корупмун.Кокусунан эле бир чункурга тушуп кетип эч бир чыга албайм. Ырайы суук, тири укмуш нерселер бутумдан тартат.Ойгонуп коргон тушумо маани бербей келе бердим. Учообуз тен азапка тушуп, торго чалынганыбызды ошол куну сездик.
Бизди туз эле бийик дарбазалуу бир уйго алып келди.Машинанын сигналын басканда дарбаза озу ачылып, шофер ичкериге айдады.
-Жетип келдик,-деди жол катары бир ооз соз суйлобогон шофер.
-Эми бийлеп акча таба бересинер.
Дароо эле уйдо жарым жартылай кийинген бир аял чуркап чыгып, биз менен саламдашканда оозунан арак бур дей тушту.Анда деле маани бербей баштыктарыбызды которуп ошол аялды ээрчидик.Уй уч кабатту экен.Биз коридор менен басып бараттык.Орто ченине келгенде тиги аял токтоп ,мында киргиле деп бир болмонун эшигин ачты.Болмо кенен жана жакшы жасалгаланган экен.
-Менин атым Рая, силеп ушул жерде жашайсынар. Ваннасы, туалети ичинде.Азыр тамак алып келишет.Кааласанар телевизор коргуло.Видеосу да бар, кассеталар толтура.Эн негизгиси озунорду эркин сезгиле.Силер учун баардык шартты тузуп беребиз.
Ошол куну жакшы тамактанып, видео коруп, бейкапар отурдук.Ангыча кеч кирип коз байланган кезде менин сыртка чыгып, кайда келгенибизди билгим келди.Коридорго чыгып, бир аз басканда кошуна болмодон кыншылаган аялдын уну чыгып жатыптыр. Ал кезде мен эмнени билмек элем, секелек бала бойдон болсом, ооруп жатса керек деген ойдо эшикти ачтым.Алгач эмне болуп жатканын тушунбой анырайып туруп, анан баамым жетти.Килейген киши жаш кыз менен тошок устундо экен.Эшикти байкатпай жапканымды озум да билбейм. Тепкичтен тушуп баратып, ар бир эшиктен ошондой кыншылаган ундор, , каткырган кулкулор чыкканын угуп чуркаган бойдон келип кыздарга айттым. Алар мага ишенишпей оздору чыгып кубо болуп келгенден кийин Алина-Биз соо жерге келген жокпуз, алдандык-деп чый-пыйы чыкты.Кандай болбосун качып кетууну ойлодук. Терезеге келип карасак короонун бут тарабы бийик дубал менен тосулган.Андан биз ашып ото албайбыз.Дарбазаны занкайган эки жигит кайтарып турат.Такыр айлабыз кетип, коркконубуздан жан алгыч азыр эле келип мойсоп койчудай калтырак басып ыйлай баштадык.
-Токтогула,- деди Нина,-ыйлаган менен пайда жок.Азыр сыртка чыгып бош болмолорду карап телефон издейли да милицияга чалалы.
Бул сунушту биз да туура коруп, сытка чыктык.Мени тан калтырганы бир да болмого кулпу салынбаптыр. Ичинен да сыртынан да бекитилбейт. Ошондуктан болмолорду ачып жатып, ар турдуу корунушторго туш келип жаттык.Бирок бир да болмодо телефон жок экенин билгенден кийин умутубуз узулуп, , кайра ордубузга келдик.Ангыча эшик кагып эки кыз кирип келди.Экоо тен казак экен.Биздин жайыбызды уккандан кийин:
-Бул жерден качып кете албайсынар. Эки жылдан бери ушул жерде сойку болуп иштейбиз. Эч ким качып кеткен эмес.Кыргызстандан, Озбекстандан кыздар толтура.Биздин оюбузча силерди бул жерде кармабайт.Бир айдай даярдыктан отуп анан иштейсинер.
-Кандайча даярдык?
-Учоонордун тен боюнар узун, сулуу экенсинер, сойкулук онорлорун уйротушот.
-Ал эмнеси?
-Барганда коросунор, жыланач бийлоо, тошокто кандайча жатуу, ушул сыяктуулар.
-Эгер биз каршы болсокчу
-Баары бир уйротушот
-Деги айткылачы, булар кимдер?
-Башында ким турганын билбейбиз.Бул жер сойкукана.Клиенттер телефон аркылуу келишет.
-Силерди да зордоп мажбурлаштыбы?
-Жок, биз оз ыктыярыбыз менен иштейбиз. Кааласак кетип калабыз.Биздин силерге кенешибиз каршылык корсотпой иштей бергиле. Акчаны жакшы толоп беришет. Эркек менен жаткандан эч ким олгон эмес.Бир жылдай иштеп кете бересинер.Эгер караманча каршылык корсотсонор иш чатагына айланышы мумкун.
-Кандайча?
-Керек болсо олтуруп коюшат.
Казак кыздар кеткенден кийин ар кимибиз озубуз менен озубуз болуп, терен санаада мункуроп турдук.
Бир топтон кийин Рая кечки тамакты алып келип, ортого Бир вино койду.
-Азыр кожоюн менен таанышасынар. Силер жонундо баарын уктум. Бишкектен алдашкан экен.Бирок, кожоюнга оз каалосу менен деп айтышкан.Мен болгону бул жерде кызматчымын. Силер да бироонун перзентисинер. Эне катары аяп да турам.Башында коркунучтуу болгон менен кийин конуп кетесинер.Силер буга чейин эркектер менен болгонсунарбы?
-Жок,-деп бир ооздон жооп бердик.
Ошол учурда узун бойлуу, жашы отуз бештер чамасындагы кара костюм кийген киши кирди.Рая анын кареги менен тен айланчудай болуп, чебелектеп олтура турган ордун да суртуп койду.
-Кыздар таанышып алгыла, биздин кожоюнубуз.
-Султан,-деди тиги киши жылмайып.Биз ар кимибиз оз атыюызды айттык.
-Сулуу кыздар экен, -деди кожоюн.-Ото адеми.Силерге бул жерде эч ким тийбейт.Баардык жагынан коргоого алабыз.Тапкан акчанарды уйунорго озунор жонотуп турсанар да болот.Бул кыздарды,-деди Раяга карап,-Эртен《Эдемге》жеткиргиле. Ал жер аябай жакшы. Клиенттер да маданиятту.
sasik
13 Ноябрь 2015 - 15:27
Ал биз менен коштошуп, сыртка чыкканда Рая узатып келди да
-Кожоюн силердин коркуп отурганынарды сезип, эч нерседен чочубасын деди.
Ошол куну туну бою журогум сыгылып, тун жарымына чейин уйкум келбеди.Нина менен Алина бирден ыйлап да алышты.Эртеси туш ченде жанчылгандай болуп уйкудан ойгондум.Кыздар дагы эле уктап жатат.Кузгуго корунуп, бир кундо ондон азып кеткенимди байкадым.Кокурогумдо бир нерсе тургандай конулум ачылбай буулуга бердим. Кыздар да мен сыяктуу ойгонушуп, оор ушкуруп жатышты.Учообуз тен тунгуюктан чыгуунун жолдорун издегенибиз менен эч бир жол таппадык.
-Кыздар,-деди Нина,-Азыр биз буларга нааразы болгондой тур корсотпойлу. Кылдат андып туруп ынгайы келгенде качып кетебиз.
Анын бул акылын баарыбыз туура кордук. Баарыбызда кайрадан умут оту жанып, арыдан бери жуунуп, Раянын келишин кутуп калдык.
-Баштыгынарды алгыла,-деди ал,-Эрте мененки тамакты ошояктан ичесинер.Сыртта машина кутуп турат.
Биз учообуз арткы орундука, Рая алдына отуруп жоноп калдык.Бара турган жерибиз алыс эмес экен.Дароо эле жетип келдик. Бул жерде да бут айланасы темирден тосулган жасалгалуу имарат турат.Сыртындагы жазууга караганда казино, кафе, ресторан бар окшойт. Бул жердин бизге жаккан жери дарбазасы ачык, эч ким кайтарбайт экен.Машина уйдун арт жагына токтоп, тушкондон кийин Рая бизди
Имараттан алыс эмес озунчо жайланышкан уйго ээрчитип жоноду.жоноду. Эшиктен кирип эле оозубуз ачылып туруп калдык.Жети сегиз кыз энеден туума бийлеп атыптыр. Аларга бир аял корсотмо берип турат.Рая бизди ошол аялга тапшырды.
Ал бизди бир сыйра баштан аяк карап чыгып
-Тамактангандан сон мага келгиле деди.
Рая бизди озунчо болмого жайлагандан кийин чай ичип жатканда
-Эгер жакшы бийлей турган болсонор акчаны самандай сапырасынар, -деди.
-Кантип эле,?
-Тиги кыздарды кордунорбу, ошолор кун сайын стриптиз бийлешет.Тиги аял даярдап жатпайбы.Азыр силерди да сындан откорот.
-Эгер сындан отпосокчу?
-Кайра алып кетемин.Менимче баарынар эле ушул жерде калат болушунар керек.
Биз ал аялдын алдына барганыбызда ар бирибизди айланып карап чыкты да, жыпжыланач чечинишибизди талап кылды.
Биз чечинип буткондон кийин Нинаны четке чыгарды.Андан кийин Алинаны да Нинанын жанына бар деп, Раяга
-Бул экоону алып кете бер, , жарабайт,-деди.
Анан мага карап
-Менин атым Роза, сеникичи?
-Асел.
-Абдан жакшы Асел, мурда бийлеген белен?
-Мындай абалда бийлеген эмесмин.
-Ал тушунуктуу дечи, деги эле бий жонундо тушунугун барбы?
-Бар, атайын окуу жайын аяктагам.
Ал мен учун женил болгон бир нече тапшырмаларды берди.
-Жакшы Асел, эн жакшы, мага жалан сен сыяктуу кыздарды алып келиш керек эле. Кайдагы бир кочугун которо албагандарды алып келишет.
-Эже, -дедим,-Эгер бийлесем сойку бол деп мажбурлашпайбы?
-Жок, мажбурлашпайт. Эч нерседен коркпо.
sasik
13 Ноябрь 2015 - 16:55
Ошондо гана ичимдеги уйгу-туйгу сезимдер жоголуп, конулум тына тушту.
-Бирок копчулук эркектердин алдында жарым жыланач бийлейсин.
-Ага мен макулмун.
Роза мени стриптизге бир айдан ашуун даярдады.Озу эмнелерди билсе баарын уйротту.Ал мурда Россияда, чет олколордо иштеп келген экен.
-Сен мени тушун,-деди ал.-Стриптиз бул сойкулук эмес -искусство. Болгондо да эркектерди чектен чыгарып, кумарланткан онор.Муну туура тушунуу керек.Бизге эми гана келип жатат.Дагы он жылдан кийин эч ким деле тан калбайт.
Роза экообуз аябай ынак болуп кеттик.Ал мага биз турган клуб мамлекеттик кызматта иштеген бир чондуку экенин, , жакшы иштеп акча жыйнагандан кийин оз алдынча, коз каранды болбой жашоонун жолдорун коп айтчу.Алгач баары жакшы болуп жатты.Мен дайыма Роза менен болуп, анын уйундо экообуз жашап жаттык. Кун сайын бийлеп,кээде тун жарымына чейин журуп калчубуз.Мага жакпаганы бийлеп жатканда мас эркектин акидей жабышып, чектен чыкканы эле.Бир тунго ушунча берем деген каттар жайнап кетчу.Кээ бири кармана албай акча чачып жиберчу.Ал эми кээ бири жан жеринди корсотуп бийле деп кыйкырышчу. Бара-бара баарына конуп да калдым.Эч нерсе укпагандай бийлеп бутуп кирип кетчумун.Жарым жыл иштеп бир топ акчаны уйго жонотууго улгурдум.Ошонума азыр деле ыраазымын. Иштеген жеримди эжелериме корсоткум келбеди.Жон гана базарда жолугушуп, , суйлошуп официантка болуп иштейм деп алдап журдум. Ошол кундору качып кетсем да болот эле.Бирок акчага азгырылып кетким келбеди.
-Асел,-деди Роза бир куну,-Мен учун бир кызмат корсотуп бере аласынбы?
-Колумдан келсе жан дилим менен.
-Сага аны айтууга да оозум барбайт.
-Айта бериниз.
-Асел бир чириген бай сенин колунду сурап жатат.Ал учун мага уй сатып бермекчи..Болгону ал менен бир ай курортто эс аласын.Ал эми мен сага уйдун учтон бир акчасын толоп берем.
Бул ото эле коп акча эле.Бишкектен бир эмес, эки уй сатып алууга болот.Бир аз ойлонуп туруп, Розаны карасам《макул дечи》дегендей мунайып туруптур.
-Макул дедим аргасыздан, -сиз учун макул.
Роза кубанганынан опкулоп жиберди.Мен ал кишини ар дайым бийлеп жатканда коруп журчумун.Эн четки коз орунда коз айнекчен олтурчу.Менден жашы бир топ улуу болсо да сымбаттуулугу жакты.Курортко баргандан сон
-Кыз белен?-деди ишин бутургондон кийин.
-Ооба.
-Анда неге айтпадын?
-Айтканда соо коймок белениз?
-Анда мага биротоло турмушка чык.
-Болбойт, мага бир ай гана деген.
-Канча жаштасын?
-Он жетиде.
-Жаш экенсин. Бир ай бою экообуз конулдуу эс алдык.Аны жакшы коруп да кеттим.Кайра Алматыга келгенибизде бир топ акча берип, , дагы жолугушуп турууну суранды.
Роза《омур бою энсеген максатыма сен жеткирдин》деп, кымбат баалуу кийимдерди жана убадалашкан акчаны ошол куну санап берди.Туугандарын чакырып, чон той откоруп, андан ары экообуз ошол уйдо жашап калдык.
Баары жакшы эле болуп жатты.Ошондой кундордун биринде болгон акчанын баарын топтоп,《 бек катып тургула, жакында барып озум иштетем》деп кат жазып , ишеничтуу адамдан эжемдерге берип жибергени базарга келе жатканмын.Капыстан эле машина токтоп, эки жигит тушуп ун-созсуз суйроп жоношту.Эмне болгонун тушунбой машинага тушкондон кийин《Эй кимсинер, коё бергиле болбосо арызданам》дегенимди билем, ошол бойдон карангы жерде ойгондум.Колу- бутум танылуу.Тилим катып кыймылдабайт. Кыйкырайын десем унум чыкпайт.Канчадан бери жатканымды билбейм. Бут денем жанчылгандай оор.Акыры эшик ачылып, босогодон уч жигит корунду.Колу- бутумду чечип, соз жок эле сыртка суйроп жоношту.Жепирейген бир тамга киргенибизде кебетелери келишкен, ырайы суук эки жигит туруптур.
Ошол кунду эч бир эстегим келбейт. Алты жигит туну-бою кезектешип, жасабаган жоруктарды жасашып, аесуз зордошту.Айткандарын жасабасам тумшуктан ары бир коюп оозу мурдумду кан жалатышты.Соо жерим калбаптыр, бут денем зыркырап ооруйт. Алымдын барынча дубалды кармап ойдо болдум да ар кайсы жерде чачылып жаткан кийимдеримди эптеп кийип, курткамдын жан чонтогу сыйпалап аз болсо да конулум тына тушту. Себеби акчаны ошол чонтогумо салып, сыдырмасын откозуп салган элем.Сыртка чыксам эч ким корунбойт. Жепирейген эле кароосуз калган там экен.Чыга бергенимде бурчта карта ойноп жаткан эки жигит тура калып жолумду торошту.《Кое бергиле》деп жалынып жалбарганыма карабай машинага салышып, , дагы бир уйго келишти.Ал жерде мени бир аял жуундуруп, озумду тартипке келтиришимди суранды.Андан кийин эч нерсеге табитим тартпай, тиги аял кыстагандыктан бир кесим нан менен озок жалгаган болдум.Бир аздан кийин башына чалма салынган эки киши кирди.Корсо арабдар экен.Алар башын ийкеп чыгып кеткенден кийин
-Эй,-деди орой суйлогон бир жигит,-Сен азыр биз айткандын баарын жасайсын.Эгер кынк эткен унунду уксам же ыйласан олтуруп коёмун.
-Бир гана суранычым бар,-дедим.
-Эмне?
-Мен иштеген жериме жолугушум керек.
-Болбойт,-деди орой,-сенин эмне каалаганынды билем.
Бекер айтыптырмын деп окунуп калдым.Тиги чыгып кеткенден кийин столдун устундо турган телефонду коруп суйунуп кеттим.Аялга《мен кичине уктап алайын》деп уктамыш болуп калдым.Бир аздан кийин аял мен жакты копко тиктеп, чыгып кеткендей болду.Шарт ордуман турдум да ишкананын номерин терип, бироо алыщын кутуп калдым.Ошол учурда сырттан дабыш чыккандай болду. Телефонду бироо которуп,《Алло》дегенде《мен Аселмин, тез жетип келгиле》деп трубканы койдум.
sasik
13 Ноябрь 2015 - 17:49
Кудай деген экенмин эч ким байкабай калды. Кайра ордума жатып уктап калган киши болдум. Арадан уч саат откондон кийин сыртта кишилер топурап, ызы-чуу тушуп калышты.Чуркап чыксам кожоюнубуз Султан кузотчу жигиттери менен милицияларды ээрчитип келип калыптыр. Кубанганымдан эчкирип ыйлап, анын кучагына озумду кантип таштаганымды билбей калыптырмын. Ал башында туруп, ошол топту бут камакка алдырды.Мен эки жумадай ооруканада жаттым.