1876-жылы 19-февралда Кокон хандыгы расмий түрдө жоюлган.

Бул хандык кыргыздарга канчалык тиешелүү? Тарыхчы, окумуштуулар Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяз Молдокасымовдун кезектеги баяны дал ушул темага арналат.
Кыяз Молдокасымов:
1876-жылы 19-февралда падышанын атайын жарлыгы менен Кокон хандыгы жоюлуп, ал биротоло Фергана облусу деген ат менен Орусия империясына каратылган. Анын алдында эле Кокон хандыгындагы элдерди биротоло тынчытуу максатында 1875-жылы 25-декабрдан 7-февралга чейин Фергана өрөөнүнө, же болбосо Эки-Суу арасына Скобелев өзүнүн кышкы экспедициясын жүргүзүп, мына ошол кышкы экспедициянын натыйжасында Фергана өрөөнүндөгү бир нече айыл-кыштактар түп тамырынан бери өрттөлүп, кыш мезгилинде эч жакка кача албаган кыргыздар айоосуз жазаланган.
Ошол мезгилдеги Молдо Искактын же болбосо Полот хандын жетекчилиги менен чыккан жалпы элдик көтөрүлүшкө карата катуу сокку урулган. Анын натыйжасында 167 жыл Борбордук Азияда өкүм сүргөн Кокон хандыгынын жоюлган. Кокон хандыгы Фергана облусу болуп, анын алгачкы аскердик губернатору катары генерал Скобелев дайындалат.
Тынчтыкбек Чоротегин:
Ал эми Кокон хандыгынын эгемендигин сактап калуу үчүн жүргүзүлгөн эң ири элдик көтөрүлүштүн башчысы Молдо Искак Асан уулу - Пулат хан, Болот хан деген жалган ысым менен чыккандыгы баардыгыбызга маалым. Ферганалык кыргыздар бул хандыктын башкарылышында түздөн-түз жигердүү катышкан. Бул хандыктын саясатын багыттаган күчтөрдөн болгон. Бирок ошого карабастан жакында кыргыз тарыхчылардын соңку жолугушуулардын биринде, Улуттук илимдер академиясынын тарых институнун директору Жеңишбек Жунусалиев мырза “Кокон хандыгы - бул кыргыздарга таандык мамлекет болгон эмес”,-деп Ысык-Көлдөгү фольклордук бир чыгармага таянып, аны “бул сарттардын мамлекети болгон”,-деген сыяктуу сөз айтты. Ал эми Өзбекстандын тарыхчылары болсо, расмий түрдө “Кокон хандыгы, Хиба хандыгы, Бухара эмирдиги - үч өзбек хандыгы деп тарыхка кириши керек”, - деп жүрүшөт. Бул пикирге Борбордук Азиялык тарыхчылар каршы. Сиздин оюңузча, Кокон хандыгын биз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бир бөлүгү катары карашыбыз мүмкүнбү?
Кыяз Молдокасымов:
Албетте, эгерде тарыхый маалыматтарды, ошол мезгилдеги окуялардын бардыгын иликтеп келип, анан кыргыздын белгилүү тарыхый инсандарын, алардын Кокон хандыгын башкарууга түздөн-түз аралашканын, керек болсо, XVIII кылымда кыргыздар негизги күч катары Фергана өрөөнүндө Кокон хандыгын түптөлүшүнө түздөн-түз өзүнүн салымын кошуп келген. Ошондой эле кийинки Кокон хандыгынын аймагынын андан аркы кеңейишине, саясий жүрүшүндө кыргыздардын ордун тактап, иликтеп келгенде, Кокон хандыгында кыргыздар дагы башкарууда болгонбу, анын аймагын кеңейишинде, сырткы душмандарга каршы сокку урууда кыргыздар өтө басымдуу орунду ээлегенин менин илимий жетекчим, белгилүү Өзбекстандык окумуштуу Хамидзяев дагы көп айткан: “Мына, кыргыздар, эгерде силер болбогондо, Ферганада ушундай мамлекет курулбайт болчу. Кыргыздын тарыхый, белгилүү инсандары Кокон хандыгын башкарууга ишмердүү катышып, натыйжада Кокон хандыгында кыргыздардын өзүнүн орду бар, бул орток мамлекет”,-деп алгач анын пикирин угуп, андан кийин кандидаттык диссертацияда ар тараптан талдап, “бул Кокон хандыгы орток мамлекет”,-деп киргизгенимде, айрым бир тарыхчылар “эгерде ушул көз-карашыңды -орток тарыхы, орток мамлекети дегенди алып таштабасаң, анда сенин кандидаттык диссертацияң бекилбейт”, - деген бир учурларды бүгүн жылмаюу менен эскерүүгө туура келет. Натыйжада, биздин көптөгөн тарыхчыларыбыз -Ташын Кененсариев, Дөөлөтбек Сапаралиев жана башка көптөгөн тарыхчылар кийин Кокон хандыгы кыргыз, өзбек, кыпчак, тажик - бул ортодогу жалпы элдердин орток мамлекети экенин өздөрүнүн кийинки эмгектеринде кеңири чагылдырып келишти. Ошентип бул кадыресе эле илимий көз караш катары калыптанып, бүгүнкү күндө окуу китептеринде дагы орун алып калган. Ошон үчүн бүгүнкү күндө кайрадан тарыхчы агайларыбыздын ага каршы чыгуусунда негизи жок деп айтаар элем.
Тынчтыкбек Чоротегин:
Ташмамбет Кененсариевди ырас эскерте кеттиң. 1998-жылдын 9-апрелинде Улуттук илимдер академиясынын тарыхый институтунда ал өзүнүн доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Анда биринчи жолу доктордук диссертациянын деңгээлинде Кокон хандыгы кыргыз мамлекттүүлүгүнүн бир бөлүгү экендиги тастыкталган. Чынында Алымкул аталык, Абылдабек, Алымбек Датка, Молдо Искак Асан уулу жана башка көптөгөн төбөсү көрүнгөн мыкты ферганалык, алайлык, оштук, таластык кыргыздар, алардын арасында айымдар дагы бар. Бул Кокон хандыгын бийлөөгө түздөн-түз катышып, бул мамлекеттин эгемендүүлүгү үчүн да күрөшүп келгендиги тарыхый чындык. Ошол поли-этностук мамлекетте кыргыздар дагы, демек жигердүү саясаты менен өкүм жүргүзүп турушкан, башка этностор дагы кошо аралашкан. Дал ушундай түшүнүктү биз башка тарыхый фактыларды караганда дагы карашыбыз керек. Мисал үчүн, Хива хандыгы жөнүндө сөз кылганда, сөзсүз эле өзбектердин хандыгы эмес, ал жерде түркмөндөр дагы, кара-калпактар дагы, казактар дагы Хива хандыгын түптөп, өнүктүрүүгө ырааттуу салым кошуп келишкен. Ушул сыяктуу Чыгыш Түркстанда далай мамлекеттерди айтсак болот. Эми Совет доорунан кийин гана Кокон хандыгы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бир бөлүгү катары карала баштады. Ошол эле учурда Владимир Плоских сыяктуу Кыргызстандык тарыхчылар дагы эле Кокон хандыгына карата өздөрүнүн мурдагы пикирин карманганга аракет кылып келишет. Эми ал дагы түшүнүктүү, анын артында балким Орусиянын гео-саясий тарыхын кандайдыр бир позитивдүү жакта көрсөтүү аракеттери да болгон болушу мүмкүн.
Бухара
Кыяз Молдокасымов:
Албетте, Орус империясы Борбордук Азияны бошотуп жатканда “биз мына, силерге чейинки баскынчылардан бошоттук, силерге чейинки эзүүчүлөрдөн бошоттук, биз силерге прогрессивдүү өнүгүүнү тартуулайбыз”, - деген өзүнүн идеологиясын жүргүзгөн. Ошол идеология, падышалык Орусиянын мезгилинде дагы, андан кийин анын улантуучусу болгон Совет учурунда да уланып, мына Орус империясына кошулгандан кийин гана кыргыз эли Борбордук Азия прогрессивдүү өнүгүүгө дуушар болду. Ошондуктан, “Орусия элинин Борбордук Азиядагы салымы өзгөчө”, - деп биз ал учурду ар кандай бир маарекеге айландырып, майрамдаган учур дагы эске түшөт. Ошон үчүн Кокон хандыгынын жоюлушун, Кокон хандыгынын Борбордук Азиянын картасынан чийилип ташташын, бүгүнкү күндө түздөн-түз Орус империясын Борбордук Азиянын, анын ичинде кыргыздарды каратып алууга бирден-бир баскынчылык саясаты катары каралгандыгы тарыхта далилденген, көргөзүлгөн.
Тынчтыкбек Чоротегин:
Теги казак тарыхчы Анварбек Хасанов агай дагы, ыраматылык болсун, ушул 1898-жылы май айында кайрадан Кокон аймагын көз каранды эмес мамлекет кылуу үчүн чоң көтөрүлүш болгондугун, ошол көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчтөрү ферганалык, алайлык, чаткалдык, таластык кыргыздар экендигин, далилдүү архивдик маалыматтар менен көрсөтүп келген эле. Мына, ошолордун баардыгын азыр гана эгемендик доордо башкача карай баштадык. Бирок, албетте, талаштан тактык жарылат дегендей, өткөөл учурда ар кандай пикирлер дагы эле айтылып келет. Бирок Кокон хандыгынын тарыхы кыргыздарга таандык экендигин айрым өзбек окумуштуулар дагы, Бабабеков сыяктуу авторлор да баса белгилеп келишет

Комментарии

  • 20 фев 2014 23:34
    Бул кетиште кыргыз тарыхчы агайларыбыз копчулугубуздун конулубузду которушту, аябай жакшы жазылыптыр агайларыбызга ыраазыбыз!