Ажыдаардын ункуру 5-бет

Ак үйдөгү баш аламандык барган сайын кулачын жайып, ар ким өзбилгенинкылып, алдамчылыктын арааны кыскарбай эле кайра кулачын кенен жайыпбаратканы, Марат үчүн көнүмүш адатка айлангандай таасир берди. Күнү кур эмесакча агылыпчөнтөгүнө түшкөнү, кайран баланын бир кездеги таза ой максаттынайылынаналыстатып, "мен гана жашасам"- деген ач көздөрдүн арасынаакырындыкменен сүйрөп баратты. Азгырык бар жерде калыстыктын карааныалыстаганын ушунданулам билсек болот, бир кезде элди ойлогон Марат эмибашкалардай эле өз арбайынсогу менен алек болуп, сыйда кийинген уурулардынтабакташы болуп чыга келди."Курсагыток бала сүйкүмдүү" -демекчи, суу кенен жайылып, көркүнөчыккан беде чөптөй,Марат дагы баштагыдан кыйла ачылып, кийген кийми оңолуп,сөзү дагы чоң чыгып,кадыресе чоң кишилердей акыл айткан адат дагы таап алды.Айтмакчы "атабалага сынчы"-дегендей Токтоболот, алгач эле байкагануулунун ак жолдонадашканын. Андан дагы бала болуп туруп акыл айтканда, кайранТоктоболот тээ биркезде айткан Калыгул олуянын "атасынан баласы тапанчыгат, этеги жок жеңижок чапан чыгат"-деген сөзүн эстеп, уулунун жоругунаназары сынып, бөксөтоого чыгып, алыскы жайы кышы кар кетпеген, аскасы бийиктоолорго көз чаптырып" эми кайран тоолорду бул жаңы өсүп келе жаткантилди, каада салт, үрп адаттычанган манкурттар сатып жибербесеболду- "деп, кабагы салыңкы жер тиктепойго алаксып, бир топко турду.Ичтеги арманын айткысы келди, бирок кимге айтат.Өзү менен өзү сүйлөшүп, заманэмне болуп баратканына акылы жетпей илкий басып үйтарапка жөнөдү.Марат, эмнеге атасы нааразы болгонуна акылы жетпей, апасынакайрылды- Апа, атама эмне болгон, эч сөз айта электе эле жаш баладайтаарынып, басып кетти-деди эле, Сайнап идиши менен алек болуп жатып-Атаңэмнегедир эле акыркы күндөрү элдин жашоосун ойлоп, санаа тарткан адат таапалды. Андан дагы сенин берекелүү тапкан акчаңа сүйүнбөй элекайра өкүнөт"элдин ырыскысына кол салгандардын катарынтолуктады" -деп. Билбейм, дегиакыркы күндөрү такыр эле кабагы ачылбайкалды, бир билгени бар адамдай.Марат, учурданпайдаланып- Апа, азыр илгерки заман жок. Ал кезде элди орус башкарган . Азыр алдымжуттумдар , ач көз көз боёмчулар башкарып жатат . Мен эми иштешкендер менен тилтабышпасам кандай болот . Кыскасы , жакында үйлөнөм . Анан өзүмчө жашабасам ,атамдын жетегинде жүрсөм анда жашоо болбой калчудай . Марат дагы бир топ сөзайтат беле, кошуна келин келип калып , сөз үзүлүп калды .Сайнап , кечки тамакка олтурганда сөз кезегин келтирип Токтоболотко кепучугун чыгарды ,Марат жоктон пайдаланып -Абышка , тиги уулуң жакын арада үйлөнөм дегендей айтты го. Аз-аздандаярдана берсеккандай болот? Токтоболотко ушул эле сөз жетпей турган. Башынжерге салган тейде-Акчагаазгырылганы аз келгенсип балаң эми аял затына дагы көз агытыпкалган тура.Мейли, үйлөнсө үйлөнө берсин. Мен андан көптү үмүт кылдым эле.Кап, болбойкалды. Катын менен байлык кайда качат эле, эгер ал акча эмес, элдиалганда. Менбир кезде жаштыкка салып жолдон адашкан элем, эми балам дагы менинжолума түшкөнтура. Кийин өкүнөт. Азыр жаштык кылып жатат. Бир кездеКарабалтадагы Сабыр сынчыайтты эле "Ушул уулуңдан бир нерсе чыгат, эгеракча менен аялгаазгырылбаса" -деп. Болбой калды-деп, ичине каткан сырдынтүйүнүн ачып алды.Сайнап, айтылган сөзгө анча маани берген жок. Ага баласынынкөп акча тапканыолжо болуп,учуру келгенде-Абышка, деги сен эмне деп эле кайдагы сөздү айтыпжатасың. Азырилгеркидей сынчы дегенге ишенген -болбойт. Мезгилдин агымынажараша иш кылышкерек. Аны коюп балаңдын элге аралашканына сүйүнбөйсүңбү. Кимдинэле баласы акүйдө иштеп, акча таап жатыптыр. Керек болсо балаң машина алам деп,сенденуруксаат ала албай жүрөт. Ушундай да болосуңбу? Андан көрө уулуңаакылкеңешиңди айтып, биргелешип иш кылсаң боло! Токтоболот эч сөз укпаганкишидей, кош көңүл мамиле жасап, бир топко үнсүз олтуруп-Кемпир, сен эмненибилесиң. Аялдарга эмне,кооз кийим менен көр оокатболсо болду. Мени түйшөлткөнмаселе кыргыз элинин келечеги. Мен алдыда эмнекүтүп турат, көрүп-билип турупкантип өкүнбөйм! Балаңдын аял аларын эбак элебилгем. Ал экөөбүздүн ой-тилегибизтакыр бөлөк, эки башка. Ал азыр"акча" деген утурумдук азгырыктынжетегинде жүрөт. Кийин өкүнүп,бармагын тиштебесе мага кел. Айтты, койду дебе,азыркы бийликтегилер эле эмес,кийинки бийликке келе тургандар дагы элдижыргатып жибербейт. Эгер аман болсок,мен айткан сөз келгенде гана балаң экөөңөрмага түшүнөсүңөр. Азыр, силер канчаайткан менен өз көзүңөр менен көрмөйүн ишенбей,адашкан жолдо жүрөбересиңер- деп, сөзүнүн аягын чолок бүтүрүп, адатынча биржерди тиктеп,дагы ойго алдырып жиберди.
Алыскы Ала-тоонун башынанкүндүн нуру жерге тегиз чачкан кезде Токтоболот карыя сарай бузганы, он чактыадамдын трактордун тележкасына олтуруп бараткандарды көрүп, кабагы түнөрөтүштү. Кечиде уккан эле "Өрдөштөгү сарайды бузуп, бөлүп алганыжатышыптыр" деген сөздү . Ошол укканы эми чын экенини билип кадамын жайташтап, кетип бараткандардын карааны үзүлгөнчө карап туруп"Аттиң, эмиболбой калды, бүтүндү бүлдүргөн кантип болсун"-деп үнүн чыгарып кобураныпалды да, канча эмгек коротуп салынган сарайдын кыйрашын ниетинде каалабайтурду. Эл баштаган адамдын алдыны көрө билбегенине дагы бир жолу көзү жетип,мындан аркы жашоону көргүзү келбей, жашоонун кунары качканына көзү жетип, эртерээрекэле бул дүйнө менен кош айтышкысы келип кетти. Эч нерсеге көңүлү чаппай, дааратсындырып келип, бети колун сууга чайыды да, таңкы насипке олтурду. Самооргокайнаган чайдан ууртап, оозу бошогондо аялына кайрылды-Сайнап, жармакачыптырбы. Ачыса мага конистирге куюп берчи. Атты минип Сар-Жыгач тарапка барыпкелбесем болбой калды. Эмнегедир эле атам түшүмө кирип, такыр өзүмө келе албайжатам. Деги азыркы эл эмне болуп баратат. Тиги Өрдөштөгү сарайды бузганыкетишти. Өткөндө ал сарайды буздурбай сатып алсамбы деп, Орозбек кобурады эле.Тигилер көнбөй койсо керек. Бүтүн нерсени бүлүнтүп, эмне табышат. Ал сарайданэми эмненин алса болот. Ай, азыркы билермандарга түшүнүп болбойт. Элетөнүкмөйүн, эл өспөйт. Баары эле базарчы болуп, сатынып эле калышты. Ушулжашоону көрбөй кетсем болот эле. Эми мындан ары жашоо оңолбой эле кайра артынанкеткени калды-деп, чайдан ууртап, нанга кол сунду. Сайнап, жактырбаганын билгизип-Дегисен акыркы күндөрү эмне эле болуп баратсың. Эл көргөндү көрөбүз да. Ага башыңдыоорутуп не кыласың. Андан көрө кийинки аптада уулуң келет, ала турган кызынбизге тааныштырганы. Бул сөздү укканда Токтоболот карыя чочуп кетти. Колундагычыныны жерге коюп-Эмне дедиң!?-деп, үнүн өктөм чыгарып, көзүн алайта карап калды.Сайнап, эч нерсе болбогондой- Кечинде уулуң менен сүйлөштүм. Жакын арада үйлөнөмдегендей кылды. Алгач кыз менен бизди тааныштырып кетет, өңдөнөт. Эгер алатурган кызы бизге жакпай кала турган болсо, албайт имиш. Токтоболот таңкалганынан келме келтирип жиберди да,айта турган сөзүн таппай калды. Сайнаптынакыркы айткан сөздөрү кулагына кирбей, эми дагы эмне балээси башталды дегенсип,үнсүз бир топко олтуруп-Я, Сайнап, балаңдын башы ордунда эле бекен. Тиги акүйдө иштегендердин мээси такыр эле иштебей калганбы деп, ойлоп калдым. Я,айланайын, ала турган кызын ала электе үйгө ээрчитип келген салтта жок эмеспи.Андай иш тиги батыш элинин салтын кармаган шаардыктарга эле жарашпаса, эл эмнедеп айтат. Али ала элек кызын, тастаңдатып үйүнө ээрчитип келиптир дебейби! Алатурган кызы өзүнө жакса болду да. Азыр мага кыз эмес, алиги эл билермандар дагыжакпай турган учур. Деги заман кайда баратат. Аял ала турган киши дагы ушундайболобу! -деп, катуу кетип барып токтоду. Сайнап, абышкасынан мындай сөздү күткөнэмес, бирок, көп жыл бирге жашап, сырын беш колдой билген үчүн, ашыкча сөзсүйлөгөндөн алыс болуп, сунулган чыныга чай куюп берип-Абышка, азыр баягы сенэкөөбүздүн учур жок. Убакыт өткөн сайын баары эле жаңыланып жатпайбы. Билесиңби,өткөн жылы Сапарбайдын уулу деле ала турган кызын алгач апасына сынатыпкеткенин. Анын эмнеси бар экен. Болбогон нерсеге эле опурулуп, капа болобергендин эмне кереги бер. Аны коюп, кыздын ата-тегин сурап, бүлө боло турганкыз кандай жердин кызы экенин билип, алганыбыз оң эмеспи. "Катын албай,кайын ал" деген сөз бекер жерден чыккан эмес. Андан көрө кызды көрүпбилели. "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк жок"-дегендей, уулуң дагы бизменен кеңешип, иш кылгысы келип жатса керек. Эгер, кыз жакпай калса түшүндүрүп, азыр шартыбыз жок деп, кийинкиге калтырып коёбуз.>Токтоболот карыя жөндүүайтылган сөзгө муюп, бир топко үнсүз олтуруп- Кемпир, мен аттанайын. Аны- мунудаярдап бер. Сыртка чыгып алаксып келбесем болбой калды...-деп кыска сүйлөп,ордунан турду да, короону көздөй басты. >- Чапдар атты токуп, атасынанкалган кооз өрмө камчыны колуна алып, даяр болгон азыкты канжыгага байлап, аттыжалдан кармап бутун үсөнгүгө салып тартынып минди да, адатынча сөз күткөнСайнапка эч үн дебестен бастырып чыгып, теңирең таскак жүрүш менен чоң атасынынсөөгү коюлган тоо арасындагы мүрзөнү көздөй жөнөдү. >- Токтоболот карыядайыма жан дүйнөсү ооруганда чоң атасынын мүрзөсүнө барып олтуруп, келгендиадатка айланткан. Мунун себеби, чоңойгонго чейин чоң атасынын жанында жүрүп, өзатасы Байболоттон алыс болуп, ал кишини " ата дебей байке"-деп атапкалган. Илгери атанын көзүнчө бала өз атасын "ата" деп айта алышчуэмес эле го. Бул да болсо атаны сыйлагандын бир белгиси эмей... - Токтоболоткарыя жолдо келатып сарай бузуп жатышкандарды көрүп, зээни кейиди. Кандай ганамал багууга ылайыктуу бетон, бышкан кирпич менен салынган сарайды кыйратыпжатышкансып, барскандар менен талкалап жатканы эле эмне деген жагымсыз көрүнүш.Токтоболот карыя бир кезде ушул сарайды салган учурду эстеди. Ал кезжетимишинчи жылдардын башы болсо керек эле. Атайын шаардан студенттер келип,жайлата иштешкен. Анда союздун күркүрөп өсүп турган учуру. Көчөдө бош жүргөнкиши жокко эсе болуп, элетте ишке эл жетишпегендиктен шаардан жардамга кишилеркелишчү эле го. Токтоболот карыянын оюн алдынан чыккан Жетимиш аксакал бузду. >--Кандай, Токтоболот, эмне ойго алаксып... Кайда бастырдың?-деди. Башын өйдөкөтөргөн Токтоболот- -Өзүңүз кайдан, таң атпай. Мен түндө түшүмө атамкиргенинен мүрзөсүнө барып куран окуп келсемби дедим эле. Жетимиш карыя көкэшегинен түшүп, басмайылын бекем тартып- -Кечээ, балам менен барып карагайкырккан элек. Түндө ал жакка түнөп калгам. Эми тиги Сыртпайга баратам,тракторуң менен тартып бер деп айтканы. Токтоболот кабагы салыңкы- -Сыртпайдыэртең менен Өрдөшкө айдатып баратышты эле, сарай бузганы. Эл эмне болуп калган,бүтүндү бүлдүрүшүп. Ошол эми "нап береби" деп,нааразы болгонунбилгизип кеп козгоду эле, Жетимиш карыя сакалын сылап, алды жакка көз жүгүртүп-Чоңдордун баштары иштебей калганбы деп калдым. Эки күн илгери тиги шаардагыулуу кызымдын ак үйдө иштеген баласы келиптир. Ал айтат"таята, колуңузданкелсе, көзүңүзгө эмне көрүнсө баарын менчикке чыгарганга аракет кылыңыз,акчасын мына мен төлөйм"-деп. Борбор жактагы билермандар эмне болупкалышкан. Жанагы, биздин "ажо" деген немебиз эмнени карап жатат.Шаардагы болгон завод-фабрикалар таланып жок болуп бүттү- дейт. Сенин уулуңдагы ак үйдө иштейт эмеспи, я Токтоболот, өзүң киришип бир нерсени менчиккечыгарганга аракет кылсаң болчудай. Антпесең, башкалар кыргызстанды талапкетчүүдөй. Тиги кытай эли каптап келатат, деги кандай күн болот болду экен. Булсөздү укканда Токтоболот үн чыгарып үшкүрүнүп жиберди. Чын эле бир кезде атасыайтпады беле "Кытай эзелтен бери келе жаткан жоо"-деп. Эми алар башбакса, алда кандай күн болот деп, ойго жетеленип, Жетимиш карыянын бергенсуроосун укпай калды. Ушул жолу Токтоболоттун ички жан дүйнөсү такыр башкачаболуп ооруп, көзү караңгылашып кетти.

Комментарии