"Ойлон элим"

Ойлогону адамдардын азыркы
Кантип кайдан таба калсам акчаны
Байлык менен акча болсо кобуроок
Табылат деп бул жашоодо бардыгы
Акчаны таба албаса ойдогудай
Тапканына шугур деп канаат кылбай
Адырандап ар Ким менен уршуп журот
Айтылган ар бир созду которо албай.
Кайда барсан конулу жок капалуулар
Айбыгасын кепке тартып ооз ачуудан
Кор турмуштун сазына батыр алып
Кезектен калуучудай шашып алып
Топтогон кор оокатын сактачуудай
Топтойсун Жан аябай жанталашып.
Менменсийсин байлык колго тийгенде
Бай болуп жаралгандай жер бетине
Кесир кылган кемсинтип бир кезекте
Абай кыл анын кейпин сенда кийбе
Бай болуп акыл кирип калган белем
Танданам акыл айтып сындап кирсен
Артында кандай турмуш откоргонун
Ыраазы болоор элем Эстей журсон.
ак басып ылай сууну кечпей жургон
Арак ичип чылымды чекпей жургон
Арам иш кылбай адал эмгек кылган
Мандай терин агызып жан аябай
Чоочун адам экенине карабай
Колдо барын берип сыйлап аябай
Арам ойлоп ага кара санабай
Алып келген баштыгына
Улуу кичуу жаштыгына
Карап сынап баалабай
Пейилибиз койсок кенен тарыбай
Ошондуктан жаткандайбыз жарыбай
Аксаклдар акыл айтып карыбай
Келиндерге козун кысат уялбай
Акмолдону кармап алып колуна
Бата айткан уулу менен кызына
А апасы кызып алган
Жаштар менен аралашып
Колтукташып танцыга
Бар талантын ачып берет
Улгу болуп жалпыга
Пулун болсо кулунмун деп
Даяр болгон барына
Эр башкарбай аялын
Аялы болгон жарына
Акчан болсо баары даяр
Акча тирек жолоп таяр
Ойлорунда ал акчасы
ажалдан да алып калаар
Оо адамдар пейилибиз ондосок
Адамдык сапаттарды жолдосок
Убактылуу кор жашоого алданып
Байлык акчаны курмандыгы болбосок.
Ойлон элим ойгон элим
Пеилибиз ондосок
Байлык акча колдун кири
Адилеттик орнотсок
Бул жашоодо баары калат
Акча кулу болбосок.

Комментарии

Комментариев нет.