*​​🔴 ЭЧ КАЧАН СЫНТАКПА!

*
Адамдарды шылдыңдоо, мыскылдоо, басмырлоо, келеке кылуу, сынтагуу сыяктуу сыпаттар – бул адамдын мойнундагы карыз сыяктуу. Аны бир күнү керт башың менен төлөөгө туура келет. Бүгүн бирөөнү шылдың кылсаң, эртең сени дагы бирөө шылдыңдайт. Бүгүн бирөөгө сынтаксаң, эртең ошол сынтакканың көп өтпөй өз башыңа келет.
Абдуллах ибну Масууд айтты:
*«Кайсы бир итти шылдыңдап ошол иттин кейпине түшүп калуудан корком».* («Аз-Зухд», 2/570)
Амр ибну Шурахбил айтат:
*«Кайсы бир эркектин кой саап жатканын сынтагып, өзүм да бир күнү кой саап калуудан корком».* («Аль-Мухаласат», 3/243)
Ибну Сирин айтат:
*«Бир адамды куру жалак калдың деп сынтагып коюп, акыры өзүм да куру жалак калдым».* («Аль-Аадаб аш-Шаръийя», 1/322)
Аалымдардын бири айтат:
*«Тиштери түшүп калган бир адамды шылдыңдап коём деп өзүмдүм да тиштерим түшүп калды».* («Аль-Аадаб аш-Шаръийя», 5993)
Демек, кайсы бир адам башка бир адамды шылдыңдаса же ага сынтакса, анда ал айтканы бир күнү өз башына түшөт.
Эгерде сага бирөөнүн күнөө кылганын айтып жамандаса, анда «Аллах аны да, бизди да кечирсин» деп айтуу менен чектел. Адамдардын артынан аңдыба, кемчилик издебе, айыбын ачпа! Андан көрө өз айып-кемчиликтериңди оңдо! Акыретте башкалардын айыбы үчүн эмес, өзүңдүн айыбың үчүн сураласың. Ошондуктан мусулман адам башка бир адамдан кемчилик көрсө, аны шылдыңдабасын, басмырлабасын, оболу ага насаатын айтып, өзүнө каалаган жакшылыкты ага да кааласын. Пайгамбарыбыз ﷺ бир хадисинде мындай деп айткан:
*«Мухаммаддын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Араңардан ким өзүнө каалаган жакшылыкты башка мусулман бир тууганына кааламайынча толук ыймандуу боло албайт».* (Сахих Бухари, 13)
Аль-Кирмани айтат:
*«Өзүңө жаман көргөн нерсени мусулман бир тууганыңа да жаман көргөнүң – ыймандан болуп эсептелет».* («Заад аль-Муслим», 5/338)

*​​🔴 ЭЧ КАЧАН СЫНТАКПА!* - 914241020940

Комментарии