Бактылуу үй-бүлө

Ар бир үйлөнгөн эркек, же турмушка чыккан аял окуп чыксын☝ (өтө пайда аласыңар)
Үй-бүлө бактылуу болуусу үчүн жубайлардын ортосундагы милдеттер менен укуктар так жана даана түшүнүктүү болуп, алар сакталууга тийиш.
Эркектин аялына карата укуктары:
Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Дүйнө ырахаттардан турат. Дүйнөнүн эң жакшы ырахаты такыба аял!» (Муслим) Такыба аял адегенде, Аллахтын алдындагы жоопкерчилигин, андан соң жолдошунун алдындагы жоопкерчилигин сактоого умтулат. Такыба аял үйүнө байланат. Сыртка муктаждыксыз көп кирип-чыкпайт. Такыба аялдын камы өзүн кароодо, үй ичин сарамжалдуу кармоодо, балдарын тарбиялоодо болот. Такыба аял үй-бүлөсүнүн ынтымак-ырашкердикте жашоосу үчүн аракетте болот. Намазын, орозосун, зикирлерин жан дили менен өтөйт. Такыба аял Кудай Таалам ага берген ырыскысына ыраазы болот. Аял киши күйөөсүнүн укуктарын сактабастан, аны урматтабастан такыбалардын катарына кошула албайт. Андыктан эркектин аялынын алдындагы укуктарынын кээ бирин билүү ашыкча болбойт:
1. Аял киши өзүнөн да, туугандарынан да күйөөсүнүн укугун жогору коёт. Анткени күйөөнүн укугу улуу.
2. Аял киши күйөөсүнүн кызматын кылууга дайым даяр туруу керек. Тактап айтканда күйөөсүнүн аялына эркектин жумушу чыкканда баш тартпоосу керек. Бир гана айыз, же нифас учурунда ал нерсеге тыюу салынат. Күйөөсү төшөккө чакырган учурда жооп кылбаган аялзаты күнөөкөр болот. Периштелер каргыш айтат. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Күйөөсү аялын мамилеге чакырса, аялы баш тартып, күйөөсү ачууланган абалда түн өткөрсө, таң атканга чейин ал аялга периштелер каргыш айтып чыгышат». (Бухарий, Муслим). Башка бир хадисте: «Күйөөсү аялын муктаждыгы үчүн чакырса, аялы дандырда нан жаап жаткан болсо да, жооп берсин!» (Тирмизий, Насааий).
3. Аял киши күйөөсүнүн уруксатысыз нафил орозолорду тута албайт. Анткени орозо тутуп жаткан учурда күйөөсүнүн муктаждыгы пайда болсо, аткарууга мүмкүн эмес болуп калат. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Күйөөсү жанында болуп турган аялга (күйөөсүнүн уруксатысыз) нафил орозо тутуу адал болбойт!..» (Бухарий, Муслим).
4. Аял киши күйөөсүнүн үйүнөн анын уруксатысыз эч бир нерсени бере албайт. Төркүндөрүнө да ага айтпастан бере албайт. Берген болсо аялга күнөөсү, эркекке сообу жазыла берет. Бирок, үй-бүлө үчүн бышырылган тамактан белекке берсе болот.
5. Аял киши үйүнөн чыкпайт, чыкса да махрамдары менен чыгат. Үйдүн сыртында күйөөсүнүн уруксатысыз иштебейт. Жолдошуна жакпаган аялдар менен да мамиле түзбөйт, аралашпайт.
6. Кудайдын тагдырга жазган ырыскысына каниет кылат. Жашообуз эмнеге мындай жарды (?) деп ачууланбайт. Күйөөсүнүн кулагын «жебейт». Ар бир таап келген ырыскыны ыраазылык менен кабыл кылып, Кудай Таалама шүгүрчүлүк келтирет. Ашыкча нерсе талап кылып коюп, күйөөсүн арам ишке кириптер кылып коюудан сактанат. Мурунку замандагы такыба аялдар күйөөсүн эртең менен жумушуна узатып жатып: «Биз ачкачылыкка го чыдайбыз, а бирок тозок отуна чыдай албайбыз. Бизди адал оокат менен гана бак!»-деп айтышчу экен.
7. Аял киши өзүн сактайт. Сулуулугун ар кимге көрсөтө бербейт. Шарият буйругандай таризде кийинет. Кыска жана жука кийимдерден оолактайт. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Аял киши күйөөсүнүн үйүнөн башка жерде жоолугун чечпесин!» (Тирмизий, Абу Дауд).
8. Кайсы бир муктаждыгы боюнча күйөөсүнүн досторуна өзүн тааныштырбасын. Күйөөсүнүн достору менен мамиле түзбөсүн. Анткени кызгануунун көбү мына ушулардан чыгат. Телефон аркылуу, же күйөөсү жокто үйүнө келип, анын бар экендигин сураса, кыскача гана «ал жок эле» деп жооп берүү милдеттүү. Сөздү созуп олтуруу күнөө.
9. Күйөөсүнөн өзүн жогору койбошу керек. Өзүнүн сулуулугуна, же байлыгына маашырканып, күйөөсүн өзүнөн төмөн кароо бактысыздыкка алып келет.
10. Балдарына мээрим төгүп кароосу зарыл. Балдарын жаман сөз менен урушпоо. Күйөөсүнүн жакшылыктарын дайыма айтып, балдарына жолдошунун жакшы адам экендигин баса белгилеп айтып туруу.
Аялдын күйөөсүнө карата укуктары:
Эркектин аялына карата укуктары аялдын жеке өзүнө гана байланыштуу. Аялдын мал-мүлкүнө тиешеси жок. Аялдын жеке байлыгына, аялдын өзүнүн уруксатысыз эркектин кийлигишүүгө укугу жок. Аял =зън= таандык байлыкты каалагандай жумшай алат. Ал эми аялдын күйөөсүнө карата укуктары эркектин өзүнө да, мал-мүлкүнө да тиешелүү болот. Каржы тараптан нафака, махр сыяктуу нерселер да аялдын укуктарына кирет.
Аялдын күйөөсүнө карата кээ бир укуктары:
1. Аялына жакшы кулк-мүнөздө болуу, жакшы мамиле жасоо, жакшылык ыроологон жашоодо жашоо, ага зыян жеткирбөө. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Силердин эң жакшыраагыңар, үй-бүлөсүнө эңжакшыраагыңаар!» (Тирмизий) Коомчулук менен болгон мамилесинде, сыртта жүргөндө адеп-ахлактуу болуп, үйгө келгенде «каардуу тиранга» айлануу жакшылыктын белгиси эмес. Чыныгы момун-мусулман адегенде аялына жакшы мамиле жасайт. Анткени ал ошого татыктуу, анын жакшы мамилесине башкаларга караганда көбүрөөк муктаж.
2. Аял тараптан болгон ызаны, кээ бир кеткен кемчиликтерди көтөрүү, ачууланганда жана капа болгондо айткан сөздөрүн кулактын сыртынан кетирүү. Азирети Анас бин Маалик айтат: «Пайгамбарыбыздан (алайхис салам) да үй-бүлөсүнө ырайымдуураак бирөөнү такыр көргөнүм жок!» (Муслим). «Пайгамбарыбыздын (алайхис салам) аялдары да Пайгамбарыбызга сөз кайрышат эле, а түгүл кээ бир аялдары кечке чейин Пайгамбарыбызга (алайхис салам) сүйлөбөй коюшат эле!» (Бухарий, Муслим).
3. Аялын эркелетүүсү, тамашага салуусу, ойнотуусу кажет. Бирок мына ушунун баары чектен чыгып кетпөөсү зарыл. Эркектин айбатын, кадыр-баркын түшүрбөгүдөй болсун. Анткени бул амалдар аялдардын жүрөгүн жакшыртат.
4. Аялын кызгануусу милдеттүү. Анын урмат-сыйы, адамгерчилик бедели сакталып турууга тийиш. Жаман нерсе болуп кетпөөсү үчүн абалды дайыма көз алдында сактоосу керек. Ошол эле убакта чектен чыгып кетпөө керек. Болбогон жерден шектенип, конгон көпөлөктөн деле кызгана бербөөгө тийиш. «Пайгамбарыбыз (алайхис салам) үй-бүлөсүн түндө чочутуп, эшик такылдатып ойготуп, алардагы кээ бир кемчиликтерди издөөгө тыюу салган». (Муслим).
5. Аялды өз алдынча шариятка ылайыктуу жашоосуна шарт түзүп берүү. Эркектин туугандарынын эч кимиси аралашпаган, дааратканасы жана жууна турган жайы бар жатак жай даярдап берүүсү ылаазым. Аллах Таала Куранда айтат: «Аялдарыңарга мүмкүнчүлүгүңөр болушунча, өзүңөр жашап турган жайдан орун бергиле!..» (Талак:6)
6. Аялдарга дароо берем деген калың-махрды дароо берүүсү керек. Аны кечеңдетүүгө болбойт. Ал аялдын жеке укугу.
7. Аялына жете тургандай нафака жумшоосу. Ичип-жегенинде, кийиминде кемчилик кетирбесин. Ысырапкерчиликке да жол бербесин. Эркек бул нафакаларды берүүсү менен Кудай Тааламдын алдында чоң соопторго ээ болот. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Кудай Тааланын ыраазылыгы үчүн жумшаган нафакалардын баарына сооп аласың. Ал эле эмес аялыңдын оозуна салган бир үзүм тамакка да сооп аласың!» (Бухарий, Муслим). Башка хадисте: «Адам сооп үмүт кылып үй-бүлөсүнө нафака жумшаса, ал ага садака деп эсептелет!» (Бухарий, Муслим).
8. Аялына дин таалимдерин үйрөтүүсү зарыл. Эгер аял ошол нерселерди үйрөнө элек болсо. Адегенде, ыймандын шарттары менен түркүктөрүн, андан соң ыймандын калган бутактарын, шарият өкүмдөрүн, даарат, айыз маселелерин, намаз жана орозону үйрөтөт. Дайыма намаз окуусуна көмөктөшүп турат. Аллах Таала Куранда айтат: «Үй-бүлөңдү намаз окууга буйруп жана намаз окууга сабыр кыл!» (Тоха:132).
9. Эки, же андан ашык аялы болгондор аялдарына адилеттүүлүк менен мамиле кылуусу парз. Бирин башкасынан нафака берүүдө, убактысын бөлүүдө артыкча көрбөө. Жүрөгүндөгү махабатынан башкасынын баарын тең бөлүүсү милдеттүү. Ал эми жүрөктү инсан өзү башкара албайт. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Кимдин эки аялы болуп, бирине көбүрөөк тартса, Кыямат күнү бир тарабы кыйшайып, тартылып турган абалда келет!» (Абу Дауд, Термизий, Насааий, Ибн Маажа).
10. Аялын тарбиялоосу милдеттүү. Айрыкча Аллах Тааланын парздарын аткаруусу, андан соң күйөөсүнүн алдындагы милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт. Эгер шалаакылык, же жөн эле камырабастык менен намаз окуганды, же жоолук салынганды таштап коё турган болсо, эркек аны тарбиялоого милдеттүү. Күйөөсүнүн көңүлүн алууга аракеттенбесе, да тарбиялого муктаж болот. Тарбиялоо өзүнүн тартиптери менен болот. Адегенде, ага жакшы сөз, насаат айтуу менен башталат. Ага да болбосо, бир эле бөлмөнүн ичинде төшөгүн бөлүп салып жатуу кирет. Бул бөлүү бир күндөн үч күнгө чейин созулат. Ага да болбосо, төшөк маселесинде күйөөсүнө моюн сунбай турган аялдын денесине (көгөртпөй) так салбаган, катуу оорутпай турган таризде урууга жол берилет. Бетине, башына, бөйрөктөрүнө, денесине зыян жеткире турган жерине урбайт. Бул уруу аны таяктоо деген сөз эмес. Бул «ушул даражага чейин келдиң, көзүңдү ач (!)» деген мааниде болушу керек. Бул мурдагы усулдар аткарылып, дале болсо аялы баш ийбей, жагымсыз иштерин уланта берген учурда болот. Куранда айтылат: «Күйөөлөрүн көзгө илбей калуусунан чочулаган учурда адегенде насаат кеп айткыла, болбосо төшөктү бөлгүлө, ага да болбосо ургула!» (Ниса:34). Кээ бир наадандар, ушул аятты далил кылып, аялын урууну өнөкөт адатка айландырган. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) аялдарды эч качан урган эмес. Анын мырзалыгы бул нерсеге жол берген эмес.
Эркектин өзү такыбалыкка моюн сунбай туруп, аялынан такыбалыкты талап кылуусу өтө кейиштүү көрүнүш. Бул аялдарды уруу зарыл деген сөз эмес. Бул, төрт адам «эркек-аялдын зынаа кылганын сыя калем сыя челекке кирип жатканын кандай көргөн болсо, мына ошондой көрүнүштө алака болуп жатканына күбө болгонун» айтса, таш баращга алынып өлтүрүлөт. А бирок он беш кылымдык тарыхыбызда төрт күбө менен таш бараңга алган учурубуз боло элек. Адамдар кылмыштуу иштерге түшпөсүн деп, өзгөчө оор кылмыштардын жазасы оорлотулат. Ал жаза менен эч ким жазаланбаса да. Анткени кылмыштан кайтаруу саясаты ошону талап кылат. Кээ бир аалымдарыбыз урса кантип уруш керек дегенге, тиш тазалаган мисвак менен, же бир тутам саман алып, ошону менен жамбашына урат деп да айтышкан.
11. Аялы менен кошулганда, аялдын уруксатысыз уруктугун сыртка төкпөшү керек болот. Бул аялдын укуктарын толуктап турат.
12. Аялдын руханий муктаждыгын, аялдык муктаждыгын кандырууга жан-аракет кылат. Аялы арамга түшүп кетпеши үчүн колунан келген өнөрүн аябайт. Анын көңүлүн табат.
13. Аялын, анын туугандарын жөндөн-жөн эле кордобойт. Сөз, же кылык-жорук менен аларды кемсинтпейт.
14. Аялын жакшы көрбөсө да, ага ырайым менен мамиле кылат. Ар бир адамдын жакшы жери бар, ошол жакшы жери аркылуу аны жакшы көргөнгө аракет кылат.
Үйдө ким кожоюн?
Шариятыбызда үй-бүлө толук кандуу үй-бүлө болуп жашоосун камсыздаган көркөм адептер, касиеттүү тартиптер бар. Ал эми мусулманчылыкта үйдө кожоюн эркек болот. Үй-бүлөнү кароо, аларга багыт берип тарбиялоо, аларды камсыздоо даражасы эркектин мойнуна жүктөлгөндктөн, үйдөгү кожоюндук да, акыркы сөз да эркекке берилген. Куранда айтылат: «Аялдарга караганда эркектердин даражасы жогору...!» (Бакара:228). «...Эркектер аялдарга жетекчилик кылуучулар...!» (Ниса:34). Аял менен эркектин ортосундагы айырма акылдуу адамга жашыруун эмес. Акыл-эс, ой-жүгүртүү, сезимталдык, кара-күч тарабынан да айырмачылыктар ачык баамдалып турат. Аялзаты табиятынан кимдир бирөөнүн коргоосунда болгусу келет. Ошол корукту гүлзарга айланткысы келет. Күчтүү көкүрөк менен ар кандай зулумдуктар менен коркунучтардан сактангысы келет. Мына ушул эриш-аркак мамилени Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) таасын сүрөттөп берет: «Эгер аялзатына Аллах Тааладан башкага сажда кылуу мүмкүнчүлүгү болгондо, анда күйөөнүн акысынын улуктугун эске алып, ага сажда кылууга буйруйт элем!» (Тирмизий, Ибн Мажа). Эркектердин бул даражасы жоопкерчиликтин даражасы, милдеттин даражасы. Абдуллах бин Аббас айтат: «Эркектердин даражасы бул аялдарга жакшылык кылуу, аларды камсыздоо, алардын көңүлүн көтөрүү даражасы!» Эркектердин аялдарга жол башчылыгы, жетекчилиги – бул аялдардын кем-карчтарын бүтөө, акыбалдарын жоктоо, ысыкта ысытпоо, суукта үшүтпөө, бардык көйгөйлөрүн чечүү. Демек, ар бир аял өзүн ханыша катарында көрүү мүмкүнчүлүгүн берүү. Кээ бир акмак адамдар «эркектер аялдарга жетекчи» дегенди эркек каалаганын айтса аял аткаруусу керек, же болбосо аялдарына «кулак кести кулдай» мамиле кылып алышат. Албетте бул туура эмес түшүнүк. Эркек аялга үйлөнгөндө, ага берилген калыңды сатып алганга төлөгөн баа катары карабаш керек. Ал аялга өмүрүндөгү эң бактылуу күнгө шарият тараптан берилген белек. Ошол эң бактылуу күндү эң бактысыз күнгө айланпастан сактоо милдети эркектерге даража, жана жетекчилик сыпатында берилген. Аялдарын уруп-соккондор, кагып-силккендер, жиркип-кор туткандар чындыгында эркек да эмес, момундук сыпатка да ээ эмес. Алар мусулмандарга көө сүрткөн арсыз эркектер!. Чыныгы эркек, акыйкат күйөө - бул аялдын бейишке кирүүсүнө себеп болгон, аялдын жеңилин жерден алган, оорун колдон алган, таат-ибаадатына көмөк көрсөткөн, кемчилигин жашырган, жакшылыгын ашырган, бөпөлөп эки колуна салып алып жүргөн адам.
Эркек аялы өзүнөн жаралган, кабыргасынан пайда болгонун эч убакта унутпоосу керек. Ал кыйшык жаралган, аны түздөө мүмкүн эмес, ал кандай болсо ошондой таризде мамиле кылуу милдеттүү. Башкача айтканда, аялдарды оңдоп эркекке айланта албайсың, аларды эркектердей ой жүгүрттүрө албайсың. Жакшысы, анын аял бойдон калганы. Коом сакталат. Аял да күйөөсүн урматтоосу, анын жакшылыгын билүүсү, эң чоң жакшылыгы анын өзүнүн канатына калкалоосун туюусу ийги. «Аюу да болсо эрим бар» деген накыл бекеринен чыккан эмес.
Тең укуктуулук
Аял менен эркектин тең укуктуулугун айтып жатышкандар чындыгында аялдарга зулумдук көрсөтүп аларды кордогусу келгендер. Эч убакта аял менен эркек тең укуктуу боло албайт. Кээ бир укуктар аялдарга тиешелүү болсо, башка укуктар эркектерге гана таандык болот. Туура, жалпы укуктар да жок эмес. Бирок эң негизги маселе Исламда адилеттүүлүк бар. Адилеттүүлүк - ар бир пенденин укугун толук пайдалануусуна мүмкүндүк берүү. Эркек да, аял да Кудай Тааладан коркуп, такыбалыкка моюн сунуусу милдет.
Исламият жана Инсаният
Укуктар, ар бир адам кааласа толук алат, каалабаса кайсы бир жакшы нерсе үчүн кээ бир укуктардан кечип жиберсе боло бере турган нерсе. Мисалы, кайын журтка кызмат кылууну, алардан мурда туруп чай даярдап, алардан кийин жатууну мусулманчылыгыбыз, же Исламият милдеттүү кылбайт. Бирок ошол эле убакта адамкерчилигибиз, же Инсаният алар менен таттуу мамиледе болууну шарттайт. Ар бир эркек энесин урматтайт. Эгерде сен өз энеңдин күйөөң тараптан урматталуусун кааласаң, күйөөң сени жакшы көрүүсүн кааласаң анда анын энесин карман. Ага сый-урмат көргөз. Карачечекей кызындай болуп кызмат кыл. Баралыңа жетип сен да ак уулдуу, кызыл кыздуу болосуң. Ошондо сен да келиндериңден жакшылык көрөсүң.
Динибиз жана үрп-адат
Шариятыбызда ар бир элдин үрп-адаты, каада-салты, адамкерчилик мамилелери, жорук-жосундары сакталат. Аларга терең маани берилет. Болгону мына ушул каада-салттар шарият эрежелерине каршы чыкпашы шарт. Кыргыз улуттук кийимдерин изилдегендер кыргыз кийимдеринин мусулманчылык шарттарга жооп берерин айтышса, тилчилерибиз элдик оозеки адабиятыбыздагы макал-ылакаптардын көпчүлүгүн Пайгамбарыбыз (алайхис салам) хадистеринин котормосу катары кароого болорлугун айтышат. «Улууга урмат, кичүүгө сый», «Сыйга сый, сыр аякка бал» деген кандай гана кеменгер шарияттык сөздөр!
Үй-бүлөгө жарака кетирчү жаман жоруктар
Үй-бүлөнүн ынтымагын кээ бир нерселер суздатып, кээде бузуп коюусу да мүмкүн. Ошол нерселерге да баам салганыбыз жакшы болот. Азирети Хузейфа, Пайгамбарыбыз (алайхис салам) дайыма жаман нерселерди сурап, ал жоругун ушул жамандыктардан сактануу үчүн деп түшүндүрчү. Анда эмес кулагыңа күмүш сырга:
1. Көздү сактабай коюу. Шариятта көз сакталууга тийиш. Арамды кароодон, чоочун авреттерге, уятка тигилүүдөн, жаман жорукка баам салуудан көздү сактоо милдеттүү. Көздү бош коюу жамандыктын башаты болуп калат. Көчөдө, коомук жайларда керектүү жерлерди карап, калган убакта көздү сактоонун маанилүүлүгүн турмушу бузулгандар абдан жакшы түшүнүшөт.
2. Аялдар менен кол берип учурашуу. Шариятта эркек чоочун, тагыраагы махрам эмес аялдар менен кол берип учурашпайт. Энеси сыяктуу болгон кемпирлер менен учурашууга уруксат. Эгер учурашуу зарыл болсо.
3. Жылаңачтануу,авреттердиачып жүрүү. Эркектинавретикиндиктин астынан баштап, эки тизесинин алдына чейинки дене мүчө эсептелет. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Эки тизенин жогору жагыавреттен, киндиктин астыавреттен» (Дааракутний). Башка хадисте Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Тизеавреттен!» (Даараакутний, Байхакий-Хилаафийяат). Эркектин киндигиавреткекошулбайт. Бирок киндик жабылмайынчаавреттолук жабылбагандыктан, киндикти да авретти жапкандай эле жабууга милдеттүүбүз. Ал эми эки тизеавреттендеп эсептелет. Футбол ойногондо, же сууга түшкөндө көпчүлүк эркектер тизелерин жапканга маани бере беришпейт. Шарияттаавреттижабуу деген парзды аткарбаса, күнөөкөр болушат.
Аялдын колу, буту жана жүзүнөн башка жеринин бардыгыаврет. Аялдын даарат алганда жууганга милдеттүү болгон жүзү, эки колу билек муунуна чейин, эки буту кызыл ашыктарына чейинавретэмес. Аллах Таала Ыйык Куранда: «... Аялдар зыйнаттарынын көрүнгөн жерлерин гана ачып жүрүүсү мүмкүн...» (Нур:31). Адатта аялдардын колу, жүзү жана буту чоочун адамдардын алдында жабылбайт эмеспи. Анткени сурма жүздүн зыйнаты болсо, шакек колдун зыйнаты. Андан сырткары эки колу менен иштөөгө муктаж болот. Ошондой эле күбөлүк берүүдө, соттошууда жүзүн ачуусу, баскан убакта буттарынын көрүнүп калуусу болот. Айрыкча мурунку заманда колунда жок аялдар жылащайлак жүрүүгө туура келген. Азирети Имам Абу Ханифа аялдын эки буту даавретдеп айтат. Имам Шаафеьийда бул пикирди жактайт. Маселенин туурасы, аялдын эки буту намаз учурундаавретэмес. Намаздан сырткары чоочун адамдардын алдындааврет(Ихтияр).
4. Никесинде жок, махрам эмес аял мененкылбат (халват) жайда (машинеде, лифтте ж.б) жалгыз калууга тыюу салынат. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Эркек менен аял жалгыз калса, алардын үчүнчүсү шайтан болот!» (Тирмизий, Насааий).
5. Аралашып жумуш иштөө. Аралашып жумуш иштегенде адегенде эле мамиле чектен чыкпаса да бара-бара «кызматтык романдар» башталып кеткендиги баарына маалым.
6. Чоочун эркектер менен бийге түшүү, алар менен азилдешип-тамашалашуу, алар менен кең-кесири маектешүү күнөө.
7. Кайын-журт. Айрыкча бир тууган кайнилер жеңелери менен болгон мамилеси өзгөчө орой мамилеге дуушар болуп калат. Адамдар байкабаганы менен, тереңдеп кеткен маселе олуттуу зыян алып келүүсү мүмкүн. Ошондой эле жезделер менен балдыздардын ортосундагы мамилелер да этияттыктын чек-арасында, уят пардасынын коштоосунда болуусу керек.
8. Массалык маалымат каражаттары. Интернет, телевизор, гезит-журналдарга абайлап мамиле кылуу зарыл. Түгөнбөгөн сериалдар, уятсыздыкка түрткөн чыгармалар, ойду буза турган берүүлөр, интернет торчосу кээде, а балким көп учурда адамдын аң-сезимин бузат. Пикирин булгайт.Телевизордилбузарга ошентип айланат.
Жубайлык мамиле
Жубайлардын жашоосундагы жыныстык мамиле сөз кылууга арзыган маселелердин бири. Жашоодогу ар бир жубай муктаж боло турган керектүү иш. Эгер бул нерсе оңтоюна түшсө, калган маселелер да жолун таап кете берерине мүмкүнчүлүк ачылат. Жубайлардын мамилесине киришүүгө даярдыктар керек:
1. Жасануу. Атыр-жыттуу болуу. Жубайлардын ар бири экинчисине жага тургандай болуп жасанууга, тазаланууга, колдон келген зыйнатын көрүүгө тийиш. Колдон келген, көңүлдү тарта турган назик кийимдерди кийинүү, чачтын жасалгасы, ар кандай жасалгалар, косметиканын түрлөрүн колдонуу даярдыкка кирет. Экөөнөн башка эч ким жок болгондуктан ар кандай узун-кыска, жеңил-жука кийимдерди кийингенге уруксат берилет. Ооз-мурундун тазалыгына кам көрүү, дененин сымбатуулугун сактоого аракет кылуу милдеттүү. Аял киши чачынан башка денесиндеги (колдорундагы, буттарындагы ж.б.) түктөрдү кетирүүсү максатка ылайыктуу. Кашты терүүгө болбойт. Аял киши ушунун баарын күйөөсү үчүн гана аткарууга милдеттүү. Эркек дагы ушундай эле даярдыктарды көрөт. Эрден эшек үркпөйт. Эркек аялдан эмнени кааласа, аял дагы эркектен ошол эле нерсени каалайт. Эркек мурутун кыскартып, өзүнөн эркектерге таандык жакшы атырдын жыты келип, дене-бою таза болуусуна кам көрүүсү зарыл.
2. Бири-бири менен болгон учурда кийимдерин чечкенге уруксат берилет. Жука шейшеп менен жамынып алуулары жетиштүү болот. Мүмкүн болушунча үстүлөрү ачык болбошу кажет. Эркек аялдан, аял эркектен толук ырахатын көрүүгө укуктуу. Кээ бирлер мамиле учурунда да такыбалык кылам деп, кээ бир кийимдерин чечпей коёт. Такыбалык бул учурда, кийимдерин чечүү эсептелет.
3. Эркелетүү. Эркелетүүгө өбүшүү, бири-биринин дене-мүчөлөрүн сылап ырахатка батыруу, кучакташуу, жылуу сөздөрдү сүйлөө сыяктуулар кирет. Эркек-аялдын фантазиясына, кыял-чабытына орун берилет. Качан жубайлар даяр болушканда экинчи баскыч, мамиленин өзүнө өтүшөт.
Жубайлардын мамилесинин адептери:
1. Кошулуудан мурда «Бисмиллахты» айтуу, жана кошулуу дубасын окуу. «Бисмиллаахи, Аллоохума жанниб-наш шайтоона, ва жанни-биш шайтоона маа розак-танаа». Пайгамбарыбыз (алайхис салам) : «Ким ушул дубаны окуса, андан соң перзенттүү болсо, шайтан бул балага зыян жеткире албайт» деген (Бухарий, Муслим).
2. Эркек аялына камкордук менен мамиле жасоосу зарыл. Шашпоосу керек. Өзүн гана ойлогон өзүмчүлдүктөн арылуу милдеттүү. Марага чогуу жетүүгө аракет керек.
3. Айрыкча жубайлар ортосундагы алгачкы түн келечектеги бакытка карай ачылган эшик, уютку болуп калуусу керек. Көңүлдөрдү оорутуп калуудан сактоо зарыл. Бул согуш, же мелдеш талаасы эмес. Бул жубайлардын мамилеси. Жеңиш экөөнүкү тең болуусу керек.
4. Эркек-аял мамилесинде ар кандай ыкмаларды колдонууга шариятыбыз уруксат берет. Болгону жубайлар өздөрүнө ыңгайлуу ыкмаларды табууга, бири-бирине көмөктөшүүгө милдеткер.
5. Эркек жана аял, айрыкча эркек атайын дарыгерлердин, адистердин кеңешин алып, жубайына жагымдуу маанай, көңүл көтөргөн төшөк жыргалын тартуулаганга аракет кылуусу абдан зарыл.
6. Айыз учурунда, нифас көрүү мезгилинде аялы менен күйөөсү жыныстык мамиледе боло албайт. Бирок бири-биринен башка жолдор менен (өбүшүү, кучакташуу ж.б.,) пайдаланууну тыйбайт.
7. Кандай гана ыкмада кошулбасын аялдын алдыңкы гана авретине кошулууга уруксат берилет. Арткы авретке кошулуу арам. Ага эч убакта жол берүүгө мүмкүн эмес.
8. Боюнда бар учурда кошулса болот. Бирок ыңгайлуу абалдарды эске алуу зарыл.

Комментарии