САНЖЫРА - кыргыз элинин байыртадан багып келе жаткан ата-мурасы. Башка түрк элдеринде шежире, чежире, чажара деп аталат, арабдын чажара - дарак деген сөзүнөн алынган. Демек, кыргызча санжыра деген сөз элдин тарыхын дарак сыяктуу айтуу деген сөз.