КҮЙӨСҮНӨ БАШ ИЙҮҮ.

====================
Умаманын экинчи насааты мындай эле:
"Кулак сал жана баш ий" - Аялкиши диний амалдарына терс болбогон бардык иштерде күйөөсүнө баш ийүү керек.
Пайгамбарыбыз (Саллаллаху Алейхи Уа Саллам) "Күйөөсүн ыраазы кыла алган аял бул дүйнөдөн өткөндөн бейишке кирет" - деген.
Бул хадиси менен Пайгамбарыбыз (Саллаллаху Алейхи Уа Саллам) "Куйөөсүнө баш ийуучу аялдарга түбөлүктүү бактылуулук бар экендигинен кабарберген".
Башка хадисинде: Кайсы бир аял беш маал намаз окуса, рамазан айында орозо кармаса, өз намысын сактаса жана күйөөсүнө баш ийсе бейиштин каалаган эшигинен кире берсин деген.
Даагы бир хадисте: Эгерде адамга сажда кылыш мүмкүн болгондо, мен аялдарга - "күйөөнөргө сажда кылгыла деп буюрмак элем" - деген.
Эми күйөлөрүнүн аялдар үстүндөгү акысы канчалык чоң экендигин өзүнүз ойлоп көруңүз.
Ислам дини аялдын өз жолдошуна баш ийүүсүнө ушунчалык көңүл бурат, керек болсо аял нафил орозо кармай турган болсо күйөөсунөн уруксат сураш керек.
Бир хадисте Пайгамбарыбыз (Саллаллаху Алейхи Уа Саллам) "Күйөөсүнө уруксат албай кечеге чыккан аялга үйүнө кайтканга чейин Периштелер наалат (каргыш) айтып турат" - деген.
Бир жолу аялдар топтолушуп, араларынан өкул шайлап, бир нерсе туурасында сураш үчүн Пайгамбарыбыз (Саллаллаху Алейхи Уа Саллам) дын алдына жиберишти. Ал аял барып: Эй Алланын элчиси мен аялдардан жиберилген өкүлмүн. Биз билебиз, - Алланы жок, сизди жалганчы деген капырлар менен согушууну Алла Таала эркектерге фарз кылган, жеңишсе соопко да, олжого да, ээ болушат.
Курман болушса, кайра тирилгендерден кийин Алланын алдында түбөлук жашоонун бактылуулугуна бөлөнүшөт. Ал эми биз аялдар эркектердин айрым иштерине жардам беребиз, бизге да сооп барбы? - дегенде Пайгамбарыбыз (Саллаллаху Алейхи Уа Саллам):
- Бар да жолдон учураткан ар бир аялга ушундай деп айт: Эрине баш ийип жана анын акысын ордуна кое билип аткаруу, буга (Алланын жолунда согушкандардын амалы жана сообуна) барабар, келет. Бирок муну силердин өтө азыңар аткарасьңар, -деп жооп берди. (бул хадистин Имам Табраний баян кылган).
Натыйжа.
=========
Алланын буйругуна ылайык бардык иште аялдардын күйөөсүнө баш ийүүсү шарт. Алланын ыраазычылыгына жетишүү үчүн күйөөсү менен татынакай өмүр сүрүүнүн каалаган аял, жолдошунун сөздөрүн көңүл коюу менен угуусу жана буйруктарын өз убагында аткаруусу абзел.
Белгилуу Араб адабиятчылырынын бири Асмуйи бир күнү жолдо кетип бара жатып жубайларга жолугуп калат. Аял чындыгында өтө сулуу экен, ал эми эркек болсо өтө көрүмсүз экен.
Асмуйи аялга карап: - "Эй айым! Ушундай сулуулук менен эмнеге бул көрүмсүз жигитке турмушка чыктын, эле муну менен кандай кылып жашап жүрөсуң? " - дептир.
Анда сулуу келин ага карап:
- Тим бол эй акмак адам! Эмнеге ойлонбостон сүйлөйсүн? Ким билет балким куйөөм Алланын ыраазылыгын тапкан кишидир. АллахТаала ага белек кылып сиз айткандай, мендей сулуу айымды насип эткендир. А балким менин кандайдыр бир күнөөм үчүн Алла Таала ошол пендесине мени ылайык көргөндүр. Биз Алланын тагдырын билбейбиз жана аралаша да албайбыз, - деп жооп бериптир.
Алланын акыйкаттыгын түшүнгөн мындай аял кандай гана бактылуу. Башка бир түрдүү аялдар, мен сулуумун же баймын деп өз куйөөлөрунө баш ийишпей, керек болсо Алланын буйругун да аткарышпай менмен синишет.
Ал эми күйөөсү, үй-бүлөсун бузулбасын деп илебин тиштеп сабыр кылууга мажбур болот. Албетте мындай аялдар акыретке Алланын алдында кылмыштары үчүн сөзсуз жооп беришет.
Эркек да аял да өз милдетин жакшы билип жана ага сөзсүз амал кылышы зарыл б.а. шарт.
Эгер эркек өз милдетин аткарбаса, аял атайлап тескери иш жасашы жакшы амал эмес. Балким чырайлуу мамиле кылуу чыныгы артыкчылык болуп саналат.
Пайгамбарыбыз (Саллаллаху Алейхи Уа Саллам) "Аял киши күйөөсүнүн жабыр-зулумуна чыдаса, Аллах Таала ал аялга азирети Асияга насип кылган соопту берет" - деп айтылган.

Комментарии