" У— УУФ "

Кыямат күнү бир инсан сооп таразасы оордук кылып Бейишке кирүү үчүн өкүм кылынат. Сүйүнүп Бейишке карай кадам жасап турганда, таразанын күнөө тарабына куштун тилиндей (кичинекей) баракчаны алып келип коёт. Таразанын күнөө тарабы сооп тарабынан оор келип, ал адамга тозоко кирүүгө өкүм чыгат.
Ошол баракта ата-энесине «У-уф» деген жазуу болот. Ал инсан өкүнүп:
-Оо Алла! Мына мага эми тозоко чечим чыкты. Бирок мага ата-энемдин күнөөлөрүн жүктөп кой! Жок дегенде аларды тозоко түшүрбө дейт. Алла Тала:
-Сен ал дүйнөдө ата-энеңе «У-уф» дедиң, а бүгүн жоомарттык кылып, ата-энеңе жакшылык кылдың. Бирок бүгүн Менден өткөн жоомарт болбойт, ата-энеңдин колунан кармагында Бейишке бирге киргиле деген өкүм чыгат..
АТА— ЭНЕЛЕРИБИЗДИ СЫЙЛАЙЛЫ........
АЛАР БИЗДИН БЕЙИШИБИЗ....

Комментарии

  • 27 сен 2015 19:47
    Жараткан аллах барыбыздын билип билбей жасаган куноолорубузду кечирсин ата энебизди сыйлоого туура жол корсотсун