Улуу муундардын накыл сөздөрү:

1. Кызды жаштайынан үй тиричилигине үйрөтүп, адептүүлүккө, тыкандыкка, тазалыкка тарбиялоо керек.
2. "Күн чыкканга чейин уктаган адамдын ырыскысы кем болот, таң жылдызы бар маалда ырыскыңды тилеп кал" дешкен.
3. Таң саардан короону шыпырса, “жүзүң мендей таза болсун” деп шыпырылган жер батасын берет, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт” - деп үйдүн тазалыгына кыз жооп берген.
4. Кечинде үй шыпырбайт, жин-шайтан уялап албаш үчүн шыпырындыны үйгө түнөтпөйт.
5. Казанга салып идиш-аяк жуубаган, алардын калдыр-шалдыр добушу жокчулукту чакырат, идиш-аяк кагышса үйдөн ырыскы качат.
6. Казанды жууган соң жуулган сууну казан менен төкпөйт, антсе ырыскыны казаны менен төгүп салганга барабар.
7. Кыз бала оокат жасап жатып тамагын утуру сузуп, жеп турса казандын түбү тешилгиче турмушка чыкпайт.
8. Тамак жасап жатып аралаштырган соң, кепкирди казанга какпа, казанды какса ырыскы качат.
9. Казанга чөмүч менен кепкирди чогуу салып койбо, күндөштүү болуп каласын.
10. Түнү идиштерди жуксуз калтырып болбойт, себепсиз нанды үзбөйт. Себеби, алар таң атканча Меккеге барып дуба алып келишет.
11. Кыз бала кара кийим кийбеген, чачын жайып жүрбөгөн, булар аза күтүүнүн белгиси катары каралат.
12.Кыз бала эркек кишиге тике карабайт, бирөөнүн көзүнчө керилип-чоюлбайт.
13. Кыз бала, эркек адамдын алдынан өтпөйт жана эркек баланы теппейт.
14. Уул баланын кийимин, ошондой эле күйөөсү бар келиндин кийимин да кыздар кийбейт.
15. Кыздын отуруп-турганы, тамак ичкени, мейманга чай сунганы, бирөөлөр менен саламдашканы, сүйлөгөнү, күлгөнү баары көзөмөлдө болуусу шарт деп эсептелген.
Анткени мындай көзөмөл кыздын адептүү өсүшүнө, жакшы жар, ардактуу эне болушуна көрүлгөн камкордук катары гана каралган...
Бул накыл создор менен кыздын тарбиясынын жооптуулугу артыкча болгон. Анын башкага бүлө болуп кетиши дайыма көңүлгө тутулган...
"Начар тарбия алган кыз күйөөгө барса ата – энесин гана эмес, бүт айылын, уруусун сөзгө калтырат," - деп эсептелип, кыздын кылык-жоругун, баскан-турганын үй-бүлөсүндөгүл
өрдөн сырткары, тууган-уругу да тескеген.

Комментарии