БООРДОШТОР.

Өзүнө бир кыйла чоң келген сарала-сурала көйнөкчөн 5-6 жашар тестиер бала эшиктен шып этип чыга келди да шашмалай басып бурчту айланып туруп калды. Кимдир бирөөдөн жашынып атабы, же дагы бирөөнүн артынан келишин күтүп атабы, айтор улам-улам кылчактап эшикти карап койот. Бирок, анын артынан эч ким чыккан жок. Бечара бала эми эмне кылаарын билбеген немедей бүрүшүп отура калды. Илмийген арык колу менен бет алдын тумандатып жаткан көз жашын улам сүртүп коюп, энтиге-энтиге ыйлап жатты.
Имараттын маңдайындагы короодо болсо бир топ бала чурулдап ойноп атышкан. Тигил бурчта ыйлап отурган бала менен алардын бирөөнүн да иши болгон жок. Бир гана бак ичинде өзү теңдүү үч кыз менен отурган Асел аны тээ эшиктен чыккандан тартып эле көзүн албай байкап турду. Качан гана тиги бүк түшүп отура калып, көзүн улам-улам аарчып атканын көргөндө шыпылдай басып жетип барды.
- Аскар! Аскартай! Сага эмне болду? Эмнеге ыйлап атасың? – деди ал жетип келип маңдайына отура калып.
Селт-селт этип бышактаган бала ага эч жооп айта алган жок.
- Аскартай айтчы, эмне болду сага? Бирөө уруштубу? – Асел эңиле калып шашыла сурады.
- Жок. Мени урушкан жок. Айзат эжени урушту. Апам аны аябай катуу уруп атат.
Аскар ушуну айтып үйүңлдөп ыйлап жиберди.
- Качан? Эмнеге урду?
Көз жашына муунуп сүйлөп албай атып араң жооп берди.
- Мен... мен... мен деген китепке сүрөт тарткан болчумун. Ал сүрөттү болсо апам көрүп калыптыр. Анан ал аябай жинденип...
Кыз чыдабай кеткендей баланын сөзүн бөлүп сурап жиберди.
- Анан сени катуу урдубу?
- Жок. Ал биринчи «китепти ким булгады» деп катуу кыйкырды. Мен коркуп кетип унчукпай туруп калдым эле апам түз эле мени карай басты. Ал мени колундагы чыбык менен урганы жаткан.
Жаак ылдый тоголонгон ысык жаштарына ээ боло албай бышактап жатты. Баланын ыйлаганына мууну бошоп турган кыз өзүн зорго кармап акырын сурады.
- Анан катуу чаптыбы?
- Жок. Ал мени чапкан жок. Ал Айзат эжемди чапты.
- Айзатты дейсиңби? Аны эмнеге чапты? – таңыркай сурады Асел.
- Айзат эжем алдыма тура калды да. Ал «сүрөттү мен тарткам» деп калп айтты. Апам болсо ага ишенип аябай катуу ура баштады. Жаак ылдый аккан жашын топуракка ойной берип туурулуп кеткен кичинекей колу менен сүрткөнчө башын бурчтан чыгарып эшик тарапты дагы карап койду.
- Иий байкуш Айзат ай... Болду эми Аскартай, ыйлаба. Жүрү андан көрө Айзатка баралы. Ал кайда азыр?
- Билбейм. Аны апам чачынан жулкуп эски кампага сүйрөт кеткен, - Аскар ушуну айтты да кыздын колунан кармай калып быдылдап жалына баштады. - Асел эже, апама Айзатты урбаңыз деп айтыңызчы. Сүрөттү ал тартпаптыр, Аскар тартыптыр деңизчи. Мен өзүм барганда коркуп айта албай калам. Сиз айтыңызчы Асел эже. Мейли мени ура берсин. Мен туруп берем. Барып айтып келиңизчи, суранам.
- Аскар, апаман мен да корком да. Кантип айтам эми ага. Ал мени да урушсачы, - деди Асел да жалтаңдай. Ушуну айтып жатканда анын да көзүнөн жашы кылгырып жаак ылдый тоголонду.
- Асел эже, жүрү экөөбүз тең баралы анда. Ал Айзат эжемди кыйкыртып уруп атат. Сиз эптеп айтып эле коюңуз болду. Жүрүңүзчү. Мени болду эч качан, эч качан сүрөт тартпайт деп айтыңызчы. Атамды дагы, апамды дагы тартпайм мен. Эч кимди тартпайм. Айзат эжемди эле урбасын деп айтып койуңузчу.
Ансыз да Айзатты ойлоп айласы кетип турган Асел бала минтип чырылдап берген соң тобокелге салып, барып көрмөй болду.
- Макул. Макул анда. Жүрү, экөөбүз тең баралы. Эптеп токтотолу, жүрү. Сен менин артымда эле туруп тур. Анан мен айтып койом макулбу. Менин артыман чыкпа бирок, макулбу...
===
Эски-уску парталар, столдор үйүлүп жаткан бөлмөнүн наркы төр жагында сары дуңкуйган аял кичинекей кызды бурчка тургузуп алып ажылдап урушуп, чыбык менен колго-бутка чаап уруп жатты. Бир колуна чыбыкты оңтойлой кармап, бир колуна болсо барактары ажырап кеткен, сапатсыз кагаздар менен басылган эски китепти кармап алган.
- Cен кандай кызсың я деги?! Мындай бейбаштыгыңды качан койосуң сен?! Мобул китеп канча турат билесиңби? Канчалаган акча менен келээрин билесиңби деги мунун? Алдагы саксайган башыңа бирдеме киреби я? От шүмүрөйгөн какмар! Сүрөт тарткан колуң ушубу сенин я?! Сени экинчи калем кармагыс кылайымбы?!
Ушул убакта бөлмөнүн эшиги кычырай ачылып Аскар менен Асел акырын ичкери кирип келди. Бирок, экөө тең коркконунан босогодон нары өтө албай бири-бирине корголоп тыгылып, туруп калышты. Анткени менен заар чачкан аял аларды даана көрдү.<
- Силерге эмне болду? Чыккыла эшке! – деп заңк этти ал.
- Апа, апа, - деп үнү дирилдей мукактана сүйлөдү кыз.
- Ападан айлангыр. Жогол деп жатам! Чыгып кет эшке какмар!
- Апа...
- Жогол дейм нары! Кандай укпаган немесиң сен?! - аял ого бетер заарлана кыйкырып тигил экөөнү карай жулунду. Анын бери келатканын көрүп коркуп кеттиби, же ушунча болду айтчумду айтып алайын дедиби Асел автоматтан аткандай быдырап сүйлөп баштады.
- Апа, ал сүрөттү Айзат тарткан эмес. Аны Айзат тарткан эмес апа. Аны урбаңызчы апаке. Айзатты урбаңызчы суранам.
- Эмне? Эмне дейсиң? Айзат тарткан эмес дейсиңби? Айзат тартпаса ким тартты анда?
- Ал сүрөттү Айзат тарткан эмес, апа. Аны Айзат тарткан эмес.
Өзү ушинтип шашмалап сүйлөп жатканы менен качан чыбык чыпылдап тийе баштай дегендей жалтанып, эшиктин түбүндөгү бурчту карай тыгыла корголоду. Бирок, ошондо да өзүнөн бетер алаңдап артында турган Аскарды унутпай, өз денеси менен калкалап, ары турткүлөп баратты.
- Силер эмне башты айлантып жатасыңар я? Мен силерге оюнчукмунбу же? Ал эмес, бул эмес деп кечке мээни ачытпай айт батыраак. Ким тартты анда сүрөттү? Ким, батыраак айтпайсыңбы былжырабай!
Аял ушунтип бакырган сайын кичине кыз ого бетер корголоп, башын ката берди. Ошондон улам анын бир да сөзү тыңгылыктуу угулган жок.
- Эй, башыңды көтөрүп, бери карап сүйлөчү акмак! Мына мындай туруп сүйлөчү!
Сары аял Аселди желкеден аткый кармап бери карай тартып, нары-бери жулкулдатып- жулкулдатып туруп бөлмөнүн ортосун карай силкип жиберди. Кыз сүрдүгүп барып жыгылып кетти да кайра тура калды. Анын артында турган Аскар болсо коркконунан көзүн алайтып нары дубалга тыгылды. Бирок аял ага көңүл бурган жок.
- Кана айтпайсыңбы билсең, ким тартты эле сүрөттү?! Айт деп жатам сага. Сүйлө былтыйбай!
Асел этек-жеңин кагынып, оңдонуп жатып нары жакта турган Аскарды көзүн жалжылдата карап алды да:
- Мен тарткам апа. Ал сүрөттү мен тарткам, - деди ал бир маалда кандайдыр эрктенгендей чечкиндүү сүйлөп. Анткени менен баары бир коркунучун баса албай көзүнөн жаш куюулуп, тула бою титиреп жатты. Аялдын колундагы чыбык дароо асманга көтөрүлүп, чып-чып этип кызга урула баштады.
Байкуш кыз чыбыктын ачуусуна чыдай албай апакелеп кыйкырып үйүлгөн столдорду аралай качты. Бирок далкыйган аял анын жаны кейигенин сезип да койгон жок. Тек гана балапанга тап койгон таз жорудай далбактап артынан түштү. Бирок ал кызга жете алган жок. Жанатан бурчта тыгылып турган Аскар чымылдаган бойдон аялга жете келип бутуна оролуп, этегине чалынып чырмала кучактады да балдырап ыйлаганча жан алы калбай сүйлөп баштады.
- Апаке, апаке! Асел эжемди урбаңызчы суранам. Ал сүрөттү мен тарткам апа. Мен тарткам. Экинчи эч качан сүрөт тартпайм апа. Асел эжем тарткан эмес, сүрөттү мен тарткам. Апа, мен тарткам аны....
Ансыз да бышкан өрүктөй албырып, ачууга уугуп турган аял тырмактай неменин бутка будоо болгонуна ого бетер ачууланып туттугуп калды. Тээ тизесине жетип жетпей тырмаңдап жүргөн немени аткый кармап ыргытып жиберүүгө далкыйган чоң денеси тоскоолдук кылып, бир далайга убара боло түштү. Болбосо буга , жашар бала кеп болуп калыптырбы. Колуна урунчу колун бир серпүү менен наркы дубалга жабыштырып таштамак. Колуна гана илинбей жатты да. Ошого итатайы тутулуп, туттугуп , кыжынып атып акыры көйнөгүнүн артынан бурдай кармап бут сууруп чыкты да нары карай шилтеди. Дагы жакшы канадан бери баладан балага өтүп, кийилип жүрүп жедеп сүзүлөйүн деп калган сарала көйнөк айрылып кетти. Болбогондо бул бала камгактай гана учуп наркы үйүлгөн столдордун арасына кирип кетмек. Оо, анда сөзсүз бир жери кокустайт эле бечаранын. Кудай чоң сактады бейм ушул жерден. Тарт этип барып айрылып кеткен көйнөктүн бир бурдамы аялдын колунда калды да бала бут алдына чалкасынан түшүп жатып калды.
Күчөнүп ыргыткан күүсү куру кеткенине ыза болгон аял күчүн эми жанагы чыбык менен чыгармай болду. Анысы жаңы эле бала менен алпурушуп атканда жерге түшүп кеткен болчу. Шып этип эңкейе калып жерден илип ала калды да томураңдап ордунан туруп келаткан баланы карай тап койду.
Бирок, анын ою бул жолу да ишке ашкан жок. Балдардын биринен сала бири ызылдап ыйлаганын угуп калганбы айтор ачык турган эшиктен эки киши баш багып калды. Анын бири мындагы болуп жаткан окуяны дароо түшүндү окшойт. Аттап буттап чуркап келип аялдын чыбык кармаган колун толгой кармаганча ортого кирди. Ага улай эле экинчиси жетип келди. Ал өзүн карай урулуп келаткан чыбыктан бети башын калкалай калып чыркырап жиберген балага чуркап жетип тизелей отуруп бооруна басты. Алдын колун бурдай кармаган киши болсо башындагы калпагы ыргып кеткенине да карабай аялды жулкулдата нары түртүп салып кыйкырып жатты.
- Тарт дейм! Тарт колуңду балдардан! Ансыз да жүрөгү ооруп турган балдарды урууга кантип дитиң барды я! Жаштайынан ападан айрылган жетимдерди кантип уруп атасың?! Сени буларды урсун деп жумушка алышты беле? Апа ордуна апа болсун деп силерге берилбеди беле ушулар. Ушубу силердин апа болгонуңар? Ушубу силердин тарбия? Булардын күнөөсү эмне деги, айткылачы?! Байкуш жетимдерде деги эмне кегиңер бар силердин? Эне ордуна эне көргөнү үчүн күнөөлүүбү силерге?
Чынында бул кишилер жетимканага келээри менен эле ушундай ызы-чуунун үстүнөн чыгабыз деп такыр ойлошкон эмес. Тек гана булардын абалын көрүп, балдардын керек жарагы болсо колубуздан келишинче кайрымдуулук кылалы деп капыстан келип калышкан. Чиедей балдардын бактысына так ушул убакта кирип келишкенин карагылачы тим эле. Ошентип, булардын кыйкырышканы бир далай жерге чейин угулуп, бир заматта опурап топурап кишилер чогулду. Анан эле бирөөсү бирөөсүн урушуп, бирөөсү бирөөсүнөн кечирим сурап бышактап отуруп акыры баары тең сыртка чыгып кетишти. Алардын кетиши менен бөлмөдө бир саам жымжырттык өкүм сүрө калды.
Бир маалда тээ түпкү бурчта турган кыз эсине келе калгандай чуркап келип алайып коркуп турган баланы бооруна басты. Андан ки
- Аскар, булар сенин апаң менен атаң го э? Сен сүрөттү аябай жакшы тартат экенсиң. Кудай буюрса чоңойгондо чоң сүрөтчү болгудайсың. Карачы кандай сонун тартылган! – деп суктанды ал бир маалда.
Аскар жаак ылдый агып турган жашын аарчыганча оор улутунуп алып:
- Жок, мен чоңойгондо сүрөтчү болбойм. Мен чоңойгондо бизге окшогон атасы жок, апасы жок балдарга ата болом, - деди.
Анын сөзүнө таасирлене түшкөн Айзат менен Асел Аскарды эки жактан кучактап бетинен өпкүлөп жиберишти.
- Ооба Аскар. Сен чоңойгондо эң жакшы ата болосуң. Болгондо да аябай боорукер, аябай жакшы, анан аябай кыйын сүрөтчү ата болосуң макулбу, - деди Айзат аны бооруна баспы туруп.
Бала болсо дагы эле макул болбогондой башын чайкады.
- Жок мен корком. Сүрөт тарткандан корком. Сүрөт тартсам апалар бизди урат экен. Мен экинчи тартпайм, - деди ал жанагыдай эле улутунуп.
- Коркпо Аскартай. Эч качан коркпо. Биз сени эми эч кимге урдурбайбыз, - деди Асел анын жакасын оңдоп жатып.
- Ооба Аскар. Коркпо. Биз эми сага эч кимди тийгизбейбиз. Анткени биз бир тууганбыз. Биз ар кайсы жерден, ар кайсы үйбүлөдөн келсек дагы, мындан нары баарыбыз бир тууганбыз.
Бул сөз бир гана Аскарга эмес өздөрүн улуу сезип турган берки экөөнө да дем берип, жүрөктөрүнө кандайдыр жылуулук тартуулап кеткендей болду. Ооба, бешиктен бели чыга элек жатып ата-энеден, тууган уруктан ажырап, таптакыр жат адамдардын арасында калган үч жетимге бир тууганбыз деген сөздүн өзү дагы укмуштуудай чоң жылуулук тартуулады. Ошентип, мындан бир канча ай гана мурун бири-бирин такыр тааныбаган, бири бирин үч уктаса түшүндө көрбөгөн үч жетим ошол күндөн тартып бир тууганга, болгондо да бир уядан чыккан уялаштардан да ынак, жан кыйышпас бир туугандарга айланып чыга келишти. Болушаар атасы жок, эркелээр энеси жок туруп, бир сындырымды тең бөлүшкөн боордошторго айланышты.

Комментарии