Комментарии
- 21 янв 2021 10:43Дилфуза жунусова
- 21 янв 2021 13:22Айгул Асанакунова
- 21 янв 2021 15:06Гулжан Бокуева
- 21 янв 2021 15:06Гулжан Бокуева
- 21 янв 2021 15:06Гулжан Бокуева
- 21 янв 2021 15:06Гулжан Бокуева
- 21 янв 2021 15:07Гулжан Бокуева
- динара динараКомментарий удалён.
- 22 янв 2021 11:37Самандар Юлдашбаев
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Все самое интересное
Колумдан учкан бакыт
3-болум
***
Убакыт өтүп, жумуштун түйшүгү өзүнө тартып кетти көрүнөт. Зулайка Кайрат жөнүндөгү өкүнүчүн эсинен чыгара баштады. Бирок, Зулайка эч ойлобогон, дагы бир сүйүүгө кабылам деп... Көрсө, тагдырдын белектери көп болот окшойт да... Баары кокустан башталды...
Ал убакта автобус сааты менен жүрөт эле. Жумушка кечикпей, өз убагында барышың керек. Кечиктиң бүттү, чогулушта атың чыгат. Автобустун ичи толо адам болсо да, ичине кирип илээшип батып алганыңа сүйүнүп, бир бутуң менен туруп болсо да жумушка барасың. Зулайка да ошентип жумушка барчу.
Адаттагыдай эле автобустун ичинде жүргүнчү көп, тыгын. Ошентсе да, жүргүнчүлөр автобуска түшүп баратканына курсант. Батпай калса бүттү да, бараар жериңден кечигесиң. Убактың кетет дегендей... Ошон үчүн да, автобусдагы жүргүнчүлөр унчугушпай, ар кимиси өз ою менен тунжурашат. Орундукка отуруп, бараар жери узагыраак болгондор гана узун сөзгө түшүп сүйлөшүп алышкан. А тике тургандары улам түшөөр жери жакындаган сайын алдыга жүткүнүп жылышып, ортолукта тургандарда- тынымсыз кыймыл.
Зулайка да түшөөр жерине жакындап калды. Жол акысын төлөөгө даярданып, ийинине асынган сумкасын ачты. Дал ушул учурда автобусдан "кы-ыйч!" деген үн чыгып, катуу күч менен алдыга силкинип барып токтоду. Жалпы жүргүнчүнүн баары күтүүсүз абалдан алдыга жүткүнүп, тике тургандар ортолукка үймөлөктөй түшүштү. Күтүүсүз абал болгон үчүн, Зулайка да боюн токтото албай, алдыга сүрүлүп кетти. Жүткүнгөн абалында жакын турган жигитке барып бети тийип, аз эле жерден өбүшүп кала жаздашты. Бейтааныш жигит бир колу менен автобустун туткасын кармап, экинчи колу менен Зулайканын белинен кармаганга үлгүрүп калды.
Автобустун ичи чуулдаган үнгө толду:
- Ай, эмне болду !? Көзүңө карап айдасаң боло! Аз жерден өлтүрүп коё жаздадың го!- дешип, айдоочуну кыйкырып урушуп башташты.
- О- ой! Атайлабадым! Алдымдан ит чыгып калбадыбы! Тормоз теппесем, тебелеп кетмекмин!- деп айдоочу жалпыга жооп берди.
Автобус кайра жүрдү.
Бейтааныш жигитке өзү келип жармашып алгансып, Зулайканын бети уяттан кызарды. Боюн түздөп, "кечиресиз" деп кечирим сурады. Жигит кыздын кечирим суроосуна жооп бербестен:
- Чоң кыз, менин атым Талант. Таанышып алалы,- деп колун сунду.
- Зулайка...
- Автобус дагы бир жолу тормозун тепсе! Эх, жакшы эле бараттык эле, э?- деген Талант, Зулайкага күлө карады.
Таланттын бул сөзүнө, Зулайка күлбөй коё албады. Экөө тең каткырып жиберишти. Булардын күлгөнүнө, автобусдагы жүргүнчүлөр түшүнбөй карап калышты.
Автобус Зулайка түшө турган аялдамага келип калды.
- Мен түшөйүн. Жакшы барыңыз.
Зулайка түшүп калууга камынды.
- Мен да түшөмүн.
Зулайканын артынан Талант да автобустан түшүп калды.
- Ой, сиз эмнеге түштүңүз? Жумушуңузга барыңыз, кечигесиз!
- Эчтеке эмес. Жумуш күтүп турат... Сени менен жакшылап таанышып албасам, жоготуп жиберем.
Таланттын сөзүнөн Зулайка уяла түштү. Ошентсе да байкатпоого аракеттенди. Иштеген ишканасы жолдон көрүнүп турат. Ошол тарапты көрсөтүп:
- Бул мен иштеген ишкана. А дем алыш күндөрү айылга барып келип турам.
- Мен да Ошто иштейм. А өзүм Чоң Алайдан боломун.
***
Талант да Зулайкага жакты. Аяр мамилеси менен Зулайканы өзүнө тартып алды. Күн сайын жолугушууга келчү болду. Кантип жакын болуп кетишкенин, Зулайка өзү да байкабай калды.
Талант эч куру кол келбейт. Бир тал гүл, же шоколад көтөрүп келет. Бирге басып шааар айланышат, киного барышат. А сөздөрү күн сайын кызыктан кызык боло берди...
Кызыктуу, көңүлдүү күндөр менен, арадан бир жыл көз ачып жумганча өтүп кетти. Зулайка Талантсыз, Талант Зулайкасыз жашай албай калгандарын түшүнүштү. Акыркы күндөрү- сөздөрү келечек, үй- бүлө куруу жөнүндө гана болуп калды. Келечектеги үйү, балдары жөнүндө кыялданышат... Кыялдар менен экөө абдан бактылуу болушат... Кандай сонун, ээ!
Кыштын суук күндөрү эбак башталган. "Үшүп каласың" деп, Талант Зулайканы күрмөсүнүн ичине киргизип кучактап алат. Бири- биринин демин, жүрөгүнүн согушун тыңдап, кучакташып тура беришет. Ошондой жолугушуу күнүнүн биринде Талант Зулайканын чачтарынан жыттап, акырын эркелете кулагына шыбырады.
- Зулайко-ов! Зулайкам менин...
Зулайка ансайын Таланттын кучагына ыктап, аны бекемирээк кучактап, эркелей "оов!" деп жооп берди.
- Мага турмушка чыгасыңбы?
- Эмне десем... Чыгайынбы?
Зулайка тамашалай сүйлөдү.
- Биздин үйүбүз тоодо. Уй, кой- эчки, бээ саайсың. Сүзмө, курут жасайсың.
Таланттын бул сөздөрүн укканда, Зулайканын кыялындагы жашоосу көз алдында урап түштү. Баарын башкача элестетчү эмес беле! Ойлонуп калды...
- Койчу, Талант. Мен бээ саап көргөн эмесмин. Ошто эле жашасак болбойбу?
- Апам "үйлөнсөң айылда жашайсың" деп жатат да, Зулайка. Апамды таштап кантип кете алам...
Ошол күндөн баштап, Зулайка Талант менен жолугушуудан кача баштады. Жолукпоого аракеттенип, анын келээр убактысынан эрте кетип калууга ашыгат. Жолугуп калышса, ар кандай шылтоолорду айтып, кетип калат. Таланттын да сабыры түгөндү. Бир күнү Зулайкадан себебин сурады. Зулайка да жашырбай, ачык айтты.
- Талант, мен тоого барып жашабайм! Мен шаарда жашап, шаарда иштегим келет. Мени кечирип кой! Мага башка келбе! - деген жообун айтты...
Баары бир, Талант Зулайкасыз жашай албасын айтып, дагы да келе берди. Таланттын мындай жоругунан жадаган Зулайка, жумушунан башка дарекке которулуп кетти.
***
Эх!... Оор үшкүрүнүп алды, Зулайка. Талант жөнүндөгү оюн андан ары улады...
"Ооба, ошондо колума келип конгон бакытымды, экинчи жолу учурган экенмин. Талантты жакшы көрсөм да, турмушка чыгуудан баш тарттым. Анын таза, ак көңүл жан дүйнөсү бар эле... Аяр мамилеси менен, ооруп жүргөн жан- дүйнөмдү айыктырып алган эле... Талант менен жүргөн бир жылдын ичинде, жашоого жаңы көз караш менен карап калган элем... Жаман оюмда, өмүр бою Чоң Алайдын тоолорунда мал багып, кой- эчки, үй, бээ саап жүрө беремби деп ойлогон экенмин да... Көрсө, жашоо бир эле жерде токтоп калбайт экен да. Замандын агымы- жашоо- шартыбызды, жашаган ордубузду өзгөртүп жиберет турбайбы... Союз ыдырап, алыскы тоолуу айылда жашагандар шаарга келе башташты. "Базар экономикасы" деп, эл али билип- көрө элек "базар экономикасы" башталды. Талант да элдин агымы менен, шаарга көчүп келген экен. Эгерде, Талант менен жолугушпай калганымда, анын шаарда жашап жүргөндүгүн билмек эмесмин. Мен андан жүз үйрүп кеткен көп жылдардан соң, кокусунан жолугуп калдык"...
Жумушу жоюлуп, Зулайка да эл сыяктуу базарда отуруп калды. Жанында өзү менен курбалдаш келин отурчу. Кардар келсе соода болот, жок болсо өткөн- кеткен жөнүндө, же тиричилик, үй- бүлө жөнүндө сүйлөшүп калышат. Кошуна келин дайыма күйөөсүн жамандагандан тажачу эмес. Үч кызы бар экенин айтып, "күйөөм мени сүйбөйт, эптеп эле жашап жүрөбүз" деп арызданып калчу. Бир күнү дагы күйөөсүн жамандап отурган. Ушул учурда булардын жанына бир жигит келип калды. А келин аны да байкабастан, эбиреп сүйлөй берди.
А Зулайка булардын жанына келип турган жигит менен тиктешип, көзүн ала албай катты. Мээсине келген биринчи эле ою "мени издеп келген тура!" деген ой келди...
- Эмнеге келдиң!?- деп, өктөм сүйлөгөн кошуна келиндин үнү Зулайканы уйкудан ойготкондой болду.
Зулайканы карап ката түшкөн жигит да эсине келе түштү. Зулайкадан көзүн ала качып, анын жанында отурган келинге корсулдай сүйлөдү:
- Үйдүн ачкычын бербейсиңби?! Алып баса берет да, эмнеге келдиң деп коёт!
- Ме, ачкычпы сага!
Ачкычты алган жигит, башка эч сөз сүйлөбөстөн басып кетти.
Кошуна келин күйөөсү менен Зулайканын тиктеше түшкөнүн байкап калды. Күйөөсү узап кетээри менен:
- Экөөңөр тиктешип калдыңар да, тим эле? Эмне, менин күйөөмдү тааныйсыңбы?
- Аа... Жо-ок, тааныбайм. Менин бир тууган агама абдан окшош экен. Агам келип калдыбы деп карап калыпмын...
- Аа, ооба, окшош адамдар болот эмеспи.
Басып кеткен жигит- Талант эле... Зулайка Талант кеткенден кийин, шок абалда калды. Андан бери канча жылдар өттү... "Демек, кошунамдын күйөөсү тура. Талант да турмуштан бактысын таба албаптыр, так эле мен сыяктуу... Сүйүүсүз турмуш курушуптур да"...
Бир күнү жумушунан үйүнө кайтып бараткан Зулайканын алдынан Талант тосуп чыкты. Аны көргөн Зулайка чочуп кетти. "Бул убакка чейин эч качан көрүшпөгөн Талант, эмне үчүн базарда көргөндөн кийин жолугуп калат?". Зулайка Таланттын максатын түшүндү. Демек, Талант атайын жолугуу үчүн Зулайканы акмалаган.
- Зулайка, ошондо мен сени аябай издедим. Күттүм... Эмнеге дайыныңды айтпай жоголуп кеттиң? Экөөбүз үйлөнөбүз деп жүрбөдүк беле? Мен сени дале катуу сүйөм! Сен билесиң!
Зулайка Таланттын сөздөрүн укканы менен, оюнда Таланттын аялы турду. Бир эле ооз "мен да сени жакшы көрөм" десе, азыр баары башкача болот! Зирек аял кантип сезбей койсун...
- Талант, мен сени жакшы көргөн эмесмин. Ошон үчүн айтпай кеткем...
- Калп, сен мени сүйгөнсүң. Экөөбүздө не деген гана таттуу тилектер болгон! Дале жакшы көрөсүң мени. Билем, мени таштап кеткениңе өкүнөсүң. Экөөбүз үйлөнгөндө, баары башкача болмок. Эх, Зулайка. Жаштык кылдың да...
Зулайка эмне дейт? Таланттын сөздөрүнүн баары туура. Ал убакта жаш болчу... Жакшы көрсө да, "шаардык" болгусу келип, сүйүүсүнөн баш тарткан. Кайдан билди, сүйүүсүз жашоо супсак болоорун....
- Зулайка, эмне унчукпайсың? Билишимче, сенин күйөөң өтүп кеткен. Мен сүйүүсүз турмуш кургам. Өмүрүм тузу жок тамактай даамсыз өтүүдө. Билбейм, аялым менен эч ыркым келишпейт. Ажырашалы деп жүрөбүз. Зулайка, сенин жолукканың жакшы болду. Мен ажырашам, экөөбүз үйлөнөлү.
- Кызыксың го. Талант, экөөбүз жүргөн күндөрдө, мен жаш элем. Сүйүү эмне экенин түшүнгөн деле эмесмин. Аялың менен ажырашпа. Мага болгон мамилеңди эч ким билбесин. Ажырашып кетсеңер, мени себепчи болду дешип каралашат. Ошондуктан, менин жолумдан чыкпай жүр!
Зулайка басып кетти. Дагы бир жолу артка чегинди...
Бүгүн да күндөгүдөй жумуш ордуна келди. Жанындагы кошуна келин, адатынча үй- бүлөлүк жашоосун сүйлөп баштады. "Күйөөм мени менен ажырашам деп жатат. Бирөөнү таап алган да, болбосо, неге мени менен ажырашам дейт? Мени сүйбөсө да, үч кызын ойлосо болбойбу? Атасыз үч кызды кантип чоңойтом?". Келин бежиреп сүйлөй берди. А Зулайка эмне деп сөз кошоорун билбейт. Кайдан да Талантка жолугуп калды эле? "Бул жердеги ордумду которбосом болбойт окшойт" деп ойлонду. Бир күнү Талант келип, аялына "Зулайка менин сүйгөнүм" деп айтып салса, баарына Зулайка күнөөлүү болуп калышы эч кеп эмес да... "Жок, мен жок жерден каралангым келбейт"...
Көп өтпөй, Зулайка башка орунга которулду.
Уландысы бар...