Комментарии
- 17 сен 2019 09:59Бишкек Бишкек
- 17 сен 2019 10:06Айгуль АбдураимоваДагы Бир шору куруган бей бечара олду да,бийликтегилерге эмне,оздорунун жаны аман,малы аман бсо болду да
- 17 сен 2019 10:46До 2022 ОдинокийПриказ жок бизде
- 17 сен 2019 18:10Уулжан АбдулаеваЖайы жаннаты болсун
- 18 сен 2019 21:41( А л и б е к о в а )Жазган адам сонун жазыптыр авторун да чыгарып коюңуз
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Чек арада Мекенин, Элин коргойм деп кызмат кылып жатып шейит кеткен Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отряддын жоокери прапорщик Равшан Муминовдун жакындарына сабыр тилейбиз.
Аллахым бейишинен насип кылсын!
Бейпилдиги үчүн элдин, мекендин,
Ортосунда көйгөйү көп эки элдин.
Ак кызматтуу, аска-зоодой баатырга,
Ушул экен акыретке кетер күн...
Жүрөк сыздайт... Жеңилдетип кейишти,
Көк жал эрге буюр, Алла, бейишти.
Мээлеп туруп аткан жанды акыры,
Куткарбайт го каны кайран шейиттин...
Өтөт баары: атылган да, аткан да,
Түшпөс жан жок ажал койгон капканга.
Кан төккөндөр кантер экен суракта,
Күнү бүтүп, өлүм даамын татканда.
Желбирешкен эки өлкөнүн желеги,
Чекарада көйгөй толо береги.
Мекенимдин ыйык чымчым ылайы,
Башка жердин кымындай жок кереги.
О, Жараткан, тынчтык, сабыр, акыл бер,
Ортобузда болгой сүйүү, асыл мээр.
Кан төккөнгө тообо кылып токтойлу,
Коюнуна ала электе такыр жер...
Карган апа, күткөн жубай, үч бала...
Кайран баатыр эми аларга түш гана.
Алар үчүн дуба кылам жалбарып,
Өмүр, ыйман, оомат тилеп шүк гана...
Көөдөндөрдө ыйман, намыс, ар болсун,
Кыргызымдын кыйырлары шаар болсун.
Жанын тиштеп четте турган чеп сымал,
Чек аранын баатыр эли бар болсун!