Комментарии
- Предыдущие комментарии
- В начало
- 6 окт 2018 11:17Сиз ото тууру айттыныз бул той деген той эмей эле адамды ойго салчуу санаа болду акыркы куну мурунку кездеги тойлордо элден эки жашка бата алыш учун кийинки жошоосун ак бата мн осуп онушун тилешчу. Азыркы той мн салыштырып болбойт
- 6 окт 2018 11:43Эшегине жараша тушагы дт ар ким алына жараша той откоргон онго той да болор той эртеси да болор демекчи зангыратып той откозуп канча жаштар жашабай калатат андан коро мусурманча той откор ашыкча акчаны устуно уй же жаштарга келечекке керектуу нерсе алып берген он
- 6 окт 2018 13:19Ошо уйлонуу тойду Арам (кредит)мн баштаса жашоосу да жакшы болбойт .Жашап кеткендер аз.
- 6 окт 2018 19:05тойду кылыпсынар Кудайга шугур деп эле ынтымакта жашай бергиле кредит толонот катын жанга калат эми башка тойлорго барбай эле карызындан кутула беер айланайын антип жинденбей тооба
- 6 окт 2018 19:07урушсан уруша бересинер ажылдап кимде жыргал жашоо баарында ошол проблема силерго иштейт экенсинер
- 7 окт 2018 12:52Туштук эле эмес тундук деле мындай тойдон кур эмес.Ээх туштук деп.Кыргыз ошондой атаандашып той откозот анан коро бер карыз толо болот да.Тойду Тажикстан жоюп эле койуптур.Бизде да ошондой болсо эл кыйналбайт эле.
- 16 окт 2018 19:56Урушпай жакшы жашагыла акчаны тологуло эртен эле отуп кетет бул карыз кун кийин эстейсинер бул кунду да
- 25 окт 2018 13:24Туптура, кайта бир заводпу,фабрика курушса го канча кыргыз иштеп уйундо оз жерине болор беле.
- 2 мар 2021 20:06Серебродон 50грам салып койсо эстен чыгат алып качып бутка туруп элге аш берип бактылуу жашаваткандар толтура кредитке уйлонуп аялына тоялбай расялап жургон жигиттер тоотура элден калбайын деп
- 2 мар 2021 21:18Биринен бири отуп той кылып жатышат акча колдун Кири ынтымактуу болушса бары Боло. Чыдаш керек бирок чыкымды да чеги менен кылыш керек да
- 16 мар 2021 14:53Перехадите по ссылке чтобы вступить мою группе в WhatsApp
https://chat.whatsapp.com/DQcLhStFjzsCNMFThw0LzZ - 26 мая 2021 19:59Тойдун расходун кыскартыш керек,анан калса баарын бириктирип бир кундо отсо ошончолук чон чыгым болбойт болчу,эки жашта бактылуу жашамак.урматту ата энелер суранып кетээр элем,тойдун расходуна эки жашка ортодон уй подарка кылсаныздар болбой беле?жок дегенде перво начальный взноско жетет ошол акча,калганын оздору толоп алышмак
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Тоюңар тойгозду миңдеген мигранттарды...
===============================
Той!
Квартирада бир жаш үй бүлө менен кошо турабыз. Кече кечинде үйдө тополоң болуп жатыптыр түнү саат бирлер чамасында үйгө кирсем.
Чынында жиндендим кыйды-пычак уруш талашты көрүп, биринчиден менин кичинекей бир жашар баламын уйкусун бузганы үчүн, экинчиден коңшу комнатта жашаган дагы эки балага уйку бербегени үчүн, үчүнчүдөн катуурак жөтөлсөң да коңшуң милиция кызматкерин чакырып коюшу мүмкүн. Эгерде милиция келип текшерсе, эч кимиси жашаган дарекке регистрация кылган эмес... Эки жаштын күнөөсү үчүн башка адамдар жабыркап калышы толук мүмкүн.
- Айбек Гульмира урушуңар эмнеден чыкты, өзү үйлөнүп келгениңерге алты айдын жүзү болсо?
- Ээй Чынгыз ака, эмнеден чыгат дейсиз...баягы эле акчадан да.
- Ээй үка азыр сүйүүгө тойбой турган маалыңар кой антпе.
- Чынгыз ака быйыл ошол үйлөнүү тойдо, акча жетпей үч жүз миң сом кредит алдык эле, тойду кичинерээк ресторанда жасайлы десек, Гульмиралар тараптан меймандар көбүрөөк деп көнбөдү. Анан айласыз кредит алышка туура келди... Кече 20 миң рубль кредит төлөдүк, 10 миң рубль квартплата төлөдүк, жеп ичкенибиз, жол кире ж.б болуп акчабыз калбай калды.
Ошонун артынан уруш талаш келип чыгып атат, Гульмиранын тагасы той кылып жатат экен, ага беш миңден бир туугандары топтоп жатат, өзүм жактан авам уулун үйлөп жатат, биздин тойдо бир тай кошкон, анын акчасын салышым керек... Бирине тартсам бирине жетпейт, кыскасы тапкан акчабыз той кредит, той кредит, ошонон бир тыйын ашпай кээде өзүңүз көрүп тургандай квартплатаны да өз убагында төлөй албай жатабыз, той тойгозду аке...
Тойлор жаштарды тоноп, а кээде ажырашууга алып барып жатканын, кээ бир ата-энелер сезди бекен? Сиз, ооба сиз окуп жаткан окурманым, сиз балдарыңыздын бактысын ойлойсузбу же тойдубу? Тоюңар тойгозду миңдеген мигранттарды... Ok.ru/kyzyktuu2017