Комментарии
- 7 мар 2020 07:36КН У
- 7 мар 2020 08:09Мубарак Акунова
- 7 мар 2020 11:38Венера Бегматова
- 7 мар 2020 11:38Венера Бегматова
- 7 мар 2020 11:38Венера Бегматова
- 7 мар 2020 11:38Венера Бегматова
- 7 мар 2020 11:38Венера Бегматова
️
- 7 мар 2020 16:43X FORMULA
- 8 мар 2020 01:08Жумагул Кочкоровна
- 8 мар 2020 01:08Жумагул Кочкоровна
- 8 мар 2020 21:51Nuri Usenalievna
️
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Все самое интересное
"БИСМИЛЛАХ".
==============
Мындан бир топ кылым илгери Ислам динин бекем карманган Салиха аттуу бир такыба аял жашап өткөн экен. Анын жакшы бир адаты бар болчу. Ал ар бир ишин баштаарда "Бисмиллах" деп айтчуу. Бирок анын жолдошу Ислам динине анчейин маани бербес эле жана аялынын "Бисмиллах" деп айтканын укканда эле:" Ар дайым эле"Бисмиллах" деп айта бергендин эмне кереги бар?!" деп өзүнчө кыжыры кайначуу.
Бир күнү ал ойлонуп олтуруп жубайыма ар дайым "Бисмиллах" деп айтуунун эч кандай пайдасы жок экенин бир көргөзөйүн деген максатта ага бир кесе (алтын-күмүш тыйындар салынуучу баштыкча) алтын берип, аны ишеничтүү жерге катып коюусун эскертет. Аялы кесени колуна алаарда "Бисмиллах" деп айтып ичкерки бөлмөнү көздөй жөнөйт. Жолдошу анын артынан билгизбей ээрчип, тымызын аңдыйт. Аялы төрдөгү сандыктын жанына келип, сандыктын оозун "Бисмиллах" деп ачып кесени салып коёт.
Арадан бир-эки күн өткөн соң күйөөсү сандыка жашыруун барып, андагы кесени алып, сыртты көздөй шашыла жөнөйт. Айылдын четиндеги кудукка келип, кесени кудукка ыргытып жиберет. Анан үйгө келет да, жубайына:" Салиха акча керек болуп жатат,кисени алып келчи!" дейт. Жубайын кытмыр карап, "Ии,эми кантээр экенсин?.." деп ичинен кымыңдайт. Келинчеги сандыктын жанына барып "Бисмиллах" деп ачат. Караса, кесе бирааз сууланып калыптыр. Салиха" кызык, бул кесе кайда жүрүп сууланып калган?.." деп өзүнчө таң калат. Жолдошу төркү бөлмөдөн чыгып келаткан келинчегинин колундагы кесени көрөөр замат мууну калчылдап, апкаарый түшөт. Бир саамдан соң үнү дирилдеп: "Билесиңби, Салиха! Мен бул кесени кудукка өз колум менен ыргыткан болчум. "Бисмиллах" деген сөз сени уят кылган жок. "Бисмиллахтын" кереметине эми ишендим! Кечир мени, күнөө менден кетти" деп көзүнөн жашы тегеренип кеткен экен.